Ден соолугуна байланыштуу ооруканадан дайыма дарыланып турган кесиптешим бир окуяны айтып жатып,
" Ушул окуя мен үчүн унутулгус
сабак болду, бирөөнү күнөөлөгөндө ал жерде өзүңдүн да үлушүң бар экенин эстей жүр деген эрежеге таянып баштадым " деп калчу. Жашоо өзү сабак тура, күндө ар түрдүү жагдай берип , өз сыноосун, сабагын улантып ...
... Өзүмдүн экинчи үйүмдөй болуп калган ооруканага келген сайын, ар түрдүү тагдыр ээлери менен баарлашам. Ушул келгенимде эч кимге ачылып сүйлөбөгөн
келин менен бирге жатып калдым. Берген суроомдун жообун жылмайып гана кайтарып коет, көп сүйлөбөйт. Өң-түс ,келбеттен кудай эч нерсени аябаптыр, сөздөн кемитип койгон тура деп ойлоп жүрдүм. Аты Жылдыз экен. Ал
жаткандан бери күндө бир маал келип жүргөн аялды апасы деп ойлогом. Бир жолу гана пайгамбар жашынан өткөн
аксакал киши келбесе, башка эч ким деле сурап келбеди. Аны " атасы болсо керек " боолголодум.
--- Күндө келген апаң болсо керек, -- деп
сурадым, дубалды карап жаткан келинди сөзгө тартып.
-- Жок , ал кайын энем. Апам өтүп кеткен...
Төшөгү менен бетин жаап алган келиндин ыйлап жатканын сезип, сөздү андан ары улай албадым.
Бир күнү Жылдыз уктап жаткан болчу. Күндө келип жүргөн апа келип калды,
" Уктай берсин , ойготпо. Мен күтүп турам.
Кайсы бүтпөгөн ишим бар дейсиң " деп,
сыртка жөнөдү. Мен да кошо чыгып, бирге бастым. Беседкага барып отурду.
--- Жылдыздын апасы экен дептирмин. Кайын энеси экенсиз. Келиниңиз такыр сүйлөбөйт, мүнөзү ушундайбы ?
--- Сонун келиним бар болчу, балам экөөбүз ушул абалга жеткирдик. Бүт күнөөнү үйө бериптирбиз, анан, апасы да өтүп кетти. Кийин атасы үйлөнүп алды. Тагдырдын оош-кыйышына, соккусуна,
сыноосуна туруштук берем деп жүрүп, ооруп калды. Кызынын ыкыбалына айыгып кетсин деп тилеп жатам.
-- Анча -мына энелер күнөөнү өзүнө албайт эле, сиз өзүңүздү күнөөлөп жатасыз го ?
--- Анын эмнесин жашырайын. Уксаң, сен да күнөөлөйсүң. Эки уулум , эки кызым бар. Чоң уулум үйлөнүп, шаарга көчүп кеткен. Андан кийинки кызым да өз жашоосун мыкты алып кетти. Колумда калчу баламды негедир ашыкча эркелетип коюптурмун, бой жеткенде сөз укпай калды. Жылдызды жактырып, артынан чуркап жүрүп үйлөндү, анан, дүңгүрөтүп той бердик. Балам мага
"Үйлөнсөм эле ичкенди токтотом " деген убадасын унутту. Күн алыс мас болуп ,чыр чыгарат. Тынч жашайын деп, эки бөлмөлүү эски үй бар эле, ошол үйгө өздөрүнчө бөлүп койдум. Кызым айтты, ушул акылды. Бир жыл жашабай жатып, экөөнүн чыры көбөйдү, келиним да аргасы түгөнүп, тынч жашоону тандап кетти. Балам дароо башкага үйлөндү ,
ал келин да эки айга жетпей кетип калган.
Эми, баламды аяп, кайра Жылдызга келип жүрөм, үч күндөн бери. Кайра жашооңду улантып көрчү деп. Үйүнө бара албадым, атасы каардуу киши, сөз укпай, сөгүп,
урушуп таштаган, ооруканада деп угуп ,
күндө келип жатканымдын себеби да ошол...
Жылдыздын эмне эле кабагы такыр ачылбаганын себебин түшүндүм...
--- Мен кабар алып келейин, сиз да кеч калбаңыз,--- деп палатага жөнөдүм.
Келсем, ойгонуп, шыпты тиктеп, ойлуу жатыптыр.
-- Ойгондуңбу, сени энең сыртта күтүп жаткан болчу, чакырып келейин.
---Жөн гана сүйлөшкүм келбеди, уктаган
жокмун, чарчатты,-- деп, башын көтөрдү.
Аңгыча , тиги апа да кирип келди.
--- Ии, жакшы уктадыңбы , ойготпоюн деп
күтүп отурдум ,-- деп, сөзү бүтө электе
Жылдыз башын көтөрүп :
-- Сизди келбеңиз деген болчумун, эмне эле убара тартып жатасыз. Мен оюмдан кайта элекмин. Анан, мен дарыланып жатканда, тынчтык бериңизчи. Жакшы барыңыз , кеч калбай, жетип алыңыз.
Сизди аяп ,балаңыз менен жашай албайм,
аракет кылдым ,мен оңдой албадым, эми... оңдоюн деген оюм да жок ,жакшы
барыңыз, караңгыда каласыз. Мен эс алайын...
Кубарып чыккан өңүн көрүп, апа чочуду көрүнөт, коштошуп кете берди.
Кимди аяп, кимди күнөөлөштү билбей,
сөз таба албай, көңүл жубатаар сөз таппай турдум, апаны аяп, Жылдыз унчукпай койсо болмок деп, жактырбай турдум.
Ошол боюнча байкуш апа келбеди, үмүт үздү окшойт. Үч күндөн бери кабагы бүркөө тарткан келиндин маанайы ачыла
баштады. Группалаш кызы экөө ушул
жерден жолугуп калганын айтып жаткан.
Ал да дарыланып жатыптыр.
Кечки чайдан кийин уктай албай, басып
жүргөм.
--- Эже , мени жаман көрүп калдыңызбы?
-- Жок, ар ким өз тагдырын өзү чечет да.
--- Бирок, көзүңүздөн окуп жатам, өзүн көтөрбөй, жашоосун улай бербейби, алдына кечирим сурап келип жатса деп жатасыз. Мен убагында көп түйшүктү көтөрдүм, тагдырлаш болдум, эми чыдайм дедим, кайсы бир күнү жүрөгүнө ыйман толуп, жакшы жагына ооп калаар деген үмүтүм таш капканда гана эки ажырым жолду тандадым. Мындайча айтканда, мен кайын журтта жалгыз калдым, баары бир тарап, жолдошумдун ичкени, чыр чыгарганы үчүн мени гана күнөөлөшүп,
кайын атам өз уулуна сүйлөй албайт,
" Эгер тынч жашабасаңар бөлүп салам,
күйөөңө айтып кой " десе чыдабай кетип: "Сиз өгөй эмессиз го, атаны угат да, антип айтсам, мени кайра төпөштөп жатпайбы " деген сөзүмдү оор көрдү көрүнөт, " улуу адамга тастаңдап, макул деп койбой, мага
каяша кайтарды "деп, мени уулуна жамандаган атама таң калгам.
Энем " бир күйөөнү эптей албасаң, эмне темселеп жүрөсүң " дечү болду.
--Апа, мен келгенге чейин ичип жүргөн адамды мен таштатып коё албайм да, же менде бийлик барбы, сыйкырчы эмесмин го акыры, мен өзүм деле жадай баштадым , --- деген сөзүм үчүн үч күн сүйлөбөй койгон.
Кайын сиңдим : " Үйдөн кеткилечи, чарчаттыңар ,нерв калбай калды " деп, ачуусуна алдырып, колуна киргенди туш келди ыргытат. Мен кимге арызданышты билбей жүрүп, ортодо жүдөп кеттим. Мурда ичпей жүргөн баласын мен ичирип койгондой сокку жедим. Же ал менин сөзүмдү укса да, өзүмдү айыптайт элем.
Боюмдагы баланы эсен -аман төрөп алайын, көп ыйлай бербей деп жүргөм.
Бир күнү бөлүп салышты, чоң атабыздын эски үйү бар эле, эч ким жашабаган. Ошол
үй эле бизге тынч жашоо тартуулай тургандай болуп, " биз жашаган үйгө барбагыла, силердин ордуңар ушул үй ,ушуга татыктуу болдуңар " деп койгондору ашыкча болуп турса да, жашоомдун кара чекиттерин тиктеп отура бербей, уланта берейинчи дедим. Жумушка чыкканыма да Керим каршы болду, кызганып , колу да тийип жатты,
иштебесем акчаны кайдан табам, кантип
курсак тойгузабыз деп жүрүп, иштей бердим. Эгер бакса, үйдө эле отурмакмын.
Жаз келип, 8 -- мартка карата жолдошумдун теңтуштары аялдар үчүн сюрприз даярдамак болуп, ортодон акча топтошуптур. А менин күйөөр адамым
" Белекти мен өзүм берем, өзгөчө кылып " деп, акча бербей койгон экен, аны кийин билип жатпаймынбы. Ошол күнү
аялдарды сыйлашып, жакшы сөздөрдү арнашып, көңүл көтөрүштү. Бир аз болсо да маанайым көтөрүлүп калды. Анан эле баарыбызды музыка менен ортого чакырышып, каалоо сүйлөп, жанагы ортодон алган белектерин бере башташты.
--- Жылдыз, сага Керим өзү даярдаптыр, капа болбо ээ?- деп, бир аяшым ыңгайсыз болуп кетти.
Керим да отурган жеринен козголуп:
-- Меники өзгөчө белек, силер берип бүткүлө, чөнтөгүмдө даяр эле ,-- деп ,
ортого келди. Баары кызыгып калышты.
Мен өзүм да кызыгып карап калдым, алчу белегимди күтүп. Жанымдагы келин:
--- Чамасы, шакек го ээ ? -- деп, шыбырап
койду. Баарынын колунда гүлдесте, чоң коробкада эмне экенин билбейм, кучактап турушат. Мен өз белегимди чыдамсыздык менен күтүп жатканымды билгизбей
турам. Баарынын көңүлү бизге бурулуп, тынчтык өкүм сүргөндө гана Керим колун чөнтөгүнөн чыгарып, муштумун ачпады.
Ошол учурду азыр да эстегим келбейт...
Анан, мен тарапка бурулуп ,муштумдун арасынан ортоң колун чыгарып,
" мына ,сага белек " деп, өзүнө ыраазы болуп, үнүнүн болушунча каткырды.
---Ушунун айынан мен өз үйүмдө жашабай калдым, жогол азыр,-- деп сөгүнүп да жиберди.
Жер тегеренип эле кетти ... Жанымдагылар мени кармап калышты, баары жабыла Керимди уруша башташты. Көз жашыма күчүмдү чыгарып отурдум , бирөөсү чуркап чыгып , мага деп
сырттан белек көтөрүп келе койду. Аны
караган да жокмун , ошол жерден чыгып кетишти айласын издеп жаттым. Көңүлүмдү алып, ичимдеги баламды аяшым керек экенин айтып жатышты.
" Азыр чыгып кетсем , белекке таарынды дешет, бирок, ушул жасаган мамилесине кантип түтөм, кантип бир үйдө жашамак элем, эмне десе дей берсин " деп , иниме
" тез келип кал " деп, СМС жөнөтүп койдум, отурган жердин адресин жазып...
Бир саатка жетпей иним келип калды. Ал
убакта баары бийлеп жаткан. А Керим аракка тоюп, стол кучактап уктап калыптыр.
-- Мен азыр келем, сыртка чыгып келейин,-
деп, жанымда телефон менен сүйлөшүп жаткан келинге айтып коюп, чыгып кеттим. Жолдон үйгө кирип, кийчү кийимдеримди алып алдым, абалымды
иниме ый аралаш айтсам, калчылдап кетти, " мен ага бармын " деп тиштенип алды.
-- Ал сенин муштумуңа тең эмес, чөөгө теңелбей эле кой, - деп, тынчтандырдым.
Ошол боюнча ,кайтып келбедим, энем эки жолу кечирим сурап келди, атам урушуп, үйгө киргизбей жолуна салды.
Кызымды төрөлүп, анын түйшүгү менен жүргөндө , ооруп жүргөн апам өтүп кетти.
Башымдын оорусу кыйнай баштаганда,
дарыланайын деп ушул жерге келдим.
Кызым бир жаштан өтүп калды, азыр инимдин аялы келиним карап жатат.А иним Казакстанда иштеп жүрөт .
Баса, группалашыма жолуктум дебедим беле, ошол досум эгиздин түгөйү болчу.Ал студент кезде мени жактырып жүргөн, Үпөл экөөбүздү ээрчитип алып эле жүрчү, мен дос боюнча эле калалы деп койгом, Асан деле мага жакчу, бирок, ал убакта менде анча сезим деле ойгонгон эмес экен эле. Асан да тагдырдын сыноосунан
мүдүрүлүп , бир уулу менен жашап жаткан экен. Үпөл кайра табыштырып койбодубу, ушул жерде жолуккан күндүн эртеси эле.
Ошол, эжем, жашоо кайра кызыктуу боло баштады өңдөнөт, мени туура түшүндүңүз
болуш керек...
Аңгыча телефонуна келген катка үңүлүп, жагымдуу жылмайып койду.
Бул баянды укканым менен "кызың бар экен, кайра жашап көрсөң кантет, турмуш деле тумшукка бериптир аны, оңолуп калгандыр " десем, ачуусу келе түштү.
---Калган көңүлдү билесиз да, эже, мени сиз деле аяган жоксуз, кызым бар деп эле өзүмдү кайра азапка сала берчү жан эмесмин. Ал оңолнуча , далайдын шорун колуна берет го...
--- Анан, ал курган жалгыз жашай берсин дейсиңби, апасы деле өзүнүн күнөөсүн сезип жатат.
--- Күнөөнү сезүү аздык кылат ,эжем, а аны оңдоп кетүү үчүн өмүр да аздык кылып калат. Мен убагында нерв короттум, чыдадым, ал жашоодон чарчаганда гана чечим чыгардым, эми артка жол жок.
Аны түшүнүп турам дечи, бирок, биздин канга сиңип калган " балам үчүн жашайм " деген түшүнүк менде да катуу орноп калган үчүн, аны келген энесин аяп, көңүл улап койбоду деп жаттым окшойт...
Тагдырдын жолу кайсы жерден кошулуп калаарын билбесем да, тиги группалашы экөөнүн ушул жерден кездешип калганы да буйруктан эмеспи, башка жашоо күтүп жатканын өзү да сезип жаткандай... Алгачкы үч күндү чүнчүп, ый менен өткөрсө,кийинки үч күн бир жагымдуу маанай тартуулаган үчүн , ден соолугу да жакшы боло түштү, акыркы үч күн чечим кабыл алды деп түшүндүм , бир аз ойго чөмүлүп калып жатты ...
Ошол боюнча Жылдызды көрбөдүм.
Бирок, анын ооруканага келип жүргөн энесин, мурдагы жолдошун
көрүүнү кудай жазып койгон экен, көрдүм.
Бир күнү эле эжем телефон чалат:
--- Кайда жүрөсүң, батыраак келип калчы,
Москвадан Гүлбара келген, бүгүн куда түшүп келишет экен, алысыраак экен деп айныйын десем, кызымдын жашы деле өтүп калды, интернеттен жазышып жүрүп эле, таанышып алыптыр. Бир кызы бар экен, аялы менен ажырашып кеткенин таанышканда эле айтыптыр, эч нерсе жашырбайм деп. Эми, кызыма жигит чыкпай калды го, бактылуу болсо болду.
Ошого даярдык көрөлү, тез кел, аз эле барабыз дешиптир, жүдөтпөй. Эртеси эле күйөө бала келип, алып кетишет, кызды.
--- Ооой, эже, жакшы болуптур, эми... үйлөнсө , эмне экен. Экөө бактылуу болсо болду, бирок, мен достор менен тойдо элем. Кеминде жүрөбүз, эс алып. Барып калам, кызымды айтам азыр, жардам берип турат,-- деп, мен да шашып калдым.
Күйөө бала келип калган убакка жетишип барып калдым, тим эле сонун түгөй болуп , жарашып калышыптыр.
Аларды жөнөтүп, биз да сыйына жөнөп калдык, алыскы жолго эртерээк чыгалы деп. Үйгө киргенде баарыбыздын маанай сонун болуп, күйөөсү, үй- жайы келишип калган эжемдин кызына суктанып отургам. Анан эле биз менен сурашканы кирген бир топ аялдын ичинен мен ооруканада көргөн кемпир апасы болом деп тааныштырып жатты өзүн...
Көңүлүм башкага бурулуп кетти, тааныш кемпир мени көрүп, " кайдан көрдүм эле"
деп, таанышын көргөндөй ойлоно түштү.
--- Экөөбүз областтык ооруканада көрүштүк эле, тааныштай болуп жатамбы?
--- Ии, эми эстедим, жакшы болуп калдыңбы, -- деп, кайра сыртка чыгып кетти. Тамаша сөздөр сүйлөнүп, сый көрүп жаткан менен, оюм башка жакка кетип калып жатты.
" Ошондо, сиңдим үчүнчү аялы болуп калды да, же ортосунда дагы үйлөнүп үлгүрдү бекен, ичкенин таштаган окшойт, өңү- башы жакшы эле го ... Ошондо неге ушул балага, кемпирге илинип, Жылдызды капа кылдым экен, минтип кайра өзүм илешип калганымды карасаң" деген ойлор менен алышып, бирок, эч кимге айтпадым.
Чайналып отурдум, эми кеч болуп калды, каап ,бир күн мурда көрсөм да, ачык айтып салмак экенмин, мына сага, тагдыр тамашасы " деген ой менен үйгө кайттым.
Эжем гана " жол жүрүп чарчапсың, эс ал эми " деп коет.
Бир ай өтпөй Гүлбара качып келиптир,
" Жашоодо таптакыр башка адам экен, Керим деген атты уккум келбей да калды, кутулганыма шүгүр, аябай түшүнүктүү адам деп кабыл алыпмын, шашылыш үйлөнгөнү да ошондон экен, элден сурап, ким экенин билип алат деген тура. Мен төртүнчү аялы болуп барыптырмын.
Ишенчээк адам курусун, мен кайра кеттим, Россия эле жакшы экен, бул жакка келип, тозокту көрүп кайтасың деп жазып койгон экен, негизгиси, аман калганым, --
деп, даярданып жатса, эжем : " Коё тур,
артыңдан келишээр, эркектин бир жинин
көтөрүп кой, чыдай турган эле жашка жетип калдың эле, элге уят эми, кечээ берген кызы качып келиптир дейт " -деп адатынча сүйлөнүп баштаганда, башка үйгө чакырып, өзүм күбө болгон, уккан окуяны айтып берсем, жаагын таянган абалда мени жаман көрүп карады.
--- Сен деген мага душман турбайсыңбы, ошондо неге айтпадың. Эми жарылып отурасың, мына сага, тамаша...
-- Эже, анда кеч болуп калган болчу.
Кызы аралашты:
--- Ал убакта айтканда , мен капа болмокмун, себеби, ал таптакыр башка жүзү менен жүргөн экен. Бирөө айтса да ишенмек эмесмин. Муну тагдыр деп коет.
Жаман, жакшы баары кудайдан.
Мен бир жаңылдым, мен күткөн мырза деп алган экенмин. Ушул нерсе жазылган да , апа, кайра оңдой албайбыз, бирок, сабак алдым. Мен кетишим керек, дагы башка нерсе болуп кетпесин, ал акмак экен, андан жаманды күтсөң болот, мени кармабагыла, --деп, даярдык көрө баштады. Эки күндөн кийин Москвага учуп кеткенин уктум,-- деп, тагдырына мүңкүрөп калбаган сиңдисине ыраазы болгон эле...
Ошондон кийин бирөөнүн тагдырына илине бергенди мен да токтоттум.
Жашоо деген мен күбө болгон окуялар менен да мени тарбиялап койду деп көп айтып жүргөнүн угуп калган элем, чын эле,
турмушта кайраттуу, чечкиндүү болуу
зарыл экенине өзүм да күбө болгонумду
жашырбайм. Кандай жагдай болбосун, жеңе билүү, жашоого ыраазы болуу менен
өмүр сүрүү керек деген тыянак ар бир пендеге зарыл экени талашсыз. Капа болуп, кайгыра берүүгө убакыт жок, анткени, өмүр өзү кыска турбайбы, жүз жыл жашасаң деле....#тагдыр
Үсөнбаева ФАРИДА 2020.01.03.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4