7-БОЛУМ
Мелис отурган орундук чын эле сыйкырдуу күчкө ээ белем же жөн эле бийлик деген сөздүн сыйкырыбы айтоор кечээден бери анын оюн толук ошол орундук ээлеп алды. Атасы баарын билип койгонуна таң калбайт дечи анын жумушу ошол эмеспи баарынан кабардар болуу, бирок анын табышмактуу сөздөрүн талдоо да оюна келбеди. Эмненин башын баштап жаткандыгы жөнүндө ойлонуп калчуу башка убакта азыр болсо кудум ушул сөздү мурдатан күтүп жүргөндөй, ал тургай Таттыгулдүн азыркы тагдыры да кызыктырбай калды. Дарбазадан чыгып эле ошол орундукка отурчуу күнгө даярданып, өзүнүн карамагында журчуу кыздардын ар бирин көз алдынан өткөрүп баштаган, бирок бири да толук купулуна толбой жатты. Аларда баары бар, акыл, өнөр, эң негизгиси кыздардын ар бири Мелисти жакын тутуп ишеним арттыра алышат. Бирок ал Таттыгулдү көрүп калбадыбы, миллиардер адам миллионер болгусу келбегендей эле сезимде калды. Кыздар Таттыгулго салыштырмалуу алтын менен кумуштой айырмаланып жаткансыйт, күмүш да жакшы металл бирок алтындын бир граммынын наркы күмүштүн он граммынан жогору турат эмеспи. Таттыгулдүн эмнеси артык экенин да түшүнө албайт, бирок ал өзгөчө, ал сезимтал, эрктуу, негизгиси ал башкага жагынуу үчүн эмес өзүнө жаккан жолдо журоору болсо керек. А балким Периде болгон чыгаар эле бул сапаттардын жок дегенде бири, бирок азыр ал да жок. Мелис басып баратып токтоп калды. Ошондо бул күнгө ким көбүрөөк даярданган? Атасыбы же Таттыгулбу? өзүнүн жолунда турчуу адамдарды терип. Ал экөөнүн ортосунда Мелис байкабаган эмне бар? Кантип бир секелек картан карышкырга каршы чыкканга даап барды? А балким өзү жөн гана эки дөөнун ортосунда учкан кара чымын болуп жүрбөсүн, Таттыгул ал ойлогондой жөн эле секелек эмес болсочу? Жанакы эле ашып ташкан күч, ишенимдуулук кайдадыр учуп кетип алардын ордун күмөн, коркунуч ээлеп алды. Мындайда эмне кылуу керек? Башканын, өлкөнүн өмүрүн ойлонуу башка, өзүнүн тагдырын ойлонуу башка тура. Ал алда канча татаал болот экен.
Ата билген, уулунун акылына баары бир ушундай суроолор келээрин бирок мынчалык бат болоорун күтпөгөн. Ал азыр вертолётту түштүккө карай башкарып Таттыгулдүн кичи мекени Кара-Кулжа районуна бараткан. Биринчи жолу эч кандай планы жок, даярдыктан өтпөй эле жолго аттанды, эгер издеп бараткан адамдары өзү ойлогондой акылга ээ болгон болсо даярдануунун кереги жок. Алардан чыккан кичине кызга өзүнүн оюн окутуп койгон болсо ата энесинен жашырынып отуруунун кажети жок баары бир түпкү оюн түшүнүп коюшат.
Ошентип Каракулжанын үстүндө айланып учкан вертолёт айылдын кире беришинде жайгашкан стадионго келип конду. Бул айылга келбегенине көп болуптур, мурункуга караганда көп нерсе өзгөргөн. Эң башкысы мурдагыдай учак консо жугуруп жетип келчүү жаш балдар жок, алардын ордуна дароо эле мурусундо эки жылдызчасы бар милициянын кийимин кийген адам жанында ээрчиткен лейтенанты менен жетип келди. Бул кечээки Ош коогаланынын кесепетинен болсо керек, карапайым эл баардыктан чоочулап 90-жылдагы улуттар кагылуушсу кайталанып кетеби деп урпойоуп турган учуру, ал эми милициянын подполковниги ал коогаландын кесепетинен жогору жактан бир чоң келип калдыбы деп алдынан утурлай чыккандагы кербези болуш керек.
Учактан түшүп келген адамдын ким экенин таанышпаса да урмат кылып он колун чекесине такап саламдашып тосуп алышты.
-Саламатчылык, издетпей өзүңөр келип калганынар жакшы болду жолдош подполковник. Жүрү силердин ишканага баралы, мага архивден 98-жылкы иш кагаздарды таап чыгып бер, деп буйрук бере анын жанындагы лейтенантка карап да койбой өзү алардын алдына түшүп алып жөнөй берди. Адатта адамдарга аяр мамиле жасап астыртан сынап тиктей турган, азыр андайга убактысы да каалоосу да жок.
Анын артынан жүгүрүп баратып жогору жактан текшерүү келген экен деген байкуш подполковниктин акылына эмне деген гана ойлор келбеди дейсиң, ананчы учак менен туура учуп келип түзүк саламдашып таанышпай туруп эле маселени кабыргасынан коюп жатса. Демек өтө шашылыш маселе чыккан, а балким коогаланга тиешеси бар адам так ушул Кара-Кулжадан чыккан болуп жүрбөсүн. Бирок ал бир да ооз ачып суроо берүүгө даабай баратты, алдыдагы өңү тааныштай болгон улуу кишинин ансыз да кыжаалаттанып бир нерседен чоочулап баратканы байкалып турат.
Алар жетип келип райондук милициянын астанасын аттай бергенде ооздо мөөнөттө турган жашы өтүп калган милиция кызматкери ордунан ыргып тура урмат көрсөтүп колун чекесине такаган боюнча оозун ачып туруп калды. Подполковник конокту өзүнүн кабинетине киргизип коюп айтылган иш кагаздарды алып келүү үчүн архивке баратып, төмөнгө биринчи кабатка түшүп жанакы мооноттогу кызматкерге келип, эмнеге тигиндей абалда болгонунун себебин сурады эле тиги башчысынын да оозун ачырды.
-Жолдош подполковник тиги, союздун биринчи секретардын сиз менен бирге кирип келгенине өзүмдү жоготуп койдум көрүнөт, кечиресиз мындай учурга даяр эмес болсом керек, үч уктасам түшүмдө кирбеген ал инсанды жанынан көрөм деп болгондо да ушул биздин бөлүмдөн.
Бул сөздү укканда подполковник да акылдан аза жаздап көйнөгүнүн мойнундагы туймолорун бошото сыртка чыгып кетти, кайда баратканын да унутуп. Бул эмне себептен келип олтурат болду экен, эмнеге башканы жонотпой өзү келди? Дегеле ИИБы менен анын кандай байланышы бар?
-Жолдош подполковник, кандай тапшырма? деп артынан чыга калган кишинин үнүн укканда гана өзүнө келе түштү.
-Аа, айтмакчы сиздин эсинизде барбы 98-жылы бизде кандай окуялар болгону?
-кандай окуя? деп ал кайра өзүнө суроо узатып туруп калды көзүн ачып жумуп.
Эми гана эсине түшкөндөй артына бурулуп ичкери карай кадамын баттан таштап архив бөлмөсүнө жетип айтылган жылдын иш кагаздарын бүтүн сууруп чыгып бирден ачып карап жатты. Анын артынан жетип келген мооноттогу киши,
-эмнени издеп жатабыз? дегенче башчысынын колунан түшкөн кагаздарды алып карап жатты.
-Билбейм, 98-жылкы иш кагаздарды сурайт, эмнени издеп жатканы мага да кызык. Жогору жакты кызыктырган кандай маалымат болушу мүмкүн бизде ошону карап жатам, деди подполковник.
Ошондо гана жанындагы киши кагаздардан көзүн алып, ойлонуп калды.
-мен андай ойлобойм. Жогору жакты кызыктырган маалымат бул кишини кызыктырбайт. Өзүнүн жеке жумушу барга окшойт, антпесе бул кишинин бир сөзү менен Министрдин өзү турмак алдынызда. Бийликтин баары мунун колунда турганы эч кимге сыр эмес да. Андан көрө саясатка байланышкан жумуштардан карайлы, азыр биздин жерлик, чокуга жетип бул кишинин алдын кыя баскан даражага жетип калган ким бар?
Подполковник ойлонуп туруп калды, маңдайындагы адамга таң кала карап.
-Сиз кайдан жүрүп мындай маалыматтан кабардар болуп жүрөсүз?
-эми сиздер жумуш үстүндө куру сөзгө кол бошобой журосуздор да, а мен эмне керели кечке кылаар жумушум гезит окуп андагы ушактарга кулак түрмөй. Баса жолдош подполковник ал киши биздин аймакка так ошол жылдары келген болуш керек, андай болсо биз издеген белгилүү инсандарды да таптык окшойт. Эгер эсинизде болсо анда ал инсандар атасынын атын мектепке ыйгаруу аземин өткөргөн, ошол аземде конок болуп келип ушул кишиге сөз берилгени эсимде. А бирок биздин болумдо ал инсандарга тийиштүү маалымат бар экенинен кумонум бар. Жакшысы сиз анын сураган кагаздарын алып бара берсеңиз кантет, баары бир ал жылдары сиз бул орунда эмес элеңиз да, башканын кылганы үчүн жооп бербейсиз.
-бирок бул киши ал учурдагы начальникти таап кел деген жок да, демек баарын менден сурайт, деп мурдунун учунан бурк эткен подполковник кагаздарын көтөрүп чыгып кетти, бөтөн адамга бар маалыматты алдына жая бериш керек эмес болсо да андан башка аргасын көрбөй.
Ал кабинетине жетип босогодон көрүнөөру менен,
-ачылбай калган иштерди, каралбай калган арыздарды таап чык булардын арасынан, деди келген конок ачуулуу, анын кечиккенин жактырбаганын билдире.
Мынтип созбой эле эмне издеп жатканын так айтып койсо болмок, а балким бул ошол кездеги начальниктин үстүнөн изилдеп жатабы? Ким болду эле ал учурда биздин үстүбүздөн, деп өзүнүн бул бөлүмго келип иштеген алгачкы учурунан берки башчыларды эстегенче коноктун айтканын аткарып жатты.
Ата алдына коюлган аз кагазга карап,
-силер өтө жакшы аткарасынар го кызматты. Бүтүндөй район боюнча ушунча эле иш ачылбай калып кеткенби, башкасынын баарынын аягына чыгарып салдынарбы? Каралбаган арыз дегеле жок, келип түшкөн арыздын баарына жооп кылып карап жатасыңарбы? Азаматтар, деп мыскыл сүйлөп карап жатып өзү издеген ишти таба албады. "Кантип кызын жоготуп коюп арыз жазбай коюшмак эле, а балким алар милицияга ишенбеген адамдарбы" деп ойлонуп жаткан өзү ичинде. Кийин башын көтөрүп,
-Бул жерде баары толук эмес, дагы калып кетпедиби? деди.
-Баары ушул жерде.
-Анда мындай, бул үчүн албетте жооп бересиңер, бирок азыр убакыт тар, мага ошол жылдары жоголгон жаш балдардын тизмеси керек. Силерге кайрылган да кайрылбаган да адамдардын жоголгон балдары тууралуу.
Подполковник анын маңдайында шал болгон адамдай жалдырап карап тура берди. Ал балдардын кандай тиешеси болушу мүмкүн? а балким ошол жылдары келген болсо өзүнүн баласын издеп жатабы? а эмнеге ал жоголушу керек эле? деп ойлоп турган ал.
-тагыраагы кыз балдар, ошол кезде үч төрт жашта болгон, деп кошуп койду конок анын оюн окуп койгондой.
Подполковник шилекейин жутуп,
-так азырбы? деди.
Бир азга жаалдуу көз карашы менен карап турган ата кайра азыр көп сөздүн орду эмес экенин эстеп,
-Ооба так азыр, бир саат убакыт. Кана ыкчам иликтөөнөр кандай иш алып бараарын королучу деп анын орундугуна отура кетти.
-жарайт, деген подполковник артына бурулуп бөлмөдөн чыгып, коридордо экинчи туймосун бошотуп жатты. Карышкыр каарыса бир койлук алы бар дегендей, карып калса да эркин кара, сүрү менен адамды титеретип турат, ушундай кишиде бийлик болбогондо кимде болмок эле, деп калтырап бара жатты.
Каалоо болсо бутпогон жумуш жок дегендей бир сааттын ичинде атанын алдында жоголгон эки баланын тизмеси турду.
Бактыга жараша көп эмес экен. Бирок эки бала да көп, бул жер шаар болбогондон кийин. Мына өзүн ушунча жыл кубантып да коркутуп да келген ысым "Таттыгул" . Ар убак анын чоноюшунан корко турган, анткени жалгыз ушул кызды уурдап алган балдар үйүнөн эмес, ушул ачыкка чыгып калуусунан коркуп келген.
Анын ата энеси издеп табат деп журчуу эле, тескерисинче мынтип аларды өзү издеп келип отурат. Табышы го тапты мындан аркы кадамын ойлонуштурбаган экен. Кандай кылып болсо да бул адамдар күмөн кылбагандай болушу керек.
-силер бул эки баланын ата энесин алып келгилечи бул жерге, баарын тактап сурап көрөлү, деди ал.
Көп өтпөй жоголгон эки кыздын ата энеси кирип келишти бөлүмгө. Алар урпойоуп эмнедендир чоочулап алышкан. Милицияга чакыруу алган адамдын ар биринде эле ушундай сезим болсо керек, алар кубанычтуу кабар угузуу үчүн чакырмак беле. Таттыгулдүн апасы ансыз деле бул жайдан жакшылык күтпөй узаактан айланып өтчү, "алардын дарбазасын аттаганда билесиң теңдик жок жашоо кандай экенин" деп калчуу.
Чакырылгандардын биринчилери киргизилип ар түрдүү суроолор берилип жоголгон кызы тууралуу бир аз суралып, алардын жоромолун угуп эле көп кармабай коё беришти. Кийинки кезек Таттыгулдүн ата энесинде болчу, алар суралып жатып жоголгон кызы тууралуу сурап баштаганда,
-Биз аны издебей калганыбызга көп болду, эмки үмүтүбүз анын өзүндө. Таттыгул 16 жашка толду өзү бизди таап келе турганга да жарап калды, деди апасы.
Демек кызынардын жоголгонуна 12 жыл болуптур, сиз кайдан билесиз анын келээрин? 4 жаштагы кезин адам эстеп калмак беле?
-Ооба жөнөкөй адам эстебейт, бирок менин кызым эмес. Эстоо үчүн унутуп калуу керек, а ал унутпайт ошондуктан эстоого мажбур эмес. Болгону кантип издоону билбеген жаш куракта болгон эми чоңойду таап келет, деди аял ишенимдүү.
Мунун баарын ичкерки бөлмөдө угуп отурган ата ордунан тура калды. Аялдын мынчалык ишенимдүү сүйлөгөнү кандай, Таттыгулдүн ал билбеген дагы кандай өзгөчөлүгү бар эле? сырткы бөлмөгө чыга келип,
-эмне үчүн ал унутпайт деп жатасыз? Ал башкалардан эмнеси менен озгочолончуу? деди катар-катар суроолорду жаадырып.
Аял биринчи анын жүзүнө карап кайдан көрдүм эле дегендей ойлонуп туруп калып, кайрадан кандай айырмасы бар мага дегенсип кайдыгер гана алдына карап отуруп калды,
-сиздин баланыз барбы? Канчоо? деп кайра өзүнө суроо узатып.
Ата ушул куракка келип өзүнө мындай тикелей берилген суроону уккан эмес, болгондо да карапайым бир аялдан, андыктан бул ал үчүн күтүлбөгөн соккудай эле тийип дендароо боло түштү.
Аңгыча аялдын жанында отурган күйөөсү да ага карай берип ордунан тура калды.
-сиз?
Аял күйөөсүно бир карап алдыда тик турган адамга бир карап, тушундургулочу дегендей суроолуу милицияларга тиктейт. Аларда кайдан жооп болсун, мындайда тилдери курмого келбей калышат да.
-Кечиресиз бирок... Сизге кандай тиешеси бар бул суроонун деди күйөөсү.
Ал да эрктуу экен, аялы го тик турган адамды тааныбай каяша сүйлөдү, а күйөөсүчу таанып туруп милициялардын алдында отуруп жалтанбай ушул суроону берип жатканы укмуш.
Мындай жалындуу эки адамдан бүткөн баладан эмне күтүүгө болот деп ойлонуп кетти ата, алардын оозунан чыгып жаткан сөзгө эмес алардын турган турпатына, эркине маани берип.
-Балам бар, бирөө эмес, деди күйөөсүнүн берилген суроосун аттап өтүп аялдын биринчи берилген суроосуна жооп кылып, кантсе да сөздү улоо керек эле алардын психологиясын жакшы билүү үчүн.
-Сиз алардын кимиси эмнеге жөндөмдүү, кимдин кыялы кандай экенин өздөрүнөн да жакшы билем деп айта аласыз, ошол жөндөмүнө карап кесип тандап да бере аласыз. Эгер жакшы ата болсонуз албетте деп кошумчалап койду аял.
Чын эле ал ар бир баласынын кыялын жакшы билет, алардын ичинен ачыкка чыгара албаса, башкаларындай кастарлап бакпаса да өзүнө жакыны, окшошу Мелис болуп жатпайбы. Анын келечеги, өмүрү деп ушул карапайым адамдардын алдында эмне кылаар айласын таппай улуу башын кичүү кылып өмүрү укпаган сөздөрдү угуп турбайбы.
-А сиздердин кызыныздардын кандай өзгөчөлүгү бар эле?
-Таттыгулум арызданчуу эмес эч качан, башкалар капа кылса да. Ойлочуумун жаш бала унутуп калдыго деп, кайдаан сурасаң ал баарын айтып берчү. "Ачуусуна тийсем урушат да, эми антпейм" деп койчу, чын эле кийин андай кылчуу эмес. Ал бир кылган нерсесин унутмак түгүл талдап жыйынтык чыгарып да билет эле. Төрт жашында ошондой акылы бар бала он алты жашка чыкканда кандай болоорун өзүм да элестете албайт экенмин, деди атасы.
-ошол капа кылган адамдарына кийин кандай мамиле жасаар эле? деди ата, берилген суроосу күмөн жаратаарын билип туруп.
-Демек сиз менин кызымды капа кылып алгансыз. Ал кайда? Таттыгулум кайда? деп ордунан туруп киши тарапка обдулуп коё берди, жанатан бери анын ар бир сөзүнө кулак төшөп бул ким болуп кетти деп ойлонуп отурган аял.
Анын маңдайында сурак кылып отурган подполковник араң жетип кармап улгуруп калды.
-ордунузга отурунуз, тынчтаныныз. Маңдайынызда ким турганын билесизби? Жалаа жапкан үчүн берене бар.
Аял анын сөзүн угаар эмес.
-Эмне кылдың ага? Сен аны кайда каттын? деп жинди адам а кишиге карай атырыла берди.
Азыр бул аялды эне гана тушунмок, бул жерде отурган өзүн улуумун деп отурган адамдар эмес. Өз чурпосу үчүн эне эмнелерге даяр экенин булар кайдан билсин, өлкөнүн ээси эмес дүйнөнүн падышасы болбойбу маңдайындагы адам, азыр ага баары бир.
Артка кетенчиктей берген киши канча өзүн кармайын десе да болбой титирей берди.
-Алып чык, бул аялдын орду жиндикана, деп кыйкырып.
Ал ата энеси сезип калаарынан күмөн кылганы менен кырдаал ушундай болуп кетээрине даяр эмес эле. Кантсе да кумонун сыртка чыгара алышпайт деп ойлогон. Эми канткенде да башкалардын кумонун калтырбаш керек, анын бирден бир жолу аялды жиндиге чыгаруу, антпесе ал ундобой кала бербейт, элге жар салуусу мүмкүн күйөөсү да өзүн таанып калбадыбы.
Анын оозунан чыккан бир сөз үчүн аял дароо райондук эмес облустук психикадан жабыркагандарды даарылоочу ооруканага жонотулду.
Чындап эле байкуш апасы жөн жерден булардан чочулабай турган экен, булардын алдына келгенден кийин сени мыйзам тааныбай калат тура. Жок жерден бир байкуш жинди аталып аты булганып кала берди.
Ата эми ал жайда калуунун кажети калбаганда подполковниктин коштоосунда стадионго келип учагына отуруп жөнөп кетти.
Анын вертолётту өзү башкарып кеткенин көргөн подполковник азыркы эле болуп өткөн окуялардан кийин оюнун башын эмнеден баштаарын билбей абага тиктеп кала берди.
Абада баратып колдору калчылдап титиреп жатканын байкады ата. Эмне болуп жатат өзү ага? Сырын алдырып койдум деп кыжаалат болуп жатабы? Жоок, эгер андай болгон ченде деле ким батынып сурак жүргүзө алмак эле, корко турганы жок. Күнөөсүз аялды күнөөлүү кылып жиндиканага жеткиргени үчүн кыжаалат болобу? Болушу мүмкүн эмес, андан чоң жыландардын башын эч ойлонбой кырча чаап жүргөн. А балким ал аялдын жалынан коркуп жаткан болбосун же андай күчтүү адамдандан чыккан кыздан, өз колум менен жасап алган ажыдаар деп кичине секелек кыздан коркуп жатабы.
Бишкекке жетип эле эч кимге учурабай, өзү эң коопсуз деп эсептеген жайы эски тамына келген. Темир каалганы ачып ичкеридеги бытырандыны көргөндө босогодон жыла албай дендароо болуп туруп калды...Бул өзүнөн башкага баш ийип ачылбай турган оор каалгасы кантип башкага ачылып берди экен? Ок отпос терезелер, дубалдар өзүнөн башка кимди батырышты кучагына? Кантип?
-Кантип? деп кайталай берди.
Бөлмөнүн ичиндеги буюмдар чачылган бир нерсе издегени белгилүү, бирок ким болбосун баары бир эч нерсе таба алмак эмес, жашыруун кагаздар жашыруун бөлмөдө эмеспи. Ал бөлмөнүн ачкычы өзүнүн көзүнүн нуру. Дароо ал жашыруун каалгага карай басып баратып токтоп калды, азыр ачуунун кереги барбы? Андан көрө тезинен бул жайдан кетип калуу керек. Эч нерсеге тийишпестен баарын жайына калтырып тезинен үйдү таштап жолго чыкты. Эмне кылуу керек? Бул үйгө кире ала турган адам али Кыргызстанда жарала элек деп жүрчүү эмес беле, адашканбы же ал адам Кыргызстандан эмеспи? "Ооба алар алда качан кабар тапкан болуш керек. Таттыгул жетип барып калдыбы? Болушу мүмкүн эмес. Анда эмнеге алар күнөөлүүну издеп жатышат? Таттыгулдүн өзүнүн жоромолун укпай туруп мындай ойго келишпес эле, себеби алар үчүн күнөөлүү адам жердин түбүндө жаткандай кылып жасабадымбы . Эгер анын сөзүн укканда да менин жообум бар эле го. Кай жерден ката кетирип, кай жерден жаздым?" деп ойлоно шашыла басып бараткан айланасына кароого чамасы келбей. Аңгыча так маңдайынан бир караан чыга калды, атын атап саламдашып. "Ушул эле жетишпей турган, ким болуп кетти" деп башын көтөрүп оозунан сөзү түшүп туруп калды. Эгер каарылык башын айлантып турган болбосо, демек бул чыныгы лама болсо керек. Болбосо кантип качанкы өзүнүн устаты алдында турмак эле, өзүнүн жашы тигинтип токсонго жакындап турганда устатынын жашы жок эле дегенде жүздө болуш керек.
-Чочулаба мен арбак эмесмин, кааласан кармап көр, деди мандайдагы карыя япон тилинде.
Ата эми гана эсине келгендей, башын силке же жок чочулабайм дегени же көрүп турган көздөрүнө ишенбей жатканы белгисиз көздөрүн ирмеп туруп калды.
-Баракелде! сенин мүмкүнчүлүгүн биз күткөндөн да ашып тушуптур, эч нерсеге карабай көчөдө эркин басып жүргөнүно караганда. Ушундай бийиктерди багынтып жүрүп таманындын алдындагыны андабай калганына караганда жолуңду жоготуп койдун. Каарылыкка шылтоогону турасыңбы? Жоок андай дебе биздей адамдарды каарылык коркута алмак беле, карачы мен так маңдайында турбаймынбы өлбөй эле. Токтой турчу, сен тиги секелек кыздан чоочулап жаткан жоксунбу ыя? деп көзүнүн үстү менен мыскыл жылмайып карап калды.
Атада болсо жооп берүүгө чама жок эле.
-Так өзү, деди япон карыя өзүнүн суроосуна өзү жооп кылып. Мындай болуш ыктымалы бар экенин билбейт белең эмне? Келечек биз каалагандай болгону менен, ал келечктин ээсин биз тандай албашыбызды унуттунбу. Ал биздин эмес убакыттын жумушу. Убакыт өзү таразалап, ким эмнеге татыктуу болсо ошого жеткирет, биз эмес. Албетте биз жүздөн ашык жашасак да баары бир эки жүзгө жетпейбиз, каалайбызбы жокпу баары бир биздин ордубузду басчуу адамдар чыгат. Кээде ушинтип өз ажалыбызды өзүбүз кастарлап багып күтүп алабыз.
-Жетет! деди ата, мындан ары япон карыянын мыскыл аралаш сөздөрүнө туруштук бере албай.
Бир аз ундобой туруп калган карыя бир кашын жогору көтөрүп кулумсүрөп карап койду да башын ийкеп атаны артка келген жагына кайт дегендей ымдап койду.
Анын буйругуна баш ийип көнүп калган эски адатыбы же азыр чындап эле жол көрсөтчүү инсанга муктаж болуп турабы айтоор ата устатынын айтканына көнүп артын карай бурулуп экөө ээрчише эски сырдалган дарбазадан кирип кетишти.
Босогодо ойлонуп туруп калган атага карап,
-сен чындап эле омурдун соңуна келип калган ондоносун, өз үйүндө өз колокондон коркуп калыпсын. Ушул да болмок беле, эмне турасың? Биздей карыларга убакыттан кымбат эмне калды бул дүйнөдө, создуктурбай батыраак бол, али экөөбүздүн маек узакка созулат, деди карыя.
-сиз менден уруксатсыз да кирип көнүп калбадынызбы, балким ал онорунузду дагы бир жолу коргозуп берээрсиз.
Атанын бул сөздөрүнө жакшы түшүнө бербеген карыя үнсүз эле анын жүзүнө карап калды.
-Эгер туура түшүнгөн болсом, мени бул үйгө кирди дегени турасыңбы?
-андай эмеспи? деди ата кекээрдуу өзүн такыр эле шылдың алдында калгандай сезип.
-Андай эмес. Албетте эгер кааласам кирип бармакмын, бирок андай кылуума себеп жок болчу. Бул үйдө эмне катылганын билип туруп мында жулунмак эмесмин. Мага бул үйдүн ээси керек эле, ичиндегиси эмес.
Карыянын сөзү чын көңүлдөн чыгып жатканын ата андады, устатынан бир аз азыраак жашаганы эле болбосо ал көргөндү көрүп, билгенди билип бутподубу.
Эми чындап сестене түштү.
-андай болсо ким?
-аны ичкериден сүйлөшөбүз, деп эки жагын аяр караган карыя заматта атанын муштумуна бек кармаган ачкычын ыкчам өзүнүн колуна өткөрүп алып каалганы ачып кирип кетти. "Карышкыр карыса да карышкыр боюнча калат экен да, болбосо мен колумдан буюм алдырткан адам белем же чындап эле өлүмдүн даамын сезип жатамбы туюуну жоготуп" деп ойлонгончо коноктун артынан кирип келди ата да.
Карыя ичкеридеги бытырандыны көрүп эле, эки алаканын жая,
-Кайсы байкуш мындай маанисиз ишке убакыт коротуп жүрөт, же сен эмне маанилүү маалыматты буюм катары сактап калгансынбы, өз акылына ишенбей? деди.
-жок албетте. Чынында мени башка нерсе кызыктырып жатат, кимдин акылы жетуусу мүмкүн бул жайды тешип кирүүгө?
Кар-кар күлгөн карыя атага жакын келип,
-менден күмөн кылып турасың ээ дагы да. Бирок билип кой сен менин жалгыз шакиртим болбогондой эле мен устатымдын жалгызы эмесмин. Алардын бири так сен издеген секелектин устатынын устаты. Бирок ал жалгыз шектүү адам эмес, сенин акылын жеткен нерсеге сенин шакиртиндин да акылы жетиши мүмкүн эмеспи? деп ага көзүнүн усту менен карап коюп кайрадан кар-кар күлүп кыйчылдаган полду ныгыра басып барып эскилиги жеткен столго отура кетти. Көзү менен бөлмөнү айландыра карап жатып өзүнүн артындагы шыпка келгенде андан да катуу күлүп жиберди. Ордунан туруп барып дубалды кагып көрүп,
-Демек эс тутумуна ишенбейсин, деди.
Ата баарына даяр туруп муштумун туйо бутун артка таштай берген, анткени тигинин жашыруун бөлмөнү байкап калганын билди азыр албетте ал бөлмөнү ачуусун буюрат, каршылык коргозуго даяр туруу керек.
Карыя куттурбой эле алдында турган столду бир буту менен тээп абага каалгый учуп атанын так үстүнөн тушту. Ата ушунчалык аярлап даяр турганы менен баары бир карыянын эки чыканагы анын далысына тийип өттү, ушунусуна да шүгүр анткени ал соккулар желкеге арналган болчу, эгер так тийгенде азыр ата полдо кулап жатмак. Ата да артка бурулуп алаканын каршылашынын көкүрөгүнө карай созо берген, бирок тиги кудум ушуну күтүп тургандай артка бир кадам чегинип улгургон, ошондуктан жумшалган күч абада гана калып алакандар жеңил гана көкүрөгүн сыйпап өттү.
Бул Кызыл аскер районундагы кадимки үйлөрдүн биринде болуп жаткан азыркы көрүнүш жүз жылда бир кайталанса керек, ананчы мындай адамдар жүз жылда бир жаралат эмеспи. Эки карыянын алышып жашоо үчүн эмес өлүм үчүн күрөшүп жатышканын көргөн эч бир жаш муун буларды карыя деп атабас эле, алардын кыймылы ал сөзгө таандык эмес, абада каалгый учуп колу бутун бат жайып бат жыйнап алгандары карыларга эмес көп жылдар мындай салгылашууну көрбөй сагынып калган ач карышкырларга таандык эле. Алардын кыймылы ушунчалык ылдам болгону үчүн кимиси көбүрөөк сокку уруп жатканын да толук байкоо мүмкүн эместей.
Бир убакта балтырга тийген согончоктун катуу соккусунан улам буттары өзүнө баш ийбей ата полго тизелей отуруп калды. Полдор сынып кетчүдөй кыйчылдап жатканы алдамчы үндөр эле, бул полдор ийилчээк келип үстүндө канча куулонсон ошончо бийиктикте учурчуу жүз тоннага чейинки салмакка туруштук бере алчуу күчкө ээ.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
А то шыр окуп алып аягына жетпей кыжаалат боло берет экемин