Аны-муну айтып, саясатты "чагып", ал андай, бул мындай деп сындап, карап отурсам деги бизге жаккан адам деле жок экен.😀 Анан, жаңкы Камчыбек акенин видеосу бирөөнүн телефонунун лентасынан чыгып калып, бирөөсүнө жагып, экинчисине жакпай иши кылып, ызылдап атсак бир эже чайын шашпай ууртап: "ушу кээ бир кыз-келиндерге таң калам, Ташиевди талкуулап, тамаша кылгыча "тамандарын" таза жууп алышпайбы" деди эле, тып эле басылып, бири-бирибизди тиктеп, акырын "кимди айтты" деп, байкатпай, эңкейген киши болуп, тапандарыбызды (биз жакта тапан дейт) таза эле беле деп карапчы.😎 Айрыкча жайы турсун, кышта байпак кийбеген мен бир неудовно" болом десең, "тошнале мени айтты, каяктан көрүп калды, качан жуудум эле өзү" деп ойлонупчу.😆 Ошодон бери бирөөлөрдү талкуулайын десем эле, "таманым" эске түшүп, чо-то "үндөбөс" болуп баратам.🤭
2📌Айланайын, башкасы башка, үйүңөрдө күкүрт (ширеңке) түгөнбөсүн. Бир штук, кишини куураткан ширеңкенин бир талы. Анан, айрыкча, караңгы кирип, өзүңөр бала-чакаңар менен тоюп алгандан кийин, капысынан келген кишиден Кудай сактасын.😀 Андайда жанакы күнүнө жигирма штуктан тамеки тарткан күйөөң, дос-постору, зажигалка-пажигалкасы менен жоголуп кеткен болот го. Анан, темселеп жаңкы бир талды таап көр, шкафтын алды-аркасы, стол-стул, балдардын бөлмөсү, өзүңөрдүкү, зал-пал, иши кылып, килейген бир үйдөн, бир штук күкүрттүн талын табам деп, жоголуп кеткен кийим-кече, буюмдардын баарын таап чыгасың го.😆 Дажычы, киши турсун күкүрттүн бир талынын баркын билишибиз керек дейм да ойлонуп)))
3📌Үйлөнгөндөрүнө аз эле болгон жаш үй бүлө кошуна болуп келип калышты. Кирип-чыгып, тамакты кээде чогуу ичип аралашып жүрө беребиз. Бир күнү кирип калсам, жанакы жаш келинчек менен күйөөсү бир нерсени талашып атышыптыр: "айтсаңыз, күйөөлөр тапкан акчаларын каяка жумшагандарын аялдарына отчёт бериш керек да, туурабы? Мисалы, сиздерде жездем сизге каяка барып, не кылгандарын баарын айтып берет го, мынага айтыңчы, мага да ошентип айтсын, аялымын го мен акыры, мага эч нерсе айтпайт, сүйлөшпөйт, курсагы тойгондон кийин эле телефон чукулап жатат" деп, арызданып калды. Ошол жерден "нахадуле" өзгөрүлүп: "таак, үйлөнгөнүңөргө канча ай болду?- деп, өзүмдү олуттуу кармап баштадым.
- Тогуз ай.
- Эмесе мындай, мени уксаң жаман болбойсуң. Тогуз жыл үндөбөйсүң, жоок, сүйлөбөй койбой эмес, просто бардык нерсесине аралашпайсың деген сөз, отчёт берсин деген сөздү вапще унут.
Эркек деген хазяин дома, өзү билет, кааласа турат, кааласа уктайт, кааласа футболго, кааласа досторуна, кааласа түнү туруп кетип калышы мүмкүн, кааласа кээ күндөрү түнү үйгө келбей калышы мүмкүн."
Келиндин көзү чоңоюп кетти "коюңузчу, ошондо мен..."
Ансайын өзүмдү билгич сезип, акырын жигитке көз чаптырсам, сөздөрүм ага жагып аткандай жымыйып отурат, сыр бербей сөөмөйдү кезеп, сөзүмдү улап атам: "а сен экөөбүздүн милдетибиз, күйөөлөрүбүздүн жакасын кирдетпей, кийим-кечесин даярдап, курсагын ачырбай тойгозуп, кеч келсе мээсин жебей, жылмайып тосуп алып, бакырып сүйлөп атса да, үндөбөй, күлүп гана ишиңди уланта бермей, кээде таң атканда келсе да, нерв болуп, уруш чыгарып неннада, дажычы неге түнү келбедиң деп сурабай коюш керек, өзүн неудобно кылып. Тогуз жыл деген мине, эртең эле өтөт. Анан, кандай жагдай болбосун, "сиздики туура, сиз сахар ак десеңиз ак, кара десеңиз кара, сиз мага караганда көбүрөөк билесиз го" деп, арасында анча-мынча пахтадан коюп, бүткүл эл "презденттерди" мактагандай мактап кое бергин. Дагы, бир нерсе эсиңде болсун, эч убакта өзүңдүкүн далилдеп, меники туура болчу деп тултулуңдап, спорлошуп, урушту көбөйтпөгүн. Ошо урушуп аткан убакта "мейли, сиздики туура, сиз айткандай болсун" деп тилди тишке басып кое бер, бирок күйөөң жети эмес жетимиш жерден өлчөсө деле, баары бир сен айткан жерден кесет. Тогуз жыл ушул менин айтканымы аткарсаң болду, андан кийин каала-каалаба күйөөң аркаңан кууп жүрүп отчетун бербесе мага кел. Дажычы, акчасын каяка иштеткенин айтмак турсун, тапкан акчасынын тыйынын коротпой сага апкелип берип, керек болсо байпагын сенден сурап кийип калат, "жаным, бүгүн калыңын кийеинби же жукасынбы" депчи. Вот, дал ошол убакка жетип алганга чейин бир аз сабыр кылууңа туура келет, андан кийин не кылсаң да күйөөң дагы, анын тагдыры дагы сенин колуңда," деп "мастер класс" өтүп чыгып кеттим.😆
Туура эле айттымбы?🤷
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев