2-БӨЛҮМ
Айкүн үчүн анын үй бүлөсү үчүн да жети ай жетимиш жылдай эле сезилип жатты. Ээх күндөр бачымыраак өтсө кана убакыт токтоп калгандай болуп жатат деп келин ичинен кайгы тартып турду. Өлбөгөндүн күнү өтөт деп арадан жети айда өтү . Бөрүнүн айтканындай Айкүндүн боюна бүтүп кубанычы койнуна батпай турду. Кош бойлуу болгон күндөн тарта Жайна келинин асырап абайлап колун сууга салдырбай жерден оор алдырбай асты үстүнө түшүп күйпөлөктөп жатты. Айкүн эне анчалык асырай бербеңиз деп тарттынса дагы Жайна жок айланайын аман эсен көз жарып ал анан кайра иштен колун бошобой калат деп өзү тырманып калат. Канат да жубайынан эмне жегиң келип жатат эмне каалайсың деп саат узатпай тынбай сурап турат. Айкүн болсо бир чети тартынып бир чети башы бакыттан айланып турду. Апаларыбыз айткандай аял эки кат болгон күндөн тарта 9 ай 9 күн 9 сааттан соң көз жарат эмеспи. Айкүндүн да согончок канатар убагы болуп калды. Айкүн төрөт күнү жакын калганда баякы суунун боюна дагы барды. Башта да көп келген баякы бадал тарапты көпкө карап турат да кайра үйүн көздөй жол тартат. Бадал тарапка басып барганга жүрөгү даа бербейт. Бүгүн да келди адатынча суу боюна олтуруп колун жууп бир аз эс алып анан баякы бадал тарапты бир нече мүнөт карап турду да сапарын улап жөнөдү.
-Токтооо деп аркасынан өктөм үн угулду
Айкүн ушул сөздү күтүп тургандай артын жалт карады. Сырт териси (түгү) боз тарткан, көзү башка бөрүдөн айырмаланып турган,баякы бөрү турду.
Айкүн ага акырын үн чыгара:
-Мен сизди күткөн элем ооба ооба күткөн элем. Бул сапар мага кандай кабарыңыз бар деп суроолуу карап калды
Бөрү:
-Күткөнүңдү билем ар келген сайын бадал тарапты бир карап басып барганга жүрөгүн чыдабай жолуңду улап кетчүүсүн бул сапарда ушундай кылдың. Бул сапар жеткирген кабарым мынандай. Толго тартып баштаганында баланын тоону өзүнө тогуз оролуп түшөт....
-Эмне?! деп көзү алая түштү Айкүндүн
-Чочулаба. Ошол убакта айланаңа тогуз кызды чогултуп топ таш ойноткуз эң негизгиси энеңден башка сени эч ким төрөтө албайт -деп бадалдын арасына кирип кетти
Уккан кулагына ишенбеген келин бир топ ден дароо болуп туруп үйүн көздөй бат бат басып жөнөдү. Жетип барып эле
-Эне энеке энеке деп үн чыгарды
- оу кызым деп аркы тараптан Жайна күңк этти
Айкүн энесинин жанына барып суу боюндагы окуяны төкпөй чачпай айтып берди.Ошондо Жайна кемпир
-Ии садагам аман эсен көз жарып небере жытын жыттатсаң экен деп пешенесинен өбүп ичинен бирдемелерди күңүрөнүп алды.
Алыстан карасаң алты кулач боз үй. Боз үйдүн ичинде тогуз кыздын топ таш ойноп кыткылыктап күлгөнү, Айкүндүн толго тартып кыйналганы кээде Жайнанын "дагы кичине кызым " деген үндөрү угулуп турду. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз бирок толго башталгандан тартып аз убакыттан кийин чырылдап ымыркайдын үнү угулду.
Уландысы бар
Автор:Калыжан кызы Бияна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10