#АНГЕМЕ
Төрөт үйүндө демейдегидей кымгуут жашоо. Аялдардын толгоо тартып кыйкырган үндөрүнө кошулуп жарык дүйнө менен жаңыдан гана саламдашып жаткан наристелердин ыңаалаган үндөрү жаңырат. Баланын аман-эсен төрөлгөнүнө кубанган энелердин арасында көз жашын куюлтуп, дубал тиктеп бир жаш келин жатты. Күнөөсү жок наристесин жээрип, ошол гана турмушун бузуп жыргал жашоосун тартып алгандай мелтирейт. Улам келип баласын көкүрөгүнө жаткырып, эмчек эмизүүсүн талап кылган медайымга: “Алып кетиңиз! Мага кереги жок!” - деп кыйкырып коёт.
– Ай, келин! Бери кара! Балаңдын кереги жок болсо жаз “отказной”! Бизди улам жалдыратып маалкатпай! Кийин ыйлап келчү болбогун, - төрөт үйүнүн башкы дарыгери улам келип акыл-насаатын айта берип тажаганынан баласын жолоткусу келбей турган келинге катуу айтты.
– Жазам, алып келиңиз, кагазыңызды! Каалаганыңызга бере бериңиз!
– Апээй... Мобу кантет ай?! Мен төрөтүп койгонсуп?! Ойлонбойт белең башында! Дегеле кыйынсыңар кылгылыкты кыларда... Ошондо ойлонуш керек болчу...
– Эже! Мага акыл үйрөтпөй, өз ишиңизди билиңиз! Баламды албай кетем десем эч ким кармабайт. Мен өлтүргөн жокмун! Көчөгө да таштайын деген жерим жок! Алып келиңиз, кагазыңызды, жазчуну жазып берем. А мени бул жерге кармабагыла!
Долуланып сүйлөгөн бул келинге дарыгер таңыркай карап турду да, башын чайкап теңелбейин деген кыязда басып кетти.
Күнөөсү жок наристенин жарык дүйнөгө келе элек жатып түрткүнчүккө кабылганына, өзүнө мындай наристенин буйрубай калганына жаны ооруп башкы дарыгер бөлмөсүндө ойлуу отурду. “Неге мынча таш боорсуң, тагдыр! Канчалаган энелердин кубанычтарына ортоктош кылып жүрүп мага ушундай кубанычты буйрубай койдуңбу? Окуунун артынан кууп, улам бир чокуну багындырам деп жүрүп жашымдын өтүп кеткенин да байкабай калыптырмын да. Эхх! Тагдыр! Сенде эмне күнөө дейсиң?! Айлам кеткенде сени күнөөлөп жатканым да... Күнөө өзүмдө болуп жатпайбы... Канчалаган колумду сураган жигиттерди жактырбай, жактырсам да улам кийинкиге калтыра берип ушу жашка жеттим го...”
Нургүл Акбаровна! Уруксат бекен?
Ойлонуп отурган дарыгер өзүнө карата айтылган сөздөн селт эте башын көтөрдү.
– Баласын чанган келинге бирөө келиптир. “Баланы алып кетем” дейт. Болобу?
– Ал ким экен? “Алып кетем” дегенге эле кармата бергендей бала оюнчук бекен?
– Атасы окшойт...
– Келиндинби?
– Жоок, баланын атасы окшойт деп калдым... “Баланы алып кетем” дегенине караганда...
– Ммм... – Нургүл ойлоно түштү.
– Бул жакка киргизчи, сүйлөшөйүн.
Медайым шыпылдай басып сыртка чыгып кетти. Канча жылдап ушул жаатта иштегени мындай окуя болгон эмес. Кандай кыларын билбей турду. “Ким менен сүйлөшүп, кимден кеңеш сурайм?”
– Саламатсызбы? !
Терезеден сыртты карап ойлуу турган Нургүл бул тааныш үндөн селт эте түштү. Качантан бери сагынтып дегдеттирген үн... Күнү-түнү кулагында жаңырып, бүт дүйнөсүн ээлеп алган үн... Денесин майда калтырак басып, сулуу жүзү албырып чыкты. Үн чыккан тарапты караса, жок болуп кетчүдөй, түшүндөгүдөй жоготуп алчудай коркуп турду. Канча жылдап эңсеп, сагынып, бир угууга зар болуп жүргөн коңур үн бир заматта кайып болуп кетчүдөй... Артын кароого даабай турду. Секундалык көз ирмем кылымдарга айланып кеткендей... Саргайып күткөн сагынычы артында салам айтып турабы? Ишене албай кетти...
– Нургүл Акбаровна! Бул киши “баланын атасымын” дейт.
Нургүл өзүн токтоо кармап артына кылчая карады. “Жаңылбаптыр. Чын эле маңдайында жүрөгүн бүтүндөй ээлеген Медербеги турган эле. “Жолугууну канча жылдап тымызын күтүп, жүрөк ооруп турган кездерде жылуулугуңду, мээримиңди төгүп келбей, ушундай акыбалда келдиңби? Бул жоругуң эмне? Ушул жашта түз жолуңан адашкансыңбы? ” Көңүлүнүн түпкүрүнөн обон сымал агылып чыккан суроолору ичинде кала берди да, апкаарып, жүрөгү жарылып кетчүдөй алып-учуп турганына карабай өзүн токтоо кармап:
– Саламатсызбы? ! – деди.
Мындай жерден кездештирем деген оюнда жок Медербек Нургүлдү көрүп оозуна сөз келбей калчылдап кетти. Чоң күнөөсүн карматкандай эмне деп айтышты билбей жер тиктеди.
– Саламатсыңбы, Нургүл?..
– Саламатчылык.
Экөөнүн ортосунда бир кезде махабат деген оору болбогондой, жөн гана эски таанышындай Нургүл каш серпе Медербекти карады. “Кудайым ай! Бул дагы бир сынооңбу?! Мени кантер экен дегениңби? Башкадан майышпасаң да буга деген сезимиң менен сындырам дедиңби? Бир кезде сүйсөм да сүйбөгөндөй мамиле кылган адамымды, махабатымды кайдагы бир карьерага алмаштырып койгон мезгилимди эстетип, ансыз да алсыз жүрөгүмдү оорутайын дедиңби? Сен мынча таш боор эмес элең го?! Мээримиң кайда, оо Кудай?!.”
Нургүл Кудайга жалбарып жан дили ооруп чыкты.
Тиги... Баласын “таштайм” деген келиндин баласын мен алсам дедим эле... - Медербек ооз учунан күңкүлдөп ого бетер жер тиктеди.
– Ал сиздин уулуңузбу?
“Эркектерге айла жок экен да. Кечээ жакында жубайынын наркы дүйнөгө жол салганын эшиттим эле. Эми болсо бул... Мунун жашы канчада? А тиги жаш келинчи? “Баланын кереги жок” деп ыйлаганынын да жөнү бар окшойт. Жашы элүүгө таяп калганда баласы менен тең чамалаш жаш кыздын башын айлантканын көр...”
Медербектин жообун уга электе эле Нургүл: “Өхх!” - деп оор үшкүрүп алды.
– Жок... Ал менин уулум эмес... Мен атасы эмес, чоң атасы болом. Неберем...
– Неберем?! Чоң атасы болом дейсиңби? Кандайча?
– Ооба, Нургүл... Чоң атасымын...
– Келин “баламдын атасы жок” деп жатат го...
– Нургүл... Мен уулумдун уруксатысыз эле келдим. Ал курган бала бул кыз менен жүргөнүн билчүмүн. Колтукташып кээде келип калышчу. Апасынын көзү өтүп кеткенден кийин уулум башкача болуп кетти эле да. Мага да баш бергиси келбей калган. Түнү жок болуп кетип, күндүз уйкудан ойгончу эмес. Анан эле... Кийинчерээк бул кыз: “Уулуңуздан боюмда бар. “Мени ал” десем болбой жатат”, - деп келиптир. “Үйлөн” десем уулум таптакыр каршы болуп туруп алды. Бул жакта колоктоп бош жүргөн неме Орусияга “иштейт элем” деп кетип калды. Ошондон бери дайыны жок.
Медербек баласынын кылыгына уялып жер карап Нургүлдүн жообун күтүп туруп калды. Нургүл эмне жооп айтышты билбей Медербектин абалына чындап жүрөгү ооруп чыкты. “Эмне дешим керек? Бул баланын чоң атасы Медербек экенин кантип далилдейм? Баланы жөн гана кармата бергенге менин укугум барбы? Бере албайм деген күндө да бул баланын тагдыры эмне болот? Балдар үйүнө тапшырабыз да... Ал жакта бул наристени кандай күн күтүп турат?”
– Баарын мыйзамдуу түрдө кылганга аракет кылалы, Медербек. Мен колуман келген жардамды кантип аяйын... Бирок аракетибизден майнап чыкпай калса, мага таарынбастырсыз?
– Сага кантип таарынам, Нургуля! Өмүр бою сен деп гана жашап келдим. Азыр да жүрөгүм сендик. Бир кездеги катачылыгыбызды эми оңдорбуз? Жок дебе, Нургүл. Ал кезде жаштык кылыптырбыз. Азыр бизди Кудай атайын жолуктурган чыгар. Баланы алабыз да, экөөбүз чоң ата, чоң эне болуп калалы. Макул көрсөң, баарын башынан баштайлы?
Көңүлүндө Медербектин ар бир айтканына макул болуп турганы менен:
– Баарын жаңыдан баштаганга кеч болуп калды го, Медербек, - деди Нургүл ооз учунан.
– Андай дебе, Нургүл, Бактылуу болушка эч качан кеч болбойт. Көрөсүң го, калган өмүрүбүздү гүлгө айландырып жашайбыз. Жашоонун ырахаты эми гана башталат. Жок дебечи... Жаштыгымда аябадың эле, эми жок дегенде улгайган кезде аярсың?
Нургүл Медербектин суроолорун жоопсуз калтырып, таңкы шүүдүрүмдөй мөлтүрөгөн көз жашын аарчыды да, жандай көргөн адамынын ийнине башын жөлөдү.
***
Чоң апаа! Чоң атам мага кулун алып келиптир! Жүрсөңүз, көрөсүз. Супсулуу экен.
Сырттан тердеп-кургап жүгүрүп келген Белек камыр жууруп жаткан чоң апасынын этегинен тарткылады.
– Азыр, берекем... Азыр, күчүгүм... Мына, камырымды бүтүрө калайын.
Жууруп жаткан камырын жылуулап орой сала колун белиндеги майлыкка аарчыды да, Белегинин колунан жетелей сыртка жөнөдү. Сыртта экөөнү күлө карап кулун жетелеген Медербек турган.
– Иий, мына, берекем, сага деп чоң атаң кулун алып келген турбайбы. Буюрса, кулунуң чооң болот, сен да чоң жигит болосуң, ээ алтыным? Кана, чоң атасы, Белекти кулунуна мингизчи.
– Азыр мингенге болбойт, кичине үйрөтөлү, анан шашпай мингизем.
Белек кудуңдай кулунду айлана жүгүрдү.
– Ураа! Менин кулунум бар! Досторума мактанам, ээ чоң апа, чоң ата?
Кулунду айлана жүгүргөн Белектин кыткылыктаган үнү чоң ата, чоң апасынын жүрөгүн элжиретип турду...
Аягы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5