* Кургатылган чайдын чамасын үйдүн ичине түтөтүп койсо үйгө чымын чиркей жолобойт жана үйдөгү майда микробдор жок болот.
• Таң эрте бир стакан таза сууну аз- аздан ичсе мээнин каны коюуланбай жалпы эле кан басымы бирдей абалда болуп жана башка зыяндуу оорулардын да алдын алууга болот.
• Күн суук болгондо койдун майын ысытып бутка сүйкөп алып андан соң байпак кийсеңиз бутуңуз кечке чейин үшүбөй жылуу жүрөсүз.
• Суук тийип сыркоолоп калсаңыз бир кашык балды 100 гр малина ширесине кошуп ичип алсаңыз тердетип суукту айдап чыгат.
• Беттеги сепкилди кетирүүгө лимондун ширеси пайдалуу.
• Саргарып кеткен тишти сууланган тиш щеткага 2-3 тамчы лимон маңызын тамызып жууса тиш агарат .Бирок бул ыкманы көп кайталоого болбойт, себеби тиштин эмалына терс таасир этиши мүмкүн.
• Жаңгак акыл-эстин, аң сезимдин жакшырышына чоң жардам берет. Жаңгактын жука кабыкчасын майдалап чайнап жеген адамдын уйкусу таттуу, сабырдуу жана болбогон майда нерселерге кыжалат боло берүүдөн арылат.Ошондой эле зат алмашууну калыбына келтирет жана ашыкча салмактуулуктан арылууга жардам берет.
• Картошканы куургандан мурда унга булап алса картошка даамдуу жана жегиликтүү болот, кууруп жатканда май аз чачырайт.
• Ачыган камыр колго жабышпас үчүн колду суу май менен майлоо керек.
• Сууга бышкан картошканы майдалап жиберип камырга кошо жууруса нан көөп жумшак бышат.
• Камырга майды көп кошсо оңой мене ачыбайт боорсойбой жайылып бышат.
• Унду элегенден кийин дароо жууруган жакшы, анткени элегенде ун кычкылтекке байып камыры жумшак болот, бышырганда да көөп жумшак бышат.
• Камырдын тузу кем болсо аз эле сууга же сүткө туз татытып камырга куюп кайрадан жууруп ийлөө керек.
• Пирожки, беляш, самсаларды суу майга теңме тең мал майын кошуп бышырган жакшы. Май көбүрүп кетпес үчүн ага бир чымчым туз салуу керек.
• Күрүчтү жууганда сууга 1-2 кашык туз кошсо күрүчтүн уну жакшы кетип майдаланбайт.
• Калган палоо, жаркоп жана башка тамакка бир баш пиязды майда туурап кошуп, жылытса алгачкы даамына келе түшөт.
• Палоого кабыгы аарчылган бир нече картошканы күрүчтөн мурун салып койсо палоо анча майлуу болбойт.
• Нанды капкагы жабык айнек, фарфор же эмал идишке сактаса көпкө катпайт. Идиштин түбүнө чийки картошка же бир аз туз коюп койсо нан көгөрбөйт.
• Жаңы бышырган нанды 1-2 мин ысык сууга салынган бычак менен кессе жука бөлүктөргө оңой кесилет.
• Жайкы ысыкта жалбырактуу жашылчаларды ачык сууга чыланган чүпүрөк менен ороп койсо жакшы сакталат.
• Пиязды унга оонатып туруп кууруса жылтырап, кыртылдак болуп күйбөй куурулат.
• Пиязды кууруганда майга бир аз шекер кошсо пияз кызгылтым тартып турат.
• Майды даки менен жаап дакинин бир учун муздак сууга салып койсо ысыкта да май эрибей турат.
• Тегерек жука кесилген пияздын үстүнө коюлган эт көпкө сакталат.
• Күрүчтү муздак сууга же муздак сүткө салса жакшы эзилип бышат. Күрүч туздуу кайнак сууда эзилбей бүтүн бышат. Күрүч бышып жаткан сууга бир нече тамчы лимон ширесин кошсо ак бойдон калат.
• Тоңуп калган пиязды үч саатча муздак сууга салып кое турса алгачкы калыбына келет да колдонууга жарайт.
• Сөөктүү мөмөдөн жасалган кыямды же компотту эки жылдан ашык сактаса сөөктөн ден соолукка зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат.
• Картошка бышкан сууга айнек, карапа идиштерди жууса жылтырап ого бетер көрктүү болуп калат.
• Эт майдалагычтан (мясорубка) эт өткөрүлүп бүткөндөн кийин аарчылган картошканы же каткан нанды өткөрсө эт майдалагыч жеңил жуулат.
• Эт майдалагычты отто же ысык плитада кургатсо бычагы жараксыз болуп калат.
• Тамакты бууга бышырганда сууга туз салса кайноо температурасы жогорулап тамак тез бышат.
• Камыр ысык сууга жуурулса камыры катуу болуп калат.
• Куймак менен боорсокту жаңы бышкан кезинде жеген жакшы.
• Тандырга жабылган жаңы ысык нандын бетине айран, каймак же чалынган жумуртка сүйкөп койсо нандын бети кызгылтым тартып, жалтырап көрктүү көрүнөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4