5-БОЛУМ
Баян болуп элдин баары келип, мечит адамга толду. Адатта элдер садака катары мечит кутучасына акча салып кетет. Аны муктаж жандар же болбосо мечитин керек жарагына жаратышат. Баян болгон күнү да бир топ адам кутучага акча салган. Асан ава ден соолугу сыр берип эс алуу алган болчу. Баян болгон күндүн кечке маал кутудагы акча уурдалды. Эртеси Умар бул кабарды билди. Алгач ачууланды,кийин өзүн басып мечиттин жаңы күзөтчүсү менен сүйлөштү. Билал да билди. Умар менен кеңешип мечит сыртына ,ичине "Акча керек болсо же муктаждык болсо бизге айткыла,биз жардам беребиз. Сураган уят эмес уурдаган уят"-деген эскертме илишти. Рамазан айынын 15 күнү. Юсуф рамазан айында Куранды толук жаттап Хафиз болом деген ошол үчүн аракет кылып жатты. Куран сабагы да эң жакшы,эң ийгиликтүү болуп жатты.
Эрте мененки саат 6:32 . Юсуф шаша буша даарат алып багымдат намазын окуду. Анан мечитке шашып жөнөдү. Мечитке барса Умар Юсуфту күтүп олтуруп келбейт экен деп жөнөп калган экен. Умардан кечирим сурап сабак окуганы отуруп калышты.
-Иий устаз...
-Эмне болду?
-Эртең менен шашып жатып эжемдин Куран китебин алып алыпмын, мүмкүн болсо алмаштырып келсем
-Жок эч нерсе эмес убакытты кетирбей сабак баштайлы. Китепти ач.
-Макул
-Эмне эжең Куран окуй алабы
-Ооба
-Китепти берип турчу
-Мынакей
Китеп баракталып жатып Умардын көзү китеп четиндеги жазууга түштү.
"Сүйүктүү окуучума , Абдуллох устаздан белек"
Умардын көзүнөн жаш тегеренип кетти. Бул жагдайга түшүнбөгөн Юсуф
-Эмне болду устаз мага кара болдуңузбу
-Жоок атамдын жыты менен кол жазмасы сакталып калган китепти көрүп сагынычым күчөөдү.
Юсуф унчукпай туруп калды. Ичинен устазын аяп койду. Сабак өтүлдү. Юсуф үйүнө көңүлсүз кайтты.
Инисинин томсорунку жүзүн көргөн Мариям
-Эмне болду устазын уруштубу
-Жоок
-Анда эмнеге капасын ...
-Эрте менен адашып сиздин китебиңизди алып кетипмин....
-Анан эмне болду
-Китеп ичиндеги Абдуллох устаздын жазуусун көрүп устазым атасын сагынып көзүнө жаш алды. Эртең атам дүйнөдөн өтсө мен кантип жашайт экем ээ эжекебай
-Жиндибайым десе. Андай дебе атам узак жашайт. Сенин балдарыңды мойнуна асып чоңойтот
-Аамин. Эже....
-Оуу
-Умар устаздын аяп турам. Атасы жок ага кыйын болуп жатат.
-Биз эмне кыла алат элек . Аллахтын айтканы да жаным. Бир күн болбосо бир күнү биз да Абдуллох устаздай дүйнө салабыз
-Ооба.
Эжеси менен иниси маекти токтоту. Себеби намаз убактысы болуп калган эле. Экөө тең намаз окууганы бөлмөсүнө кирип кетишти. Мариям намаз окуп коюп кардарлар берген заказды тигүүгө киришти. Эшик акырын кагылды.
-Кир Юсуф
Юсуф жай кадам шилтеп эжесинин жанына келди. Мариям баатыраак калооңду айт дегендей карап койду. Юсуф ойлонуп туруп
-Эже...
-Оуу
-Устазым мени окутат анан ар жума сайын белек берет ... Мен дагы ....
-Белек бергин келеби?
-Ооба . Бирок эмне белек кылам?
-Китеп болбойбу
-Устазымда китептин баардык түрү бар
-Анда эмне керек болсо ошону белек кыл
-Өткөн жума мечитке эл толуп устазымдын жайнамазын бирөө алып коюптур...
-Жайнамаз белек кылалы анда.
-Сиз тигип бересизби
-Албетте
-Анда эң кооз кылып тигин ээ. Устазымдын жайнамазы биздикинен айырмаланып турсун
-Макул жаным
Юсуф Мариямды кучактап бетинен өбүп эшике чыкты. Мариям заказдарын бүтүрүп, Юсуфтун өтүнүчүн аткара баштады. Эң сапаттуу материалды алып эң кооз кылып тикти. Эрте менен Юсуфтун колуна тапшырды. Юсуф Умарга берди.
-Устаз
-Оуу Юсуфжан
-Сиз мага ар жума белек бересиз,бул сапар мен берейин дедим деп белек кагазына оролгон жайнамазды стол үстүнө койду.
Умар :
-Рахмат Юсуфжан деп оролгон кагазды ачты. Жайнамаз. Жайнамаздын бир четинде
"Умар устазыма"-деген жазуу бар экен.
-Аллах ыраазы болсун Юсуфжан эми бул жайнамазды колумдан түшүрбөй алып жүрөм.
Юсуф жылмайып койду.
-Бул жайнамазды заказ кылып тиктирдиңби?
-Жоок. Эжем жайнамаз тигип сатат. Эжем тигип берди.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2