8-БОЛУМ
Өзүнүн жеңишине жетине албай жатат деп айтуу туура эмес бул жаш балача алды артына секирип жаткан карыяны, ал өзүнүн женишинен күмөн санаган да эмес, болгону өзү турган полдун жасалган өзгөчөлүгүн баалап жатса керек. Ошондой эле секирик менен атанын маңдайына бир буту менен түшүп термелбей түз туруп кайра артына секирип так ошол орунга экинчи буту менен тушуп бир азга кыймылсыз кулмундоп туруп калды, жаңы үйрөнгөн өнөрүн мактанып жаткансып. Андан кийин гана тизелей боюн атага теңеп отура калып,
-сагыныптырсын, деди.
-эмне кылдың мени? деген ата ага жаалдуу карап жооп күтүп турду өзүнүн алсыздыгына ардангансып.
-биздин элде белгилүү жомок бар, деп баштады карыя сөзүн. Эчки карышкырды кичине кезинен бери багып остуруп өзү билген бардык өнөрүн үйрөтөт экен, керек болсо сутун да аябайт. Ошентип эчкинин камкордугу менен эрежеге жеткен карышкыр эми ал берген сүткө тойбой эчкинин өзүн жемекчи болуп ага кол салып жатат дейт. Муну көргөн эчки жакын турган дарактын башына чыга качат. Ошондо карышкыр ал даракка чыга албай нааразыланып калат эчкиге, - эмнеге мага бул онорду уйротпогонсун, деп. Анда эчки, - себеби ушул күн келээрин билгем, деген экен. Бул жомок бизге так ушундай учурду алдын алуу үчүн айтылып келсе керек, мен да башкалардай эле эчкинин акылын баалап мээме бекем түйүп алгам.
-ошондо сен бизди алдоо менен өстүргөнсүн, уюмду да алдагансын бар өнөрүндү уйроттум деп.
-Жоок, менде жалган жок. Бул өнөр эмес да, болгону сенин буттарындын шал болуусу омурткадан башка органдан да көз каранды экендиги жөнүндө маалымат. А маалымат жайылтуу менин милдеттериме кирбейт эле.
Жалганга келсек сен аны көбүрөөк колдоносун жашоодо, мен эмес. Башкалар ойлогончолук акылын кенен эмес, антпесе бул жашыруун бөлмөнү ойлоп таап отурбай бар маалыматты мээнде сактамаксын. Эң башкысы мага каршылык көрсөтүүгө жарабайт экенинди аңдап муштумунду түймөк эмессин. Эгер кааласам сенин жардамынсыз да ачып алмакмын ал бөлмөндү, бирок мен айтпадымбы буюм издеп келген жокмун, мага сен керексин. Бир убакта сени алып кеткени келгенимде конбогонсун, эсиндеби ошондо бир күн мага керек болоорунду айтып кеткеним, мына азыр ошол учур келди.
-Балким менин буттарыма жан берээрсин, деди ата устатынын сөзүн бөлүп. Сага майып адам керек болбогондур.
Бир аз анын көздөрүнө тигиле ойлуу карап отурду да ордунан туруп кетти карыя.
-Азыр сен мага кандай керек болсон өзүң да мага ошондой өлчөмдө муктажсын. Секелек кызды издеп убара тартпа ал өзү келет, себеби ал ишенген адамдардын каалоосу бул. Маселе аны табууда эмес жок кылууда, ошондой эмеспи ээ. Андай болсо каалоон орундалды деп эсептей бер.
-кызык, кантип?
-ал бизге жетпей жок болот. Эгерде кыздын тапшырмага баш ийбей, өз алдынча иш алып барып, болгондо да өзүнө нан берип жаткан адамдын байлыгына көз артып ага кол салгандыгы жөнүндө кабарды андан биринчи Ниигатага жеткире алсак, кыздын жолун тороп кереги калбайт. Ал тоого чыкканы менен тирүү түшпөй калды дей бер. Уюмдун тартибин билесиң, ал жайдан чыккандар өзүнө нан берип жаткандарга кол салууга, тап берүүгө укуксуз. Эгер андайды жазасыз калтырышса башаламандыкка жол ачылып калат, келечекте өздөрүнөн чыккан шакирттер өздөрүнө кол салууга баруулары мүмкүн.
-Мындай марттыкка эмне менен жооп кайтаруум керек? деди ата, устатынын жеке каалоосун билгиси келип.
-бир ок менен эки коен аткын келеби?
-кандай коен экенине карап.
Карыя атанын жообуна карс-карс күлө жооп кайтарды.
-кандай болбосун алар качып кеткенден көрө өлүк болсо да сенин колунда калганы жакшы эмеспи. Сенин таптап баккан секелегин кайтарган тоодо катылган байлыктан кабарым бар.
-жок, деди ата октом. Эч качан ага көз артпа.
-Кантип? Кантип мен анын баарына көз артмак элем, албетте жарымы сеники.
-эч качан! Ал мага таандык эмес, өлкөгө таандык.
-ошону учун айтып жатпаймынбы, аны сенин өлкөн иштете алмак беле. Андай болсо эчаак эле алып чыгып бербейт белең, өзүңдүн да көзүн жетпегени үчүн эч кимди жолотпой катып отурбайсынбы.
Ата катуу күлүп жиберди, япондордун кыска күлкүсүн мындай каткырык жөн эле жаап кетет экен. Устаты да ага кошулуп күлүп жаткан, ата күлкү арасынан ага жооп кылып,
-силерди түшүнө албай турам, чындап эле бир тентек кыз үчүн мени ушул жолго барат деп турасынарбы, деди.
-Албетте андай эмес. Ал сен айткандай бир тентек кыз эмес экенин өзүн да жакшы билесиң, кийин ал кыздан сенин өмүрүн көз каранды, ал эле эмес, деп айтып бүткүчө ата сөзүн бөлүп жиберди.
-менин өмүрүм ансыз да соңуна жакындап калды, а байлыктын жарымына келсек соңум келген болсо ал мени баары бир сактап кала албайт.
-туура, сен экөөбүзгө эми эч нерсе жардам бере албайт, бирок шакирттерибизге жардам беруусу мүмкүн. Алар биздин деңгээлге жетүү үчүн көп каражат талап кылынаары маалым. Биринчи эле күндөн аларды жетээрлуу каржылаган адам чыкпашын билесиң, а аткаруучу күчтөргө каражатты үстөк төлөбөсөн маселе чечилбейт. Мына алардын келечеги үчүн сен экөөбүз кам көрүп жатабыз азыр, болгондо да алардын арасында өз каныбыздан жаралган балдар болуп калса алар жашашы үчүн баарын жасайбыз.
-тийбе! Ага колуңду тийгизбе! деди ата сөз ким тууралуу кетип жатканын билип.
-өзүңдү бас, эгер мен кааласам сенден уруксат сурап отурбай эле баарына тийишип коймокмун, сен мага каршылык көрсөтүүгө жарай турган акыбалда эмессин. Бирок көңүлүңдү жайландыр, мен ал үчүн келген жокмун. Эми ачыкка чыгалы, сен мага таза адам болуп көрүнбө. Өз балаңды бул дүйнөгө аралаштырып, адам өлтүрүүнү кесип кылып берип туруп аны сүйгөн адам болуп көрүнбө. Сен экөөбүздо жүрөк болсо ал алда качан ташка айланып калган, канчалаган бей күнөө адамдардын жанын алып жатканда эле четинен катып отуруп, эне суту оозунан кете элек чурполордун келечегин чечип баштаганда толук катып болгон. Эми аны эч ким эч качан жумшарта албайт. Негизги маселеге отсок, сен ал тоодо жашырган байлыкты алып чыгып тең экиге болосуң, жарымын кайда кыласың олконо арнайсынбы өзүнө калтырасынбы өзүн бил. Жарымын учакка жүктөп чек арадан чыгарып бересиң, кантип кайда алып кетем ал жагы менин көйгөйум. Сенден сурап жатканым бул өлкөдө сенин уруксатынсыз бир тал кыйылбайт, эгер сен кааласан эч ким алдына туруп тосо албайт.
-мм, бир секелектин өмүрүнөн башка эмне алам мындай байлыктын баасына.
-тынчтык, өз уулундан алдын кете турган өлүм жана уулун менен өлкөнүн тынч келечегин. Озун көргөндөй бир эле менин келип түшүшүм жетиштүү болду олконо булук салууга, мендейден экөө келсе элестетип жатасыңбы кичине мекенинде эмне болоорун. Катылган байлык бар жердин баары будун чаң түшөт, да биз мыйзамдуу түрдө кирип баарын алып чыгып кетебиз. А сен биздин алдыбызды торой албай каласын, ал учурда уулунду жерге берүү менен өлкөндү жыйноо аракети мойнунда болот. Ошондуктан сен азыр мага шарт кое турган абалда эмессин.
-бир нерсе калып кетти. Биз бир уюмдан чыкканбыз, ошол себеп сен мага зыян келтире албайсың, жаныма кол сала да албайсың.
-Ооба, ошондой. Мен эмне сенин жанына кол салам деп айттымбы? Жоок андай дебедим, сенин уулун секелектен айырмаланып биздин уюмдун адамы эмес да. А ал сенин уулун экенин ким билет экөөбүздон башка, билишимче ал тууралуу жар салып ачыкка чыгара албайсың. Уюмга келсек, сен тартипти биринчи буздун, секелек да биздин уюмдан экенин эстен чыгарба, анын жанына да кол салуу болду. Мындайга кечирим жок. Эгер ал тирүү жетип барып бар маалыматты жеткирсе эмне болоору маалым. Ошондуктан мен башында айткандай эле азыр сен мага муктажсын, айтканымды аткаруудан башка жолун жок. Байлык жок, далил жок, эгер болсо да аны так ал өзү алып чыгып кетти. Ага далил кылып жерде жаткан кызынды көргөзөсүн, ал кайтарууда турган кызды өлтүрүп оюн ишке ашырган. Сага каршылык коргозуп, тосуктардан өтүп Ниигатага жеткен кыз анча байлыкты алып чыгып кете ала турганынан эч ким күмөн санабайт. Ошондуктан анын жолун ачык кой.
Атанын айтаар сөзү калбады. Өлкө алпынын соңу ушундай болот деп ким ойлоптур. Ал ичинде баарын талдап турган, анткени устатынын айткан ар бир сөзү чындык. Бул адамдар баарына баруусу мүмкүн, уюмду кармоого каражатты кайдан кантип таба тургандары белгисиз эле эми билип алды. Эгер эле өзү ката кетирбегенде, шашылбаганда баары башкача болмок. Чынында кыздын өмүрүнө кол салам деп кечирилгис ката кетирди, болгондо да анын жакынына зыян келтирип азыр эле соо адамды жиндиканага салып келе жатат. Таттыгул өзүнөн айырмаланып апасы экенин жашырбай айта алат эмеспи эгер чындыкты билсе.
-А баса, үйүңдү уулун ачкыч менен эле ачып кирди, деди карыя анын оюн бөлүп.
-кандайча? ал бул жайга жакын келбеди, батиринен жылган жок, деп колундагы Мелистикиндей бирок андан бир аз кичирээк болгон сааттын экранын жылдырып карап жатты.
-Өзүн билесиң эмне ойлошту, мен коргонумду айттым. Кааласан туруп барып карап кел, деди карыя.
-буттарым...
-буттарына эч нерсе кылган жок, болгону тарамышын түйүлгон. Сенин акылын эле алар иштебейт деп түшүнүп алды, айтпадымбы акылын башкалар ойлогондой кенен эмес, менин оюмду өзүңдүку кылып билип алдын, деп колдорунан тартып өйдө тургузуп койду. Чындап эле буттары шал болбоптур, кадимкидей кыймылда. Бул көрүнүш атаны андан бетер кыжырдантты, кантип эле карыянын бул өнөрүн унутуп койду, тарбиялап жүргөн кезде да сөз менен эле соо жерин оорулуу сездирип койчу эмес беле.
Устатына акырая бир карап алды да, каалганы кен ачып чыгып кетти. Анын артынан ууртундагы жылмаюну жыйып көздөрүн терендетип ойлуу тиктеп кала берди карыя бөлмөнүн ичинде.
Ата улам колундагы саатына карап коюп Мелистин батирине жетип келди. Анын датчиги батирде коргозуп жаткан, бирок ал ичкери кирип аны ал жайдан таба албай калды. Жанып жаткан датчик уктоочу бөлмөдө керебеттин үстүндө жаткан экен. Ал кичине магнитти колуна бекем кысып керебетке отура кетти. "Демек ал жалгыз эмес". Бирок батирди жыттап көрүп Мелистин жытынан башка жытты жолуктура албады. Аргасыз жылмайып алды, бир заматта баары баштан аяк өзгөрүп, үстүнөн төгүлүп турчуу бүт дүйнө азыр жада калса аяк астында калбай баратат. Мындай учурда эмне кылуу керек, өзүн колго алуу зарыл, бирок бул мүмкүнбу?
Бул учурда Мелис Манас аэропортун карай зуулдап бараткан.
Атасын издеп үйүнө келип таба албаганда, биринчи ирет ачкычын пайдаланып ачып кирип үйдүн ичиндеги бар буюмду чачып керектүү маалымат таба албасын билсе да бир илинчек табуудан үмүт кылып, эч нерсе таппаганда буюмдарды чачылган боюнча калтырып чыгып кеткен. Ал баарын жайына коюуну ойлонуп да койгон жок, себеби билет атасы баары бир байкаарын. Акылында толгон суроо, жооп берчуу адамды таппай, эмнеден баштаарын билбей батирине келип отурган убакта, каалга кагылып, кичине кыз
- сизди Ошто күтүп жатышат тезинен, а баса унута жаздапмын Сулайман Тоодо кутосуз деди да жүгүрүп лифтке кирип кетти.
Атасынын буйругусуз аларга таандык учактар абага которулбойт, ошондуктан ал көп ойлонбой Манас аэропортуна чалып демиге сүйлөп жатты.
-мага так азыр, эң биринчи каттамдан орундук керек бир адамга.
Телефондун ары жагынан,
-учак даярданып жатат учууга, кийинки каттам төрт сааттан кийин, деген кыздын үнүн укканда, кыйкырып алып жолго аттанган, жетишип барам деген үмүттө....
Таттыгул болсо жолунан чыккан биринчи унаанын терезесин сындыра коюп айдап жөнөгөн. Ал эмнегедир азыр өзүн болуп көрбөгөндөй эркин сезип баратат аэропорт ал үчүн жабык эшик болгону менен кенен жолду эч ким тосо албайт, ошол эле учурда ал бул дүйнөдөн биротоло чыгууну энсебегендей.
Өзбекстандан ары карай жолун улабай кайра мынтип Бишкекке келгени кандай жакшы болгон, антпесе өзү барып жайылган торго түшүп бермек экен. А азырчы, ал өзүнүн кичине бир инсан экенин унутуп дүйнөнү жутам деген алп карышкырларга тор жайганы баратат.
Келип Мелисти акмалап жолугушчуу ыңгайлуу учурду издеп жүрүп ушул атанын үйүнө күзөтүп келген, ал жайды өзүнөн башка да күзөтүп тургандар бар экенин көрүп саксактап, качан Мелис ал жайдан чыгып кузоткон карыянын көңүлү ал тарапка бурулганда дарбазадан мышыктай секирип өтүп түрмө сыңары курулган там менен таанышып чыккан. Терезенин чертип көрүп ок өтпөгөн айнектен орнотулганын түшүнүп келип каалганы чертип көрсө эч үн чыкпайт, демек бул да өтө калың ок отпос темирден жасалган, анын кулпусу да оңойлук менен ачылчуулардан эместигин көрүп эле бул жай так атага таандык экенин түшүндү. Ичкериге кирүү мүмкүн эмес бирок бир гана Таттыгул үчүн эмес, анын устаты аты чыккан темирди тешип кирип кетчуулордон эмеспи.
Айрылбай асынып жүргөн куржунун так мына ушундай учурлар үчүн алып журбойбу. Дароо андан оор эң күчтүү тартылуу күчү бар магнитин сууруп чыкты да жоромолдуу кулпу жайгашкан жерге такап күчүнүн баарын жумшап артка сүрө берди эле эшиктин кулпусу эмес өзү да жылып кетүүгө даяр болуп кырчылдап барып катуу урунуп ачыла түштү. Бир гана чоң бөлмөдөн турган үйдүн ичинде чачылган буюмдар тааныш жыт азыр эле чыгып кеткен Мелистин бул жайда болгонунан кабар берип турат. "Кызык эмне издеди болду экен" деп ойлонуп койду. "Эгер бир нерсе болсо да мындай ар ким кире алчуу жайда жашырылбаса керек, сөзсүз жашыруун жай бар" деп дубалдын ар бир карышын ургулап эч нерсе таба албаганда полду кыдырып акыры шыпка тигилип жатып билинер билинбес шыптын тусунон бир аз гана озгочолонгон ак сызыкты байкап калды. Ал сызыкты изилдеп тигиле карап жатса эле экиге ажырап кадимки көздүн нурун тартчуу лента ачылып жатпайбы, билинер билинбес үн менен анын көзүн суротко алган соң кайра жабылып калды. Таттыгул кайрадан анын тушундагы дубалды ургулап көрүп биринчиде байкабаган боштук үндү уга алды. Өзү издеген жашыруун жай так мына ушул, бирок керек болсо ачкычка тил үйрөтүп, техниканы бириндеп чачкан өзүнүн колунан да ал дубалды ачуу келбесин түшүнүп башкача жол туткан. Куржунунда катылган жука клиенкадай болгон угуучу аспапты так ошол сызыкчанын ичине орнотот, башка жайдан байкап калуусу мүмкүн. Ушундай жол менен жок дегенде мында болгон баарлашуудан кабар таап турса болот. Жакын турган орундукка чыга калып дагы бир жолу сызыкка тигиле карап ал ачылаары менен колундагы аспапты анын ичине орнотуп улгурду. Бул канчалык иш берээрин билбесе, бул жайда жабык баарлашуулар отуусунон күмөн санаса да мындан башка аргасын көрбөй үйдөн чыгып кетти. "Эмнедендир башташ керек да" деп койду өзүнүн кумонуно өзү жооп кылып. Дарбазадан шыкаалап сыртты көзөмөлдөп чыгып кетүүгө камданып жатканда үйдү көздөй келе жаткан атаны көрүп калып дароо тамдын үстүнө чыга качкан. Кулагына тагылган аспаптан ал атанын "кантип" деген гана сөзүн уга алды. Ата көп кармалбай дароо чыга жөнөгөнүн көрүп ойлогону ишке ашпай жарытылуу маалымат ала албаганына өкүнүп анын бир аз ары жылышын күтүп турган. Кийин эли тигинтип жанагы өзү байкаган үйдү күзөтүп турган караан менен бирге ээрчишип кирип келип жатпайбы. Ал дароо шыпка жабышып демин чыгарбай жатып калды. Анткени тиги карыянын япон улутундагы экенин байкаган жана эле, алар өздөрүн караган көздөрду дароо байкап калмайы бар, ошондуктан аларга көзүн тигип кароо тобокелдуу, ансыз да карыя бир нерсе сезгендей эки жагын аяр карап кирип кетти. Шашылыш экени дайын антпесе ал сөзсүз айлананы үйдүн үстүн антармай сайын ичкери кирмек эмес же жанатан бери өзү күзөтүп турганга тирүү жан жок экенине ишенимдүү болуп калдыбы. Таттыгул эми бул жайда калуу кооптуу болуп калганын туюп доошу жок чыгып кетүүгө ыңгайлуу учурду күтүп турган, ал да көп куттурбой келип ичкеридегилердин дем алгандары күчөп полдун кыйчылдаган үнү катуулай бергенде ал дарбазадан чыгып кеткен. Алардын ортосунда болуп жаткан маекти угуп өзүн капаска түшкөн торгойдой сезип кетти. Ал капастан кантип чыгат эшигин ачкан жан болбосо. Мындай карышкырлар киришип жатканда анын күчү эмнеге жетмек, кантип каршылык көргөзөт. Бирок жардам күтүп отура бергенге да болбойт. Эсине келген акылдан өзү кубанып кетти, ал али капаска түшө элек да, эми салганы жатышпайбы. Ооба даярдалган капас бош турбайт, демек ал жерге башка бирөөнү жайгаштыруу керек, а балким так өздөрүн. Ушундай ойдон кийин кайрадан өзү көргөн Мелистин батирине жөнөдү, анын үйдө экенин билгенден кийин жаш кызга айтып киргизип жиберип өзү унаага отуруп жолго аттанган.
"Демек ал жайдын тартиби илгертен ушундай, ар бир окуучусунун артынан алып кетүүгө келишет. Ошон үчүн ата таң калбаган экен да, мындай болоорун билгени үчүн. Устатым менен атанын байланышы жок болушу да мүмкүн, ошентсе да ал тарапка жолго аттанбаганым жакшы болгон экен жайылган торго өзүм барып түшүп бермек экенмин. Бирок эмнеге ал менин жанымды алууга мынчалык кызыгып жатат, эгер жаман көрсө андайга канча ыңгайлуу учур болгон ошондо эмнеге тийишпеди. Мелис өзүнүн уулу экени анык болду, а менчи? Маалым мен анын кызы эмесмин, болбосо япон карыя ал жөнүндө да сөзсүз ооз ачмак. Ошондо мен кимдин кызымын, а балким так ушул маселеде болуп жүрбөсүн табышмактын тамыры", деп ойлонуп бара жатты ал 140-160км/саат ылдамдыкта бара жаткан унаанын ичинде.
Ата уулунун жок экенин билгенден кийин, ар кандай ойго кетти. А балким тиги картан ушундай жасап жүргөн болбосун, уулу азыр алардын колунда болсо эмне? Андай болбогон ченде да азыр устатынын айтканына конуудон башка арга таппай турду. "Жакшы" деди, "силер айткандай болсун, мага убакыт керек. Эч нерседен жок калганча жарымы болсо калганы жакшы кийин азыр өлкө тынчтыгы ал байлыктан да маанилүү. Мен азыр жанымды Кудайга тапшыра албайм, даяр эмесмин Мелис да даяр эмес. Таттыгул! Ал мен өлгөнчө жок болуш керек. Мелистин акылын башкарып улгургончо жок болуусу абзел! " деди да кол телефонун алып учакты даярдоолорун буйруп үйдөн чыгып кетти...
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2