10-БОЛУМ
— Менин күйөөм бар, эгерде ал көрсө мени өлтүрөт, ал барда мага сүйлөбө, үйгө кирбе макулбу? — деди.
— Макул, ал жокто сага акча берип турам ээ?
— Акчаңдын кереги жок, күйөөм билип калса мени өлтүрүп коет.
— Ага айтпай эле кой да.
— Айтпайм, сен кирбе, — деп чыгарып ийди. Ошондон баштап анын акча тапчу уюгу табылгандай болду, Султан жокто чай берип коет, сүйлөшүп көпкө отурат, айтымына караганда үй-бүлөөсү болгон экен, авариядан катуу жаракат алып ушинтип калыптыр, базарда отуруп алып акча сурайт экен, кээде толгон тыйындарды санабай эле алып келип берип, крупныйын да берчү болду. Иги-жигин билгизбей Мээрим аны катып коюп жүрдү, бир күнү таң заардан Султан кетээри менен кирип келди, Мээрим мурункудай чоочубай калган, козголбой жата берди. Тиги бир кезде жалдырап карап туруп эле Мээримди баса жыгылды.
— Турдубай, эмне кылып жатасың, тур өйдө! — деп Мээрим аны көкүрөккө түрткөнүнө карабай шымын чечип жиберип эле ой-боюна койбой иштеп кирди, Мээрим жакшы эле жулунуп жаткан, анын кыймылы жагып калдыбы кыңкыстай баштады, жанталашкан Турдубай келиндин бүт денесин өпкүлөп ого бетер кыймылын тездеткенде Мээрим жан чыдагыс махабаттын отуна кабылгандай үнүн озондото улуп ийди, эки колу Турдубайдын жонун апчып алган. Көптө барып Турдубай чалкасынан түшүп жатып калды да:
— Кечир мени, чыдай албай калдым, — деди, анан шымын өйдө кылып сыртка чыгып кетти, Мээрим ага таарынган жок, жаман дагы көрбөдү, тек андан бир башкача жагымдуу жыт менен жан жыргаткан сезимди сезди: «Укмуш экен, акыл эси деле ойдогудай тура, эмнеге аялы таштап кетип калды, өзүн тыкан, таза алып жүрөт», — деп ойлоп жата берди, түшкө жакын баласы ыйлаганда гана үйүлгөн шымдарын эстеп туруп плитага суу коюп адегенде өзү жуунду, ал өз төшөгүндө күйөөсүнүн көзүнө чөп салганына кейиген да жок, кирлерин жууп жайып чай ичти. Ошондон баштап Мээрим Турдубай менен күндө Султан кеткенден кийин кумарга батып жүрдү, Султан кечке жүк көтөрүп абдан чарчаганга, оокат аштын кубаты жоктугунан кээ-кээде гана кошулбаса көбүнчө келип бирдеме ичип эле уктап калчу болгон. Эжеси Сезим келип:
— Апам ооруканадан чыкканы жатат, эки-үч күн биерде болсун, — деди.
— Мейли, келсе келе берсин.
— Тамак-ашты дурус эле жасап бере аласыңбы, апамды күчтүү тамак ич, айрыкча жаңы этти кайнатып ич деп жатат дейт.
— Келе берсин, көрөбүз да.
— Мен чыгарып келейин, Айкөкүл ошону жакшы карамак беле, мен болсо тоодон түшө элекмин, кыштоодо калат окшойбуз, — деп Сезим ооруканага кетти, Мээрим баласын көтөрүп алып базарга барып жаңы койдун этинен, толгон тамак ашты алып келди, үйүнө келип тамак асып даярдап коймок болуп үйүн жыйнап жатканда алар келип калышты. Сезим Зыйнатты жеткирип коюп эле кайра кетти. Кечинде келген Султанга Мээрим ойлонуп даярдаган жообун бере салды.
— Сезим эжем алып келиптир, апам бир топ күн жүрөт го?
— Карачы, экөөбүздүн колубуздан эчтеке келбесин билип баарын өздөрү алып келишиптир да, — деп Султан уялып калды. Бул Мээримдин «табылгасы» экенин ал сезген да жок. бирок Мээримге кыйын болду, Турдубай бир күнү баш багып Зыйнатты көрүп кайра кетип калды. Артынан чыккан Мээрим аны менен сүйлөшүп чоң үйүнүн бош турган бөлмөсүнө кирип рахатка батышты. Турдубай күндө тапканын бергендиктен бир топ акча жыйналып калды, майда тыйындарын тийбей чогулта берди, Зыйнат бир жума туруп анан үйүнө кайтмак. Ал кыз-күйөөсүнүн оокат-ашка кенеле түшкөнүнө ичинен кубанып алды, анан кайтаарында:
— Ушинтип эле оокат кылсаңар болот да, аз ичип ашырса болот, тарта тайга жыйнаса болот, эки башка эмне, — деди.
— Иш жакшы болуп жатат апа, күнүнө эки жүздөн ашат, — деп Султан мактана кетти, — Чогултканды эми Мээрим билет да.
— Үнөмдөгүлө, тапканыңарды жок кыла бербей.
— Ооба апа, эми чогултабыз да, тамак аштан ашса, — деди Мээрим.
— Ошент, эркектин тапканын жыйган дагы, чачкан дагы аял.
— Апа, менде үч миң сом бар, алып кетип катып кой, — деп Зыйнатка берди, — Муну Султан билбейт, Аскаттарга кийим-кече кылам, булар тыйын.
— Макул, катып коем, — деп ички чөнтөгүнө салып алды да жөнөмөк болду, бирок өзүнчө ойлонуп алды, — Тыйының канча?
— Апа, бир аз отуруп турчу, ушуну санайын, — деди Мээрим.
— Өзүм санап сандыкка салып коем.
— Мейли анда, жок кылба ээ апа? — деп Мээрим такси кармап салып коюп анан келди. Үйгө келгенде Турдубай сыртта жүрүптүр, ал жалгыз жашачу, бөлмөсүнө кошо кирди, Мээрим ага тамактан куюп алдына койду, Турдубай тамак ичип алып:
— Мээрим, мен сени жакшы көрүп калдым, күйөөңдөн ажыраш, мен сени жакшы багып алам, — деди жалдырай карап, — Менден коркпо, башым ооруганда гана кыйналам, жиндилигим жок, акыл-эсим ордунда, оорум кармаганда өзүм эле ооруканага барып жатып анан укол-дары алгандан кийин жакшы болуп калат, эл мени жинди деп ойлошот, ошенткен сайын өзүмдү жаман сезем, — деди.
— Ал эмне дегениң, менин балам бар, Султан экөөбүздү тең өлтүрүп коет, андай дебе, — Мээрим коркуп кетти, — Мен сенин оюң менен болуп жүрөм го, сенин эркектигиң ойдогудай, аял алып жашасаң болот.
— Мага кайсыл аял тийет, сен билип калдың, мени башкалар жинди деп ойлошот, жакындагандан коркушат.
— Эч кимиң жокпу?
— Апам бар, ал жылда кышында шаардагы инимдикине кетет, бул времянкага дайым бирөөлөрдү киргизип коет.
— Аа-а, бир туугандарың барбы?
— Ооба, эки эжем, иним бар.
— Төртөөсүңөрбү?
— Ооба, мен «ишке» барайын, акча табышым керек, — деп ордунан турду.
— Күнүнө канча табасың? — деди кызыга Мээрим.
— Орозодо аябай беришет, миң — эки миңге чейин.
— Күнүгөбү?
— Ооба, азыр жок дегенде беш алты жүзгө жетет, тыйындарды эсептебейм, сени балаң менен кыйналып жатат деп берип жатпайынбы.
— Акчаңды чогултуп бериш керекпи Турдубай?
— Жо-ок, керегиңе жарата бер, эртең жолугабыз, сен эми өзүң эле бош бөлмөгө келип тур, эртең менен эрте жолугуп турабыз, андан кийин жумушта болом, — деди да жөнөдү. Аны узата карап турган Мээрим бой мүчөсүнө суктанып, жылаңач денесин көргүсү келип көзүн жумуп жиберди: «Чынында Султанга караганда алибеттүү, күч-кубаттуу, сүйлөгөнү да орундуу, үй-жайы бар экен, тийсе тийип албайынбы, эки балам бар, ошолорду карасаң макулмун деп айтам, үч балам менен алса тийип алам, Султан баласын алып кетем десе бербейм», — деп ойлонуп алды. Кечинде келген Султан:
— Мээрим, тажап кеттим, урушуп-талашса деле апама кетеличи, сен унчукпай койсоң эле жеңесиң, азыр ал деле жалгыз жашап жатат, небересин көрүп ал деле унчукпай калат, — деди.
— Сен мени кайра эле апаңа алып баргың келип жатабы, мен эч качан барбайм, жашасаң жаша, болбосо апаңа жаккан катынды алып ала бер! — деп адегенде эле сүйлөшпөй койду Мээрим, — Мени сыйлап, келини катары көрүп койду беле?
— Мээрим, сен өткөндү эстеп таарынганды кой да, апам эми айтып койгондур, бирок ал алдакачан эле чакырган да, сен эле болбой жүрбөйсүңбү, апамды менден башка ким карайт, үйүбүз туруп көрүнгөн жерде жүрөбүз, көргөндөр кеп кылат экен, классташтарым дагы шылдыңдап жатат, бир аялдын артынан жүрөсүң деп.
— Жүрбөсөң кете бер, апаң ансыз дагы мени каалап турган жери жок, кетсең өзүң кете бер!
— Мен балам экөөңөрсүз эч жакка кетпейм.
— Балам экөөбүзсүз кетесиң, болбосо тынч жашайсың.
— Сен эмнеге менин сөзүмдү укпайсың, башка эркектердин аялдары күйөөсүн угат, баш ийет, ушинтип көрүнгөндүн үйүндө отургандан көрө өз үйүбүздө отурганыбыз жакшы эмес беле? — деп Султан жини келе үнүн бийик чыгарып эшикке чыгып кетти.
— Өз үйүңө сен ээ белең, апаң өлмөйүнчө сен ал үйгө тынч жашай албайсың, мага далайды көрсөткөн аялга мен эми барып маңдайына отуруп, бир дасторкондон чай иче албайм! — деп артынан Мээрим кыйкырып калды. Ачуусу тараганча сыртта басып жүрүп кеч кирип ордуна жатты, Мээрим аны кекетип баласы менен жатып алыптыр, ченелүү эле төшөктөрү болгондуктан эптеп жатты ал күнү. Мээрим ага чай бермек турсун баш көтөрүп караган да жок: «Ээх жашоо-жашоо, неге ушундай, аялың апаңа, апаң аялыңа жакпаса, кимисине болушуп, кимиси менен калышым керек, балам турат таштап кете албайм, мен кеткен күндө бул дагы Аскаттын кейпин кийет да, ошону жакшы карамак беле, кандай кылсам экен», — деп ойлонуп жумушка келди. Кечке агала болуп ун ташыйт, же картошка болсо аны ташыйт, кыскасы жаны тынбай иштеп келип аялынан жарытылуу сөз укпаганга зээни кейиди. Жумушунда кечке жүрүп кечинде кайра келди, дагы бирдеме демек болгону менен Мээримдин укпасын сезип, туюп тургандыктан унчукпады, куурулган картошкадан калганы менен өзү чай ичип отуруп: «Мындай жашоонун мага эмне кереги бар, он баланы төрөп койсо дагы ажырашат турбайбы, мен апамды таштай албайм, «бала белде, аял жолдо», — дешет тура, андан көрө ажырашып алайын дагы апам ал дегенге үйлөнүп тынч өмүр сүрөйүн, өзүм каалап да үйлөнүп көрдүм, сүйүүсү ушул болсо сүйүүсүз эле жашап өтөйүн», — деген чечимге келди:
— Кечээтен бери акчаңды бербейсиң, биз эмне жел оозбузбу? — деди Мээрим көптөн кийин.
— Иш болбой жатат.
— Эртеңкиге эчтеке жок, балага болсо сүт ала албай калдым.
— Иш болбосо эмне кылам? — Оройлоно жооп берди Султан.
— Анда эмне кылайын дейсиң, күндө кийим кирдетип боткодой болгон кийимдериңди жуудурасың, эмнеге кирдеп жатат, арамданып апаңа кеткенге акча топтоп жатканыңды билем, ара жолго таштап кетип көр, ошол үйүңө барып туруп көргөзөм сага, мени оюнчук ойлобо!
— Мээрим, сен мени түшүнсөң, өзүм жалгыз кетпейм, сени жүр кетели десе болбойсуң, деги эмне оюң бар?
— Эч оюм жок, келе акча бер, мен азыр камоктон бирдеме алып келейин, карызым дагы бар.
— Эмнеге карыз болдуң?
— Картошка, пияз.
— Кана анан?
— Бир килодон эле алдым, май дагы түгөндү.
— Ме, буга аз-аздап алып тур, — Султан чөнтөгүнөн жүз элүү сом алып чыгып сунду, — Эки күндө тапканым ушул, иш жок болуп жатат.
— Эки күн жан сактайбыз муну менен, кыш чилдеде ачкадан өлөбүзбү, ушу сен жалкоолонуп иштебейт окшойсуң, — Мээрим акчаны булкуп алды да эшикке чыгып кетти. Ал калп айтып Султандын тапканын алып коюу үчүн ошенткен болчу, тамак-ашы, эттен бар эле, аны күндүзү тамак жасап Турдубай экөө ичип алып отуруп калчу адат тапкан, ал өзү Турдубай менен калууну чечкени менен ага билгизе элек, ал болсо күндө тапканын иригин өзүнчө, тыйынын өзүнчө берип турду, анын тапканы жакты, жок дегенде бир-эки жыл анын акчасын жыйнап алып басып кетмек болду оюнда.
— Эртең иш кандай болот көрөм да.
— Мен дагы тажадым, сен өз апаңа кет, мен өз апама кетем, ошентип кыштан чыгалы, — деди Мээрим Султанды карай.
— Андан көрө биротоло ажырашыш керек…
— Ажырашса ажырашабыз да, сага баары бир эмеспи, аял алам десең алып аласың.
— А сенчи?
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6