1-БОЛУМ
Көздөгөн жерине жетпей “ушинтип орто жолдо каламбы” деп бушаймандана анда-санда бир өткөн машиналарга кол көтөрүп Карлыгач жол жээгинде турду. Айлана күүгүм тартып, көк тиреген тоолор айбаттуу көрүнө баштаган кез. Бул жолдон анда-санда гана машина жүрбөсө, айлана тыптынч. Жаратылыштын ажайып сулуулугуна суктана карап, жолду катар кыңылдай обон созуп келе жаткан Карлыгач эми минтип өң-алеттен кетип, бирөө көрүнө калчудай тегерегин жалжылдай карап турду. Алыстан дагы бир машина көрүндү. Кылдырап араң келе жаткандай. “Эмнеси болсо да ичинде жардамы тийчү бирөө болсо экен” деп келе жаткан машинага үмүттүү карады. Жалтыраган капкара машинанын жанындагы сулуу бийкечтин кол көтөрүп турганын көрүп Мырзабек машинасын өтө барып токтотту. Карлыгач сүйүнүчүн жашыра албай күлмүңдөп машинадан түшкөн жигитке:
– Саламатсызбы? - деди каш серпе.
– Салам, - деди Мырза кайдыгер, - машинаңыз бузулуп калдыбы?
– Ооба...
Карлыгач ийинин куушура “эмнеден, билбейм” дегенчелик кылып:
– Карап бере аласызбы?..
Мырзабек унчукпай машинанын сырт турпатын текшергендей айлана басып, чылым күйгүздү.
– Мен мындай машинаны оңдоп көрбөгөм, - деди өзүнчө. Көпкө дейре ойлуу машинаны карап турду да:
– Кана, ачып көрөлү, - деп машинанын капотун көтөрдү. Машинанын тетиктери жөнүндө эч түшүнүгү жок болсо да Карлыгач Мырзабекке кошулуп капоттун ичине үңүлдү. Мырзабек бат эле капотту жапты да:
– Кана, отуруңуз да, от алдырып көрүңүз, - деди.
Карлыгач шашкалактай машинага отуруп ачкычын бурады. Бир аз эле мурун дүрт-дүрт этип кыйналып турган машина жан киргендей от алып кетти. Түшө калып:
– Рахмат... - деди жигитке колун сунуп.
– Эч нерсе эмес, жардам керек болсо кайрылып туруңуз, - деди Мырза кызга тамашалай жооп кылып, - жалгыздап, кеч курун кайда бара жаттыңыз эле?
– Аа... - Карлыгач тайсалдай түштү, - ушул жакта кымыз ичип дарылана турган жер бар экен го, ошол жакка бара жаттым эле.
– Кымыз ичип?.. - Мырза ойлонгондой токтоло калды.
– Ооба, бул жердин өзү эле көп ооруга дары... Жалгыздабай жолдошуңуз же курбуларыңыз менен келсеңиз жакшы болмок да. Эми жалгызсырайсыз го, - деди Карлыгачка сырдуу карап.
– Жалгызсырабайм. .. Жалгыз болгум келип...
– Аа, мейли анда бийкеч, жолуңуз болсун. Сиздей сулуунун жалгыздап жүргөнү... Анан да тоо жеринде... - Мырза кыска сүйлөп машинасына бет алды.
– Бул жакта сулуу жегичтер барбы? - Карлыгач тамашалай жигиттин артынан кыйкыра сүйлөдү. Мырза Карлыгачтын сөзүн укпагандай эскилиги жетип, кылдырап араң жүргөн машинасын от алдырды да, Карлыгачка кол булгап койду. Бул жигит кетип калса эле кайрадан машинасы жүрбөй калчудай шашкалактаган Карлыгач машинасынын ачкычын бурады.
***
“Чоң кыз, туруңуз, күн шашке болоюн деп калды” деген үндөн ойгонгон Карлыгач колун кенен жая керилип алды. Кыргызча оймо түшүрүлгөн чепкен кийген, эки бети анардай жанган толмоч аял тигиле карап:
– Кандай уктадыңыз? Кечээ жол жүрүп чарчады го деп эрте ойготконум жок. Бээнин сүтү муздап калды го... - деп Карлыгачтын жообун күтпөй этектерин желп эттире сыртка чыгып кетти.
– Рахмат эже, жакшы эс алдым, - деген Карлыгач аялдын акыркы сөздөрүнө түшүнө албай, - бээ сүтүнүн муздап калганы эмнеси? - деди ичинен ойлоно.
Канча жылдап догдурдан-догдурга, табыптан-табыпка барып, дартына дабаа таппай айласы кетип, ушундан бир натыйжа болор деген үмүт менен тоого келген. Жолдошунун арты менен курорттордон да калган жок. Догдуру деле, табыбы деле “ден соолугуң ордунда, төрөйсүң” дешет. Канчасы “боюңда болгонго жардам берем” деп акчасын алып, эч кандай жардам бере алышкан эмес. Турмушка чыккан сегиз жылдын ичинде сексен жолу көрүндү го. Бирок бир майнап чыкпай койду. Жолдошу “сен да көрүнсөңчү” деген сөзүнө кулак салбай койгон. “Мен жакшы элемин. Балдарым жок болсо бир жөн эле. Тигине үчөө эрезеге жетип турат го”, - деп жинденип койгону да бар. Мындай жооптон соң жолдошунун балалуу болгонго кайдыгер караганына Карлыгач ызаланып кала берген.
– Менин бала төрөп бербегениме капа болгонун деле байкабадым. .. Кантсе да балдары бар эмеспи... Мага үйлөнүп алганына, мүмкүн, азыр өкүнөттүр... Эки үй-бүлө күтүү деле оңой эмес чыгар. Кээ бир эркектердей болуп биринчи жашоосунан таптакыр кол үзүп кете алган жок. Билгизип-билгизбей балдарына күн алыс каттап, алар үчүн жанын берүүгө даяр экенин айтпаса да түшүнүп турам... Балдары эрезеге жетип өз алдынча турмуш курууга жакындаган сайын алардан кызганчу болдум.
Ушинтип балалуу боло албай калсам, качандыр бир кезде аларга кайтып кетишине күмөн жок. Качанкыга чейин жалгыз мени кастарлап, алаканына салып жүрө берет дейсиң?! Балалуу аял кандай гана бактылуу! Күйөө жокто жаныңда арка-бел болуп кубанычыңды бөлүшкөн, ыйласаң жашыңды аарчыр, кыйналсаң жардам берер, сүйлөсөң сөзүңдү угар бала эмеспи... А менин Соорондон башка кимим бар да, эмнем бар?! Кудай бир туугандан айтпаса да, жок дегенде бала берсе кана! Бир тилегим перзенттүү болсом... Эркелетип, саамайынан жыттап эч ким бере алгыс мээримиме бөлөсөм арманым жок эле! - Карлыгачтын жан дүйнөсүн жалгыз гана "балалуу болсом" деген тилек ээлеп, перзенттүү болууга бардык күч-аракетин жумшап, кандай тоскоолдук болсо да жеңүүгө даяр кези.
Сыртка чыгып, теребелдин сулуулугуна суктана карап, кенен дем ала колун жая керилип алды. Нарыда карап турган аял жанына басып келди да:
– Көп эле кериле бербесеңчи, кыз кишинин эл көзүнчө керилгени жакшы эмес, - деди. Карлыгач “кайсы кишинин” дегенчелик, тегерегин карап койду. Бул аялдын кичине кызга айткандай кептерин жактырбагандай карады.
– Жүрү, сүттөн ичип ал, - аял нарыда жайгашкан тапчанды көздөй басты. Артынан илең-салаң араң баскан Карлыгач негедир улутунуп койду. Чынынын түбүнөн куюлган сүттү колуна алды да, жактырбагандай чүрмүйө жыттады.
– Тамакты жыттабайт. Жөн ич, - деди аял Карлыгачтын сүттү жыттап турганын жактырбай. Карлыгач сүттү көзүн жуумп араң ичип, чыныны аялга сунду:
– Рахмат!
Аялга “дагы эмне дейсиз” дегенчелик тигиле карады.
– Сүттү ичерде “оорума дабаа болсун” деп тилек кылып сүйүп ичсең, дабаасы көбүрөөк тиет. Ырбыйбай мына мендей болуп күчкө толосуң, - деп аял чыныны алып чөөгүндөгү суудан куюп, чайкап ордуна койду. Бул аялдын улам бир кеңешин уккусу келбеген Карлыгач боз үйдү көздөй басты.
– Ай, кыз... Атың ким эле? - аял кыйкыра сурады. Артын кылчая караган Карлыгач:
– Менинби? – деди суроонун өзүнө карата айтылганын билсе да. “Ии” дегендей аял баш ийкеди.
– Карлыгач.
– Аа, Карлыгач... Сонун атың бар экен. Мени Салкын эже десең болот. Ар бир эки саатта унутпай келип сүт ичип тур. Өзүм чени менен берип турам. Ашык эч нерсе жебе. Бүгүн, эртең кыйналасың, анан көнүп кетесиң. Ичиңди да алып кетиши мүмкүн, шалдырап алың да кетет... Коркпой эле кой... Макулбу?.. Азыр жатып эс алсаң болот. Жок десең, карачы күн сонун болуп турат, тоого чык, гүл тер... Суу жээкте... Шаардан мындай эс ала албасаң керек, - деди.
– Ии, макул эже, - деген Карлыгач ичинен “ишиңиз канча” дегиси келип турду. Оюн билдиргиси келбей жылмайып койду да, боз үйгө кирип кетти.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы? окуган болсоңуздар убара тартпай чыгарбай эле коёлу, комментарий күтөбүз класс басууну унутпаңыздар....кыскача 5 бөлүмдөн турган чыгарма....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26