2-БОЛУМ
Поезд акырын жылып, олтуруп казактардын чек арасына дагы келип жетти. Алыстан жемин көргөн кузгундай, казактын бажычылары поезд токтогондо эле кадамдарын шайдоот таштап, ичкери кирип келишип башчысы алсыз кыргыздарды өз билгендериндей сумка, баштыктарын тинтип киришти. Бир четинен карасак алардыкы дагы туура. Анткени "баңги" - деген балакет биздин жер аркылуу Европага агылып өтүп жатканы өзүнчө бир чоң сабак кеп. Кээ бир европанын өлкөлөрүндө жашагандар, Кыргызстанды банги затынын ордосундай ойлошсо керек. Анткени Афганистандын баңгизаттарын алып өтүүгө, биздин жер ыңгайлуу болгон үчүн, казактын бажычылары катуу көзөмөлгө алышканы ошондон. Алгач кичинекей кандек иттер менен ар бир сумканы текшерип өтүштү. Көрсө ал кичинекей кандек иттерди биз кеп кылган банги заты менен багышабы, ким билет. Болбосо ал иттер жан алдары калбай шимшилебейт болучу. "Адамдан акыл качып кутулбайт" - дегендей, кандек иттерди тигинтип көндүрүп алышканы эле эмне деген кепти айттырбайт. Иттер менен тинтип болушкан соң, анан калгандары өз билгендерин жасашты. Алардын орой мамилелери кадимкидей адамдын ачуусун келтирип, көздө ок болсо атып салгандан кайра тартпагандай абалга алып келди. Поезд ал жерде кеминде беш саатка чукул убакыт кармалды. Бул эми баам салып караган кишиге жөн гана кордогондук эмей эмне. Эгер биздин элдин билермандары жыйырма жыл ичинде куру сөз менен иш бүтүрбөй, ушул казак элинин билермандары менен тил табышып, текшерүүнү оңойлотуп койгондо, бир поезд толтура эл беш саатка чукул убакыт зарыгып күтүү азабын тартып олтурбайт эле го.
Акыры поезд ордунан жылып, күшүлдөгөн үнү угулганда поезд толгон эл жапырт үшкүрүнүп жиберди. "Үшкүрүк ойдун туу чокусу"- дегендей, эл жыргаганынан үшкүрүндүбү, албетте бир балээден кутулганына кубанып үшкүрүнгөнүн жашырганда эмне.
Алдыда орустардын чек арасында "кандай келе жатасыңар" - деп алардын дагы бажычылары күтүп турганын эстегенде ичкен аш, аш болбой, кабак бүркөлүп санаа басты.
Күн уясына кылкылдап батып бара жатканда, Мерке шаарына келди. Ал жерден поезд дагы токтоду. Кайран гана кыргыздардын поезди, баардык жерден жол бошотуп жүрүп олтурат экен да, көрсө. Үйдө баатыр жоодо жок, баягы курсагы чоң проводник казактардын чек арасынан эле өчкөн. Эч кандай деле жардам бергендей болгон жок. Ал турсун өзүнүн алып бара жаткан товарларын ката албай, өз арбайы менен алек болуп, поезд ордунан жылганда эле коңурукту кош тартып уйкуга баш койгон.
Түгөнбөгөн казактын боз талаасы менен күшүлдөгөн поезд өз жолу менен бара жатты. Алыс жолго чыгып көрбөгөндөр үчүн жол жүрү кызык эмеспи. Терезеден көздү албай сыртты кароо менен таттуу кыялга баткандар канча.
Чынында эле жыйырма жыл ичинде эл материалдык жактан аксап, көздөрүнө бир гана байлык элестеп, материалдык ачкачылык ички дүйнөнү ээлеп алганы баам салып караган кишиге, сырттан билинбегени менен көпчүлүк калктын аң сезими дагы өзгөрүтүп, өзүмчүлдүк күч алганын байкап, аңдоо салган кишиге кадимкидей билинет.
Поезд Чимкент шаарына келгенде, шакылдап сүйлөгөн үч келин түшүп, балдардын жанынан орун алып калды. Анткени капталдагы орундар бош болучу. Негизи эле орундун бош болгону, тиги проводниктерге эле жакшы болот экен, анткени ашыкча акчанын кимге кереги жок болмок эле. Айткандай, тигилер дагы иш издеп, мекендерин таштап, элинен үзүлүп чыгып, кең Москваны көздөй бара жатышыптыр.
"Жол азабы, көр азабы"- дегендей, июнь айынын ысыгында өзгөчө казактын чөлдүү талаасында жол жүрү эмне деген азап. Жатып уйку канып, убакыт өтпөгөндө, поезд улам токтоп жол арбыбаганынан жөн эле секирип түшүп чуркап кеткиң келет.
Бул поездде жалаң эркектер болгон үчүн алиги Чимкенттен түшкөн үч өзбек келин жакшы эрмек болду. Тамашага туура баа берип, узун жолду кыскартканга абадан эле ыңгайлуулукту тартуулады. Алар айтса, армандары аттын башындай экен. Поездде бара жатышып дагы бийликтегилерге карата ойлорун толук айта алышпай, кысынышканы эле, демократиянын жоктугунан белги берип турду. Эл кыйналып, бийлик тараптан кысым күч экенин үстүртөн айткандары эле болбосо, ойлорун толук айта алышкан жок. Көзү көк, бир караган кишиге өзбек улутуна окшоп кеткен өз улуту татар, өзбек тилин чалып сүйлөгөн Ира гана улутунуп алып:
-Эгер, Ташкентте жашоо жакшы болгондо, биз минтип туулуп өскөн жерди таштап кетпейт элек го. "Бийлик элди эзип жиберди" деп ашыкча сөздү айтып жиберди. Айтарын айтып алып, корунгансып эки жагын каранганы эле "бул айткан сөзүм жогору жакка жетпесе экен"- дегенди туюндуруп турду. Бул Иранын көз карашы жана корунганы өзбек элинин кысынып жашап жатканынан белги бергенсиди. Алгач ал өзбек тилинде так сүйлөгөндө, аны өзбек кызы деп ойлошкон болучу.
Сөз- сөзгө уланып, Жанна деген келин улуту казак, бойдок экенин тилинен чалынып сүйлөп жатып билгизип алды. Толугунан келген Жаннага жашы элүүгө жакындап калган Самар жабышып эле жатып калды. Ал өзү Оштун, Кара- Суу районунан болгон соң, өзбек тилин так түшүнгөнү дагы себеп болуп,тил табышканга дагы үлгүрдү. Эркекке эмне, үйдөн алты кадам сыртка чыккандан кийин бойдок болуп калат эмеспи. Аңгыча эле стол үстү жайнап чыкты. Мындай жерде сөзсүз ичимдик болбосо болбой даамы жок даамдай элес берет го. Кайдан жайдан белгисиз бир шише арак дагы пайда болуп калды. Аны көргөндө тиги шакылдаган келиндердин жүзү албырып, күлкүлөрү башкача чыга түштү. Мына ичимдиктин кадыры, аны барктагандарга жөн эле асмандан издегендери жерден табылгандай эле болду. Ушул кезде балык саткан казак аялдар да баш багып калды. Кымбатына карабай катылып жаткан акчалар суурулуп чыгып, балык сатып алышты. Кайран гана ичкилик, адам баласын айкөл дагы кылып салат эмеспи. Аял менен арактын түбүнө ким жетиптир. Эгер Жанна, Самарга көз кысып, тийишпеген болсо, бул шаан-шөкөт болбойт эле. Аз болсо дагы алаксып, тигилердин чакан олтурушуна көз салып, бери жакта олтургандарга дагы эрмек болду.
Тээ илгери Калыгул олуя айткан заман келгенин ушундан улам билсек болот, назик деген аял затынан уят кетип,ичке кирген жүз грамм тиги үч аял затынын оозунан уят сөздөрдү алып чыкты. Эгер поезд купенний болгондо анда тигилер аял эркек болуп жатып калышат беле ким билет. Баарын аял заты баштайт дегенге ишене берчү эмес элем. Бул жерден тиги үч келин баштабаган болсо, баары тынч бойдон калат беле. Ооба, айтылган кеп бар "бул дүйнөнүн туткагы аял заты"- деген. Айтылгандай аял заты өз ордун билгенде, ашыкча сөздөрдү сүйлөбөгөндө, кулакка жат уят сөздөр айтылбайт эле. Ызы-чуу кеминде үч саатка созулуп,аягы барып түнкү уйку менен аяктап, тынчтык өз өкүмүн моюнга алды. Кайрадан эле баягы поезддин шакылдаган үнү, казактын түгөнбөгөн боз талаасы. Күндүз кечке уктагангабы, эмнегедир Бердинин уйкусу келбей ойго жатты. Бир жагынан жамбаш талып, түн ортосуна чейин олтурууга туура келди. "Түндүн көркү ай менен" - деп айтылгандай, терезеден сүттөй ак айдын нуру төгүлүп турду.
Ар бир нерсе өзүнүн кооздугу менен көрктүү болот эмеспи. Анысысыңар түн дагы өз көркүнө чыгып, асмандагы ай каалгып, булутка жашынып кайра чыкты. Бул дагы жаратылыштын көптөгөн кооздугун бири экенине кызыгып карап жаткан Бердинин оюн бөлдү.
Кулак менен уккандан көрө, көз менен көргөнгө эмне жетсин. Ушул жашка чыгып,алыс жолго поезд менен барып көрбөгөнгө, жолдун алыстыгы жадатып жиберди. Аңгыча эле эки бөлмө нары жактан орун алган жаш кыз ажатканага өтүп бара жатып:
-Эмне байке, уйкуңуз келбей олтурасызбы? - деп сурап калды. Берди башын ийкеп жооп берди эле Наристе мыйыгынан жылмайып, башка сөз айтпай өтүп кетти. Бул кыз поездге олтурганда эле газета сурап келип таанышып кеткен. Өзү Сокулук районунан болот экен. Москвага ушуну менен экинчи жолу бара жатканын кеп кылган. Негизи эле баардык нерсенин жаңы кези, адам баласынын жаш кези кандай көрктүү. Наристе кара торунун сулуусу, арыкчырай, бой мүчөсү келишкен сулуу жан болгону менен атасынын төрүндө олтуруп калган, жашы жыйырманын сегизине чыкканы менен өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн, жылдыздуу кыз экенин алгач көргөн киши дароо эле байкайт. Бирок сулуунун сүрү болот эмеспи, эмнегедир бул кызга тийишип, аны жандаган деле эч ким болгон жок . Андан дагы Наристе өз ордун билгенгеби же балдарга жандаганга мүмкүнчүлүк берген жокпу, ал өзү менен өзү болуп келе жаткан.
Бердиге карап мыйыгынан күлгөнү, анын дагы зеригип келе жатканына белги берди. Берди бир топко олтурду анын өтүп кетишин күтүп, бирок ал эмнегедир кечигип, жол каратканга мажбур кылды. Андайда адам баласынын оюна кандай ойлор келет. Акыры Берди ордунан туруп, артынан барса, чылым чеккен жерде Наристе терезени карап туруптур. Берди аз да болсо жаман ойдон алыстап:
-Ой, сага эмне болду?-деп сурап жиберди. Апасына таарынган баладай терезени карап турган Наристе капыстан берилген суроодон чочуп кеттиби, жалт карап алып:
-Сиз белеңиз? Мен жөн эле. Катарымда жаткан байкенин коңуругу уктатпай койду. Убакыт өткөрүүнүн амалы кылып турдум эле - деп, кайра терезени карады. "Сөздү учурунда айтпаса, атасы өлөт"- дегендей, удулу келип турат деген ойдо:
-Ай,Наристе, кийин турмушка чыгып калсаң, жолдошуң коңурук тартса, анда ушинтип түн уйкудан калып,таң атканча турасыңбы? - деди, Берди.Бул айтылган сөз жага бербей калды белем, Наристе жылмайып:
-Анын жарасы жеңил, бул бейтааныш кишинин ойготуш кыйын болуп жатпайбы. Муну кантип ойготуп "кырыңдан жат"-деп айта алам. Түндө дагы уйку берген эмес. Деги аялы кантип чыдап жүрөт болду экен?-деп, аны жактырбаганын билгизди. Сөз ушул жерге келгенде поезд дагы токтоду. Кайсы жерге келдик билип болбойт. Наристе кабагын чытып:
-Кыргызстандын поезди эптеп эле. Өткөндө, мен Москвадан келгенде, Россиянын поездди менен келдим. Мынчалык көп токтогон эмес. Эмнегедир бул поезддин токтогону көбөйдү. Деги аман-эсен жетсек болду- деп, сөзүн аянычтуу жана капалуу бүтүрүп, кайра терезени караган болду. Сөз улансын үчүн Берди:
-Сен кайсы окуу жайды бүтүрдүң эле?-деп, суроо узатты эле, Наристе бир топко үнсүз туруп:
-Байке, азыр окуунун деле баркы кетпедиби. Берки бөлмөдөгү Топчугүл деген кыз, эки жыдан бери Москвада иштейт экен. 25-майда акыркы коңгуроого катышканы эле келиптир. Аттестатын алуу үчүн акча таштап келе жаткан өңдү. Азыр билим алуунун дагы сапаты кетпедиби. Менин эки дипломум бар. Бирок, иш жок эки дипломум катылуу бойдон турат. Кайран гана ошого корогон убакыт. Эми минтип кесибимден башка иште иштегени кетип бара жатам.
-Эмне, али турмушка чыга элексиңби?- деп, ойдо жок суроону берип калды эле, Наристе күлүп:
-Эч ким албаса эмне кылайын. Кыз баланын бойго жеткенден кийин, турмушка убагында чыкпаганы абдан жаман экен. Ушул сиз берген суроону ар бир экинчи жолуккан киши берет. Азыркы балдар илгерки балдардай эмес. Кыз сыйлоо маданиятын дагы биле беришпейт. Таанышкандан соң дароо эле "атаң кайда иштейт, байбы? - деп сурагандары абдан көңүл чөгөрөт. Аларга менин атамдын байлыгынын канча кереги бар? Такыр түшүнбөйм. Кызык алар эмне менин атамдын байлыгы менен жашайбы? Эгер сүйүү чын жүрөктөн болсо бай-кедейге, кары-жашка карабайт да. Анан кантип менин аларга көңүлүм жылыйт. Азыр мени күйөө деле кызыктырбай калды. Эптеп акча таап, үй сатып алсам деген оюм бар. Эмнегедир убакыт алга жылган сайын адамдар жукасына тартып, бир гана байлыкты эңсеп калышты. Бакыт байлык менен чектелбейт. Үйбүлөлүк ынтымак анан алты саның аман басып жүргөндүн өзү бакыт эмеспи. Сөз кезеги келгенде Берди:
-Сүйүү бакытка киреби? Деги эле сен бирөөнү сүйүп калдың беле?-деп сурап калды эле Наристе:
-Ооба, сүйүүнүн азабын чекпеген жан болбосо керек. Бирок, сүйүү эки жактан бирдей болбогон соң алсыз болуп калат - экен. Наристе ушул жерден өз сөзү менен билгизип алды, бирөөнү сүйүп, ага жетпей калганын. Сөз бир топко уланды. Дагы уланат беле, чылымды атасынын өчү бардай чеккен, вагондун аркы башында жаткан Жекшен деген киши келип калбаганда. Бул кезде таң күлөөнөк атып, келе турган күндүн башталышынан белги берип калган болучу. Таңкы уйку кандай таттуу. Экөө тең ордуларына келип жатып, жаздыкка баш коёру менен уктап кетишти. Поезддин жүткүнүп барып токтогон абалы, таңкы уйкуну бузду. Бул кезде поезд казак менен орустардын чегине келип "Ильинск" - деген станцияга келип токтоптур.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев