5-БОЛУМ
Мелис атасы айткандай батирине келип чырым этип алууга канча аракет кылса да эч майнап чыкпай койду. Таттыгулдон айырмаланып ал кече түндө бир аз көзүн жумуп эс алдырып алган. Керебетте чалкасынан шыпты тиктеп көпкө жатты, уйку качкан убакта боз туманды элестеп жатып уктап калчуу азыр андайды ойлоого чамасы жеткидей эмес. Көзүн жумса эле көз алдына Ош шаары элестеп андагы калк жардам сурап артынан ээрчип кыйкырып жаткандай туюлат, ал көп элдин арасында кимисине жардам берээрин билбей улам бирине жүгүрүп Таттыгул жүргөндөй. Дароо колундагы саатын жандырып кыймылдарды текшерип баштады. Кыздар колунан тушурбой журчуу мынтыктардын учтарында кичине болгон видео көзөмөл орнотулган, ошол аркылуу көзөмөлдөп турат. Биринчи эле текшерүүнү Таттыгулдон баштады, эмнегедир экрандан көк асмандан башка эч нерсе көрүнбөйт. Мынтыкты тикесинен тургузуп койсо керек, өзү эмне кылып жатты болду экен деп эми экрандан өзү билген чекиттерди издеп отурду. Анысы кыздардын колдорунда теринин ичине орнотулган датчиктерден келип турчуу белгилер.
Мына кызык, эки чекит бир жерден жанып жатат болгондо да Сулайман тоодон, бирок бири биринен алыс. Беш муноттой карап турду, чекиттер ордуларынан жылбайт, бири бирине жакындабайт да алыстабайт. "Бириси го Таттыгул а экинчиси ким болуп кетти, эмнеге аларда кыймыл жок" Мелистин тынчы кете баштады. Эң онтойсуз маселе Мелис үчүн ушул, ал чекиттерди карап ким экенин ажырата албайт, анткени ар кызды коргозуп турчуу чекиттер кызылдын ар тусундо, ал эми Мелис үчүн алардын баары боз көрүнөт. Шаштысы кетип башка кыздарды текшере баштады, баары жайында кыймылда турушат, мына Пери турган жайга жетти, ал ордунда эмес. Кайрадан Сулайман тоону алып келди экранга, алар али да кыймылсыз. Мына эми чындап тынчы кете баштады, жүрөгү кабынан чыгууга даяр болуп дукулдоп соккону угулат. Экөөнүн кайсы бирине көбүрөөк кыжаалаттанып жатканы бегисиз. Атасы Таттыгулдү өзүн коргоого күчү жетет дебедиби, аны өзү да билет күбө болбодубу анын мушташуу ыкмаларына, шамдагайлыгына. Бирок бир түн уктабаган адам менен үч түн уйку бетин көрбөгөн адамдын күчүн салыштырып болобу. Бөлмөдө ары бери басып акылына келген ойлорду таразалап жатты. Бир убакта дагы саатына тигилип жанагындай эле кыймылсыз чекиттерди көк асман көрүнгөн видеолорго күбө болгондо тартмайды ачып, жаздыгынын алдынан алып чыгып дубалда илинип турчуу сүрөттөрдү жылдырып бар куралын чыгарып тишинин учуна чейин куралданды да жанагы эле Таттыгулдүкүндөй оор бүт кийимин кийип алып каалгага карай жөнөй берди. Бир чекит кыймылсыз болсо да экинчиси сөзсүз кыймылда болуусу керек эле, себеби бири экинчисине кол салган учурда да баары бир бири тирүү калмак.
Керек болсо азыр атасы эмес өзү кызмат көрсөтчүү өкмөт башчы алдынан чыкса да токтото албайт болуш керек аны, өзүн башкарып бараткан күч баарынан күчтүү эле. Каалгага жете бергенде кол телефону шынгырап атадан чалуу келип калды.
-Мен, деп жооп берди ал адатынча.
-10 мүнөт ичинде стадионго жет.
Ушундай кыска сүйлөм менен конгуроо үзүлдү.
Мелис айттырбай түшүндү ал жайда өзүн учак күтүп турганын. Бирок ал турган жайдан стадионго 10 мунотто жетип баруу бул акылга сыйбаганчалык нерсе, бирок бир гана ал үчүн эмес. Ар бир көз ирмем баалуу экенин түшүнүп дароо аракетке киришти, жетинчи кабаттан сыртка чыгып унаага отуруусуна 12 секунд убакыт жетиштүү болду окшойт, унаага олтураар замат жулкунган кара түстөгү БМВ М6 көздөн кайым болду. Эң жогорку ылдамдыкта жүрүп 25 км аралыкты толук 8 мүнөтто басып өтүп айтылган дарекке жетип келди. Ойлогонундай эле вертолёт учууга камданып жаткан экен, Мелис отураары менен абага көтөрүлүп жөнөп кетишти. Кызык, учак баары бир аны кутмокпу же ансыз да жөнөй бермекпи Мелиске белгисиз эле. Эмнеси болсо да жетишип келгени жакшы болду. Учакка отураары менен кол саатын жандырып карап анда жазылган тапшырма менен таанышып баштады. Тапшырмада ага толук эркиндик берилген экен, кандай кылып болсо да бүгүн шаардагы бытырандыны токтотуу керек, керек болсо кагылышып жаткан эки улуттун атынан чыгып элдешууго да болот, сырткы айылдан келген атчан кыймылды токтотуу керек, зарылчылык болсо ок атууга да уруксат берилген. Эң негизгиси ал жалгыз эмес экен, жардамчылары облустук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жарандык кийимде жөнөкөй кыргыз элинин атынан аракет жасап жатышкан экен. Бир гана маселе улуттар аралык кагылышууга бийлик аралашып жатканынан эч бир маалымат каражаттары жана жөнөкөй калк кабарсыз калышы керек, чет элдик изилдөөчүлөр шек да албай турган кылып кынтыксыз бүтүрүү керек делиптир. Бул жолу да ар дайымкыдай жанын оозуна тиштеп мамлекетти балээден куткарып өкмөттү кеп сөздөн сактап калуусу керек. Ушунчадан кийин Мелиске азыр вертолёттун ылдамдыгы ташбаканын жүрүшүндөй сезилип жатты, оюнда ракетанын ылдамдыгын самап отурса керек.
619 чарчы жерди 40 мунотто учуп өтүп Мелистин буйругу менен Сулайман тоонун чокусуна келип аркан тепкичин түшүрүштү. Адамда тапшырмадан да маанилуурок нерсе болоорун ал азыр гана тушунгондой. Тапшырма алган учурда ар бир кыймылды эсептеп, баардык аракетин алдындан так ойлонуштура турган. Азыр болсо бутундагы таманы темирден болгон оор бүт кийими да сезилбей, алдыда болчуу кокустуктардан да этият болбой алдыга ашыгып баратат. Чекиттер жанган жайга жетүү керек. Биринчи чекит так өзү турган чокудан жанып жатат, ары бери караса эч ким көрүнбөгөндөй, акылына алгылыктуу ой келбей жанган тарапты көздөй келип өзү издеген датчик таштын кычыгында жатканын көрдү. "Таттыгул" деди дароо. Бир гана ал кыздын оюна келмек бул нерсе. Башкалары өздөрү 24 саат кароодо экенин түшүнсө да, денесинде бир нерсе бардыгын андаса да кай жерде, эмне экенин билип, аны алып таштоо жөнүндө оюна алышпаса керек.
Таттыгул кече күнү айтып жатпады беле, теримди сыйрып сала албайм деп, демек сыйрып салган экен. Денеси кандай бат иштеп жатса акылы да ошондой ылдамдыкта айланып жатты. Акылы менен түшүнүп жатат Таттыгулдүн кыймылсыздыгы бул болсо, а Пери кыймылсыз жатканына караганда ал жан берген же кыймылдан калчуу катуу сокку жеген, анткени экөө бирдей сүйлөшүп датчиктерди алып ыргытты деген божомол чындыкка жакын эмес. Кийинки багыты экинчи жанып жаткан датчикке карай болду. Жанылбаптыр, төмөн түшүп айтылуу Бабур хандын үйү аталган жайга жеткенде узунунан жаткан Перинин жансыз денесин тапты. Денесин кармап көрүп өлүм болжол менен эки саат алдын болгонун билди. Аңгыча арка тараптан нак каракуш мээнин түбүнө учтуу шиш келип такалып, ал тарткан демин сыртка чыгарып улгурбой жерге кулай берди. Ал Таттыгул эле. Комкорусунон кулап жаткан денени оодарып өзүнө каратып алып, сурак жүргүзө баштады. Таттыгулдүн кийиминде да жүзүндө да бутун жери калбаган, аркада катуу кармашуу болгонун айгинелеп турат.
-Азыр мага акылдуу көрүнө албайсың, мени угуудан башка арган жок, деп баштады сөзүн ал.
Денеси кыймылга жарабаган менен акылы өз нугунда иштеп, көзүн гана жалдыратып тиктегенден башка эч нерсеге жарабай Мелис жатат. Ал көзү менен "керек эмес, мен сага зыян алып келбейм, ийненди алып сал" дегендей жалдырап тиктейт.
-Жоок. Биринчи мени угасын, сөзүмдүн акырында чечебиз, сени жашоого кайтарышты же алдагы жалдыраган көздөрүндүн түбөлүккө жумулушун. Мени өзүнө тең көрбөй алдагыны жоноттунор жанымды алууга. Кетирген катам үчүн сурасаңар жооп бермекмин дароо өлүмгө буйрубай, мен ар бир кадамыма жооп берүүгө даярмын, жооп бере албай турган кадамга барбайм. Калкка ок аткан жокмун, алардын бара турган туура эмес багытына карай ок ачкам. Ар күн, ар түн кичине баланын жалдырап жардам күткөн көздөрүнө карап ага жооп кыла албаган кандай экенин билесинби? Кайдаан, андай кичине адамдар менен эсептешүү силерге жат көрүнүш. Тиги унаадагылар да силердей ойлонушат, кичине бала чонойбой тургандай көрүшөт, ошон үчүн жаза алышты менден. Мына уктун менин баянымды, бул буйрукка баш ийбей кою эмес жөн гана тапшырма аткарууда кетирген катачылык деп эсептелсе туура болмок. Андай катачылык жалгыз гана менде болбойт, кийин мен оңдой албай турган катачылык кетирбедим. Бул өлкөнү силер кандай сүйсөнөр мен да ошондой сүйөм, өмүрүм, өнөрүм, билимим, акылым, баарын ага арнайм, мен ага кыянаттык кылган жокмун, кылбайм. Бирок азыр жанымды силерге бере албайм. Жок, бул кылганым өлүмгө тете эмес. Мекенди кандай коргоого милдеттенсем өзүмдү да ошондой коргоого милдеттүүмүн, муну жакшы билесиңер. Эми чечүүчү учур, мен үчүн эмес сен үчүн, жашагын келсе суроомо туура так жооп бер. Силер чындап эле тиги кызды мени өлтүрүүгө жоноттунорбу же тескерисинче аны жок кылуу керек болуп мага салып бердинерби? Көзүңдү бир ирмесен биринчиси ал эми эки жолу ирмелсе экинчи жоромолум тастыкталат.
Бирок Мелистен эч кандай жооп болбоду, көзүн ирмебеди.
-Жалган айтпа, сен баарын билесин. Биздин ар бирибизди көзөмөлдөп жатып бул учурду байкабай калуун мүмкүн эмес. Тиги кыз буйрукту сенин үстүндөн алган ченде да сен билишин керек эле, ал менин чек арама жакындап келе жатканын. Сен мени гана көзөмөлдөп ал тууралуу кабарын жок болсо азыр аны кандайча таап келдин. А балким ал айткан баары бир менин жанымды алуу үчүн келчүү инсан сенсин?
Жигиттин көздөрүндо өзгөрүү жок, бир гана ал эми Таттыгулдү ээрчибей көк асманга гана тигилип жатат.
Таттыгул келип анын колдорун, буттарын, омуртка сөөгүн, моюн сөөгүн текшерип эч кандай ашыкча буюм таба албады.
-сенин дененде эч нерсе орнотулбаган, демек сен ишеничтүү адамсын, баардык маалыматтан кабарын бар.
Андан кийин анын саатын ачууга аракет кыла баштады. Бир да бармагынын изи дал келбейт, сыр сөзү катуу коюлган экен. Таттыгул бир аз ойлонуп отуруп калып атасынын сөзүн эстеди. "Ал жакта эч ким сендей ойлоно албайт, мугалимдер роботту карап суктанганча сен аны өзүнө баш ийдирип улгуросун" деген Японияда жүргөндө. "Менин устомдугум ушунда болуш керек, бир адам бардык жагынан толук жетишкен боло албайт демек техника менен иштөөдө менин билимим Мелистен жогору" деп ойлоно баштады. Анын сыр сөзүн табуу керек, жигиттин жашоосу же жашабашы анын кол саатындагы маалыматтан көз каранды азыр. Эми Мелистин ар бир сөзүн, кыймылын көз алдынан өткөрө баштады, кайсы адатты же сөздү көп колдоно турган. Анын оюна биринчи эле Мелистин менменсинген кыялы келди, демек бул өзүн катуу сүйөт, Мелис деп терип көрсө болбойт. Ал сөздү тескерисинче окуп ар бир төртүнчү тамгасын таштап сүйлөй алат, муну эстеп анын ысымын тескери кылып төртүнчү тамгасын таштап жазып көрдү "силм" жок, анда да саат жанган жок. Акыркы мүмкүнчүлүк, муну колдон чыгарса 24 саат күтүүгө туура келет, а ал азыр өзүнө анча убакытты ыраа көрө албайт.
-Ооба деди ал, алдында кыймылсыз жаткан Мелиске карап. Сен жөнөкөй инсан эмессин, менин артыкчылыгымы да эч ким байкабаган кемчилигими да байкай алдын. Азыр ушул сөз менен сенин дагы бир жалганынды текшерип көрүүгө болот. Эгер сен менин чыныгы агам болсоң экөөбүздо бир окшоштук болуусу керек.
"Кызыл" деген сөз, ал бир нече ирет бул сөздү кайталаган жана бардык белгилерин ал түс менен белгилейт. А балким ал тусто эместир белгилер, жөн гана алдындан Таттыгулдүн кемчилигин билип алып ушул сөз менен талдуу жерине тийип жаткандыр. А балким чын эле бул сөз ал үчүн да көйгөйдүр. Ушуну ойлоду да ал сөздү терип көрдү эле кол сааттагы кара экран экиге ажырап когултур экран жанып калды. Андагы акыркы келген маалыматты окуп чыгып эч нерсени түшүнгөн жок, кайрадан кайталап окуса да ошол эле.
"Ал менин тилимде сүйлөп жатат" ал атасынын дагы бир сөзүн эстеп эми жанагы ыкманы ушул жерде колдонуп көрүүнү чечти. Мелис айткандай кылып сөздөрдү тескерисинен карап, төртүнчү түшүп калган тамгалардын ордуна туура келген тамгаларды коюп окуп жатып каттын маанисин түшүндү.
" Чын эле бул кабарсызбы менин жаныма кол салуу болгонунан? Ар бир айткан сөзүнүн чындыгы далилденип жатат, айтылгандын баары чынбы? Андай болсо менин божомолум туура, мен эле эмес бул да кызылды көрбөйт. Ошондо чындап эле бизде байланыш барбы? Кызык атам эч качан бул тууралуу мага айтпаган. Бирок ал мага мындан башка да эч нерсе айтпаган, апам тууралуу да билбейт эмесминби" деп ойлонуп Мелистин жалдырап көкту тиктеп жаткан көздөрүнө тигилип,
-Мен мындай кылууга мажбур элем, деди да каракуш мээге сайган учтуу шишин сууруп алып басып кетти.
Мелис колу бутуна жаңыдан жан киргенсип чымырап дароо ордунан туруп кете албай кыздын артынан күзөтө тиктеп жатып аны катуу аяп кетти. Байкуш кыз өзүн күч менен кармап жатканы басыгынан билинип турат, өзүн канча тик кармаганга аракет кылганы менен буттары араң суйролуп. Уйкудан калганы бир болсо, салгылашуудан калган жаракаттар эки болуп. Ага артын салып басып кетип бара жатканына караганда көңүлүн кайдыгерлик да ээлеп алса керек. Эмнеге? Эмне аны эч жаман көрө албайт, азыр эле ал өзүн кандай абалга салды, өмүрүндө эч ким корсотпогон кордукту коргозбодубу. Акылын айланып турганда колу бутун кыймылсыз жатканы кандай оор, мейли ал 10 мүнөткө гана созулсун, баары бир эркин өзүндө эмес алдыдагы жашооң башка бирөөнүн аракетинен көз каранды болгону жаман. А эмнеге жаман көрүшүм керек, деди кайра өзүнө. Бул курактуу кыздар ойносо оюнга, кулсо күлкүго тойбой жүрүшөт. А бул байкуш кайдагы бир өзүнө такыр тиешеси жок наристени ойлоп, жанын кыл уучуна коюп мекен коргоп жүрөт. Башкалардын күлкүсү үчүн өзүн отко таштап жүргөнү эмнеси, деп анын тагдырына кейип жатты, кече эле өзү да ушундай жаш курагынан тартып мекен үчүн күрөшүп, өлкө башчыларын эсен сактап өлкөдөн куткарып чыгуу үчүн чарк айланып ачык отко өзүн таштагандарын эске албай. Ооба ушундай буйрук болгон кайра эле аларды кубалаган адамдардан, аларды кайда барса карайлап кол салуудан сактап жүрүүгө. Кубалагандардын максаты өлүм эмес эле, андай болсо калк жаныларды жек көрүп калмак, адамдын өлүмүнө болгондо да эл башчынын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды калк кечире алмак эмес, эскилерди барктап эли үчүн, мекени үчүн жанын берди деп таанып калышмак. А бул жаңыланууга пайдсын тийгизбейт болчу.
Ушул күнгө чейин мындай аянычтуу абалда көрүп турган кыздардын биринчиси эмес эле ал, бирок эмнеге алдын мындай сезимдер өткөн эмес акылдан. Бир туугандык сезим ушул беле деп койду ал. Эгер андай болсо кантип атасы өз кызын мынтип окко таштап коюп карап отурат, мен эркек адаммын мекенди коргоо милдетим, а бул кыз бала эмеспи болгондо да өзүнүн чурпосу, деп биринчи ирет атасынын туткан жолун сындап ага каршы ойлонуп жатты. Анан эсине келгендей колдорун ачып жуумп буттарын кыймылдатып көрүп ордунан ыргып турду, шашылыш керек, бирок бул ирет тапшырманы аткарыш үчүн эмес Таттыгулдү куткарыш үчүн.
Тоонун боорунда кууш жолдор менен араң бутун сүйрөп бараткан кызга жетип келип анын жүзүнө карап, азыр суроо берип болгон окуяны суруштуруунун кереги жок баары бир жооп берүүгө чамасы келбейт деди да,
-Чыда! Келечек үчүн чыда! деди.
Терең дем алып басыгын токтотпой алдыга карай бара жатып,
-Мен андан башканы билбейм, деди Таттыгул. Чыдаш менен өлкөнүн келечегин ойлоодон башканы билбейм.
-жок, өлкөнүн эмес өзүңдүн келечегин үчүн чыда! Сен албетте башка жашоону үйрөнөсүн! Курал катары эмес адам катары бактылуу болууну үйрөнөсүн. А бул нерсени жанындан түшүрбө кереги тиет, деп чокудан тапкан датчикти колуна карматты да төмөн көздөй жүгүрүп кетти.
Кыз колундагыны бекем кысып ал менен бирге келген жылуулукту денесине жайылтып күч топтоп жатты. Ал өзүнө карай мындай жылуу мамилеге уйронбогон, башка адамдын өзүн ойлоп кам көрүүсү Таттыгулго өөн көрүнүш. Жада калса атасы да мындай кеп айтпаган. Ооба ал ар дайым кызым деп маңдайынан сылап чекесинен сүйөт, мээрим төгүп карап өзүңдү ая дейт, бирок азыркыдай жылуулук бере албаган. Балким ая өзүңдүн бактын үчүн деп айтпагандыр, ушул сөз жетишпей жүрдү белем кичине адамдын кичине жүрөгүнө. Ал биринчи жолу өзүн керектүү сезди, курал эмес, пайда үчүн эмес жада калса келечек үчүн да эмес жөн гана азыркы учурдагы кайтарымсыз жылуулукту туйду. Ушундай абалда төмөн карай буту бутуна тийбей жүгүрүп бара жаткан адамды карап, жашоого жаңы үмүт менен кайтып келе жатты өзүнүн жашы жаңы гана он алтыга толгонун эстеп...
Мелис шаардын ар бурчунда турган жети кызын жыйып алып, төрт кызын шаарга кирчүү төрт тарапка койду, шаардан чыгууга уруксат болсун кимге болсо да бирок кирүүгө уруксат жок. Кандай кылып аткарышат аны үйрөтүүнүн кажети жок, негизгиси алардын кыймылына тыю жок, бардык ыкмаларды пайдаланышса болот. Калган үч кызды алып шаардын бурчтарында калып кеткен өзбек улутундагы адамдарды топтоп, алар көпчүлүк отурукташкан жайларга жеткирүүну чечти. Өзү алдыда, эки кыз адамдарды көзөмөлдөп ашыкча кыймыл кылуусуна жол бербей коштоп жүрүшөт, бири аркада аларга кыргыз улутундагы адамдарды жакындатпай жолду коруктап турат. Ушундай абалда эки жүздөн ашуун адамды топтошуп шаардын түштүк чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Он-Адир деген добочого келишти. Адам өзүн коргоо үчүн бардыкка даяр болуп калат экен, башка учурда жөнөкөй калкта ушундай курал бар десе ишенбейсин, издеп да таппайсын алардын жанынан, а азыр болсо көпчүлүк жөнөкөй калк куралданган. Алар да кирип келе жаткан кыймылды күзөтүп турушса керек, айылга кире берээрде элуудой болгон эркек киши тосуп алышты, ар кыл жаш куракта. Андан сырткары айылдын оозун кыргыз жигиттери да күзөтүп турушкан экен, жаш курактары болжол менен бирдей картан да жаш да эмес, алар да куралданган. "Булар жанагы айтылган милиция кызматкерлери болсо керек" деп ойлоп койду Мелис, айылга эч кимди киргизбей чыгарбай коруктап турушканына караганда.
Өзбек улутундагылар өздөрүнүн адамдарын көргөндө кучакташып көрүшүп кабыл алып жатышты кудум өмүр бою бирге турган бир туугандай.
-Мына, деди Мелис. Биздин каалаганыбыз тынчтык экенине күбө болдунар, силер да тынчтангыла. Айылдын аксакалдары жаштарды тартипке чакырып, сабырдуу болгула. Кагылышуу ырбап кетишин каалабасанар шаар тынчыганча ылдый тушпогуло.
Ал сүйлөп бүтөрү менен калктын арасынан бир аксакал суурулуп чыгып,
-биз ыраазыбыз, бул жигиттер да бизге жамандык кылышкан жок, бизди коруктап отурушат. Менимче ач болдунар биздин ушул тапта колубуздан келген сыйыбызды көрүп турунуздар. Шаар албетте тынчыйт, биз ата бабабыздан бери бирге жашап келген калкпыз, ынтымагыбыз бузулбасын. Биздикилер тартипке келет, а силердин адамдарынарды кантип тынчытасынар, алардын тартипке келчүү түрү жок, деди.
-Ооба алар копчулук, баарына жеткире айтыш оор. Аларды тынчтандыруунун бирден бир жолу ушул, шаар каршылаштарынан бошотулуп толук өздөрүнүн карамагында экенин билиштери керек. Ошондо гана тынчтанышат. Ошон үчүн сиздер шаарга баш бакпаныздар.
Аңгыча аркада турган жигиттерге суулар алынып келинип, алдылары ача башташкан экен.
-Токтоткула! деди Мелис.
Анткени аксакалдын жакшылык сүйлөп туруп артынан шектүү сүйлөп койгонунан күмөн санап калган эле. Бир калкпыз деп кайра силер, биз деп бөлүп койгону жакпай калган ага. Кантсе да Тибеттик ламалардын тарбиясында өскөн да, айтылган сөзгө эмес анын артындагы ойго маани берип.
-бизде аксакалдар ооз тийип берүүсү керек биринчи. Сиз мында турганда биз биринчи кол салганыбыз туура эмес, кана баштап бериңизчи, деп колундагы ишени ага сунуп калды.
-эмне сен биздин меймандостугубуздан күмөн санап жатасыңбы? деген аксакал кадимкидей каардана түштү.
Бүттү деди Мелис, ою тастыкталды. Азыр жанында Таттыгул болгондо өзү мынтип сүйлөөгө мажбур болмок эмес, ал жытынан билип коймок сууга эмне кошулганын.
Аңгыча аксакалдын артындагылар жакындап келе жатышканда, Мелистин жанындагы кыздардын бири секирип аксакалдын жанына жетип мойнуна бычак такап калды. Бул кылганы туура эмес болсо да азыр чечишип отуруунун убактысы эмес, эгер эле каршылашын өз ара мамиледе каршы пикир болгонун билсе утулганын ошол. Ошондуктан Мелис жонуна асынган РПК16 үлгүсүндогу кол пулемотун сууруп чыгып тигилерге карай такап калды.
-көз ачып жумганга улгурбойсүнөр, бүт айтылды сапырып салам.
Келе жаткан калк дароо ордунда токтошту. Ага чейин аркадагы милиция кызматкерлери да даяр болуп калышкан. Бирок белгилүү алар биринчи болуп ок ача алышпайт, коргонуу жана коргоо үчүн гана ок атууга уруксат берилген, муну Мелис жакшы түшүнөт а өзүндө болсо чектөө жок, каалаганын ала албай калса өзү каалагандай жол тута алат. Кыздын туткунунда турган аксакалдын оозун ачып өзү сунуштаган сууну куюп жиберди эле жан соогалаган киши жер чапчып тыбырчалап жатып ошол жерден жан берди.
-Эмесе мындай, эгер оюнарды озгортуп куралдарынарды бирден тапшырып бербесенер силерди тирүү коём деп сөз бере албайм. Эми аёо жок! деди да өзү куралын эл тарапка такаган боюнча артындагы кызматкерлерди башы менен алдыга дегендей ымдап койду. Алар дароо аракетке киришип калкты аралап куралдарын бирден алып жатышты. Баары бүткөндөн кийин эч кимге ундобостон мендик иш бүттү дегендей артка жол алды, кыздары ал бир топко узап кеткенче артты көзөмөлдөп турушту да Мелис ок даана атылып жетпей тургандай аралыкка жеткенде артынан жүгүрүп кетишти. Андан аркы көзөмөлдү милициядагылар да колго ала алышат.
Кийинки багыты шаардын Алай тараптан кирип келчүү чек арасы болот, ошол тараптан атчандар кирип келип жатышат деген кабар уккан, ошол багытты токтотуу керек. Бирок ал жайга жеткенче эле шаардан ураан кыйкырык менен жүргөн жаш балдарга жолугуп калды. Азыр алардын сөз угаар түрү жок экенин байкап башка амалга салууну ойлонуп, алдыңкы катарды ээледи. Бирге кыйкырган болуп аларды шаардын четине алып чыгып шаардын кире бериш жерине тизип койду, кирүү чыгууну токтотуп. Аладын арасынан ондой баланы терип алып келип Сулайман тоонун түбүнө жайгаштырды, тапшырманы катуу коюп.
-Эр болсоңор, мекеним десенер ушундай жайларды коргогула, тоого чымын учуп кирбей турган болсун.
Денеси терисине батпаган жаш балдар керекке жараганына кубанып маселенин торкунуно түшүнүүгө чамасы жетпей өз орундарын ээлеп туруп калышты, анын эмнеге кимге кол булгалап жатканына маани деле беришпеди. Мелис болсо төбөдо Таттыгул карап турат деген толук ишенимде кол булгалап жаткан, чочулаба деген белги берип. Качан өзү төбөго чыгып келгенде билип жатпайбы анын ордунда жок экенин. Колуна тапшырып кеткен датчигин снайпер мынтыгынын жанына коюп кеткен экен. Өзү кайда кетиши мүмкүн, ал алдыга жеңил карай турган кыздардан эмес эле, өзүнө берилген тапшырманы жарым жолдо калтырып кетип калганына ишене албай турду. А балким киши колдуу болдубу деген ой да аралап өттү акылын. "Жоок андай болсо ал атайын датчикти дайындуу коюп кетмек эмес, демек башка ойлогону бар" деп жана эле сөзүн толук айтып кетпегенине өкүнүп турду.
-Азыр эмес, Таттыгул азыр эмес. Сени оңой эле коё берип карап туруп калышпайт, аз да болсо жашыруун сырлардын ээси болуп калбадынбы. Кудайдан тиле каралдым сага мен биринчи болуп жетейин. Атабыз андай эркеликти көтөрө алат деген ойдо эмесмин, төрт жашындан энеден бөлүп алыска алып барып таштаган адам 16 жашында аяп коймок беле. Мен сага албетте бул күндү тартууламакмын, бир аз чыдасан сен азат жашоодо болмоксун. Ал үчүн сен окууга барып өзүн курдуу курдаштар менен таанышуун керек эле, элге аралашып жашоону үйрөнүүн керек эле. Азыр сен өзүнчө жашоого даяр эмессин, жонокой адамдын жашоосу биздикинен алда канча оорураак. Алар өздөрү түзүшү керек өз жашоосун, аларга жол көрсөтчүү баарын даярдап берчуу адам болбойт. Баарынан өкүнүчтүүсу сени ал жашоого жеткирбей жок кылышат. Суранам атамдын алдына бара корбо, датчикти алып салганын сени аз эле убакытка сактай алат, алар сени бул датчиксиз да табышат, деп сүйлөнүп турду жерде жаткан анын терисинин алдынан чыккан кичине магнитчени кармап алып.
Балким ал аргасыздыктан оюн сыртка чыгарып сүйлөп жаткандыр, а балким сезип тургандыр Таттыгулго баары бир үнү жетээрин. Ал акылдуу кыз эмеспи жөн эле артын ойлобой туруп басып кетпейт, өзүн кандайдыр бир ыкма менен коопсуздандырып алгандыр.
Эгер чын эле Мелис ошондой ойлонгон болсо адашпаган, анткени бул учурда Таттыгул датчикке чапталган дайым куржунунда журчу жука клиенкадан болгон жучок аркылуу анын ар бир дем алганын угуп бараткан.
-Жок сиз адашасыз, мен анчалык акылдан азган жокмун мага өлүм тартуулоочу инсандардан жакшылык үмүт этип алдына баргыдай. Мен ал жашоодон качкан жокмун, тескерисинче сунгуп кирип баратам. Мен өлүмдөн качтым. Сиз айткан инсандар чындап мени аяп коюшпайт, биринчи жолу ишке ашпай калган аракетин албетте аягына чыгарышат. Мени жок кылуусуна себеп тапшырмадагы кетирген катачылык дегем, сиздин коздордон түшүндүм андай эмес экенин, демек башка маселе бар, мен аны билмейинче кайтпайм, деген кыз боз ала болгон түрү менен куржунун артына көтөрүп Керме тоону ашып бараткан.
уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев