Бул окуя кечээ жакында эле Нарындын бир айылында болгон экен. Бирок биз адамдар бир нерсени өз көзүбүз менен көрмөйүн ишенбейт эмеспизби. Ошол себептен уккан окуяны сиздерге алымдын жетишинче жаздым. Бул болгон окуяны ким кандай түшүнүп, кандай чечет, аны окурмандын таразасына койдук. Анда сөз башынан болсун.
Каармандын аты өзгөртүлүп берилди.
Алым Нарын суусунан балык кармап жүрүп, сууга түшүп кетти. Жазгы маал болгондуктан, суу күрпүлдөп кирип жаткан эле. Суу ээ-жаа бербей, Алымды агызып жөнөдү. Сууда агып баратканын бир билет, анан ал эсин жоготуп койду.
Эсине келгенде, суунун жээгинде жаткан экен. Бирок бул жерде канча жатканын өзү да билбейт. Ордунан туруп, эки жакты карады. Анча алыс эмес жерде кырка тизилген боз үйлөр. Акырын басып барып четки боз үйгө кирди Алым. Боз үйгө кирип, кырка олтурган адамдарга салам айтты. Салт билбеген немелерби, айтор эч ким саламга алик албады. Ал турсун көңүл да бурушпайт. Алым таң калып, үнүн бийик чыгарып, дагы салам айтат. Бирок дале баягы эле көрүнүш. Алым акырын өйдө өтүп, дасторкондогу тамактан алып, курсагын каалашынча тойгузат. Дале дасторкон бетиндегилерден сугунуп жаткан жигитке эч ким көңүл бурбады. Акылы айран болгон Алым эмне кылаарын билбей, унчукпай олтуруп калды. Боз үйдөгүлөр баары кыргызча кийинип, кыймыл-аракеттеринен ыймандуулук, наркты билгендик байкалат.
Бир убакта Алымдын жанына бир татынакай кыз илбериңки басып келип олтурду. Алда кудай! Ушунча да сулуу ургаачы болобу?
— Атың ким, сулуу? — Оозунан ушул суроо кантип чыгып кеткенин Алым өзү да байкабай калды.
Кыз Алымдын суроосуна жооп бермек турсун, көңүл да бурбады. Капырай, бул эмнеси? Алымдын кызга айткан сөзү жөн эле абага айтылып калгандай болду. Боз үйдөгүлөрдүн сүйлөгөн сөздөрү Алымга даана эле угулуп, аралашып эле жүрүшөт. Бирок алар Алымды такыр көрбөгөндөй. Алым уурдана кыймылдап колун кызга тийгизди. Кыз эс-учун жогото, жыгылып түштү. Элдер кыйсыпыр түшүп, кызга суу сээп, чуру-чуу түшүп калышты. Өзүн күнөөлүү сезген Алым качып жөнөгөнү калды. Бирок дале аны эч ким көрбөгөн үчүн отуруп калды. Кыз өзүнө келип калгансыды. Алым кайра колу менен акырын түрттү. Кыз дагы чалкасынан түшүп жатып калды. Элдер кайра ызы-чуу түшүп, кызды эсине келтиришти. Кыз өзүнө келип олтуруп калганда, Алым үчүнчү жолу колун кызга тийгизди. Кыз дагы жыгылып калды. Элдер эптеп кызды дагы эс алдырышты. Кыз эс алганда, бир ак сакалы көкүрөгүнө түшкөн абышка: «Молдону алдыралы, кызыбызга жин шайтан тийип жатат. Окутпасак болбойт», — деп эки баланы молдого жиберди. Шуулдаган эки бала атка үзөңгү теппей шарт минишип, башка жакка чаап жөнөштү.
Алым эшикке чыгып келип дасторкондогу тамактан алып жеп олтура берди. Дасторкондо жалаң кыргыз тамактарынын түрлөрү жайнайт. Бир убакта салабаттуу баскан молдо келип чаар китебин ачып бир нерселерди окуп, бир оокумга чейин олтурду. Анан элге карай: «Бул кызга жин-шайтан тийбей эле, адам пири тийген турбайбы. Бир кой союп, чыпчыргасын койбой бышыргыла. Дасторкондун үстүн жапкыла!» — деди. Айткандай дасторкондун үстүн жапканда, баягы жайнап турган тамак-аш жок, алтурсун дасторкон да көрүнбөй калат. Бир убакта кой союлуп, этинин баары казанга салынат.
Алым баарын байкап турду. Бирок алар дале Алымды көрүшпөйт. От жагылып, эки бала этти бышыруу милдетин алышты. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө, эт кайнап чыкты. Эттин чий көбүгүн алып, өзүлөрүнүн иштери менен алек эки бала. Алымдын курсагы ачып чыкты. Тамак жейин деп өзөк жалгаганга эч нерсе таба албады үмүтү эле казандагы эт. Бирок, тилекке каршы, молдо эттин чий көбүгүн алгандан кийин өзү келип, казанды таар сыяктуу кездеме менен жаптырып салды. Качан казан жабылганда, баягы күйүп турган от, ал турсун казан дагы Алымга көрүнбөй калат. Ошентип Алымдын эт бышканда эт жеп курсакты тойгузам деген тилеги таш капты. Эми эмне кылыш керек?
Алым катар тигилген боз үйлөрдүн биринчисине кирди. Балким, өзөк жалгагыдай бир нерсе табылып калабы? Бирок эч нерсе таба албагандан кийин өзөрө курсагы ачкан Алым үмүт менен бардык боз үйлөрдү кыдырып карап чыкты. Бирок бир да боз үйдөн жей турган эч нерсе таба албады. Эмнеге мындай деп акылы айран болду. Бир чети, өзүнүн кылган ишине өкүндү. Эмнеге баягы кызды колум менен түрттүм? Эгер ал кызга тийбей койсом, дасторкондогу тамактан каалашымча алып жеп, курсагым ток жүрө бермек белем? Алымды дагы бир таң калтырганы убакыт өтпөгөндөй. Күн дале баягыдай сезилет. Боз үйгө салам айтып киргенде күн төбөдө болчу. Азыр деле күн ошол ордунан жылбагандай. Баягы өз колу менен түртүп койгон кыз кадимкидей эле басып жүрөт. Бирок дайыма жанында эки кыз коштоп, ал кыздын жанынан жылышкан жок. Ошол жердеги бардык адамдардын жашы, карыбы, кызбы, аялбы, жүздөрүнөн күлкү, жылмаюу кетпейт. Бири-бирине жасаган мамилелеринен жүрөгүн чапчудай мээримдүүлүктү байкады Алым.
Алымдын дагы бир байкаганы — ал адамдар көп сүйлөшпөгөнү жана ызы-чуунун жоктугу. Алым ал чөйрөгө келгенден бери уруш-талаш, ызы-чуу, ал турсун кыраан каткырык, күлкү да угулбайт. Алым акырын басып келип, баягы өзү биринчи келген боз үйгө кирди. Молдо дале баягы китебин ачып алып үнүн чыгарып, башка тилде күбүрөнө окуп жатыптыр. Алым кулак төшөсө, кадимки эле Куран. Молдонун китеп окуп жатканы Алымдын көңүлүнө жага бербеди. Бир аз молдонун жанында олтургандан кийин кандайдыр бир жагымсыз нерсе болорун алдын ала сезип, өзүн кармана албай тышка чыкты. Тышка чыкса баары эле баягыдай. Нарын суусу кадимкидей эле агып жатат. Тоолор ордунда эле турат. Бирок өзүнүн айылы көрүнбөйт.
Алым таң калганын жашыра албай, үнүнүн барынча кыйкырды. Үнү өзүнөн башка жанга угулбагандай болот. Өз үнүнөн өзү чочуп, эки жакты элеңдеп карады. Эч нерсе байкабагандай жанынан эки жигит бир нерселерди кобурап өтүп кетти. Бир убакта эт бышты дегенди угуп, казан жакка басып келди. Эт чыгып жатканда, эттен алып жейин деген ойдо казандын жанына келди. Аңгыча баягы молдо да келип китептин бетин ачып бирдеме деп окуду эле, баягы бышып чыгарылып аткан эт Алымдын көзүнө көрүнбөй калды. Алымдын дагы үмүтү аткарылбай калганына өкүнүп: «Кап, эми эмне кылсам болот?» — деп бир топко ойлонуп калды.
Молдо бышкан этти чыгартып, бир куржундай болгон капка салдырып, үйдү көздөй басат. Алым эки жакты алаңдап карап, элдин баары кирип аткан үйдү көздөй кадам шилтеп баратып: «Бул молдо мени бирдеме кылганы турат окшойт», — дейт өзүнчө кобуранып. «Эмне болгон күндө да ары же бери болбосом, болбой калды. Минтип жүрө берсем, ачкадан өлөм го. Же барып молдону жакадан алып, колунан китебин тартып алсамбы?» — деп, өз ою менен алек болуп, элдер кирген боз үйгө кирет. Кырка тизилип олтурган элдер Алымдын эшиктен киргенин дале көрүшпөйт. Алым кыдырата элди карап, төрдө эки жагынан эки аял кармап олтурган кызды көрүп: «Эй, кыз, болду эми мен сага тийбейм, андан көрө жей тургандай бир нерсе бердиртчи, — деди. Кыз өзүн карап турганы менен эч нерсе уккан жок. Караган тейде тура берди. Алым мени көрсүн дегенсип бир топко тиктеди. Алым кызды көрөт, бирок кыз Алымды көрбөгөндөй мамиле жасайт. Өзүн эркин сезген Алым молдонун маңдайынан барып орун алып олтурду да, молдонун алдындагы оозу ачык куржун сыяктуу каптагы бышкан этти көрүп, шилекейин кылк жутуп алып, эттен алып жегиси келди. Анткен менен жакын баргандан айбыкты. Чоң алты канат ак өргөөгө улам эшиктен кишилер кире беришип, ичи элге толуп калды. Бир убакта молдо китепти ачып алып, кыраатын келтире кандайдыр бир дубаны окуп кирди. Алым бир убакта молдону тартынбай караганда, экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, молдо көзүн тартып алып, окуп аткан китебине үңүлүп карагандай болду. Бирок Алым бир нерсени сезди. Молдо дубаны окуган сайын Алымдын курсагы ачып, тамак жегенге табити тартып, кантип молдонун жанында турган капка жакындап барганын сезбей калды. Молдо баарын байкап тургансып, үнүн өктөм чыгарып, окуганын уланта берди.
Убакыт өткөн сайын Алымдын чыдамы кетип, каптагы бышкан эттен көзү өтүп, каптын жанына барып, кантип капка кол салганын билбей калды. Ушуну эле күтүп тургансып молдо Алымды желкеден алып, капка башын тыгып жиберди. Ошол убакта Алым эмне болуп каптын ичине түшүп калганын өзү да билбей калды. Каптын оозун бууп, молдо эки жигитке: — Алып барып кап менен кошо Нарын суусуна ыргытып жибергиле, келген жагына барсын! — деди. Молдонун айткан сөзү Алымга даана угулду. Ал эми Алымдын жардам сурап кыйкырган үнүн эч ким укпагандай. Нарын дарыясына жакын келгенин, суунун үнүн даана сезди каптагы Алым. Эки жигит суунун жанына келип күч менен капты сууга ыргытып жиберишти. Алым сууга ыргытылганын сезди. Бирок сууга түшкөндөн кийин Алым эмне болгону эсинде жок. Бир убакта суунун берки өйүзүндө жатканда эсине келип, эмне болуп өткөнүн эстей албай кеңгиреп олтуруп калды. Өзөгү үзүлчүдөй болуп курсагы ачкан экен. Турганга да шай жок. Кийминин баары суу. Эптеп ордунан туруп, суунун берки өйүзүн карайт. Баягы бактарга катар тигилген боз үйлөрдү көрбөйт. Өзү күбө болгон окуяга таң калып, чакыйып тийип турган төбөдөгү күндү карайт. Ооба, аркы өйүздөгү боз үйлөрдө табышмактуу кишилер менен жүргөндө ала булут каптап, күн бүркөө эле. Ал эми азыр күн ачык, күндүн нуру жерге тегиз чачып, ысыгы денеден өтөт. Алым канча олтурганын өзү да билбеди. Бир убакта ордунан туруп үйүн көздөй кадамын акырын шилтеп жөнөйт. Айылдын четине келгенде, алдынан ат минип кошунасы чыгып:
— Эй, Алым сен кайдан? Сени бир аптадан бери издеп атпайбызбы. Кой, мен үйүңө барып сүйүнчүлөп, сүйүнчү алайын! — деп кудуңдап атын буруп чаап кетти.
Алымга эмне болду? «Эртең менен эле кетпеди беле? Чын эле бир апта болдубу?» деген ойдун кучагына сүңгүп кирип, ою менен алаксып келатып, үйүнө кантип келип калганын билбей калды. Аңгыча алдынан балдары, аялы, туугандары, кошуналары чуркап чыгып, Алымды бир жыл көрбөгөндөй тосуп алышты. Алым баары менен текши учурашып, үйүнө келип, тамактанып, өзүнө келгенде гана болгон окуянын баарын айтып берди. Бирок Алымдын айткан сөзүнө эч ким ишенген жок. Бул кандай окуя болгондугу алигиче табышмак бойдон калууда.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9