3-сезон 53-БОЛУМ
- Балдар айтышты, ата-энеңерге айтпагыла, алар билcе жибербей коёт, кайра бат эле келебиз дешип.
-Кызыл-Ташка колго түшкөнү бардыңарбы?
- Алар секиргенди билишет экен. Yсөн экөөбүз алардын секиргении көрүп, биз дагы үйрөнөлү дегенбиз.
- Ал жерден секиргенге болбойт, өлүп калууга мүмкүн.
-Ооба, өлбөй эле балдардын баары секирип жүрүшпөйбү. Биз чабак урганды да, чумкуганды да билебиз да.
Болду, көп сүйлөп башыбызды оорутпагыла.
Жайнагүл менен Зыйнат көлгө бир сыйра чумуп алышып, балдарды алып үйгө келишсе, Толкунбек эбак кетип калыптыр. Зыйнат аны угуп ичинен кейип калды. Мени эpге тиет деп, ич тарлыктан ичине ит өлүп куурайт экен
го. Бул экөөбүздүн бири-бирибизге болгон махабатыбыздын аягы ушундай аяктаарын ойлогон эмес элем. Мага болгон мунун сүйүүсү эми козголдубу, же жөнөкөй эле
кыйбастыктын кыянатчылыгы болуп жатабы, ким билсин. А мен болсом, кечээ жакында эле Толкунбектен эч качан сонунум таркап, көңүлүм суубайт го деген жаным, кандайча минтип жүрөгү ушүккө чалдыккан адамдан бетер, бат эле кымбат адамым эсимден чыгып, уламдан-улам сууп, уламдан-улам алыстап баратам, --деп ойлоп, өз оюн өзү чечалбай ойго батып турду. Ал Толкунбекке болгон өз махабатын, Жайнагүлдүн аялзатында кемде-кем кездеше турган адамкерчилиги менен кечиримдүү айкөлдүгү, өгөйдү өгөй дебей, өзөктөн чыккан өз баласындай Yсөнгө болгон энелик мээримин күчү басып баратканын Зыйнат түшүнүп турду.
Yсөндүн мурдакыга караганда өзүнө боор тартып, имерилип турганын байкап, кубанычтан төбөсүн токсон айтып, машинанын ичин тазалап, чехолдорун ондоп жаткан Зыйнаттын жанына келген Асан менен Yсөндү карап кулүп койду.
-Апа, сиз кетесизби?
-деди Асан.
-Ооба, кетем.
- Yсөн да сиз менен кетеби?
Зыйнат эмне деп айтаарын билбей мукактана түшүп, Yсөн кандай кабыл алаар экен деген ойдо сынамакка минтти:
-Ооба, алып кетем.
-Ыя апа, мен эми шаардан окуймунбу?
- Ооба, шаардан окуйсуң?
- Мен эми такыр качпаймын, сиз менин апамсыз да.
- Аны сага ким айтты?
-Мамам айтты. Таэнем да, энем да, анан Айтбүбү эже да ошенткен.
Зыйнат кубанганынан эмне кылаарын билбей эки баланы бириктире кучактап алып, кандаи өпкүлөп жатканын өзү да билбей калды. Балдар менен эзилишип жаткан Зыйнат Жайнагүлдүн жанында турганын көрүп селт этти. Анан кубанычтан төгүлгөн көз жашын кош алаканы менен сүртүп, Жайнагүлдү кучактап өпкүлөп жиберди:
-Мен сизге ыраазымын, Жайнагүл Казиевна! Өмүрүм өткөнчө милдеттүүмүн.
-Мама, биз айтып койдук, - деди Асан эки апасын жадырай карап.
–Эмнени – деди Жайнагүл көз жашын сүртүп.
–Үсөндү! - деди Зыйнат менен Жайнагүлдүн эмнеге ыйлап жатканын түшүнбөгөн эки бала коркок көздөрүн алаңдатышып.
-Yсөндү? Үсөндүн эмнесин?
-Баякыда айтпадыңар беле, Yсөн Зыйнаттын баласы деп.
-Аа, ошону айттыңарбы? Туура, Yсөн Зыйнат апаңдын баласы. Жүргүлө эми, тамак ичели.
Тамак үстүндө Жайнагүл минтти, энелерине карап:
- Асандын Зыйнатка эмне деп айтканын билесиңерби?
- Эмне деп айтыштыр?-деди Кына.
Yсөн сиздин балаңыз турбайбы. Мамам, энем, таэнем баары ошентип айтты дептир.
580 -бет.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3