3-сезон 59– БӨЛҮМ
Турат менен Гүлүштүн жуучу болуп бөтөн эл, бөтөн жерден такыялуу кызга келгенсип өзүнүн ажырашкан күйөөсүнө токолдукка колун сурап келиши Зыйнаттын бир туруп күлкүсүн келтирсе, бир туруп турмушта болбогон, салтта жок жаңылыктай болуп туюлду. «Бирок кулак укса курсак кайнайт дегендей, канчалык өткөндө башынан кечирген кемчиликтеринин баарын өз мойнуна алып, Жайнагулдүн Yсөнгө болгон эмгегин жогору баалап турганы менен, бая күнкү Гүлүш айткан Жайнагүлдүн «Жалап карыса сопу болот» дегендей, тим эле «святой» болгонсуп момун болуп калыптыр. Бул сойкунун таштанды баласына ак сүтүмдү, адал эмгегимди берип чоңойтуп алып, эми ага аргасыздан кармата берип олтурам» деген сөзү жүрөгүнүн бир четинде сакталып кала берди. Ушундай уу сөздүн азабынан Чолпон-Атага да баргысы келбей калды.
Тураттар келип кеткенден кийинки күндөрдүн биринде, ошолорду ойлоп: «Баары бир шуркуя атым өчпөйт экен го» - деп көңүлү чөгүп олтурган кезде, Yсөн Зыйнаттын жанына келип минтти:
- Апа, Чолпон-Атага качан барабыз?
- деди Зыйнат Yсөндү алая карап, ачуулуу үн менен. – Эмне?!
- Барбайбыз. Эмне эле кечке Чолпон-Ата, Чолпон-Ата дейсиң. Чолпон-Атада суутуп коюптурбу?
Зыйнаттан мындай жагымсыз сөз угам деп ойлобогон Yсөндүн кулагына жaанын огундай тийди. Бала башка сөз айтпай, атып чыгып өзүнүн бөлмөсүнө кирип, кроватына
үстү менен жыгылды. Өкүрүп ыйлагысы келди. Өз жашына өзү ээ болбой солуктап ыйлап жатты. Санаага өзүн алдырып турган Зыйнат, жаңы эле өзүнө көнүп эне-бала болуп келаткан баласына катуу айтканын сезип, дагы баякыдай качып балекет кылбасын деген ойдо, артынан чыгып, баласынын үстүнө кирип, Yсөнду баса жыгылып жалынып жиберди.
Карабашымды чабайын каралдым, кечир мени!?
-Эмне үчүн уруштуң, ыя апа? - Өксөп жиберди.
- Өзүм капа болуп туруп, сага эмне деп айтканымды да билбей калдым. Экинчи андай болбойт, – эзилип уулунун жашка жуулган беттерин аймалап өпкүлөп жатты....
Зыйнат ошол эле күнү өзүнүн чыгармачылык иштери менен жүрүп, үйгө келип таякеси менен таженесинин чай ичип олтургандарын көрүп сурады:
- Тажеңе, Yсөн жокпу?
- Ал бала уктап жатып азырыраак эле турду, сүрөт тарткан бөлмөңөргө кирди го дейм. Бирок Ырыс Үсөндүн
эмне үчүндүр ыйлап жүргөнүн, сураса жооп бербей кирип кеткенин айткан жок.
Зыйнат Айгеримди көрүп жүрөгү дүпүлдөп кетти. Ал полдо жая салынган төшөк үстүндө оюнчуктарын туш келди ыргытып өзүн көздөй бой уруп, энесин көргөн чабалекейдин балапанынан бетер алы-жаны калбай талпынып жаткан кызын жерден көтөрүп алып кайра-кайра өөп, кайра-кайра жыттап-жыттап алды.
- Ойбо-о-й, сенин таттуулугуң ай! Ушундай да жагымдуу жыт, ушундай да сулуулук, ушундай да жакындык болоорун сенден билдим, Айгерим. Мен Yсөн байкеңдин сендей сүйкүмдүү кезин көрбөй калбадымбы. Вай, вай, ай, таттуу экенсиңер! Кайрадан өөп, кайрадан жыттп ордунаолтургузуп, Yсендү издеп жумушчу кабинетиве кирдк. Аа ошол замат Yсөндүн тартып жаткан сүрөтүн дароо, энесинен жашырып далдалай койгонун көрүп минтти
-Эмне Жайнагүлдү бүттүңбү?
- Бүткөн жокмун, апа, бул башка сүрөт. Корбой эле койчу. - Көрүүгө умтулуп бараткан Зыйнаттан жазгырып колу менен калкалай калды.
Yсөндүн сөзүн угуп Зыйнат түзөлүп тура калыт, уулун жалт карады. Ал ошол замат баласынын Толкунбектин көзүнө окшогон алагар көзүнүн жанары мөлмүлдөп, жашка толуп турганын көрүп жүрөгү болк дей түштү.
- Сага эмне болду?
- Эч нерсе болгон жок, апа.
-Мурдун шуу тартып, көзүн ала качты.
- Эч нерсе болбогонун ушулбу? Көзүңдө жаш, маанайың пас. Ооруп калган жоксуңбу? - Алаканы менен маңдайын басты.
-Жок, жок, ооруган жокмун, апа!
- Мага башкасын коюп, эмнеге ыйлап жатасың, ошону айтчы? Же болбосо жанакы менин бир ооз катуу сүйлөп койгонума капасыңбы? Андай болсо мени тирүүлөй өлтүрүүчү баласың го?!
- Жо, апа, ошол кенедей сөзгө таарынып жинди белем ыйлап. Билесиңби жана уктап калсам өзүмдүн мамам түшүмө кирбедиби.
- Э кокуй, түшкө да киши ыйлайбы? Деги жакшы түшпү?
-Билбейм, жакшы эле го!
- Айтчы?
Мамам экөөбүз кучакташып алыптыптырбыз. Мен анын көкүрөгүнөн жыттап, эмчегинен
өбөйүн десем эле кош үрпүнөн сүт дирилдеп агып кетти.
«Бол, бат эм, эмчегим ийип кетти» –
дейт мамам. Мен
улам бир эмчегин оозума салып, экөөнү алмай-термей ээмип жатам, ээмип жатам. Мамамдын сүтү ушунчалык жагымдуу да, таттуу да экен. Мамам айтат, мен сени аябай сагындым балам, сени эстей берип, сагынычтан саргайып, картайып баратам. Эмчи каралдым, эме түш дагы,-дейт мени бооруна кыса кучактап, мен да кучактадым. Сүттү эмип жатып аябай тоюп кеттим. Карасам оозумдан аккан сүткө көкүрөгүмдүн баары чыланып кетиптир. Сенин сүтүң дагы эле көп турбайбы дейм. Аңыча ар жактан Асанке экөөбүз мамамдын эмчегин талашып жатып, ойгонуп кеттим.
-Ойлоп жатсан керек маманды. Сүт түштө жакшы болот, балам. Мамаң да, өзүң да өмүрлүү болот экенсиңер.
Ак жалгайт экен. Жакшы түш көрүптүрсүң.
-Мамам да мен көргөн түштү көрдү бекен?
-Билбейм. Эмне, мамаңды сагындынбы?
Каргылдана үн катты:
- Сагынган жокмун. Бирок эмне үчүндүр көргүм келип эле, эстей берем.
- Сагынат деген ошол да.
Yсөндүн полго тып дей түшкөн көз жашын көруп Зыйнаттын жүрөгү сызыла түштү. –Жакында эле барып келдик эле, сагынып кеткендей бололек эле го. Бул бала мени
айлап эмес, жылдап көрбөй калса, Жайнагүлдү сагынганчалык сагынбайт го деп ойлоп кетти. Бет аарчысын алып Yсөндүн жашын сүртүп: «Болду эми ыйлаба!» дейин
десе, Yсөн:
- Апа, сиз ыйлап жатасызбы? - деп жалт этти.
Зыйнат өзүнүн ыйлап жатканын ошондо билип, көз жашын сүртүп:
-Билбейм, сен ыйласаң менин да ыйлагым келип кеткен го, балам.-Зыйнат ошол саамда эч нерсени ойлобой туруп эле, алиги Yсөндүн көрсөткүсү келбеген сүрөтүн колуна алып, бир демге дем тартпай карап туруп минтти:
-Алиги мага көрсөтүң келбей жаткан картинаң ушулбу?
Yсон көзүнүн кыйыгы менен бир карап алып оозу бош:
- Ооба,-деди.
- Өзүң тарттыңбы?
- И өзүм тарттым.
- Ким бул?
Көзун ушалай берип күңк этти.
- Бала. Мен муну жөн эле тарткан болчумун.
Yсөндү жадырай караган Зыйнат минтти:
- Бала экенин көрүп турам. Сен менден жашырып жаткан жоксуңбу, ыя? Чынынды айтчы, бул сүрөттү баштоодо эмнени ойлоп, кимди эстеп, кандай максат менен кыл калемди колуңа алдың эле? Аты эмне бул сүрөттүн? Бала дейсиң, мындай бала толуп жатат. Бирок бул чыгармадагы каарманындын турпатын, кимдигин кандай тушүнүүгө болот? Карачы?! Бул жөндөн-жөн эле ыйлап турган бала эмес. Менин көз карашымда бул бечаранын жүрөгүнүн түпкүрүндө уюп жаткан кумарлуу кусалыгы, арылбас арманы күчтүү го? Таланты ташып, көптү көксөп турган кашкөйлүгү, күчтүү болгону менен жаштык кыялга, учкаяк ойго жеңдирип, ой чабытын токтото албай турган кези экен. «Ала кушту атынан чакыр» дегендей бул эмгегиндин түбөлүктүү өз атын коё элек турбайсыңбы, ыя балам? Же «Бала» деген ат менен калтырасыңбы?
Баланын көздөрү ачыла түштү.
- Ыя апа, анда «Өзүнүн мамасын сагынып ыйлап жаткан бала» десе кандай болот? деди Yсөн чыйрала түшкөн ички сезим менен демиге сүйлөп.
- Эмне, эмне!? «Өзүнүн мамасын сагынып ыйлап жаткан бала» дейсиңби?
Зыйнаттын жүрөгү түрсүл согуп,
тула бою ысып кетти. – Ээ каралдым сен анда өзүңдү тарткан турбайсыңбы! Бул сүрөттүн атын, апа-сапа дебей эле:
«Энесин сагынган бала!»
деп кой. Бул толук буткөн сүрөтпү?
--- Жок, дагы бир аз иштей турган иши бар. Апаке! Мени кечирип коюңузчу, мамамды кээде аябай сагынып кетем.
Сиз жок болсоңуз сизди да сагынып турам, билбейм. – Эмне үчүн Зыйнатты таарынат деп коркконунан кечирим сурадыбы, же балким, чыны менен эле эне мээримин, эне жытын эңсеп кеттиби, бир кезде: «Апа-а-a!»
деп бир кусалуу үн менен серпиле түшүп, эки колу энесинин мойнуна ороло түштү. Зыйнат уулун бооруна кысты.
Эне-бала бирин бири жыттап, бирин бири өөп, өздөрүнчө эчтекеден эчтеке жок эле ботодой боздоп ыйлап жатышты Yсөндүн ыйы кусалыктын ыйы болсо, Зыйнаттын ыйы уулунун талантына таң берген кубаныч менен армандын ыйы болучу.
Зыйнат жумушчу кабинетине кирип кетээри менен, Ырыс өлөм-ата түшкү тамакка дасторкон жайып, кайнап жаткан шорпосун көрүп, отун тартып, эмелеки чаптаган Yсөн менен Зыйнаттын жакшы көргөн жашылча самсысын үзүп, тамак куючу кеселерин даярдап коюп күтө берип, жээнинин кечиккенинен артынан кирип, эне-баланын кучакташып алып ыйлап жатканын көрүп жүрөгү түшүп калды. Алаканын шак коюп кокуйлап жиберди:
- Кокуй, кокуй, эмне шумдук болуп кетти! Ой, айланайын каралдыларым, тынччылыкпы деги?
Тажеңесинин үнүн уккан Зыйнат селт этип, көз жашын сүртүп минтти:
- Коркпой эле коюңуз, бардыгы жайында, кубанычтан да адам ыйлайт турбайбы. Yсондүн тарткан сурөтүн көрүп толкундап кетиптирмин.
-Деги ошондой эле болсун. Эмнеси болсо да жүрөгүмдү бир түшүрүп алдыңар. Аял өзүн кармай албай, муундары калтырап: - Деги абышка экөөбүз силердин көз жаш, көкүрөк дартыңарды көрбөй өлөөр бекенбиз! Кудай пендем десе, оору-сыркоо, өлүм-житим, кайгы-капа дегендин эч бирин силерге жеткирбей бизге, абышка экөөбүзгө берcе экен. Балдарыбызды отоо чөптөй терип, биринин артынан бирин алган Кудай бизди албай койду го, Ак жолтой кары болуп силердин алдыңарга кетээр бекенбиз.
- Койчу тажеңе, зээнди кейитип антип айтпаңызчы.
Адам баласы алдыда кимди эмне кутүп турганын билбейт турбайбызбы. Деги жакшылык эле болсунчу, тажеңе. Бардыгы таякем экөөңүздөр ойлогондой болоор.
- Ырыстын артына шыпырылып түшүп кеткен жоолугун ондоп салып, бетинен өптү. Yсөн Ырыстын мойнунан кучактады.
Анан ичинен букулдап ыйлап кирди.
- Сага эмне болду? - деди Зыйнат.
- Таэнемдин сөзүнө ыйлагым келип жатат.
- Аа, балекетинди алайын бооруңдан. Бала болсо да баарын билет. Бул ушундай түшүнүктүү күчүк. Кой, андай-андайды жүрөгүңө жакын кабыл албай жур. Эр жигит кайраттуу, күчтүү болуш керек. Анан экөөңө карап көк самсы, шорпо кайнаттым, балам. - Кучактап бетинен өптү. –Бар эми жуун.
-Ойи-и-й, азыр биз самсы жейбиз!
Ырысты өөп-өөп алып, тышты көздөй учуп жөнөдү.
- Алтын эле кишисиз, ээ тажеңе. Кайсы убакта жетишип жасап жибердиңиз?
- Жасагысы келген киши жасайт да, балам. Yсөн экөөң кучакташып алып, бирдемеси өлгөн немедей ботодой боздоп ыйлап жатканыңарды көрүп коркуп кетпедимби! Аз жерден жүрөгүм кабынан чыгып кет жаздады.
Yсөн өлтүрдү мени, тажеңе.
- Тушүнгөн жокмун.
- Көрдүңүзбү тарткан сүрөтүн?
-Көрдүм чала-була. Жанакы ботала болуп ыйлап турган баланы айтып жатасыңбы? Ага анчалык эмнеге куйүп-бышып кеттиң? Сенде деле акыл жок ко дейм. Ошого да киши ыйлайбы?
- Кубаныч менен өкүнүч тирешип жатса ыйлайм да.
- Бул ыйың мага жаккан жок, балам. Жүргүлө тамак ичели.
-Ыя, тажеңе, деги Кудай Таала менин күнөөмдү кечээр бекен? Ойлоп олтурсам, баарын башаламан кылып аябай булдүргөн экенмин. Башканы кой өзүм тууган мына бул Yсөндүн шоруна калган да өзүм болуп жатпайымбы.
Булар ушунтип бүкүндөшүп жатканда Yсөн келип чест берип тура калды.
-Мына мен жуундум. Самсы жейбизби?
-Жейбиз, жүргүлө, - деди Ырыс Зыйнатка карап, болду эми, сен мындай эмес элең, женилип баратыптырсың. Өзүңдү токтотпосоң, болбойт. Кенедей баланын тарткан сүрөтүнө да ошентеби. Кубанган киши ыйлап кубанабы. «Эри жок катындаp албуут болот» деген чын окшойт.
Али жашсың. Тилимди алсаң, Жайнагүл өзү макул болуп кенендик берип жаткандан кийин, намыстанымыш болбой эле кайра тийип ал. Толкунбекти азыр да жаман көрбөйсүң.
- Эки аялдын сөзү Токтогулду көрүп дароо тып токтоду.
Токтогул колун жууп жатып минтти Yсөнгө:
-Бу таэнең бизге тамак бербейм дейби?
- Азыр бай, азыр, -деди Ырыс.
-Мына бул баланын өзөгүнө кан жүгүрдү го, эртен менен да эч нерсе ичкен жок эле.
- Эчтеке болбойт, таяке, эртең менен сут ичип алып кайра жаткан бул.
- Аа, ошондой де. Мен дагы..
Жайылган куру дасторконду көрүп, Ырыс аңкая түштү.
-Э ботом, самсы кана?
- Эмне, самсы бар беле? -деди Токтогул.
- Тандырдан чыгаары менен табакка салып дасторконго ороп койбодум беле.
- Койсоң турат эле го. Башка жакка койгондурсуң кара.
Бардыгы томсоро түштү.
-Эч ким кирген жок беле, ыя таята? - деди Үсөн.
Yйлөрдү карап чыгайынчы. – Үсөн Айгерим жаткан бөлмөгө кирип, дасторконго кабат-кабат оролуп, үстүнө Айгеримдин кичинекей курткасы жабылган табакты көтөрүп, кулүп чыкты.
- Быякта экен, таэне..
- Койгон жерин унутуп калып эле карайлап басып жүрөт, - деди карыя кабагы сустайып.
- Унутчаак болуп кеттим, жылуу турсун деп ороп койбодум беле, куураган жаным,-деди Ырыс.
Токтогул улутунуп алды.
- Бул энеңерди байкабасаңар, чындап эле акылынан aйнып баратат. Аа кайгы баш байкушум! Жылуу турсун деп өзү койгон жерин өзү унуту! Кана, алгыла, ыя Yсөн кандай самсы болуптур?
-Эн сонун, таята!
-Аш болсун, жегиле!
Yсөндүн алиги балекеттүү «Бала» жөнүндө тарткан сүрөтүн көргөн мүнөттен баштап, Зыйнатты ойдун үстүнө ой, санаанын үстүнө санаа басты. Өз башынан өткөргөн
өмүрүнүн урунттуу жерлерин буга чейин мынчалык эстеп, мынчалык өзүн өзү бушайманга салып көрө элек болучу.
Бирде Yсөндү эстесе, бирде Жайнагүлдү эстеп кыялы кымгуут болуп жатты.
- Тобо,- дейт өзү менен өзү сүйлөшүп,
- Неге Жайнагүл жөнүндө эмне үчүн терең ойлогон жок болдум экенмин. Кандайча бирөөнүн үй-бүлөсүнө боорум ооруп, аларды аяган жокмун? Сүйүүнүн күчүнө жеңдирип, Толкунбектин махабатына мас болуп жүрүп көзүмдү ыл басып, жантык жолду жаздым басып алып, келечегим кесилип, шорум шорподой кайнаганын анда мен түшүнгөн эмес
экенмин. Бирок кандай болгондо да менин кол жеткис бактым Толкунбек менен тубөлүк болбосо да алты-жети жылы чогуу эрди-катын болуп жашашым мен үчүн өзүнчө бир дөөлөт болду. Толкунбекке жетпеген бойдон калсам өмүр бою арманда журүп өтүп кетет элем. Бул менин жеңишим деп өзүм сыймыктанып кубанганым менен башкалардын бактысына түбөлүк балта болуп чабылган бойдон ара жолдо жалгыз кала бердим. Мындай барк-баасы кымбат, касиети күчтүү сүйүүнүн арты мен үчүн баштан-аяк трагедия болду. Жанакы Yсөндүн «Бала» деген сүрөтү мага көптү
ойлонтуп, көптү каңкуулай баштады. Эне үчүн мындан артык күнөө, мындан ашкан шуркуялык болду. Дагы бетим чымырабай кыйратып салгансып Yсөнгө ээ болуп, Жайнагүлдүн ашын ичип, тузун татып сыйын көрүп туу болуп берүүчү туң кызындай төрүндө олтурам. Ал ушуларды ойлобойт дейсиңби, түшүнбөйт дейсиңби. Түшүнөт, ойлойт.
Ойлосо да, сыр билгизбей зымпыйып, ичинен тынып Yсөн.үчүн кан жутуп олтурат. Ал эми Yсөнчү? Экөө эки жерде зарлап...
... Эртең мененки чайда Зыйнат Yсөндү карап минтти:
«Өзүнүн мамасын сагынган» баланын сүрөтүн буттүңбү?
- Бүттүм, апа!
Yсөндүн ушул сүрөтүнөн кийин, Зыйнаттын жүрөгүндөгү Гүлүштөн уккан, Жайнагүлдүн сөзүнөн улам кайт боло түшкөн ачуу сезими эсинен чыгып кетти. «Балам минтип турганда Жайнагулдү колдон чыгарганым Yсөндөн ажыраганым да. Мейли, айтса айткандыр, десе дегендир.
Жайнагүл үчүн өзүм ким элем баca! Карап туруп «Жакшылыкка жамандык кылып албайын», – деп ойлоп уулу-
на минтти:
-Yсөн, кийин, Чолпон-Атага барып келели.
- Эмнеге, апа?
- Мамасын сагынган баланы алып барыш керек да.
Yсөн күлүп жиберди.
- Мамамдын портрети бүтө элек да. Туулган күнүндө барабыз дебедиңиз беле?
- Бүгүн мына бул «Мамасын сагынган баланы» алып барабыз.
Yсөн алаканын чапкылап кыйкырып жиберди.
-Кудай, Кудай, мен өзүмдүн мамама барам! Ураа! Ураa!
Сөзгө Токтогул аралашты.
- Бул Yсөн экөөңдүн бир сөзүңөр мама, бир сөзүңөр апа!
Өзүбүздүн кыргызча эле, апа же эне дегенге болбойбу?
Кыргыз менен кылым бою чогуу жашап келаткан бир дагы орус баласын көрө да, уга да элекмин, өз эне-атасын кыргызча ата-эне, же апа деп сүйлөгөндөрүн.
- Макул таята, эсте болсун мындан ары.
-Тур эми кийин. Сүрөтүңдүн боёгу кургай элек болсо керек, абайла.
Ырыс күлдү.
- Эми баякы ботала болгон сүрөттү алып барганы жатасыңарбы?
- Ооба, көрдүнүз эле го. Сизге жаккан жокпу?
- Ой, билбейм шумүрөйүп, сексейип ыйлаган бала турат. Койчу кагылайын, ошол жакшы сүрөтпү?
- Сиз түшүнбөй жатасыз, тажеңе, бул Yсөн үчүн чоң жетишкендик. Бул деген жээниңиздин тырмак асты. Мунун өзү төлгө. Мындай сүрөт тартуу Yсөн эмес, Yсөндү тууган энеси менин оюма келбес эле. Карасаңыз мына бул картинаны. Кемчилиги болсо да, кенедей баланын жүрөгүнөн жаралып, кагаз бетине түшкөн бул сүрөттүн түбөлүктүү, өлбөс өмүрү бар экенин билесизби?
Ырыс бир демге тиктеп туруп күлдү.
- Капырай, ушул жакшы сүрөтпү? -деди кайталап сүйлөп.
Көңүлүндө бул ботала болгон баланын эмнесин мактап жатат? Ыйлап жаткан неме го. Yсөндү калп эле жубантайын дегени болсо керек, деп ойлоду.
-Сүрөттүн атын билесизби эмне экенин?
-Мен кайдан билейин.
- «Мамасын сагынган бала» экен.
– Аа, деди аңкайган Ырыс.
- Бул анда Yсөндүн өзү турбайбы.
-Баякы «Күйүттүү катын кошокчу» дегендей өз көйгөйүнөн жаралган таза чыгарма. Ошон үчүн «Мамасын сагынган баланы» алып барып, сүрөтүн ата-энесине көрсөтүп келейин. Балким, кыргызча ырым-жырым жасатыш керек болуп жүрбөсүн! Мен Yсөндү, үйүн эстебей, мамасын мурункудай ойлобой калды деп сүйүнүп жүрсөм, ичмекейи ичинде болуп кусадан куурап жүргөн бала турбайбы.
Yйүнө барарын уккан Yсөндүн кубанычтан көздөрүнөн от күйүп, айтаарга сөз таппай, жасаарга иш таппай аягынан чаң чыкты да калды.
668 -бет.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2