Илимий изилдөөлөрдө спирт ичимдигине болгон азгырык узак убакыт иштеп, акырындап азгырылган адамдын өзүнө да, жакындарына да сезилбей катардагы көрүнүш катары кабыл алынып калары тастыкталган. Албетте, калыптанып калган нерсенин андан ары өөрчүшү кадыресе көрүнүш. Эгерде сиздин жолдошуңуз:
Арак ичүүгө шерик издебестен өзү эле иче баштаса.Ар убак чөнтөгүндө сагыз, оозунан жыт чыгарбоочу атайын конфеттерди салып жүрүп калса
Аракты ченемсиз түрдө иче баштаса, башкача айтканда бөлөк тамактарды карабай бир гана ошого ынтаа коюп калса
Соолуккандан кийин мас кезинде эмне окуялар болгонун таптакыр эстей албаса
Кадыресе тамак катары үйдө эс алып жатканда, же жумуштан келгенден кийин сыра же башка спирт ичимдиктерин ичсе
Жакындары менен сүйлөшкүсү келбей, үй оокатына карамы жок болуп, кыялдануусу токтоп, максат коюудан баш тартып калса
Ар кайсы жерге спирт ичимдиктерин ката баштаса
Анда жолдошуңузда алко азгырыгы башталды деп эсептей берсеңиз болот.
Сиз жасачу аракеттер:
Эч качан ага өзгөчө кам көрбөңүз. Өзүнүн кылыгы тууралуу сизден угуп эмес, өзү аңдап сезиши керек.
Атайын адиске кайрылууну акырын сунуштаңыз.
Өз алдынча жашыруун дарыларды кошуп берип арылтам деп ойлобоңуз жана мажбурлап аракка каршы ийнелерди сайдырбаңыз.
Анын ичип жаткандыгы тууралуу дос-туугандардан жашырып сыр сактоону токтотуңуз.
Өзүңүз анын каалоосу менен сатып берип, керек болсо үйдөн чыгарбоо үчүн чогуу ичүүнү уюштурбаңыз.
Соо кезинде сезимиңиз менен ойлоруңузду жүрөгүнө жеткидей айтып өз эрки менен арактын азабынан арылууга аракеттенүүсүнө таасир этиңиз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2