3-сезон 60 - БӨЛҮМ
(Акыркы бөлүмү)
Дасторкон үстүндө Үсөн, Айгеримди эркелетип манжаларын ачып, кармалап олтурган Зыйнаттын жанына келип, жата калып карындашын өпкүлөй берип минтти:
-Ыя апа, Айгерим экөөбүздүн чыпалагыбыз тең бүкүр, ээ?
-Ооба, бүкүр, бир туугансыңар да.
-Билесизби, папамдын чыпалагы да бүкүр, Асандыкы да бүкүр.
Зыйнат ичинен дем алып, оор улутунуп алды. Ай оңбогон гана Толкунбек э-э-й. Бирибиздин балабызды бирибизгe бактырган сендей да адам болобу?! «Эрге ишенгенче, эки босогоно ишен» - деп ошон үчүн айтышкан турбайбы.
Кийин Жайнагүл кийген тонду өзум кийип калбасам эле болду.
Yсөн жүгүрүп кирди:
- Апаке, машинага сал дегендериңиздин баарын салып койдук.
- И, жакшы болуптур, балам. Кийинип чыгып олтура бер. Сүрөтүңдү унутпа.
- Мен сиздин жаныңызга олтурайын да, апа?
-Жок, сенин машина жүргөндө эле уктамайың бар да.
Артына олтур.
«Вольво» асфальт жолдо зымырап баратты. Бирок баякы машина жүрөөрү менен уйкуга кетүүчү Үсөндүн оюна ырдын үстүнө ыр келип, өзүнчө эле толкундайт.
- Апа, ырдап берейинби?
-Ооба, ырда, дейт Зыйнат.
- Кайсы ырды ырдап берейин?
- Кайсы ырды ырдагың келсе, ошону ырда да.
Эне-бала бирде ырдап, бирде сүйлөп, токтобой жүрүп олтурушуп, Чолпон-Атага бат эле кирип келишти. Машинаны алыстан тааныган Асан үйүн көздөй чымын-куюн болуп кыйкырып жөнөдү.
- Сүйүнч-ү-ү! Сү-йүн-чү! Yсөн менен Зыйнат апам келатат! - деп дарбазадан атып кирип, атып чыкты.
Mашина дарбаза алдына жетип токтоор-токтобостон эле aр жактан Кына менен Жайнагүл көрүндү. Асан менен Yсөн болсо эчак эле кучакташып чырмалышып калыптыр. Машинадан түшүп жаткан Зыйнатка Кына мурун жетти. Анан бетинен өөп:
- Ой, балекетиңди алайындарым, кандай жакшысынарбы?
Эки бети албырган Жайнагүл менен Зыйнат кучакташып көрүштү.
- Силерди келет деп ойлогон жок элек. Жакшы болбодубу.
-Ден соолугуңуз кандай Жайнагүл Казиевна!
- Жакшы элемин.
-Кудая шугүр, жакшысыз го деги. Ойдо жок жерден эле бир кубаныч менен келип калдык.
-Кубаныч менен келсеңер эле болду. Yйгө киргиле.
-Киребиз, аяш эне! Yсөндү ырымдап коёсузбу. Же жакшылыкка ырым-жырымдын кереги жокпу? Бул жакка келишибизге Yсөндүн бир эмгеги түрткү болду. – Зыйнат Yсөнгө карады. – Жанакы сүрөтүң кайда?
- Машинада.
- Аны эмнеге калтырдың, алып кел бери.
Yсөн чуркап барып сүрөтүн алып келди.
- Мына, апа!
- Бул Yсөндүн эн биринчи бет ачаар эмгеги. Мына, боёгу да кургай элек. Карап көргүлөчү, эмнеге окшойт бул
сүрөт?
Бардыгы колдон колго өткөрүп карап калышты.
-Бала го ыйлап жаткан.
- Ооба, ыйлап жаткан бала. Мен Yсөндүн эмне кылып, кандай сүрөт тартып жатканын көргөн да эмесмин, кызыккан да эмесмнн. Yсөндү жумушчу кабинетте дегенинен кирсем, дароо сурөттүн бетин ары каратып айландыра койду. Мен жанына барып көрөйүн десем көрсөткүсү жок.
- Бул жөн эле сүрөт, апа, тим эле ойноп тартып жатам, көрбөй эле кой дегенинен болбой, сурап туруп алдым.
-Көрсөтүп! Болбосо кетпейм! – дедим оюн-чындан таарынымыш болуп. Үсөн менин«таарынам» деген сөзүмдөн
кийин гана сүрөттү кыйылып туруп мага сунду.
Сүрөттү колума алганда эле, көргөн көздөрүмө ишенбей маңдайымдан тер чыга түштү.
-Бул кайсы бала? Кимди тарткансың?
–десем кыңк-мынк этип жер тиктейт.
-Эч ким эмес эле бала?
Күлдүм.
-Эч ким эмес дегениң кызык экен. Бул баланын ыйлашына караганда кеп бар. Жөн эле ыйлаган баланы тарта бересиңби? – десем, Үсөнүм жашын сүртүп:
- «Өзүнүн мамасын сагынып ыйлап жатат-деп турса болобу? Yсөндүн сөзүн угуп бул сүрөт, сүрөт эмес эле өмүр бою көз алдымдан кетпей турган курч окуялуу жандуу трагедия сыяктуу сезилди мага. Ушундан кийин Yсөндү мамасын көрсөтпөй, мындан көпкө кармоого болбосун билип, дароо жолго чыгууга туура келди. Билесизби, Жайнагул Казиевна, эгерде кыл калемдин тилин билип түшүнгөн кишиге, Yсөн үчүн чоң ийгилик. Көрөсүздөр го, бул сүрөт, Yсөндүн чыгармачылык жолундагы алгачкы башаты катары түбөлүк сакталып калуучу эмгеги. Ошон үчүн өз ата-энесине алып барып өзүнчө бир белгилеп, ак жол каалап ырымдап коюуну туура таптым. Yсөн бул картинага өзүнүн энеге болгон балалык кусалыгын эн сонун берген.
-Ой, балекетинди алайын кулунум, бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү өтүп кетпей аман болсон экен. Жүрөктөн чыккан кусалык менен тартылган баланын энеге болгон сүйүүсүн башкалар мынчалык жеткире албас эле.
Жайнагүл айтаарга сөз таппай, Yсөндү өпкүлөп. - Баланын башынан суу тегеретип чачып жиберели үйгө киргизбей туруп. Карачы Толкунбектин жогун. Дароо түлөө өткөрүш керек эле, -деди Кына.- Туратты чакыргыла.
Yсөнгө арналган ырым-жырымдар жасальп, эт желип бүткөнчө түн кирип кетти. Эл тараганда Зыйнат кетүүгө камынып минтти:
- Yсөн дем алышка чейин калсын. Эртең окубайт, Бүрсүгүнү келип өзүм алып кетем.
Жайнагүл чочуп кетти:
- Эмнеге бугүн кетмек элең, кетээрсиң эртең.
- Жок, таякемдер күтүп жатышат. Аларга кайра эле келем деп койгом.
- Анда сени убара кылбай эле, Толкунбек келсе жеткирип берер.
Зыйнат башын чайкады:
-Жок, Жайнагүл Казиевна, өзүм эле келип алып кетем, Ушул кезде эки аялдын экөөнүн тең көңүлүнүн тынчын алган бир иш баякы эле Зыйнат менен Толкунбек экөө жөнүндөгү сөздүн ачыкка чыгалбай турган көйгөйү болуп турду. Оо, бир оокумда Жайнагүл минтти:
«Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» дегендей, ушул жерде айтышчу сөздү өзүбүзчө сүйлөшүп алалы. «Ичте балаа болгончо, тышта талаа болсун Зыйнатка, ичибизге кир сакташпагандай бололу. Мен жаман оюмдаТолкунбек экөөңдү бир үй-бүлө болуп, мурдакыдай эле чогуу жашашса дегенмин. Тураттын айтымында ал болбой калыптыр.
Чынынды айтчы Зыйнат, сен али жашсың. Мындан аркы ой-максатың, пландарың кандай? Мен көбүнчө сенин келечегиңе, анан Yсөнгө карадым эле.
- Туура айтасыз, али жашмын. Бирок жашмын деп турмуш курууну эңсеп, эр издеп, ар кимге тузак жайып чабыттагым келбейт. Төрөбөй да калдым. Төрөттөн калган аял үчүн эрге тийүү максат деле, келечек деле эмес го деп oйлоймун. Азыр менин алдымда бир гана максат бар. Ал болсо Yсөндү тарбиялап, күчүм канчага жетсе ошончолук окутуп, талантына талант кошуп адам кылуу. Азыр менин келечегим Yсөн болуп калды. Анан дагы сиз менен кептеш-кеңештеш болуу. Бирибизден бирибиз кол үзбей уулдарыбызды урумга, кыздарыбызды кылымга жеткируү. Сиз мени кечирип, тилегиме тилектеш болсоңуз болду. Бирок Yсөн жөнүндө дагы айтамын, ал түбөлүк сиздин бала. Мен мындан ары сиздин жүрөгүңүздү эч ооруткум келбейт. «Дос айрылат» экен, Жайнагүл Казиевна. Ошондуктан биз мындан ары дос эмес бир тууган болуп жүрөлү. Кандай дейсиз?
- Бир тууган болуу, албетте, жакшы дечи. Бирок сүйүү деген өлбөс-өчпөс ыйык деөлөт бар да!
Зыйнат жылмая күлүп койду.
«Толкунбекке болгон сүйүүңдү кантесиң?– дегени турасыз го. Менин ошол оту өчпөгөн азапттуу махабатымды баалап, жүрөгүмө туура түшүнүп кечирим кылган айкөлдүгүңүз, анан дагы Yсөн үчүн өз бактыңызды курмандыкка чалууга даяр турган энелик мээримиңиз менин бардык кудуретимди басып кетпедиби, Жайнагүл Казиевна!
-Ооба, акыры Yсөн үчүн бири-бирибизге туура түшүндүк окшобойбузбу. Болоор иш болду, өтөөр иш өттү.
Баарын сууга салып, өзүң айткандай бир тууган болуп жүрөлү эми. Биздин бул ынтымагыбыз «Ак ниет дос-тамыр, ага-тууганга суйүнүч, ичи тар көралбаган душманга күйүнүч болсун» дейбиз да.
Ошентип экөөнүн бири-бирине болгон ишенимдери артып, пейилдери агарып, маңдайлары жарыла кубанышып, орундарынан туруп, биринин колун бири кармап, мына, мына кучакташып жыгылышчудай болуп жадырай тиктешип турган кезде, Асан менен жетелешип кирип, энелерине бир маанилүү сөз айтчудан бетер Yсөн энтиге сүйлөп минтти:
- Апа, караcаңыз Асандын чыпалагы да бүкүр, менин чыпалагым да бүкүр, папамдын чыпалагы да букүр, Айгеримдин чыпалагы да бүкүр. Мамам менен апамдын чыплагы эле букүр эмес.
Жайнагүл Зыйнатты карады:
-Омей кокуй, эмне дейт тигил бала, эмне кызындын чыпалагы да бүкүр бекен?
Зыйнат кулдү.
- Ооба, ошондой «жышаналуу» кыз болуп калды.
- Тобо-о, «Шумдуктуунун төөсү жорго» демекчи, бул укмуш табышмак го?!-деп оозуна башка сөз кирбей Зынатты суроолуу тиктеген Жайнагүлдүн чатышкан оюн Жанат менен жетелешип кирген кайненеси бузду.
- И ботом, экөөң эмнеге эле кол кармашып мелтиреп калгансыңар тиктешип?
Жайнагүл күлө карап минтти Кынага:
- Биз Зыйнат экөөбүз, түбөлүк бир тууган болуп жүрөлү деп жатабыз.
- Ой, оозуңардан секет кетейин окшошкон Акылкара-чачтарым, «Ынтымак бар жерде ырыс бар. Ошентип карышкырча карашпай бир тууган болуп жүрөөр күнүңөр кайда. «Кол Кудайдын мөөрү» дейт ошол үчүн кол кармашып жаткан турбайсыңарбы!
- Аяш эне, айтканыңыз чын болсо, биздин колубузду өзүңүз ажыратып коюнуз, деди Зыйнат.
Кына келиндеринин кыса кармашкан колдорун ажыратып, экөөнү алмай-термей кучактап, беттеринен өөп, апкаара сүйлөп минтти:
-Бир туугандыгыңар кут болсун. Кудайым силерге узун өмүр берип, балдарыңар менен, балдардын атасы Толкунбек менен бактылуу өмүр сургүлө, алтындарым.
Баятадан бери энелерин үнсүз тиктеп турган Yсөн Кынадан минтип сурады:
-Ыя, чоң эне, мамам менен апам бир тууганбы?
-Ооба, бир тууган.
-А папамчы?- деди Жанат.
-Ооба, бардыгы бир тууган.
Aсан менен Yсөн үн алыша кыйкырып, секирип жатышты.
- Ур-а-а, мамам менен апам бир тууган турбайбы. Эми баарыбыз бир тууган болдук ээ, чоң эне?
-Ооба, бир тууган болдуңар балдарым!
деди Кына.
Аягы.
Автору: Зуура Сооронбаева
Мына ошентип «Чоочун киши» романы да аягына келип жетти.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат!
Баарыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!
Сиздердин көңүлүңүздөр деп болушунча аракет кылдык...биздин эмгекти баалап каалоо тилек айтып,класс басып коюну унутпаңыздар....мындан кийин кайсы чыгарманы кааласаныздар ошону таап киргизели... комментарий күтөбүз...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26