3-сезон 58- БӨЛҮМ
Турат канчалык аялынын сөзүн жокко чыгарайын деп Жайнагүлдүн таламын талашканы менен Зыйнаттын оюна
баякы Жайнагүл ооруканада жаткандагы өзүнө айткан
«Инфарктын өтө опурталдуу оору экенин билем. Кокустан кайталанып кармаса оңбой калдым го, Зыйнат. Ошондуктан сага айтайын дегеним, балдардын бирин эле эмес,
баарын сага тапшырдым, сени Кудайга тапшырдымь деген сөзү эсине түшкөндө жүрөгү зырп дей түштү. Тобо, жакшы санаалаш, жакшы жолдошпуз дегендер да бирин бири көралбай, биринин артынан бири кылапат сүйлөйт экен го деген ойдо, Гулүнү таңдана тиктеп туруп, бир оокумда минтти:
- Мен, Гүлүш, сени да, сен айткан сөз үчүн Жайнагүлдү да күнөөлөй албайм. Анткени мен анын эрин өз балдарына, өз аялына каратпай шуркуялык менен үйүмө киргизип алган болучумун. Анан мени кантип Жайнагүл мактап-жактап жакшы көрмөк эле. Эгерде, тескерисинче, Жайнагүл Казиевнанын ордунда мен болсом да, же Гүлүш сен болсоң да экөөбүз тең андан да күчтүү, андан да ачуу жаман сөздөрдү айтмакпыз, каргамакпыз. Ал тургай, андай бузулган аялдын өзүн эле эмес, баскан изин кетмендеп жатып эсибиз оомок. Ушул жерде сенин мага жакшаган бир кемчилигин, «айткан ушакчы эмес, айтып келген ушакчы» дегендей, жанакыдай сөздү Жайнагүл айткан күндө да, айтпаган күндө да, ошондой эскирип, эбак унутулуп калган сөздү жаңыртып, мага жеткирбей эле коюшуң керек болучу. «Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат, катындын ичине карабашыл киши батат» турбайбы.
Жүрөгүмдү оорутуп койдуң.
Yчөө тең унчукпай калышты. Жерден үн чыкса да, Гүлүштөн үн чыкпастан эки бети тултуюп, өңү өчүп турду.
Оо бир оокумда, башын салмактуу көтөрүп, жалооруй сүйлөп минтти:
Мени кечирип койчу, Зыйнат, куураган жаным байкабай эле, оюмда жаманчылык жок эле айта салбадымбы.
- Эмне келесоосуңбу, байкабай айта салгандай, -деди Турат, - байкап, ойлонуп туруп сүйлөш керек. Сен Зыйнат, капа болбой, кечирип кой бул келесоонун сөзүн.
-Кечирбегенде кайда бармак элем.
Турат ордунан туруп баратып минтти:
- Ыя, Зыйнат, сөз ушуну менен тамам болдубу же кабырган менен кедешип, дагы бир кайталап ойлонуп, акыл калчал көрөсүңбү?
-Жок, Турат, ойлоно турган эч нерсе жок, капа болбо.
- Өзүң билесиң, мен ар дайым сендикмин да, Зыйнат.
Эмнеге капа болмок элем. Бирок макул болсоң туура эле болмок. Кийин өкүнүп калбасан болду. Жайнагүл өзү баш болуп, энелери, бала-чакасы менен Толкунбек баары сен деп тургандан кийин жеңиш сеники эле болмок. Түшүнсөң Жайнагүл, сага өтөгөнчөлүк бул сыяктуу үлкөн эмгекти эч ким, эч качан эч кимге жасаган эмес болуш керек. Азыр
да сага, сенин балаң Yсөнгө каалаганы да, тилегени да жакшылык.
-Мен аны сен айтпасаң да билем, Турат. Тушүнөм баарын. Сен оюңда мен кайра Толкунбекке чыксам эле баары жайында болуп, акталып калат деп турасыңбы. Жок, аны менен эч качан акталбайт. Баарыдан мурда балдарыбыз менен өзүбүз аман бололучу. Тирүү болсок баары болот.
Yсөнүм үчүн Жайнагүл Казиевнага өмүрүм өткөнчө ыраазымын да, карызмын да. Үсөндүн эти меники болгону менен, сөөгү ошол Жайнагүл менен эле Толкунбектики.
- Биз кетели эми.
- Эмнеге кетмек эленер, тамак бышып жатат.
-Баса, Yсөн кайда, жана биз келгенде бир көрүндү эле, ошол бойдон эсимден да чыгып кетиптир.
Зыйнат эки жагын карады.
-Ай, Yсөн! Кайдасың?
- Ии, апа!
деди энеси экөөнүн жумушчу кабинетинен чуркап чыгып.
- Кайда жүрөсүң, байкең менен Гүлүш апаң кетебиз деп жатпайбы.
-Сүрөт тартып жатам.
Зыйнат күлдү.
- Аа, иштеп жаттың беле.
-Ооба.
- А сабакчы?
- Даярданганмын.
Зыйнат Турат менен Гүлүшкө карады.
-Биздин жумушчу кабинетти көрбөйсүңөрбү?
- Көрөлү.
- Баары чыгышты.
- Түү, укмуш го ыя кабинетиңер. Эмне тартып жатасың, ыя Yсөн көрсөтчү?
Yсөн аркасы менен калкалап тура калды.
Бүтө элекмин.
-Mейли бутө элек болсоң? Окууң кандай?
-Жакшы.
-Көрсөтүп кой эми, Турат баикең менен Гүлүш aпаң таарынып калбайбы, - деди Зыйнат. Yсөн уялыңкы, тартып жаткан сүрөтүнөн оолактай берди. Ал эми Турат менен Гүлүш Үсөндүн тартып жаткан портретин кызыга карап турушуп минтти:
-Мунуң аял го ыя Yсөн, ким бул?
- Өзүмдүн мамамды тартайын деп, такыр окшото албай жатам, байке. Мамам сулуу да!
- Hегизинен, анча-мынча окшоштугу бар экен. Азамат турбайсыңбы! Далысынан таптады.
- Апаңды тартып чоң сүрөтчү болосуң го ыя!? Бетинен өптү. Анан намиясынан бүтүн бир жүз сомдук кагазды алып чыгып балага сунду. –
Me, мына бул тартып жаткан сүрөтүңдүн көрүндүгү. Аман болсоң адам болот экенсин. Өмүрлүү бол.
-Жок, албайм байке, кереги жок.
Зыйнат уулуна карады.
- Ал, эмне үчүн албайт экенсиң, бул деген ырым болот, балам.
Yсөн акчаны кыйылып туруп акырын алды да, Туратка кулө карап жарк этти:
- Ырахмат, байке!-Анан дароо эле колундагы акчаны Зыйнатка берди.
- Өзүң албайсыңбы?
деди Зыйнат эмне дээр экен дегенсип.
-Мен акчаны эмне кылмак элем.
Турат Yсөндөн сурады.
-Yйүңдү сагынган жоксунбу, ыя?
- Асанды сагындым.
Турат күлдү.
- Асандын эмнесин сагынасың, жүрөт ал Жайнагулдөн таяк жеп коюп. Ал дагы мамасын коркута турган адат таап алыптыр. Бирдеме болсо эле, Зыйнат апам келсе, Yсөн менен кетип калам дейт экен. – Турат Зыйнатка көзүн кысып минтти. – Aсандан башкасын сагынган жоксуңбу?
- Өзүмдүн мамамды, чоң энемди, Жанат эжемди, баарын эле сагынып турам.
- Анда жүрү, мен ала кетейин?
-Окуум бар да.
Зыйнат күлдү.
-Туура айтат, окуусу бар да. Анан дагы өзүнүн мамасынын портретинде олтуруп жакшылап иштеш керек. Үсөн экөөбүз сүйлөшкөнбүз кайсы убакта бараарды. Буюрса Жайнагүл Казиевнанын туулган күнүндө барып калабыз.
Баятадан үндөбөй олтурган Гулүш Yсөнгө карап минтти:
-Сен өзүңдүн туулган кунүңдү билесиңби?
-Билем. Асан экөөбүз бир күндө туулганбыз. Биздики декабрда, ээ апа?
- Ооба, декабрда.
Уулунун сөзүн угуп 21-декабрдагы аяздуу түн көз алдынан бир тартылып өттү. Баякы ара жолдо толготуп калып, өз колу менен төрөткөн мээрман байбиченин чебелектеп, тынчы кеткен үнү кулагына угулгансып кетти. «Кой, кой, балам, биринчи төрөтү экен колуктуңдун. Ушул ит өлгөн суукта канын чубуртуп алып кетем дегениң кандай сөз, катыгүн. «Катын туутунан, ат суутунан бузулат». Сен төрөттү оңой ойлобо, балам. Кийин өкүнүп калып жүрбө катыгүн. Антпе». « Жок апа, машинанын ичи жылуу. Акырын жылдырып айдап, кете беребиз» -деди Толкунбек.
Анан үпчүлөп орогон кол башындай болгон наристени боорунан сууруп алып эшиктин тубүнө кое коюп, элтендей басып, кайра машинага жүгүрүп кирип олтуруп жатып, Зый-
натка карап: «Болду ыйлаба, үйдөкүлөр ырас жата элек экен» - деп от алып турган машинанын кандай ылдамдык менен чоң кара жолго чыкканын билбей да калды. Ошондо Зыйнаттын жүрөгү баласы менен кошо аяздуу түндө талаада калгандай болуп кан жутуп, ботодой боздоп ыйлап келатканы азыр эле болуп өткөндөй көңүлү караңгылай туштү.
- Эмне эле сүрөт тарткан үйүңөргө кирип алып чыкпай калдың баарың,
Ырыс эшиктен кирип, - мына бул
Айгерим деген Айдай кызды деле эстеп койсоңор боло!
Зыйнат тажеңесинин үнүн укканда гана ою чачыльп.
опкоолжуган журөгү ордуна келе түштү.
-Ой-и-й, Ырыс апамдын кызын эстебей биз күнөөлүү болгон турбайбызбы. Келчи Айдай кыз өөп коёюн.- Гүлүш колун сунса, ага карабай, ар жакта олтурган Зыйнатты көрүп, Ырыстын колунан учуп кетчүдөй талпынды.
- Жүргүлө, тамак ичкиле эми. Силерди кеткени жатат.дегенинен эле бирдемени чый-пый чыгара койдум. Эмне эле келгениңерден кеткениңер бат болуп калды. Деги тынччылыкпы?
- Бир чоң жумуш менен келгенбиз. Бирок болбой калды – деди Турат.
Зыйнатты күйөөгө берели десек, чыкпайм дейт.
- Ал эмне күйөө экен? Бизге деле айтпайсыңарбы.
- Иш жүзүнө ашпагандан кийин, анын эмнесин айтабыз.
- Ал кайдан чыккан күйөө экен?
- Кайдан чыкмак эле, баякы эле Толкунбек!
-Аялынын үстүнө алам дейби? А Жайнагүл макул болот бекен?
–Ооба, баары макул болуп, бизди жиберип жатппайбы.
- Мм, - деди Ырыс. Артынан кирген Токтогулга карап Абышка сен угуп жатасыңбы?
- Угуп жатам.
- Уксаң сен кандай деп ойлойсуң, туура болоор беле же болбос беле?
-Болоор-болбосун Зыйнат өзү билет да. Акыл үйрөткөндөй кичине змес. «Тон жылуусун ээси билет», байбиче. Өз тагдырын өзү чече турган кези. Ортодо бала бар деп, Yсөнгө эле карабаacа.
- Мына, таякемдин ушунтип айтаарын билгем. Бул сөздү козгобой таштайлычы тажеңе.
- Таштабаганда кечке эле ырдай берет дейсиңби. «Кулак укса курсак кайнайт дегендей, Толкунбекти угуп бүйрүм кызып кетпедиби. Чынында Толкунбек жаман балабы?! Аял үстүнө баргың келбейт да, болбосо «Адашкандын айыбы жок, кайрып үйрүн тапкан сон. дегендей, ортодо чолпондой болгон балаңар турат, жакшы эле болмок.
- Жок, тажеңе, болбойт. Мен «токол» деген сөздү бала кезимден жек көрчүмүн. Билип турам, Жайнагүл деле Yсөн үчүн айласыздан ушул ишке барып жатат. Болбосо, чолпондой болгон жаш аял, кантип эле үстүмө аял алдырайын десин. Бардыгы барып эле Yсөн үчүн болуп жаткан apгасыздын иши да. Турат менен Гүлүшкө айтып жатам, дегеле мендеги баласы үчүн Жайнагүл эч бир камтама болбосун. Мен Yсөндү алардан алыстатып эч жакка алып кетпейм. Yсөн алардын баласы, «Ат айланып мамысын табат дегендей, учаар уясы, коноор тууру акыры ошолор...
Көптөн бери Зыйнат жөнүндө Жайнагүл менен Толкунбектин жүрөгүндө ачыкка чыгалбай туюк жарадай болуп жүргөн сырдын алгач ачылыш себепчиси, республикалык газеталардын бирине чыккан бир статья болуп чыга келди. Диванда жаңы келген газеталарды карап жаткан Толкунбек, бир маалда башын көтөрүп, жайнагүлгө минтти:
- Билесиңби, Жакин, баякы догдур Сыдыгаалы токол алыптыр эй. Тобо, эки аял алуу мода болуп баратат.
-Сенин деле эки аялың бар да,-деди Жайнагүл.
-Ажырашкан аял эсепке кошулмак беле?
- Эсепке копшулбаса кошуп койбойсуңбу?
- Кантип?
-Зыйнатты кайра алсаң эле, эсепке кошулат деген ошол.
- Какшыктайсың ээ!
- Какшыгы жок эле чынымды айтып жатам. Ырас эле Зыйнатты ал, Толкунбек. Мен үчүн эмес, Yсөн үчүн! Түшүнүп жатасыңбы? «Бал кудукту тапкан да сен, таткан да сен дегендей, бардык балекеттин башын баштаган сен өзүң болчусуң, эми аягына да өзүң чык.
Толкунбек Жайнагүлдүн сынап айтып жатканын, же болбосо чыны менен айтып жатканын билбей, аялын күлө карады. Ал көңүлүндө: «Эгерде, Зыйнат менен кайра баш кошуп калсам каймакка куймак куйгандай эле иш болот эле» деген ойдо, бирдеме айтайын дегенче болбой тыштан Кына кирди.
-Жакин, кудагый чалып жатат. Алчы, балам!
-И, жетиптирби. Ырас эрте жеткен экен.
Жайнагүл телефонго чыгып кеткенден кийин Толкунбек энесине минтти:
- Ыя, эне, бир кызык сөз болуп жатат.
- Кызык сөз?! Кандай кызык сөз?
- Зыйнатты кайра ал деп жатат да келиниң, мен үчүн эмес Yсөн үчүн деп. Бул жөнүндө сизге айткан жок беле?
- Ой, айласы кеткен байкуш келиним ай, айткан.
Yсөндөн ажыраганына өлөрүн санап жүрөт. Жүрөк ооруну да ушундан таптыбы дейм. Деги өзү аман болсо экен. Кокустан Зыйнатты алып кала турган болсоң экөөнү тең бирдей көрүп, бирдей кармай алаар белең?
- Элден мурда ошол келиниңиз макул болобу десең.
- Баласы турганда макул болбой кайда барар дейсиң. Кеп сенин өзүңдө, балам. «Эки катын алганга, эптеп айткан сөз керек, эки кабат бөз керек» деген сөз бар.
- Өзүмдө кеп болгондо, кандай деп ойлоп жатасың? Же болбосо Зыйнатты алсам эле, ошонуң үйүнө биротоло кирип берет деп ойлоп жатасызбы? Жайнагүл менен эле чогуу болом дечи. Бирок өзүң айткан сөздөн да, бөздөн да мурда уят ко, кайнене, кайын журт эмне дейт. Баякы Толкунбекти дагы Кудай урган экен дешет го.
- Тумар макул болгон, кайындарында кеп жок. Түшүнүшөт да.
Жайнагүл үйгө кайра кирип келатып кайненеси менен күйөөсүнүн сүйлөшүп жаткан сөзүн угуп, сөзгө дароо аралашты.
-Зыйнат казакка кетип калабы деп, өңүң эмес, түшүңдөн да чочуп жүрдүң эле, өз бүлөндү Кудай Таалам өзүңө буюрган экен акыры.
Ушундай сөздөн кийин Турат менен Гүлүштү чакырып кеңешип олтуруп, Зыйнат жөнүндөгү сөздү айтышты. «Yсөн тургандан кийин туура эле болот» деп бардыгы макул болушту. Ал эмес мурда эле ушундай кылыш керек болучу деген да сөздөр айтылды.
Тигилердин сөзүн угуп олтуруп, бир убакта Гулүш минтти:
-Дегеле ылайым айтканыңар келип, ошондой эле болсо экен. Илгери бирөө кыз узатып, ыйлап жатышса, бир тиешеси жок эле айылдаш бөтөн адам ыйлап жатат дейт.
Аны көрүп үй ээси: «Эй, адам, биз го кызыбыз кетет деп ыйлап жатабыз, а сен эмнеге ыйлап жатасың» десе тигил киши: «Силер кетет деп ыйлап жатсаңар, мен кызыңарды кайра келет деп ыйлап жатам» -деп жооп берген экен. Анын сыңарындай, Зыйнат Толкунбекти угалбай, күтүп тургансып эле макул болот деп ишенип жатасыңар.
Деги өпкөңөрдү өрөпкүтпөй кое тургула. Биз барып айтканда эле Толкунбекти угуп сүйүнүп кетээрин бир Кудайдын өзү билсин. А дегенде байкап көрөлү айтып.
Турат аялын алая карады.
-Сен оозуңа келгенди оттобой жөн олтурчy. Кече эле Толкунбектин артынан томолонуп жүргөн ушул эле Зыйнат эмес беле, же ал башка Зыйнат беле? Макул болот.
Макул болбосо Yсөндү алып кетебиз дейбиз.
- Э жоок, жок, андай болбойт, - деди Жайнагүл, Үсөн жөнүндө дегеле сөз болбосун. Балким, Гүлүштүн айтканы бир эсептен туурадыр. «Аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар» дегендей, эптеп эрге тийип күн көрүп жан багайын деген көп аялдын бири эмес да Зыйнат. Буга туура түшүнүп, туура баа бериш керек. Эмнеси болсо да бара көрөсүңөр да, - деген болучу Жайнагүл.
Бирок баякы эртеки бирөө айткандай, «Өбөөргө жок элем тебээрге болдум» дегендей, бир кезде Толкунбектен
ажыраса, өлөрүн санап, көрбөй калса көксөп, сагынчтан сары оору болуп туруучу 3ыйнаттын мынчалык өзгөрүп кетээрин Толкунбек да, Зыйнат өзү да ойлобосо керек. Толунбек Зыйнат менен өткөргөн махабаттуу күндөрдү көз алдынан өткөрүп, анын: «Сенсиз мага өмүр да, жашоо кызыксыз» деген сөздөрүн эстегенде, кантип эле мени кыйып, башымды аттап кетсин деген үзүлбөгөн үмүт жүрөгүндө
ойноп турган болучу.
Турат келгенде эле Толкунбек иш ордунан чыкпaй калганын дароо билди. Артынан Кына менен Жайнагүл кирди.
- Эмне болду, ыя Турат балам, Зыйнат бар бекен үйүндө?
- Ооба, үйүндө экен аяш эне. Бирок биз каалаган иш ордунан чыккан жок. Бир сөз менен жыйынтыктап айтканда, ал келиниңиз, «Жайнагүлдүн жүрөгүн мурда оорутуп иттик кылганым да жетишет. Эми экинчи жүзүкаралыкка баралбаймын», -деди. Yсөн жөнүндө эч кимиси эчтеке ойлобой эле коюшсун. Ал Жайнагүл менен Толкун-
бектин эле баласы. Мен Yсөндү убактылуу алып жүргөнүм эле болбосо - түбөлүк коноор тууру, учаар уясы ошол үй. Мен алардан эч качан кол үзбөймүн. Жайнагүл Казиевнанын туулган күнүндө Yсөндү алып өзүм барамын., -деди.
Баса аяш, Yсөн сенин портретиңди тартып жатыптыр.
Чын эле менин портретимди тартып жатыптырбы?
деди Жайнагүл.
- Ооба, өз кезүм менен көрдүм. Ишенбесеңер Гүлүштөн сурагыла.
-А баса Гүлүш кайда?
-Жолдон үйгө барам деп түшүп калды.
-Деги окшойт бекен мага?- Жайнагүл күлдү. –Зыйнат жардам берип жатса керек.
-Жок, жок, Зыйнат жардамдашайын десе да болбой коюптур. «Өзүмдүн мамамды өзүм тартам» — Тил албаганынан тим койдум окшосо да, окшобосо да тартып бүтсүн деп. Кайсы кыргыздын баласы жети жашында портрет тартты эле. Бул кийин өзү үчүн чоң документ болот,- дейт Зыйнат.
- Алдыңа кетейин, каралдым «Менин өзүмдүн мамам» дегени сонун да баарынан. Ошол Yсөнүм үчүн Зыйнатка жармашпадым беле. Намыстуу бейбактын сыртын салаа-
рын билген жокмун да.
-Бир эсептен аныкы да туура. Сага деле, Толкунбекке деле тушүнүп жатат. Айттым го, Зыйнат өзгөчө, Жайнагүл cага ыраазы экен. Баламдын багы болсо, ошол «Өзүнүн
мамасы» аман болуп, ак сүтүн актаар бекен деп тилеп олтурат.
Тураттан Зыйнаттын айткан сөзүн угуп «Чагым өлтүрөт, мактоо жеткирет» дегендей, Жайнагүлдүн көзүнөн жаш ыргып кетти.
- Деги окуусу кандай экен? Бакчада эле шар окуп, шар жазып калган. Программасы оор дейт. Башы жетип окуп кетсе эле болду.
- Беш менен окуп жатыптыр. Сүрөткө да аябай берилип алыптыр. «Өзүмдүн мамамды сагындым» десе, Зыйнат, сагынсаң Турат байкен менен барып кел. Көп болсо бир-эки күнү окуудан калаарсың десе болгон жок.
–« Окуудан калам да, мен сиз менен барам апа» –десе, эс кирип калан экен деп ичимден ыраазы болуп калдым.
- Акылыңдан балакетин алайын. Ал тирүү жүрсө адам болот.
-Ансыз деле айтат экен өзү, мен Ван Гокдой, Мотистей, Суриковдой, Леонардодой болом деп.
- Ван Гокдун богун жейт бекен. Андай атагы ааламта белгилүү болгон адамдарды коюп, өзүнүн апасы Зыйнатка окшоп кыргыз элинин төбөсү көрүнгөн сүрөтчүсү болуп элек аман жүрсүнчү тантыган акмак. Аны менен тең Acан мурдуң кайсы десе оозун көрсөтөт.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2