1 - БӨЛҮМ
1982—жыл. Быйыл абдан күн ыссык, күндүн аптабы , мээ кайнатат, жаан да өчөшкөндөй жаабай калды... . Адырдын жолу , топурагы чыгып, боз ала чаң... Чөптөр да бышып, саргая баштаган... Күн кечтеп калганда мээлүүн шамал жан эргите жүрүп калбаса күндүзү тердеп ,терин аарчыган адамдарды көрөсүң. Кимге жолуксаңда « Ой быйыл абдан ыссык болду , атаңдын кө—өөрүү »—деген сөз... Асанкалый москвичин минип алып каттуу айдап, чаңытып, таштарга арты көтөрүлүп, бара жатты.. Жолдун эки тарабы кыбыраган эл. Баары суктана қарап өткөрүп коюшат....... Алар экен эгин —тегинине суу коюп, чөбүн жулуп , мээнет кылып жүрүшөт. Пахта, тамеки, жүгөрү, дарбыз, тим эле баарын эгишкен. Аялдар ак жолукту башына салып, кетменди кере —кере кара жерге таштап эгин чаап, ал эми эркек кишилер жаштарды аттка миндирип, өздөрү кош айдашып жүрүшөт... Ыссыкты ыссык дебей суу дан уртап коюп баары жумушта.. Кыздар жолукту салынышып, үстүн толук жапкыдай көйнөк киийп тамеки үзүп жүрүшөт . Антпесе тамекиден чыккан шире карартып салат. Анан да абдан эле даамы ачуу.. Алар талаага көрк ,шаң кошуп, Сары ойду, он сегиз жашты созолонтуп ырдап та коюшат. Ары жакта чөп оргон жигитердин жүрөгүнө чокту салып.. Чапкыны куурчтап, жөөк жөөк болуп боз балдар, жүрөт. Кыздардын жолугу көрүнсө да ышкырып коюп. Каткырыкты калың салышып.. . Аңгыча Асанкалый ал жерден да өтүп бара жатты. Улам арты көтөрүлүп кайра жерге түшөт. Тозутуп, артта калган чаң асман көтөрүлүп. Ал өтүп кеткенде кыздар баштарын көтөрүп, ——Ии уктуңарбы тиги Асанкалый москивич алыптырго ээ деп калыды арасынан Зуура шыпылдай басып келип...
——Ии ооба, ал төрт бөлмөлүү пышшык гыштан да заңгыратып там да салыптыр деп сөз кошту алдыда турган узуун бойлуу Гүлсүнай артын бир кылчактап карап коюп.....
...........Арт жакта укса да укпаган болуп тамеки жулган Садатка карай Акзыйнат сөз ачты
— Садат Асанкалый унаалуу болдубу, теги тоюңар качан ия ? —деп жооп күтүп, колун бооруна алып күтүп калды... Жанына жакын келген Зуура
——Эй укпаган белең,Теги өлүмүш болбочу Асанкалый эчак эле Садаты чанып, башка шаардан кыз тападыбы ?! Анысы менен сөйкө салды да кылып коюшту да.. Садаты тоготпой коюптур. Ата —энеси жакыр деп. Кой ал байкуштун жарасына туз сепечи ботом
.——Ии ошондойбу , кече эле ээрчишип, сайдын боюнда жүрүшөт эле го. Шерменде эми эл эмне дейт ,ии бетим бетим —деп жүзүн колу менен жаап калды Акзыйнат.
Баарын уккан Садат ордунан туруп, бир кучак тамекини көтөрүп, ылдыйга түшүп кетти.. Сөздөргө абдан жаны ачышты. Абдан кейип, капа болду. Арыкта аккан тунук сууга жүзүн жууп, өксүп өксүп ыйлады. Көз жашын бекитип, гүлдүү жолугуна жүзүн аарчып, колу менен көзүн шамалдатып, көз жашын кургатып, эч темке болбогондой күлүп айнжап ишин улантып жүрдү....... Үйдө каарыган ата энелер неберелерин карап , олтурушат. Ишке алы жетип калгандардын баары талаада жүрүшөт.. Асанкалый болсо атасынын пулуна эркелеп, шаар кезип жүрөт.
............Айылда кимдин уулу. ?« Оо Камчыбек каттуунун уулу! .....Ташты ээритип, сууну да сиңдирип, айтканынан кайтпаган , акылдуу көздөгөнүн берген , чечендин уулу —деп айтып калышчу...Кара атын теминип, камчы уруп келе жатканда жүзүнө тигилүүдөн сүрдөп , качып тарап кетишчү. Айыл кыдырып, текшерип, жерин иштетпеген, эгинин жыйбаган үй бүлөөнү каттуу эскертип, тил албаса жазалачу.. Алыстан тебетейи көрүнүп, жүзүнө карасаң кабагы салынкы бир абалда жүрөт... Айыл эли , өз ордун билип , тизгинин жыйып жүрчү.... Асанкалыйга да сый урматта болушкан Кыкеңдин жалгыз уулу деп. Дос чары да. Ага көнгөн жаны , айылдын эң сулуу татына кызы Садатка бир кезде ашык болуп,
ой боюна койбой, инисинен кат ташытып, ага момпосуй сатып берип, гүл жиберип жүрүп ашык кылып алган болчу. Аз убакыттын ичинде ашыктык отко жанышып, жетелеше бак аралап, сейил куруп, эми турмуш курабыз дегенде башка техникумда окуган кызды алам деп чыга келди.. Айылга кеп таркады.. Достору нан таба албай жүргөндө Асанкалый дүркүрөтүп комсомолский той берди.. Келин арык чырай ,узуун бойлу апапакай кыз эле. Ак көйнөгү өзүнө жарашып, тим эле укмуш той болду. Айылга үч күн, үч түн той беришти . Биринчи күнү жылкы жыйма кылып, экинчи күнү ак сакалдардан бата алып, үчүнчү күн дегенде келинди киргизип алышты.. Москвич менен закска чыгып келишти. Кечинде той. Жаштар барып , бийлеп жүрүшөт. Келиндин курбу кыздарын Асанкалыйдын достору колдорунан кармап, бийге сүдүрөп алып чыгышып бийлеп жатышты.. Асанкалый турат. Чачы желкесине түшөт. Узуун кара мурут да коюп койгон. Кара кастюм шым, ак койнок, кара туфли. Колунда саат. Келинди жетелеп бир чекеде досторун караап , кол чаап турду.. Той жаштарга аябай кызык болду. Башка шардан келген коноктор да ыраазы боло кетишти..
Ошол кечеде эле Асанкалый сыртка чыгып топтолгон досторун көрдү.
——Ээ Асан кел досум! Эмне болду , кирдиңби дос аяшка?!
——Жоок ,жеңелери жай салып аяшыңарды даярдап жатпайбы !
——Оо дос кел мореки сага күч болот ,бирди алып жибер. Келе дос—деп шашып бир шише арактан стаканга мөлтүрөтө куюп жиберди... Көзүн жумуп, оозун ачып, барын өйдө бир көтөрүп култ эте ичип жиберип, даяр болгон закускадан сугумдап оозго салды.. Жүзү кызарып, мурдун шыр этте тартып коду.
Каткыра жоонунан таптаган Темир дос эми аяшты уул төрөтөсүң хехехе деп күлүп калды.. Аны коштоп, Эржигит
——Ээ дос, кирип чыкпай калып бизди шерменде кылбагын тагын , биз терезден пайлайбыз ,жылчыкча ачып койгун ээ деп колундагы сууга пышырылган жумуртаны досунун оозуна тыгып, мэ дос же жегин деп карап туруп жедирди....
Үйдөн жеңелери да коньяк ичирип, жумуртка жедирип даярдап чыгарышкан эле.
Бир топ кызый түшкөн Асанкалый досторунун сөзүнө ыраазы боло,
——Ээ келе дагы бир ди куйчу доске , азыр жеңем чыгып чакырып кала электе
— келе дос стаканды . Дос сага болду мас болуп калба . .Дагы бир ирет жутуп, темтеңдеп үйгө кирип кетти. Нике түнү эле. Асанкалый ичкиликке жакын адам. Суу дай ачырканбай жутат. Бүгүн тою үчүн азырак ичти. Ке де ичип жыгылып кала турганда пейили бар болчу. Ичкенден кийин башы жаздыкка тийди уктайт. Жыпара уулун бекитип атасынан, канча жолу уктатты. Камчыбектин бар экендиги эле тизгинин тартып турчу... Кызыл камчылыганан Жыпар да аябай көөп таяк жеген. Чалынын келе жатканын көргөндө буту бутуна тийбей бүтпөгөн жумушун бүтүрүп, тамагын бышырып, мууздатып турат эле. Тамагы кечтеп кетсе
——Жашабагыр! Түнкү тамакты ит жесин , салып бер. Пешинден кийин ким тамак жейт. Ушул убакытка чейин эмне үчүн тамагың пышбады ия —деп каттуу урушчу... Ошол кечте тамактанбай уктачу эле... Жылгыз уулун адам болсун —деп окутуп, өзү менен кошо Ройкомдорго , Райондорго ээрчитип барчу.. Бир жолу мас болуп көчөдө жүргөнүн угуп калып, кара кашка атын минип, укурук ту көтөрүп атын чаап ошол жерге жетип барган. Достору менен каткырыкты каллың салып, аракка тоюп олтурган кезде жонун кызыта чаап, Асанкалый эле эмес, ошол жердеги бардык достору камчы жеп, Камчыбекти көргөндө соолуга түшүшүп, аттын аллында жүгүрүп качышкан.... Талаага жеткенде бир жүгөрү паяга , бири тыт катарды аралай бир тамекиге кире качып кутулушкан .. Асанкалыйды эшигинин алдына алып келип , каттуу сабап, артын тилип салган. Эси ооп ордунан тура албай калганда бир чака сууну башынан ылдый чачып салып , ошол жерге таштап кирип кеткен. Таң аткыча ошол жерде онтоп , ыйлап чыккан эле.... Жыпар улам баласына боору ооруп, ыйлап, сыртка чыгып кайра кирет. Түн бир оокумда
——Ай абышка, абышка тиги уулуңузду ичкери алып кирели. Сыртта суук өтүп калбасын. Туруңузчу абышка.
——Суук өтпөйт! Ага сабак !. Көөп эле балаңа болушуп жан тартпагын. Ким эле баласыны көчөдө ооруп же суук өтүп өлүшүн каалайт эле. Мурдундагы мите куртары түшсүн. Адам болсун. Жат сендагы. Эгер бооруң ооруса барып уулуңдун жанына жат. Ойготпо мени —деп артын карап жатып алды..
Жыпара Ыйлап сыктап, Асанкалыйга суу ичирип, жанына төшөнчү алып келип өзү да ошол жерге жатып уктаган... Эне байкуш кайсыл жерде жүрбөсүн , өз чүрпөсүнүн камын көрүп, ооруса түнү менен уйку көрбөй , бүк түшө калып ,жүргөнү жүргөн...
Ошодон кийин , коркуп, арака табити бузулуп ичпей жүрдү. Мына бүгүн чоң эле киши болуп бир экини жутуп алганы..
Садат ка ушул күн абдан оор өттү. Кулак мээсин жеген апасы.
——Мен сага айтканмын! Эй кыз көзүңдү ач, ал менен сүйлөшпө —деп. Аа сенчи сен сүйлөштүң. Тиги Умсунайдын уулу Тилек менен сүйлөш жакшы бала деп канча какшадым. Ал тигиндей ,мындай деп кашың серпип тоготпой койдуң эле мына , мына эми эме болду? Башың таштын учуна тийдиби ?! Айылда кеп болдук. Дос душмандын алдында жүзүбүздү жер караттың.! Тоготпой таштап басып кеттиби тиги зөөкүр , ач жалаңгыч карышкыр.! Өлүкканаңды көрөюн! . Илая үйүнөн жакшылык чыкпай калсын! . Көр болгур кызыңдан көр.! Көр ылайым —деп карганып жатты. Жанатан бери кызынын батинкасын тигип олтурган Өмүр шибегесин жерге коюп, ачуулу
——Эй оңбогур катын Бир аз жаагыңды жапсаң боло. ! Желмаяндай какшап ажылдабай ! Эмне болуптур. Ал албаса башкасы, ал үй бүлөөдөн кутулганыңа шүгүр кыл. Эмне кызыңды кул кылып бергиң келген беле? Жыпара кызыңдын кактабай канын алмак. Тең теңи менен эле . Кудаага шүгүр кылып , жаман сөздү токтотуп олтур. Дагы бир сөзүңдү уксам тиги иниңдикине жеткирип саламын... !
–– Ай болду абышка , болду мына жаагымды жаап калдым. Бирок ичим дагы деле ачышып жатпайбы тиги кызың соолуп эле баратат. Же курбу кыздарына кошула албай, же көчөгө чыга алба– аа й—деп ыйлап кирди..
Садат жанатан бери башын жерге салып олтурган.
—Жетет! Токтоткулачы! Экөөң эзип салдыңарго. Эмне мени эр албай , кара далы болуп астанаңарда олтуруп калгандай сүйлөйсүңөр. Болду да эми. Кайдан билмек элеңер менин ичимдекини. Мен аны жакшы көргөн эмесмин, уялганым да жок. Эртең жумушка чыгамын. —деп кирип кетти өз бөлмөсүнө.
Экө эми тым болду. Кызын мындай кеп салышын билмек эмес эле.
Садат бөлмөсүнө кирип өксүп ыйлады. Жакшы көргөн адамынан мындай башына салган кайгылуу күндү күткөн эмес болчу. Айрылуу апан да элдин ушагы кыйла , жүдөтүп койду. Кече келин келерин угуп, сарайга арканды көтөрүп , сырта турган дөңгөчтү сүдүрөй алып кирип, шыпка жипти байлап , эми дөңгөчкө чыгып , жипти башына салган кезде , сырттан« Садат эже »—деген кошуна кыздын дабышынан кайра чыккан.
——Эмне болду Айназик ?
—Садат эже жардам бериңизчи, апам жумушка кеткен талаага, чоң энем, ооруп калды. Мен карай албай жатамын.
——Макул , мен азыр барам, сен барып жанын да тура тур. —деп , кайра шашып сарайга кирип, аркан жипти бошотуп, ордундай кылып түркүккө илип, кошуна Айназиктин чоң энесин караганы кирип кеткен. Ажал да , күнү , сааты жетпесе мынтип түрүү калат. Токсонго чыккан, Каныкей эне , деми кайтып, алсырап жатып калган эле. Ыссык чай берип, ордун туурулап, өзү айыл дарыгер апага чапкан. Шашып , жүрүп, Асанды да унутуп, жүрдү. .. Кечинде эми угулуп жаткан музыка , кыйкырган жаштардын дабыштары уйку бербеди. Ыйлай берип көздөрү шишип, эртеси каттуу башы ооруп жаттып калды ...
Күндөр билинбей өтүп жатты. Садатты да сөз кылгандан эл чарчап тим болушту. Билинбей ,эл аралап, кыздар менен талаада жумушка чыгып жүрдү. Келинчегин ээрчитип жүргөн Асанкалыйды көргөндө , деми кысылып, тамагына келет. Көөдөнү ооруп бир аздан соң коюп жиберип жатты..
Жумуш бүтүп, суу бойлоп келе жаткан кыздар бүлдүркөн терип, ойноп жүрүштү. Кошуна айылдын боз улан балдары да чөп чөмөлө кылып келе жатышкан. Алар кыздарды көрүп ,тийишип, сөз ачып, калышты. Таанышып та үлгүрүштү. Ошол жерде Тумарбек мергенчинин туң уулу Мадыяр Садатты бир көргөндө ашык болуп калды.. Арадан үч күн өтпөй тамеки жулуп жүргөн жеринде ала качып кетти...
Садат каршылыкта көргөзбөй барып,олтуруп калды. Ыйлаган да жок. Берген көйнөгүнү кийип, ак жолугун салынып ыраазы болду олтуруп калды. Келгенде ыйласа , кетемин десе эмне кылабыз деп түйшүк тарткан жеңелердин жүздөрүнө кубаныч кирип көңүлү жайланып калды..... . Мадыяр болсо бактылуу . Кыздын да көңүлү бар экен деп , сүйүнүп жүрөт... Бул жактан барган ата энеси кызынын үн катпай, бир тамчы көз жашын төкпөй олтураганын көрүп, эч теке дей албай сыйын көрүп, кайтып келе беришти.. Асанкалый кара атын минип, адырдан түшүп келе жаткан. Үч төрт айылдаштары суунун алдында үңүрөюп алышып, тамеки тартып, өздөрүнчө олтурушкан. Буруксуган түтүн, келе жатканда эле мурдун кытыгылап, алды. Туура келип , аттан түшүп, ;
––Ээ инилер кандайсыңар ! Аа буу олтуруп калыпсыңар , ?! —деп корсулдай басып келди.
—— Байке келиңиз, кошулуңуз. Жол болсун. —дешип кол алышып учурашышып, жай бошотушуп берди.
Газетаны кыркып, ичине кургатылган тамекини майдалап, ортосуна коюп, ороп алышкан эле, айыл эле Махорка деп аташчу.. Бирөөнү алып, оңдоп туруп, бир эки тартып жиберди. Башы айланып, көзү кызара түштү. ... Ансайын кызыгып тартып олтурду. Арасынан Акжигит деген бала Садаттын кошунасы . Ал сөз ачып калды.
——Ии баса ээ байке тиги сүйлөшүп жүргөн элеңизго Садат эжеке. Кече алып качып кетиптирда тиги Мойнокко.
——Ыы анан эмне болуптур. ?
——Ошол тою болуптур. Ата энеси калтырып келиптир. Кыз ыраазы болуп калыптыр дедиго апам
——Аа жакшы болуптур. Бактылуу болсун. —деп ордунан туруп, басты. Өзүнчө көңүлү ооруп, ыйлагысы келди. Муңайды. Көңүлү ачылбай кайгылуу басып, алдындагы дүкөнгө кирди.
––Ассаляму алейкум ! Мырза ава !
——Ва алейкум , кел уулум, кандай атаң апаң жакшыбы ? Дени сакпы ?
——Оова ава ! Ден сак ! Жүрөт жакшы .
——Аа жакшы уулум, не берейин.
——Ава бир бөтөлкө арак бериңизчи?
——Эээ улуум, түгөп калды эле. Болсо кантип бербейин ?!
——Макул анда. Мен барайын—деп сырта чыкты. Башын кашып, ичиндеги күйгөн күйүтүн эмне менен басышын билбей турган кезде айылдын атагы чыккан алкаш Бешим чыкты.
——Ээ жол болсун жигит ?! Кандай амансыңбы ия ?
——Аманчылык! Бешим байке тигиден барбы ия ?
——Ээ мен де болотта жүр . Тиги өйүздөгү Люба орустун үйүнө барабыз. Азыр деген алар самагон салып жатышатта.
——Кеттик анда кел учкашың атка.
Экөө бат эле жетип барышты. Люба жолдошу , эки кызы менен өйүздө жашашат. Уйу, кой, эчки, чочко, газ, өрдөк, бал челеги да бар. Самагон сатып та тиричилик кылышат. Экөө бир бутулканы алып, ылдыйрак жерге өтүп, Алма дакарактын астындагы чөптөрдү, тебелеп, жай кылышты. Сатып келген курутун майдалап, бир бөтөлкө аракты пиялага куюп, экөө бирден алып жиберди.. Экөө тең суу ичкендей ачырканбай , дагы бирден алышты. Жанатан бери титиреп, колдору калчылдап, үшүгөнсүп , келе жаткан Бешимге жан бүтүп, жүздөрү кызарып, тамырына кан жүгүрүп , тамашалап баштады... Улам—улам күлкү аралап, каткырып жатышты. Бир бөтөлкөсү бат эле түгөндү. Асанкалый чөнтөгүн чукулап, тапкан тыйынын чогултуп , дагы бир бөтөлкөгө барды. Любанын кызы Настя көзүн сүзүп, берген тыйынын санап кирди.
— Бир тыйын жетпейт экен мне карыз дептерге жазып койоюнбу ,?
——Ооба жазып кой. Сулуу кыз турбайсыңбы хехе деп арсылдап мас неме күлдү. Аппак жүзү, кыска көйнөгүнөн көрүнгөн жоон сандары ууртунан шилекейин агызды.
Кызда кылыктана анда атыңызды айтыңызда.?
——Асанкалый! —деп жазып кой. Мени айыл ичиндегилердин баары тааныйт.
Колундагы бөтөлкөсүн берип, каткыра артын карап басып кетти.
Күн кечтеп калган. Бешим ошол жерге кыйшая уктап калды.. Чалкасынан жаткан Асандын кулагына чөптүн шыбыраганы угулду. Башын көтөрүп, алысырак жерде уй айдап жүргөн Настяны көрдү..
——Эй орус кызы ! Сары кыз ! Хахаха деп каткыра күлдү..
——Менин атым бар. НАСТЯ ...
——Аа Настя кел мында зериктим кобурашып олтурабыз.—деди жаш орус кыздын ачык , мүнөөзүнө кызыга..
—Настя жанына жакын келди. Уялгансып, жылмайып, туруп калды...
—Настя сен арак иче аласыңбы ? Ичкенсиңби ? Аа баса жашың канчада ?!
—Ооба ичкенмин. Мен мамам самагон салганда ууртап текшерип берем. Менин жашым он алтыда..
——Кел анда мага шерик бол. Бир стакан эле ичесиң?! Кандай дейсиң? Бизде он жети жаштан турмушка чыгат . Сен чоң эле кыз турбайсыңбы .
——Макул анда куюңуз.
Асанкалый жаш кызды арбап улам—улам ичирип, мас кылып койду. Башы айланып , күлүп олтурган кыздын , дене мүчөөсүнө , тизесинен өйдорөк көрүнгөн жоон аапак сандарына көз өтүп, ач карышкырдай жабышты... Ыйлап, жардам сурап, жалдырап, чыңырганына да карабады . Кийимин жыртып, оозун колу менен жаап, тыпырчылай бергенинен жаак талаштыра чаап та жиберди. Сол көзүнөн от чыгып, жаагы кызып, алы кетип баштаганда , эки бутун керип, өз ишин ишке ашырды.. Аппак көйнөктөрү кан болуп, өзүн билбей калганда , эсине келип ,соолуга түшкөн Асанкалый кызды жулкулдатып, эки көзүн ачып карап көрдү.. Айласын таппай ошол жерге таштап атын минип чаап качып жөнөдү.... ..
....... Аялы кейип, сыртта жүргөн. Жыпара кайра кайра какшап, келиндин какшытпай Жанын алды..
——Уй сени уулуума эмнеге алып бердим?! Кайда барасыз , качанкелесиз деп, келгенде күлүп жайнап , суу жылытып буту колун жууп берип, тосуп алсаң болобу ?! Ийне жуткан иттей болуп томсоросуң эле томсоросуң! Ок атаңдын гөрү ! ...... Канча жолу айтамын! ....... Эмне сага апаң үйрөтпөдү беле ия !? ...... Тиги айдай чырайың менен боктой кыялыңды көргөзгөнү келдиңби менин төрүмө. !.....
——Эне болду кылыңызчы!....... Мен эмне учуп барып сурап келейинбии? Күндөкү. Жумушуна кеткен болчу , келип калаар!.......
——Жашабай калгыр!...... Уулума бир деке болсуу—ун чачыңды бирден гана тытамынго—оо —деп көзүн алайтып какшанып карганып кирди... — тиги атаң келгиче келип калсын да болбосо терибизди тескери сыйырат...
.... Келинди келген күндөн баштап батырбады. Жалгыз уулунан кызгандыго... Эки кызы келип, апасына кайра—кайра айтып, кетишкен. Кайра эле көнгөн адат туура, какшанып эле , кылган жумушанан кыйык таап басып жүрөт.. Аңгыча алыстан аттын дүбүртү угулду. Кара ат үйгө жакындаар кезде кыйкырып, ошкуруп, ар дайым белги берчү. Мына аттын үнү жакындап, Асанкалый экенине көздөрү жетти...
..... Чаңытып, атын чаап жете келди Асанкалый...
Коркконунан титиреп, тердеп та кеткен. Шашыла көзүнө эч теке көрүнбөй, купкуу болуп өңү серт этип кеткен..
Жыпара уулун көрүп коркуп кетти..
....——Ия ботом, теги тынчылыкпы? Түсүң кантет, соосуңбу теги?! Ай эмне болду дейм ?! Бирөө жарым куудубу ? Ия
———Эээй качыңчы ! Алдымды торобой! Мен ооруп турамын , качан көрсө бир демкени баштап эле турасыз. . Эй жай салчы мен жатамын. —деп аялына буйруп коюп атын байлаганы кетти.
Аары бер байлап, үйгө бет алды. Жолун утурлай баскан аялына , —бар атка чөп салып кой —деп буйруп, түртүп өтүп кетти.. Жыпара уулунун мамилесин көрүп аң таң!
—Тооба ой сүйүп калдым. Сулуу экен, ! Кашы кара экен, —деп жүрүп алган аялына кылган мамилесин кара каткан күн. —деп үйгө бет алды. Аңгыча Камчыбек та кирип келди.
——Ыы уулуң келдиби ?
—Ой келиң абышка, тез келипсизго, ооба уулуңуз келди, сиз кетээриңиз менен эле.
——Аа калп айтып жүрүп, каерге чейин барат экенсиң. Ат эми тердей баштаптыр. Келгенине жыйырма мүнөттөй болгонго. Атты мынчалык чаап эмне кылат, кыйнап. Уулуңдун жанын алып, жүрүп. —деп кейип олтуруп калышты...
.........Эртеси күн түштөп калган кезде. Үйгө эки милиция унаасы келип токтоду. Ичинен төртө түшүп, туура үйгө бастырып кирип келишти. Асанкалый ордунан турабай жаткан....
Жыпара алардын алдын торой чыкты.
——Келгиле , айланайындар! Адашып калбадыңарбы теги?!
——Саламатсызбы эже! Жүрүңүз мындай кеп бар сизде—деп мурутчан жашы келип калган милиция кызматкер майор Сайдаалы жетелей четке алып чыкты...
——Эже иш чатак! Уулуңузга келдик. —деп сөзүн аяктай электе эле көзү чакчая, колу жакасына жабышып, бышаңдап ыйлап кирди...
—Ай эмне дейсиң балам? Менин уулум деги эмне кылыптыр ?! Айт! Батырак айт! Ким кана ким айтты, ким көрүптүр!
— Оббо ушул аял кшиге бир декени угуза көрбө да. Ай чоң апа ! Кана абышкаңыз ? Қайда кетти!? Уулуңуз кайда ?
—Абышкам келсин. Токтой тургула , абышкам келсин, эмне болуптур деги —деп Сайдалынын жакасына жабышты. Аңгыча кара атын минип Камчыбекта шашыла келип калды. Аялынын көз жашын, милиция кызматкерлерди көргөндө коркуу сезим жүрөгүн басты.
——Келгиле ,жол болсун жигиттер! —деп аттаң секире түшүп, келип калды..
——Ассаляму алейкум ак сакал! Аман турасызбы ?
—Ва алейкум салам, шүгүр! Жол болсун Сайдалы ,
——Жүрүңүз мындай иш бар.
Экөө четке өтүп кетишти.
——Ак сакал сөздүн ток этер жерин айтсам, азыр уулуңузду алып кетемин. Күнөөлү деп айыпталып жатат. Көргөн билгендер, айтып жатышат.
—— Эмне кылыптыр ал бокмурун!
—Тиги өзөндөгү чочко баккан Люба орусуңардын жашы жете элек кызын зордоптур. Зөөкүрлөрчө. Кыз өтө каттуу абалда оору канада жатат. Баш бербей , каршылык көргөзгөндө күч та колдонуп ,коркутуп, урган. Бармак издерди, кыздын көк ала денеси, анан кыз өзүнө келип баарын төкпөй чачпай айтып берди....Баардык далил чыкты. Айыптуу уулуңуз..
Камчыбек көзү караңгылаша дубалды сөйөнө калды..
——Уфф! Башыма чыгып кетти! Акмак, ит, ! Эй Жыпара кана тиги акмак! Уятсыз! Кана уулуң?! —деп бакырды. Коркуп ыйлап алган Жыпара уулун жашырып;
——.......Жок! ......Жок ! .... Менин уулум үйдө жок. Камчыбек , бир деке кыл, эмне болсо да бүтүр. Балаңды кечир , сактап кал.! —деп боздоп ыйлап жиберди...
Жаны чыккан Камчыбек, күтүп турган милицияларга карай;
——Үйгө кирип ,алып чыккыла! Акмактын жазасын бергиле! —деп артын карабай басып кетти.. Баарын угуп жаткан Асанкалый бүжүрөй көрпөнүн ичине тумчугуп, үнүн да чыгарбай дем алып жатты.. Эшиктен кирип келген экөө каарысынан кармап тургузуп, колун кайрый алып чыгышты...
Астанада турган апасын көрүп;
—Апа ! Ап—аааа ! Мен мас элем ! Апа атамай айтыңызчы ?! Мени куткаргылачы?!—деди ыйламмырап...... Өмүрүндө биринчи жолу мындай кооптуу жакка баратты..
Бакырып ыйлап алган Жыпара жалынып, кыйкырып, саксаңдай түштү... Ачуусу келген Камчыбек уулуна жакын келип, таягы менен ээктеп;.
——Эй акмак! Жок дегенде кылган күнөөң үчүн, керт башың менен жооп берүүнү үйрөнбөйсүңбү?! Коркпой жасадыңбы , коркпой жазаңды ал. Эркек деген атка татыктуу бол... Жогол көз жашыңды көргөзбөй —деп нукуп алдыга салып берди....... Артын карап тфу ! Кудайга жалынып , мага уул бер деп суранган күнүмө өрт түшсүн! Бир акмакты баккандан көрө, ит эле бакмакмын. Кереги тийип үйүмдү кооруйт эле. ! —деп ичинен эзилип кала берди......
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы?класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12