3- бөлүм.
Негедир өзүм да Жакыпты сагынгандай болуп калдым эле,ага көнө түшкөндөй болуп калыпмын.
--Неге менден өзүңдү алып качып жүрөсүң?-деди Жакып жолдо баратып.
--Сизди аябай сагындым,бирок качууга аргасыз болдум.Себебин кантип айтышымды да билбейм,башым катты.
--Анчалык жөндүү себеп пайда болдубу?-деп сураганда эле дагы башым айланды.
--Токтотуңуз машинаны батыраак,-деп дароо жерге түштүм да адаттагыдай окшуй баштадым.
--Эмне болду,ашказаныңды шамалдатып албадыңбы?Догдурга алып барайынбы?Артка кайтайынбы?- деп суроолорду жаадырып жиберди Жакып.
--Жок,жок!Догдурга барбайм ,жеткенде себебин айтам деп машинага кайра секирип чыктым.Бат эле үйүнө жеттик,чай ичтик.Тамакка кирише баштаганда менин баягы адатым кармады.
--Дагы эмне болуп кетти?-деп сурады Жакып.
--Сиз эч нерсени байкабай элесизби?-деп сурадым мен.
--Жок.
--Менин боюмда бар.
--Эмне дейсиң,кантип?
--Бул эмне деп сураганыңыз?Кантип болмок эле,-деп айтып жатканымда короонун сыртына машина келип токтоду да,бир аял шарт түшүп эле үйгө кирип келди.
--Самира,сен кайдан?
--Эмне ,өз үйүмө да бирөөдөн сурап келишим керек беле?
---Бул ким?
--Жакып,сен эмне менин көзүмө чөп салып жүрөсүңбү?Бул ким деп жатам?-деп кыйкырды кирип келген аял.
--А сиз кимсиз?
--Мен ушул алдыңда турган жүзү жок эркектин никелешкен аялы болом,турмуш курганыбызга беш жыл болду.Жакында перзент күтүп жатканбыз,мен ошону сүйүнчүлөп келгем.А бул акмактын кылган иши бул турбайбы!
---Мен,мен...мага аялым жок деген.Ишениңиз,мен силердин ортоңорду бузгум келген жок, өзүмдүн да тагдырымды талкалап олтурам.Мага ишениңиз...
--Сага окшогон шуркуялар шаарда толтура,кайсы бириңе ишенүү керек.Мен бул акмактын ата-энесин өз ата-энемдей алдейлеп айылда багып олтурам,а мунун кылган жакшылыгы ушул болсо,силерди кудайга салдым,-деп шарт бурулду да машинага олтуруп чыгып кетти.Жакып аялы киргенде башын жерге салган боюнча кайра жогору көтөрүүгө жарабады,эки колу менен башын кармаган боюнча үнсүз отурду.Качан гана аялы машинага чыгып жөнөгөндө:
--Самира,токточу Самира!Мен чындап эле акмактык кылдым,сенин ак сүйүүңө кыянат кылдым,кечир мени,-деп ордунан шарт туруп артынан чуркады.
---Не турасың,олтур машинага,-дегенде мен да барып олтура калдым.Аябай катуу ылдамдык менен баратат,а Самира андан да катуу бизге жеткирбей зуулдайт.
--Акырын айданыз,акырын,-дегенимде-Бас жаагыңды,-деп кыйкырып жиберди.Ошол бойдон көзүмдү жумдум да,мындан аркы тагдырым чиеленишкенине ичтен сызып бара бердим.Бир убакта өтө катуу машинанын сигналын уктум,алдыда учуп бараткан Самиранын машинасы көрүнбөй калды.
--Самирааа ,---деген боюнча Жакыптын машинасы да жол боюнда турган бир даракка урунду.Ошол боюнча эч нерсе эсимде жок.Арадан канча күн өткөнүн да билбейм,бир убакта:
--Чоң кыз,көзүңүздү ачыңыз,өзүңүзгө келиңиз,---деген үн кулагыма угулду.Акырын көзүмдү ачтым,эки ак халатчан кыздар мени тегеректеп турушуптур.
---Мен кайдамын?
---Ооруканада.
---Мага эмне болду?
---Авто кырсыкка кабылдыңыз,бирок баары сизде жакшы.
---Качан келдим,ким менен?-деп суроолорду бере баштадым кыздарга.
--Мына жаныныздагы жигит,-деп жанымдагы адамды көрсөттү.
---Жакып,-деп жибердим аны карап.Ал эч нерсени билген жок,башы таңылган,буту асылган.
--Эмне болду,ал жакшы элеби?-
--Убакыт керек,жакшы болуп кетет,-дешти кыздар.
--Жанына барсам болобу?
--Болот.
Акырын туруп жанына бардым,ал менин жанында турганымды сезген да жок.Көзүмө жаш толду,эмне кылышты билбейм.Өткөн күндөр эсиме түшө баштады,Жакыптын үйүнө барганым,анын аялынын келгени,ортодогу сөздөр,жолдогу кырсыктар баары көз алдымдан өтүп жатты.Бирок,кимге,эмне деп айтаарымды билбеймин.Бир убакта эки милиционер кирип келип мени суракка ала башташты.
--Кечиресиз,сизге суроолор менен кайрылсак болобу?
--Неге,кандай суроо???,-мени калчылдак баса баштады.
--Сиз бул шофёрго ким болосуз?Машинасына кантип чыгып калдыңыз?-деп сурады.
---Жолдон эле тосуп чыгып калдым эле.
--Чынын айтыңыз,калп көрсөтмө үчүн статья бар экенин эскертебиз.
--Чын эле айтып жатам,-дедим дудалактап араң сүйлөп.
--Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз.
--Болотова Албина Муратовна.
Алар мен жөнүндө толук маалыматты алып кетишти.Эртеси түш ченден ооп баратканда ата -энем,бир тууган эжем менен агам болуп кирип келишти
--Айланайын кызым, деги эле аман -эсенсиңби?Кудага шүгүр,жакшы экенсиң,-апам мени баса калып өөп жатты.
--Кандайсың,кызым.Эмне шумдук болуп кетти,бизди коркутуп жибердиңго,-деп атам бешенеме колун сүртүп өөп койду.
--Кабатыр болбогула,кызыңар жакшы.Буйруса ичиндеги кичинекейге да эч зыян жеткен эмес,аз күндө ооруканадан чыгып калышат,-деди ата-энем менен кошо кирген мээрбан кыз.
---Ок,эмне дейт,--атам каардуу мени карады.
--Кандай шумдукту айтып олтурасың,бул эмнеси,-деп апам да чоочуп кетти.Мен унчукпай башымды бийик көтөрүүгө жарабай жер тиктедим.
--Уятсыз шуркуя,биз сени не үмүттө окутуп жатсак,а сен шаарга келип "сойкулук"кылып жүргөн турбайсыңбы,шерменде,-деп апам мени жаакка чуу эттирип чаап жиберип,ыйлап кирди.Ошол кезде жер жарылса да,мен кирип кетсем болот эле.Көзүм туман,башым айланат.
--Жап жаагыңды,эми миң ыйласаң да кызың бүттү.Менин мындай "шуркуя"кызым жок,алдыма түш.Айылга барчу болбо!-деп кыйкырды атам.Ызы чуудан улам эжем менен агам да кирип келишти.Сөздүн чоо жайын уккан соң агам да мени карап:
-Шерменде, уятсыз-деп чаап жиберчүдөй атырылып алга жылып келатканда эжем кармап калды.
--Алдыма түшкүлө,менин мындай кызым жок,-деп атам дагы бир жолу кыйкырганда баары унчукпай жөнөп калышты.
--Кечир мени,ата-энемдин бетин жер караттың.Эсиң менен жүрсөң болмок экен,-деп эжем да чыгып кетти.Ошондогу менин алсыздыгым ай,жер гана катуу болду.Жүрөгүмдүн соолуп баратканын,канап жатканын эч ким менчелик билген жок...
Мунун баарына өзүм гана айыптуу экенимди, өзүмдү өзүм ушунчалык жек көрүп жатканымды,алсыз,
жалганчы сүйүүнүн курбандыгы болгондугумду өзүм гана билип, ич этим тилинип жатты.Ошол ызы -чуудан чоочуп Жакып бир кыймылдагандай болду,жакшы ата-энем ал жөнүндө билбей калышты.Эгер ошол жини менен билгенде атам менен агам Жакыпты ошол кебетеси менен жыга чапмак беле....
Ыйлап жатып уктап кетипмин.
Уландысы бар.
Голоева Санавархан Айтбаевна.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5