9-БОЛУМ
Бөрү эне Айкүндү көрүп кубанып кетти. Эгер чындап Айкүн болсо баякы суу боюндагы бадалга дагы келсе керек деп дароо токойго бет алды.
Улан менен Арууке болгону эки жолу жолугуп үчүнчү жолугушуусунда баш кошушту. Жандын капа болуп токойго барып бар үнү менен уулуп алды. Ал уулуп жатканда бөрү эненин келишин каалады,бирок бөрү эне өз кызын бадал арасынан күтүп жаткан эле да. Ыйлап ыйлап ыйы түгөнгөн Жан айылына келди. Айыл дагы шаң шөкөт Жандын жан жериндеги жарасын тырмап жатты. Оюнда ал дагы бөрү энече бөрүгө айланам деп жатты.
-Энем келсе андан бөрүгө айландыруусун өтүнөм. Ал менин абалымды туура кабыл алат,мен бөрү болом да Уландын үй бүлөсүн тукум курут кылам. Жаңы алган аялы Арууке жарым жылга жетпей жок болот карап тургула.
Жан кызгануу деген отто жалындап күйүп жатты. Улан тойдо томсоруп тоодо жалгыз калган улактай олтурду. Бул көрүнүштү көргөн Арууке ичинен сызып:" Каап өз сүйгөнүнө эле үйлөнө бербей,мен эми кантип жашайм өмүр бою кабагын чыгып өтпөсө болду,"- деп койду.
Той болду тойдун эртеси да болду. Улан таң үлбүр атканда эле токой тарап басып коюу токойго аралашып жок болуп кетти. Бара жатып Жандын тийишкенин эстеп жүзүнө жылмаюу пайда болду,анан кайра эле томсоро түштү.
-Жан дагы жанымда болсо кана. Сагындым аны. Арууке менен кантип жашоо улап кетер экем. Атам менен апам бир эле менин эмес эки айдай кыздын бактысына балта чапты,ээх жашоо
Жан болсо баякы Улан менен ажырым жолго түшкөн отургучка күндө келип бир аз отуруп кайра кетет. Байкуш кыздын жүрөгүндө дагы деле үмүт болсо керек да. Анан үйүнө барып бөрү энени күтөт. Бөрү болом, жок кылам деп. Кызганычтын оттуна күйгөн адамды бир сүйгөн адам билет.
Бөрү эне бадалдын арасында бир топ күн жатты. Акыры Айкүн келбейт окшойт каранын карап Жанга жолго чыгайын тентегим дагы эмненин башын баштады экен деп бадал арасынан чыгып бара жатып токтоп калды.
-Сиз....сиз тирүүсүзбү кантип
-Тирүүмүн сени көрүп кубандым.
-Кызымчы кызым тирүүбү
-Сен кантип ойлойсуң ал барбы же жокпу
-Бар...бар болсо керек. Тирүү ээ
-Ооба кызың бой тартып жигит жандап калган
-Садагам десе азыр ал кайсыл жакта
-Тээ узакта өлбөй тирүү болуп турсам аманатыңды колуңа тапшырам
-Секетимди сагындым...🥺
-Сен кантип тирүү калдың... Канатчы ал тирүүбү же...
-Ооба жолдошум тирүү азыр 2 балабыз бар ичимдеги менен 3 болобуз. Жан келсе дагы 1 ге көбөйөбүз.🙂 Сиз Жанды алып кеткенден кийин биз да жашынып отуруп айылдан аман эсен чыгып кеттик. Баш алып кеткенден кийин барбаган жерибиз калган жок. Тоо аштык ,суу кечтик, кыштын ызгарында эшикте таң атырдык. Анан эле кайра өз журтубузга келип жашап калдык.
-Жаманым десе жаш башыңа көп нерсе көрдүң. Мен сени келбейт деп Жанга жол тартым эле жолумду улайын. Жакында ал тентегинди койнуңа аласын
-Макул жолдон абайлаңыз
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10