5-БОЛУМ
— Апа, алып келүүгө болот дейт агам.
— Анда айтып кой уулум, бүгүн атасы менен кеңешүүгө болот.
— Апа! — деп тура калды Акберди, берки экөө аны таңгала карап туруп калды, — Атам макул болбойт!
— Эмнеге уулум, андай эркин өскөн кызыл гүл уулуна жакса неге каршы болсун?
— Апа, мен атамды жакшы билемин, — деп Акберди Аруужаздын үйүнүн сырткы көрүнүшүн көз алдына келтирип алды, — Ага өзүндөй чыкчырылган байлар жагаарын билемин, Аруужаздын ата-энеси ага жакпайт, колунда жокторду киши ордуна көрбөсү белгилүү го?
— Жо-жок балам, силер каалаганды жасайт, сен улуу болгондуктан үйлөнүшүң керек, анан Мырзага кезекти бересиң, ал дагы бой жетпедиби, — Тоту күлүп ордунан туруп уулунун жанына келип чачтарынан сылап жаагынан өөп ойлуу, — Мен аны көндүрөм, кыз сага жакса болду, — деди.
— Чын элеби апа, ал анан тиги досумдун же тигил чоңдун кызын аласың деп мени түпсүз капаска камабайбы?
— Бул эмне дегениң уулум, сен кабатыр болбой тамагыңды ич да жатып эс алгыла, мен атаңдын келишин күтөм, — деп туруп кетти, Мырза менен Акберди тамактанып алып өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти, Тоту абдан ойлонду, күйөөсүнүн сырын жакшы билгени менен ал уулун жубатып койгонуна кыжаалат болуп турду, чынында бир жолу экөө отурганда Акбердини үйлөнтүү керек экенин сүйлөшүп отурганда: «Тоту, Акыга бир жакшы кыз таптым, коргоо министринин уулу, экөөбүз бир аз сүйлөшүп калдык, кызы чет өлкөдө окуйт экен», — дегенде Тоту: «Койсоңчу атасы, Акынын сырын билесиң го, өзүнө жакпаган нерсеге өмүрү макул болбойт, өз ыктыярына койсоңчу», «Көп сөздү кой, анын артында көп нерсе жатат, акылсыз балаң түшүнсө өйдөлөгөндөн өйдөлөп өкмөткө чейин жете алабыз, окуусун бүтсө бир кызмат турат ага, калганы ошол колдоочулардын колунда экенин түшүндүрчү балаңа, биз экөөлөп бийликти көздөй кол сунсак болбойбу», — деп корсулдай туруп кеткен: «Демек Акы туура айтат, атасынын ою такыр башка, мен ал кызды көрүп келүүм керек, эгерде ошондой уулум жактырчу кыз болсо сөзсүз алып берем», — деп ойлонуп Акматка айтпай турууну ойлонду. Эртеси ал Мырзадан дарегин сурап алып кызды көрүп келүүгө такси менен барды да акырын эшигинин алдына барды, короосу тозулбаган эки бөлмө времянканын алдында очок, анын жанында тактайдан коюлган үстөл, ары жакта кир жайган керме, чөөгүн менен суу куюлган эскилиги жеткен бочкадан бөлөк эч ким жок эле. Ошол учурда үйдөн колуна чара көтөрүп чыгып келе жаткан Аруужаз аны көрүп чоочуп кетти.
— Сиз…
— Кызым, бул үйдө турасыңарбы? — Тоту кызды көрүп көңүлү жайлана түштү, Акбердиге ылайык деп дароо ойлоп ийди.
— Ооба, сиз кимсиз?
— Мен сенин ата-энең менен таанышканы келдим эле, үйдө бирөө жарым барбы? — Жылмая жооп күттү.
— Мм, атам бар эле, бирок ал ооруп жатат.
— Сууктап калгандыр?
— Жок, көптөн бери төшөктө…
— Кудай сактасын, жакшы болуп кетсин кызым.
— Рахмат…
— Кирсем болобу? — деп жылмая карады.
— Кечирип коюңуз, үйгө кириңиз, — деп Аруужаз калдастай түшүп кызарып кетти, анан жол бошото үйгө колун жаңсады, — Кириңиз, — деп алып: «Балким Мелистин апасы болуп жүрбөсүн, атайын жиберсе керек, анда ал мени сүйөт, анда эмне кылам кудай ай, үйдө нан да жок эле, апам келгиче эптеп каткан нанды жеп отурганыбызды билсе каршы чыгат го, неге биз мындай абалда жашайбыз, апамдын тапканы атамдын дары-дармегине кетип эптеп жашап жатканыбызды билсе баш тартат, итке минген кедейдин кызын ким эле баласына алып бере койсун», — деп ойлонуп кетти. Болотбек улам кусуп зорго жаткан эле, Тоту кирип ага:
— Жакшы болуп кетиңиз, — деди.
— Кудай жалгасын, сиз кимсиз? — Зорго сурады.
— Сиздин ооруңуз кайсы жерде?
— Өпкөдө карындашым, күнүм бүтүп бара жаткан сыяктуу, — Ыкшып жөтөлүп кирди.
— Андай дебеңиз, ооруну сакайтса болот байке, — Тоту сыңар тизээлей анын жанына отурду, — Врачка көрүндүңүз беле?
— Ооба, жатканда көп акча керек экен, ансыз дагы балдарымды окутпай аялымдын тапканы менен күндүк өмүрүмдү сактоого кетип жатат.
— Макул эмесе, бир себеби табылаар, мен кетейин байке, буга дары-дармек алдырып алыңыз, — деди да кошелогунан акча алып жаздыгынын алдына койду, ага нан ооз тийгизмек болуп келе жаткан Аруужаз аны босогодон каршы алды:
— Чай, ичсеңиз болмок, кетип жатасызбы?
— Кийин ичээрбиз кызым, баса атың ким?
— Аруужаз…
— Атың да, өзүң дагы жарашкан аруу кыз экенсиң кызым, апаң качан үйдө болот?
— Үйдө болбойт го…
— Неге, эс албайбы?
— Жо-ок, жумушу көп го…— Эмесе эртең келем кызым, апаң бир күнү үйдө болсунчу, — деди да кызды мээримдүү карап жөнөп кетти, такси күтүп турган жерге келип акырын үйүнө келди: «Кандай гана кыйын ээ, ошол турмушта жашап күн көрүп жатышканын кара, балдары окубай калыптыр, демек оорусу күч, жардам берүү керек, болбосо Акмат эч качан жардам бербейт дагы макул болбойт», — деп ойлонуп, адегенде тааныш врачка чалды, аны менен сүйлөшүп коюп, эртеси врачты ээрчитип барып Болотбекти көрсөтмөк болду. Аруужаз аны узатып үйгө киргенде Болотбек алсыз:
— Кызым, бул аял ким? — деди.
— Билбейм ата.
— Жаздыктын алдын карачы.
— эмне болду? — Аруужаз суроо менен бирге жаздыктын алдынан миң сомдуктан бети сууруп чыкты, — Бул эмне ата?
— Дары-дармекке деп таштаган, канча экен?
— Беш миң…
— Ошончо таштаган аялдын бир максаты бар го дейм?
— Кандайча?
— Менин бир карындашым он жашында жоголуп кетти эле, ошолбу дейм бул, өзүн айта албай ушинтип жардам бергиси келип жаткандыр? — деди Болотбек, — Эгер ал болсо кандай кубаныч, апам менен атам Зейнептин азабын тартып жүрүп көзү өтүп кетти, — Көзүнө жаш алып онтоп алды, — Байкушум тирүү экен да, айта албай кетти окшойт, жашообузду көрүп дагы капалангандыр.
— Эмне болуп жоголду эле ата?
— Ойноп жүрүп эле жоголуп кеткен, таппай отуруп калганбыз, биз андан түңүлүп калганбыз, быйыл туура кырк үчкө чыкмак тирүү болсо.
— Сүрөтү бар беле ата?
— Самат акеңдикинде болуу керек, эски альбомдо жүргөн.
— Эгерде көрсөм тааныйм, — деп Аруужаз ишенип калды, адегенде дүкөнгө барып эт аш алып келип атасына ысык тамак жасап берип, инилери болуп бир тоюнмак болуп отурушканда Каным келди, ага болгонун болгондой кылып айтып беришти, ал дагы чарчады, өзү дагы эс алмак болуп турган, кечки ысык тамакка тоюнуп жатып калышты, эртеси үйүн жыйнап Аруужаз өзүнчө бирөөнү күткөн өңдүү, атасынын айтканына ишенбей: «Ал Мелистин апасы болуусу мүмкүн, ал атайын жиберген чыгар, анткени мени сүйүп калган, ошол үчүн апасын мага жиберген», — деп өзүнчө кудуңдап жүрдү, бир кезде унаа келип токтоп, андан Тоту менен эки адам түштү, биринин колунда врачтын аппараты жүрөт:
— Кызым, атаң дуруспу? — деди ал карап туруп калган Аруужаздын жанына келип, — Апаң үйдөбү?
— Ооба, апам үйдө.
— Жакшы, — деп койду Тоту, ээрчише алар үйгө кирип дароо эле Болотбекти көрүп анан врач:
— Оорунун жеңил түрү экен, айыктырса болот, аракетти жасоого болот, — деди.
— Эң сонун, анда азыр эле ооруканага алып баруу керек, кечиктирүүнүн кажети жоктур, — деп айткан Тоту өзүн таңгала карап турган үй-бүлөөнү бир карап алып өзүн ыңгайсыз сезип кетти, — Кечиресиңер сиңдим, мен өзүмдү тааныштырбай эле…
— Эчтеке эмес дечи, — деди Каным тартынгандай, — Аргабыз кетип көздөн кар учуп калганда кол учун сунган адамга таңгалып да ишенбей да турабыз.
— Менин атым Тоту, кайрымдуулук фондунда иштейм, — деди Тоту өзүнүн кесибин айтып, атайын жардам берүүгө келдик.
— Андай болсо сизди кудай жалгасын, ылайым балдарыңыздын урмат-сыйына татыңыз, — деп Каным кубанып кетти, муну уккан Аруужаздын дагы кубанычы койнуна батпай турган менен: «Мен Мелистин апасы экен дебедим беле, көрсө кайрымдуулук фондунан тура», — деп сууй түштү. Ошентип сырдуу мүнөттөр өтө берди, Болотбек акырындык менен сакайып бара жатты, үйүнө күн алыс тамак-ашты Мырза менен Акберди жеткирип берип турат. Тоту алардын жашоосун көрүп аябай боору ооруду, чынында эле өзү абдан боорукер, көзү менен көргөндөргө ар дайым жардам берип келет, Акмат болсо тескерисинче: «Ар кимдин маңдайына жазылган тагдыры бар, менин ата-бабам башынан бардар болчу, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, киши арыгын сактасаң башың кандайт деп адамга боор ооруп болбойт», — дечү. Анын бир марттыгы Мырзаны өз баласындай кабыл алганы болду, себеби аны баласы үчүн жасады, чыны андан эчтеке аяган жок. Алар Болотбектин дары-дармеги бүт төлөнүү болуп Каным жыргап эле калды, тапкан акчасына аздап балдарына кийим-кече кылып, Аруужаздын да өзүнө жакканын кымбатынан болбосо дагы арзандап сатып берип тамак-ашка дагы кенелип калды. Бир ай дегенде Болотбекти үйүнө чыгарып келишти. Өңү азып калганы менен табити жакшырып кадимкисиндей болуп калыптыр, Тоту аны менен токтогон жок, киши жиберип үйүн оңдотту да ичине мебелдерди жөнөтүп алардын жашоосун бир аз оңдотту, ошондон кийин бир күнү азык-түлүк менен бирге кийим-кече Аруужазга атайын өзүнчө беш-алты сыйра кийим-кечени салып жеткирип койду да Акматтын келишин күттү, ал ошол күнү абдан кеч келди:
— Күтүүдөн картайып бара жатам, кызмат деп жүрүп үйүңө келчү жолду унутасың го Акмат, — деди Тоту.
— Байбиче, иш ошондой да, бу саясатчылардын азабынан үйгө түнөбөй калдык го, — Акмат чарчагандай үн катты, — Эт менен челдин ортосунда гана жүрөм, мага саясаттын кереги эмне, кызмат ордум болсо болду деп жүрсөм ар кимиси ар кайсыны айтып арга жок аралаша коюп иш көбөйүп бара жатат байбиче.
— Мен сени менен Акы жөнүндө сүйлөшсөм дедим эле.
— Эмне болду ага?
— Эчтеке, аны үйлөнтүүбүз керек го атасы?
— Үйлөнөм десе үйлөнсүн, Бекматка айтамын да барып кызын көрсөтөбүз.
— Акмат, сен балаңдын оюн угуп көрсөңчү.
— Неге, менин оюма каршы чыгабы?
— Балким сүйлөшкөнү бардыр…
— Сүйлөшсө сүйлөшөйүн, үйлөнөр ою барбы анын?
— Ошондой шекилдүү…
— Кам санаба байбиче, Акымды каалаган кызына үйлөнгөнгө уруксат берем, — деди Акмат чын дилден аялына карап, — Башкысы менин төрүмө отурганга татыктуу адам болсо.
— Акмат, адамдарды антип басынтпасаңчы— Байбиче, мен минтип эл үстүндө иштеп кадыр-барк тапкан адам болсом анан кайдагы бир жөнөкөй немелер менен дасторкондо отурсун дейсиңби, бул деген калыстык эмес, — Акмат аялына карап сөөмөйүн эки жакка кыймылдатты, — Бул менин кудай берген бактым, аны эч кимге шериктеш кылгым келбейт, мартабасы меникинен бийик болсо кем болбогон, байлыгы мол адамдар менен тең тайлашкым келет, ал турсун Мырза дагы эсинде болсун, ал менин тилимден чыкпашы керек! — дегенде Тоту.
— Акмат, сен жүрөк каалоосун унуткан жоксуңбу? — деди акырын.
— Байбиче, азыркы заман жүрөктүкү эме-ес, байлыгың болсо адамсың, болбосо бир адам кейпиндеги маймылдан айырмасы кайсы? — дегенде Акберди аларды карап турган, үстүңкү кабаттан түшүп келди:
— Байлыгы бар жан дүйнөсү тар адамдын маймылдан айрымасы барбы?
— Сен бала…
— Ата, жүрөгү жумшак, ниети таза адамдарга окшой албайсыңар, алардын кудайга акаараты жок, жан адамга зыян кылбайт, бар болгон күнөөсү ак эмгеги менен жашаганыбы? — Акберди атасына тике карады, — Жок дегенде ичкен тамагын тынч ичишет, арамдан желден табылган байлыкты кимдир бирөөдөн коруп да кызганып да күнү-түнү сиздей болуп курал менен жатпайт!
— Эй бала, мунун баары ким үчүн экенин сен качан түшүнөсүң? — Акмат уулун ачуулу карады, жүзү карайып ачуусу бетине чыгып түктөйө түшкөн.
— Жок ата жаңыласыз, баары өзүңүздүн беделиңизди көтөрүү, мартабаңызды арттыруу үчүн болгон убара, мен өз эмгегим менен бирөөнү жазалап бирөөнү каралап бирин кутултуп бирин тутултуп таппайм! — деп сыртты көздөй чыгып кетти.
— Акы, Акы кайда барасың? — деп Тоту жүткүнгөндө Акмат кармап калды.
— Тим кой, бул тентектин жайына кой, жалгыздап сергип алсын.
— Ушул караңгы түндөбү?
— Келет, андан көрө сен сүйлөшчү, эмнени каалайт байбиче, — Акмат ойлуу эки колу менен башын мыкчый отуруп калды, — Канча адамды титиретип сүрүмдөн чоочутуп, титиретип турган кезимде ушул бир сенин күчүгүңдүн алдында алсыз болуп калам да байбиче, каалаганын кылсын, маа десе көчөдөгү селсаяк болсо дагы макулмун, айт балаңа байбиче.
— Айтам-айтам атасы, — Тоту кубанып кетти, — Айтпай анан, кааласаң бирге болсоңчу, эртеңкиге кызды конокко чакырганбыз.
— Оо сен өзүң даяр экенсиң го?
— Уулума кой деп айта албадым, анын үстүнө балаңдын ушундай бир көздөрү бактылуу жайнап кеткенин көрсөң сен дагы чыдай албас элең атасы.
— Деги кыз кандай, биздин үйдүн эрке келини болууга жарайбы?
— Айтпа, ал кыз ушундай бир көрктүү, хан сарайдын ханышасына окшойт.
— Ошондой де…
— Ооба, эртең өзүң күбө болосуң.
— Жарайт-жарайт, балаң экөөңөр жеңдиңер, — Акмат карс-карс эте күлүп ордунан турду, — Кой эс алалы.
— Сен эс ала бер, мен Акыны карайынчы, — Тоту көңүлү түтпөй сыртка чыгып бак ичинен уулун көрүп жакын барды, — Акы, үйгө кирип укта балам.
— Апа, атамдын кылыктарынан кийин кантип уктайм.
— Акы, атаң баарына макул болду.
— Ишенбейм, дагы бир оюн ойноп жаткандыр.
— Жо-ок, мага ишен уулум, эртең Аруужазды өзүм алып келип тааныштырам, ал макулдугун берди.
— Чын элеби? — Акберди кубанычтан көздөрү жайнап кетти, караңгылык гана анын жайнап кеткен көздөрүнүн учкунун өз пардасына жашырып байкатпады, — Атам макул болду десеңизчи?
— Ооба каралдым, канткен менен ал сени кыя албайт да, — Уулун бооруна кысты.
— Сүйө-өт уулум, сендей жигитти сүйбөгөн кыз анда өз бактысынан кечип коеор, ал дагы азыр табышмактуу нерселерге башы катып жүргөндүр, жүрө гой балам эч алып ал, эртең барып кызды алып келип сүйлөшүп коебуз, атаңдын суроолоруна жооп бере тургандай болсун, — Эне бала ээрчишип үйгө киришти, бул учурда Мырза таттуу уйкуда жаткан, ал эч нерсе сезген жок. Эртеси Тоту Болотбектикине келди да көтөрүп келгендерин коюп аны менен жылуу учурашып болгон соң Аруужазды карады.
— Карындашым, — деп Болотбек озуна суроо узатты, — Мени көр оозунан сууруп алдың, сага алкышым чексиз, мындай ишти бир тууганың да жасабай турган кез, сенден бир сураарым кай жерден болосуң?
— Аны неге сурадыңыз?
— Менин мындан отуз жыл мурун он жаштагы карындашым жоголуп кеткен эле, ошол кайтып келгендей жүрөгүм жакшылыктан үмүт кылып турам.
— Жок Болотбек байке, мен Нарындык болом, үч агам бар, мен жалгыз кызмын, төрөгөн энемдин көзү тирүү, атам өтүп кеткен, — деди Тоту токтоо, — Ал эми-и карындашыңыздын табылып калгысы бардыр, ылайым үмүтүңүздү кудай өзү берсин.
— Айтканың келсин, кечир карындашым.
— Эчтеке эмес, менин сизде бир өтүнүчүм бар, Аруужаз мени менен бир жакка барып келсин, урукса-ат бериңиз байке, — деди Тоту сураныч кылып.
— Барсын-барсын карындашым, кантип жок дейин, — деп Болотбек макул болду, ал ушуну эле күтүп тургандай Аруужазды кийинте салып унаага салып алып кетти, үйүнө жетпей кафеге кирип ошол жерде айтканда Аруужаз не дээрин билбей калды, бирок үн дебеди: «Эмнеге баласы өзү сүйөөрүн айтпайт, неге мени апасы ээрчитип келет, же бир бечаранын кызына ашыктыгын айтуу ал үчүн пастык болот дедиби, менин алар үчүн өз каалоом эч нерсеге арзыбайбы», — деп ойлонуп туруп кетмек болду, бирок салмак сактап акырына чыдамакка ызаат кыла күлүп тим болду, алар ээрчише үйүнө келгенде Акберди менен Мырза бирдей кийинип алдынан чыгып тозуп алышты.
Аруужаз аларды алмак-салмак карап: «Булардын кимиси мага күйөө болгусу келет, экөө тең бирдей келишкен жигиттер экен, биринен-бири өткөн мыкчегерлер, демек табышмак кылып турушат, үйгө барганда дагы экөө барган эле», — деп Аруужаз баягы үчөө бирге күлгөн күндү көз алдына келтире туруп калганда:
— Аруужаз, кел кызым отур, — деди Тоту жылмая орун көрсөтүп, — Мырза, келчи балам сен экөөбүз сүйлөшөбүз, — Мээримдүү жылмаюусунан жазбай Мырзаны өзүнө чакырды, ал дароо жеңил баса аны ээрчий басты, бул Акберди менен Аруужазды сүйлөшсүн деген ойлору эле.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
Рахмат чыгармага бар болгула , бай болгула , аман болгула