4-БОЛУМ
– Атыңызды билбесем жактырган ысымдарды айтам да...
Мырзабек аттан секирип түшүп Карлыгачка кол сунду:
– Менин атым Мырзабек. Сиздики ким болду экен? Канча күндөн бери тааныштай болуп калганыбыз менен атыбызды сурашпаптырбыз го, - деди жылмайып.
– Атымды сурап эмне кыласыз? Сиз менен таанышкым келип турат дейсизби? - деди Карлыгач кылыктана.
– Мейли анда, айтпасаңыз айтпаңыз. Мен сизге Жамийла деген жаңы ысым берейин. Же Асел болгуңуз келеби? - деди Мырза да тийише.
– Сизге Айтматовдун каармандары абдан жагат окшойт?
– Ооба, аларды жактырбагандар жок болсо керек деп ойлойм. Же сизге жакпайбы?
– Жагат.
Карлыгач ойлуу жылмайды. Мектепте окуп жүргөн кезинде анча-мынча гана чыгармалары менен таанышканы болбосо, дегеле китеп сүйүп окубаптыр.
– Чыңгыздын чыгармалары сонун да... Окуган сайын улам бир окуяга кызыгып, каармандары менен чогуу жашап калам. Баарынан да “Жамийланы” жазданып жатып окугам. Андагы окуяларды сиз кандай деп ойлойсуз? Жамийланын образы сизге жагабы? - деди Мырзабек Карлыгачка суроолуу.
– Билбейм... Бала кезде согушта жүргөн күйөөсүн неге таштап кетти деп көп жактырган эмесмин. Азыр ойлонбопмун деле.
– Мен да бир кезде ошентип ойлогом. Бирок сүйгөн адамың үчүн эмнеге гана барбайсың, - деди Мырза күлүп. - Кел, мен Данияр болоюн, сиз Жамийла болуңуз. Экөөбүз тоо аралап качып кетебиз.
– Кимден? Эмнеге?
Карлыгач чочуй, суроо артынан суроо бере Мырзаны таң калычтуу карады. Экөө бири-бирине түшүнбөгөндөй бир саамга тиктеше түшүштү да, негедир каткыра күлүп жиберишти.
– Сиз менен кол кармаша эл көзүнөн алысыраак качып кетким келип жүрөт.
– Мени мененби? Экөөбүз сүйүшүп жүргөндөй сүйлөйсүз да.
Карлыгач бул жигитти тымызын жактырып, караанын көрүүгө куштарланып, жанында тура беришин каалап турганын билип койгондой уяла түштү.
– Сизди билбейм, атын айтпаган сулуу, менин ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпей калдыңыз. Арсыз жүрөгүм сиз деп согуп, акылыма баш бербей кыйнап жибергенинен аны аяп сиздин жаныңызда турам. Жүрөгүмдүн жалгыз сиз деп согуп калганына түшүнүп, мени менен тоо аралап качып кетүүгө көнөт бекен деп алдыңызга тизе бүгүп келип калдым...
Карлыгач бетин басып күлүп жиберди:
– Сиз театрда оюн коюп жаткандай эле сүйлөдүңүз го, артист эмес белеңиз?
Мырзабектин айткандарын тамаша катары кабыл алганы менен жүзү тамылжып, кыялы көкөлөп учуп турду. Мырзабек Карлыгачтын күлгөнүнө көңүл бурбай суроосун жоопсуз калтырып, жаттап алгандай сөздөрүн уланта берди:
– Бардыгына кайыл болуп мени менен кол кармашып дүйнө кезип кетүүгө макулдугуңузду берсеңиз, бүгүн эле жолго чыгууга даярмын. Ааламды айлантып чыгууга чамам жетпесе да, кыялым менен, сизге болгон арзуум, акактай тунук махабатым менен эч кимдин буту баса элек, буту эле эмес, акылы жете элек, өзүмө гана тааныш сезимдердин туу чокусуна чыгарууга кудуретим жетет. Өмүр бою алаканыма салып алпештеп өтөм.
Карлыгач күлкүсүн токтотуп, Мырзабектин сахнада ойноп жаткан артисттердей берилип сүйлөгөн сөздөрүнө муюп, кумарлуу көздөрүнөн көздөрүн ала албай азгырылып баратты. “Үнүнүн жагымдуулугу. .. Бул тоого эс алганы келген артисттерден го... Анда кылдырап араң жүргөн машинаны кайдан таап алды экен”. Күлүк ойлор чабыттап, бир заматта Карлыгачтын мээсине айланып суроолоруна жооп издеп, ошол эле мезгилде Мырзабектин айткандарын талдап жатты.
– Менин сунушумду кабыл албай койсоңуз, бир жигиттин убалына калдым деп эсептей берсеңиз болот. Анда эле жапжалгыз көзүм көргөн жакка тентип кете берем.
Мырзабек Карлыгачтан жооп күтүп “кандай дейсиз?” дегендей кадала карады.
– Кайдагы кепти айтпаңыз, чоң жигит. Атыңызды ким дедиңиз? Мырзабек беле? Менин жолдошум бар. Анан да сизге жаксам эле мен да сизди жактырып турат дейсизби?
– Жактырмак түгүл, сүйүп калдым деп көздөрүңүз айтып турат го.
– Көздөрүм?..
Карлыгач көздөрүн жашыра кыткылыктап күлүп жиберди:
– Жооштон жоон чыгат, сизди момун экен десем, абдан эле ачык көрүнөсүз. Же артисттик өнөрүңүздү көрсөтүп турасызбы?
– Кайдагы артисттик өнөр?.. Сезимди ачык айтыш керек. Жашырып коюп арманда калайынбы...
– Өткөндө “күндүн батканын көрө элек белеңиз?” деп мени шылдыңдап турдуңуз эле. А сиз тоодо жүрүп мендей сулууну көрө элек окшойсуз? - деди Карлыгач Мырзабекке тийише.
– Көргөм, далайын көргөм. Бирок сизди жактыргандай жактырган эмесмин.
Азыр эле жайдары турган Мырзабектин өңү өзгөрүп, кабагы бүркөлө түштү.
– Мейли, чоң кыз, сиздей шаардык сулууларга мендей тоолук бирөө жакмак беле. Жакшы эс алыңыз, - деди да, атына секире минип Карлыгачка карап:
– Сурабай жалгыз таштаганым туура эмес болот го, ылдый түшөсүзбү, учкаштыра кетейин, - деди.
– Рахмат, азыр кетпейм. Өзүңүз бара бериңиз.
Карлыгач Мырзанын артынан көпкө карап турду. Жүгүрө жетип “кетпеңизчи, сиз да мага жагып калдыңыз” деп айткысы, “мен сүйүүмдү таптым!” деп ай-ааламга жар салып тоо жаңырта кыйкыргысы келип турду.
***
Бүгүн кечке майда жамгыр себелеп, күндүн көзү ачылбай койду. Таенем айтчу ак жаан окшойт. Карлыгач боз үйдө отура берип тажап кетти. Бала кезиндегидей чачтарын жая салып “жаан, жаан дагы жаа, чачтарымды өстүрүүгө жардам бер” деп колдорун көкөлөтө көкүрөгүн жаанга тоскусу келип турду. Жамгыр майдалап себелеп турганы менен удургуган шамал боз үйдүн эшигин улам серпкилеп сыртта бир укмуш бороон болуп жаткандай таасир берет. Карлыгач калчылдап үшүп чыкты. Оронгон жуурканынын жылуулугу жоктой... Мындайда убакыт да бир ордунан жылбагандай туруп алды. “Карачы, мага өчөшкөндөй жамгырдын токтобой куюп турганын. Күн ачык болсо... Сыртка чыксам... Ага жолугат белем” деп негедир Мырзабекти сагынып чыкты. “Эми жолуксам башкача сүйлөшөм. Ал да мага жагып калганын айтам” деп бир ою турса, “жок, таптакыр сүйлөшпөй эле коюш керек. Жөн гана жүрөк оорутуунун кандай кажети бар” деп экинчи ою каршы турду.
Жамгырдын дыбырт үнүнө аралаш ырдын обондуу кайрыгы угулду. Көпкө тыңшады да, жакын эле жерде жагымдуу коңур үндүү эркектин ырдап жатканын туйду. “Мырзабек окшойт” деген ойдо Карлыгач сүйүнүп ордунан тура калды да, кайра өз оюнан негедир уялып кетти. “Ал эмне, жаанда ушул жерде турат дейсиңби, мага серенада ырдап. Кошуна үйдө ырдап жатышса керек да” деп кайра ордуна отура кетти. Жок, жакын эле жерде ырдап жаткандай... Бирөө укчудай бутунун учу менен барып боз үйдүн эшигин акырын ачты да, сыртты шыкаалады. Боз үйгө жанаша салынган тапчанда Мырзабектин ырдап отурганын көрүп жүрөгү бир башкача дүкүлдөп чыкты. Мырзабек Карлыгачтын аңдып турганын көрмөксөнгө салып, уккулуктуу коңур үнүн созуп Карлыгачка тааныш эмес сүйүү ырын созолонтуп жатты. Кандайдыр бир күч Карлыгачты Мырзабекти көздөй жетелеп барды. Мырза да көздөрүн Карлыгачтан албай обон менен кошо термелип, сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй сезим бийлеп, акырын гана Карлыгачтын жанына басып келди да, колдорунан кармады. Карлыгач жигиттин көздөрүнө тигилип сүйүү обонуна азгырылып бара жатты...
– Ай, Карлыгач, үйдөсүңбү? - деп боз үйгө кирип келген Салкынды экөө жалжылдай карап, чоң ууруларын карматкандай калдастап орундарынан тура калышты. Кечтин кандай киргенин, сүт ичер маалдын өтүп бара жатканын да капарларына албай сүйлөшүп сөзгө тойбой отура беришкен тура.
– Апээй! Сен да бул жерде белең?! Эмне эле бул кыздын дымы чыкпай калды десе... Демейде сыртта эле жүрчү дейм да.
Мырзабектин бул жерде отурганын жактырбай Салкын кабагын чытый сүйлөндү.
– Сыртта жаан да, - деди Мырзабек ыңгайсыздана.
– Кайдагы жаан? Жаан небак эле токтогон. - Салкын этектерин желп эттире сыртка чыгып кетти. Экөө бири-бирин үн-сөзсүз тиктеп турушту да, каткырып жиберишти. Жаан эчак эле токтоп, күн уясына кыпкызыл болуп батып бара жаткан.
Түн. Асманда жылдыздар табигаттын сулуулугун арттырып жымыңдашат. Түнкү жымжырттыкты бузуп анда-санда иттин үргөнү менен жылкылардын кишенегени угулат. Тээ ылдыйда бирөөлөр алоолонто от жагып, тегерене ырдап-бийлеп жатышкандай. Үндөрү бирде угула калып, кайра тоо койнуна сиңип кеткендей тынчый түшөт.
Карлыгач эс алып жаткан боз үйгө жакын машина келип токтоду да, бир караан түшүп:
– Ким бар?! - деп кыйкырды. Карлыгач уйкудан чочуй ойгонуп: “Түн катып жүргөн кандай жүргүнчү? Эс алууга келгендерден го...” - деп ойлоно башка капталына оодарылып көзүн жумду. Сыртта кобур-собур үн чыгып Салкындын “бул жакка келгиле”, - деген тааныш үнү угулду. Акырын дабыш чыкты да “Карлыгач, уктай элексиңби? Сага келишиптир”, - деген Салкындын үнүнөн Карлыгачтын уйкусу умачтай ачылып ордунан ыргып туруп: “Азыр, эже, азыр чыгам”, - деп шашыла халатын кие калып сыртка чыкты.
– Карлыгач! Кандайсың, жаным?! - сагынычтан көздөрү жайнап, кучак жая жолдошу турган. Карлыгач көздөрүн ушалай:
– Сооронсуңбу? .. Сен кайдан түн катып? - деди жолдошун карап.
– Ооба, мен. Эң алды учурашсаң боло?! Анан сурайсың да, неге түн катып жүргөнүмдү. .. - Соорон Карлыгачты имере тартып бетинен өөп койду.
– Үйүңө кирсек болобу? - Соорон тамашалай Карлыгачка тийише сүйлөдү.
– Кир, кир. Мен уктап кетиптирмин.
Соорон машинасынан базарлыктарын алып боз үйгө кирди.
– Эже, - деди Карлыгач нарыда баарына көз салып карап турган Салкынга: - “Мүмкүн болсо, чай алып келип бериңизчи?”
Күйөөсүнүн алып келген базарлыгын жайната салып Карлыгач Сооронду жылмая карады. Жүзү жылмайып турганы менен көздөрүнүн тереңинде “сени күткөн жок элем... Ушул мезгилде сенин келишиң мага кубаныч эмес, кабатырланууну жаратып турганын сездиң бекен? Менин жан дүйнөм жараланып, сага болгон сезимдерим сенек болуп, жүрөгүм башка адам деп согуп калганын кечирер бекенсиң? Келечек мен үчүн туңгуюк тартып, эми кандай болор экен деп кыйналып турганымды түшүнө аласыңбы? Караңгыда жол таппай кайсалап турганымда келечектин жарык шооласын көрсөтүп, жолума бөгөт болбой ачык жол каалап капастан учурган булбулдай эркиндикке коё берүүгө кудуретиң жетер бекен? Мындайды атайын каалап жүрүп, издеп жүрүп таппаганымды, тагдырыма ушундай махабатты жазып койгонуна менин да, сенин да, күтүүсүз жолуккан Мырзабектин да күнөөсү жогуна ишене алар бекенсиң?..” – деген дагы далай өзү да жооп бере албаган суроолор жазылып турду.
– Сагындыңбы? - деди Соорон Карлыгачтын мөлтүрөгөн көздөрүнө тигилип. Карлыгач эмне деп жооп берерин билбей тайсалдай түштү. “Сагындым” деп калп да болсо Соорондун көңүлүн көтөрүүгө даабай турду. Сооронду сагынмак түгүл, унутуп баратпайбы..
– Кандай келдиң? - деди Соорондун суроосун жоопсуз калтырып.
– Жакшы. Эртең дем алыш эмеспи. Бир күн болсо да жаныңда болоюн деп чечтим. Бүгүн да жумуштар кеч бүтүп, кармалып калдым. Эртерээк эле келейин дедим эле...
– Аа... - деди Карлыгач суз гана Соорондун айткандарына макул боло. Мурункудай жайнабай негедир көздөрүн ала качкан Карлыгачты Соорон сынай карады.
– Карлыгач, чайыңды коё турчу, ток элемин. Кучагыма келчи, сагындым. Моокум кана өөп-жыттап алайын, - Карлыгачтын белинен тарта кучагына алып өпкүлөй баштады.
– Койчу, Соорон! Азыр эже келип калса уят эмеспи.
Соорондун кучагынан суурула чыккан Карлыгач жолдошунун каалоосуна каршы боло кабак бүркөдү.
– Келе берсин! Өз аялыма тийишсем болбойт бекен?
– Аялың экенимди билип коюптурбу?..
– Билбесе койсун! Ал бизге ким болуп кетиптир?
– Койчу эми, Соорон, жаш баладай боло бербечи. Менин азыр эч нерсеге көңүлүм чаппай турат.
Жубайынан мындай мамилени күтпөгөн Соорон өңү бузула Карлыгачты сынай карады. Кадалган мылтыктын сүрүнөн корккон кийиктей Соорондун сынай караган көздөрүнөн жүзүн ала качкан Карлыгач жер тиктеди. Денесин майда калтырак басып, чыйрыккан адамдай эриндери титиреп чыкты.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып колдоп кетиңиздер....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10