14- бөлүм
Тирилик өтүп жатты. Жанга 3,4 күндүн ичинде жолго чыгам деген Улан дагы 1 аптача кала турган болду. 1 айдан кийин той болот деген Жандын ата-энеси тойду 1 аптага алдыга жылдырды. Себеби бөрү эне ооруп калыптыр. Тоюнду көрүп өлөйүн дегенинен шашылтырышты. Жан бир нерседен абдан үмүт кылып жатты. Өткөн түнү түшүндө Улан келип алып кетип жатыптыр. Бул түшү өңүндө ишке ашпасын билсе да үмүт кылып жатты. Кеч асманга карап чындап келсе гана деп кайра аялы бар эмеспи тагдырым экен Алимге турмушка чыга берейин деп коёт. Эки жаштын жаш башына жакшы күндөр алыста тургандай. Мына мына бири бирибизге жеттик дегенде дагы бир мүшкүл түйшүк чыга келет. Улан антип минтип жүрүп 1 аптадан соң Жандын айылын көздөй аттанды. Жан болсо жакында болчу тоюна даярданып жатты. Бөрү эне каттуу дартка чалдыгып Айкүндүн үйүндө. Байкуш Жан кирип чыгып энекебайлап турат. Жаза басаң жалгыз башың керт кете турган жолду Улан басып өттү. Баякы Жан баскан кыркаларга чыкты. Дагы бир аз жол жүрсө тоо этектеп,айыл ичинен жетейин деп калат. Улан жолду жакшы билбегендиктен 4 күндө басып өтчү жолду 7 күндө басып өттү. Мынаки эми айылга да жетип келди. Айылда шаң шөкөт болуп жатыптыр. Кичинекей айылдын адамдары бир үйгө чогулуп тамаша күлкү курушуптур. Улан ошол тарап барып топко кошулду. Баары эки жашты куттуктап жатышыптыр. Улан бир кезде чуркап жүргөн жашы 6 дагыдай баладан эмне болуп жатканын сурады. Бала:"Атам жаңы апа алып келип жатат"-деп мурдун шыр тарты.
-Аа сен канча бир туугансын
-6 агам эжем дагы агам....
-Болду болду сен эң кичүүсү болосуңбу
-Жоок эки иним бар
-Жаңы апаңдын аты ким экен анан
-Жан ...Жаан атам айткан Жаан деп
Улан тике чачы тик туура Жан жок ата энеси алты балалуу кишиге бербесе керек ал эмес чыгар деп той болуп жаткан үйгө баш бакты. Төрдө бөрү эне,айланасы кыздар келиндер ортодо той ээлери. Улан айланасын бир карап кайра артка бурулду. Аңгыча:
-Улан деген үн чыкты. Жан Уланды көрүп кубанарын де ыйдарын билбеди. Улан үйгө кирип барды. Баары ошол жакты карайт. Жандын көзүнө тик карап
-Чындап турмушка чыгасыңбы?
Жан башын чайкады да
-Айлам жок деп ыйлап жиберди.
Улан Жандын колун кармады да "Мен Жанга үйлөнөм,аны бактылуу кылам "-деп кучактады. Анан
-Мага турмушка чыгасыңбы?
-Оо....ооба
Той уланды болгону той ээси Алимдин ордуна Улан болду. Той бүттү. Эки күндөн кийин бөрү эне жан таслим кылды. Жан менен Улан айылга сапар алды. Жандын ата энеси бата берип узатып кала беришти.
Аягы...
Калыжан кызы Бияна
УРМАТТУУ ОКУРМАНДАР ЧЫГАРМА ЖАКСА КЛАСС БАСЫП КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫП КОЛДОП КЕТИҢИЗДЕР....
Чыгармаларды окуган биздин окурмандар бүт улуу жана орто муундар ,жаштарыбыз дээрлик китеп бетин ачпай калышты,биздин максат китепти көп окуп дүйнө таанымы кең болсо дейбиз жаштарыбыздын,канчалык көп окуса ошончо алысты көрүшөт жана таза келечекти курушат...бар болуңуздар окурмандар!биз сиздерди жакшы көрөбүз...сиздер үчүн дайым кызматтабыз...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21