26-БОЛУМ
АЯГЫ
Бирок кун откон сайын анын жалгыздыктан тажаганы белгилуу болуп баратты.Ошол айылда бир Гуля деген келин бар эле аны ага достору тааныштырып койду.Гуля аны озуно уйлонот деген ойдо журду,бирок ал аны менен убактылуу гана озун алаксытуу учун журо берди.Убакыт деген учкан куш да билинбец алты жыл отуп кетти.Гуля бир куну:
-Керим,чыдоонун да чеги болот эмеспи,качан уйлоносун,элден уялып буттум,экообуз ойноштой жашоо откоруп журо беребизби?-деди.
-Гуля,мен сага башында дагы убада бергеним жок эле,эми да айтам уйлоно албайм,дегеле аял ала албайм,жашоодон жалгыз отом,чыдасан ошол,болбосо мен сени да озумду дагы унутууга туура келет.
-Эмнеге Керим,мен сени жакшы кором,минтип бири-ьирибизди кыйнап жашагыча уйлонуп жашасак жакшы болмок.
-Жок,мен уйлонбойм,балдарымды чонойтуп оз-озунчо болгондо гана уйлонбосом, такыр уйлонбойм.
-Балдарды экоолоп чонойтобуз да?
-Болбойт,мен баарын ойлонуп чечип койгонмун,-деп Керим анын тошогунон тура кийинип уйуно кетип калды.
Жалгыздыкка конуп калган,камыр жууруп нан бышырат,кир жууйт,калган майда жумуштарды Батма Зуура жасап конуп калды.Айдин болсо атасына жардамдашып кир жуушат,суу ташыйт,малдын кыгын огородго чачып бара-бара женилдеп калды.Аны бир куну жаныдан ишке айыл окмоту чакырып ийген экен,ага жолукканы барган:
-Кел Керим,сени атайын чакырдым,билимин бар, бизге келип айылдын мал жанын эсеп кысабына жардам бер,иштеп кетээрине ишенем,-деди Усубалиев.
-Тксыр мен иштей албайм...
-Иштей аласын колундан келет.Эртенден баштап айыл окмотунун жардамчысынын ишин аткара башта,-деп буйрук катары айтты Усубалиев Чекир,-Арызынды жаз да таштап кет,буйрук чыгып калсын,айлыгын торт мин болот.
-Рахмат таксыр, аракет кылайын,-Керим кенседен ойлуу чыкты.Иштесе иштей берейин олгондун артынан олмок жок экен,балдарым учун да жашашым керек,деп уйунл келди.Ангыча убакыт желдей сызып уч жыл отуп Айдин он тортко чыкканда баардык ишке жарап калды.Сабакты да жакшы окуйт,Батма Зуура даны чоноюп уй ичинин жумушун оздору алып калышты.Алар онго чыгып учунчу класста окуйт.Жети жылдын ичинде Керим абдан картайгансып чачтарына ак кирип кетти.Ишке киришип айыл окмотуно иштегенден бери туугандары каттап кошомат кылып кой,эчки, тай-торпогун тартуу кылаа башады.
-Керимдин жашоого деген умуту кайра жанып жумушуна эт-бети менен кирише баштады.Куздо райондук депутаттыка кандидатурасын коюп жугуруп жургон...
Жибек Россияга он жылдай иштеп келип апасынын олгонуно келе албай калды.Кабарлашпай, бир жаагы таарыныч кылып такыр келбей койгон эле.Сыргажан олум алдында жатып Жибекти сурай берип узулуп кеткен.Россиядан келип оксоп ыйлап отуруп ага куран окутуп ата-энесинин мурзосуно барып анан кайра эле шаарга жоноду.Шаардан уй алып,кем керчигин толуктады да озунчо бизнес ачмак болуп даярданып журду.Акыркы озунун оюн ишке ашыпып фирма ачып иши жакшы журуп кетти.Бул арада озу жонундо ойлоого чамасы келген жок.Жаны тынбай ишин жылдырууга тырышып журуп арадан коп убакыт отуп кеткенин байкабай да калды.Бир куну телевизор коруп отуруп Керимдин суротун корду да кулак туруп калдв:„Кемин районунун депутаттыгына кандидат Сейиткулов Керим Бакирович”, дегенде ичип жаткан чайын унутуп жалдырап отуркп калды:„Демек сенин жашоон ойдогудай,бактылуу жашоонун устундо эч нерсени ойлобой ойдогудай журосун,мен сен деп картайып бпратканымды оюна да албапсын?! Ооба-а,кайдан ойлоиок элен,учурунда соз салгандарга чыгып алсам болмок,уй-булосунон ажырашкан,бала- чакалуу гана чыгат экен,мейли бактылуу боло берчи,деп тунжурап ойдун кучагында отуруп калды.Тагдырдын табымактуу сыры адамга белгисиз бойдон калаары бышык,бирок бакыттын кайдан келээри,качан келээри табышмак бойдон калат эмеспи.Жибек иштеп жашап журо берди,окууга келген инисинин кызы жанында ,ал чоноюп калган.
Бир куну районго жумуштары менен барып калды,акимге кирмек болуп келген,кутуп акимдин областка кеткенин угуп оз айлына бармак болуп автобус кутуп калды.Бир кезде шашыла папка колтуктаган Керимда аялдамага келип улам саатын карап жатты,ал машинасы бузулуп жоо жургон болчу.Жибек нес болгон немедей турат,канча жыл отуп кетсе да озгорбогон Керимдин агарган чачы анын козуно чалдыга тушту.„Картайган экен,арадан канча жыл отсо да жаш кезимдегидец толкунданып алганымды кара,неге ээлигесин алсыз журогум,анын оз дуйносу бар эмеспи,мени ал эбак эле унуткандыр, аттин ушундай жолугушуу болобу,жок дегенде жолугушуп суйлошсом,жанында жарым саат отурбайт белем”,деп ойлонгон Жибектин коз жашы эрксиз куюла Керимди коздой жоногонун озу да сезген жок,ал эки жакты карабай туз эле Керимге келаткан эле,эч нерседен капарсыз турган Керим жалт карай берип колундагы папкасы жерге тушуп кетти,экоо бет мандай туруп калышты:
-Жибек!
-Керим,-деп шыбыраганга зорго жарады коргондор аларды тангала карап улам келген унаага тушуп кетип жатышты.
-Жибек кайдан сен?
-Озунчу Керим озун кайдан?-Жибек эми гана эсине келгендей сумкасынан жуз аарчысын ала коз жашын аарчый жер карады.Кандайсын Керим.
-Жакшы ,жакшы эле...-Крим дагы эле эчтеке дей албай аптыга жерде жаткан папкасын ала озунун дагы ыйлап ийгенин сезди,-Жибек, Жибегим менин,жолугат экенбиз ээ?-Керим эми гана аны коздой кучагын жайды.
-Керим жакшы журосунбу деги?
-Жакшы, озунчу?Озундун ден-соолугун кандай?
-Ойдогудай эле,Керим айтчы бактылуу элесинби?
-Тагдырдын салганын кордум Жибектай...
-Балдарын чоноюп калгандыр...
-Ооба,чонойду, он алтыда,озунчу Жибек?
-Мен озум элемин,сага макул болбой койгонум учун омур бою озумду жазаладым,кечире албай келатам,-Ойлуу анын кучагынан бошоду,-Кой эми жолукканыма тобо,сен кечикпей уйуно бар!
-Уго барганда кутуп алчу эч ким жок Жибек,балдар албетте кутуп жатат дечи...Керим ойлуу анын жузуно карады,-А сен баягыдай эле сулуу,турпатын келишкен бойдон экен Жибек.
-Койсончу Керим,мени кекелебей озун жонундо айтсанчы?
-Мен жай айтышым керек,андан коро Жибек бугун менин уйумо конок бол,жай отуруп суйлошолу,журу кеттик!-Керим анын жообун кутпой эле автобусту коздой колунан ала жонодк,ушул кезде экоо тен тээ алыста калган жаштыгын эстеп кол кармашып алып троллейсбуска, трамвайга тушкондорун элестете журоктору дукулдой бир орунга келип отурушту.
-Керим сен ушул айылдыксынбы? -деп Жибек тааныш автобуска тушкондо сурады.
-Ооба.
-Мен ал айылда уч жыл иштедим,сенин ал айылдан экенинди билсем сураштырып корбойт белем?
-Мен сени кийин уктум,-Экоо унчукпай калышты.Ангыча Керим уйуно жакындаганда тушуп калышып жетелеше келатканда аларды коз айрыбай тиктеп турган эки кызы менен уулу коро калып колдорун бошото жетип келди.
-Уулум,кыздарым учурашкыла, бул кыз менин курсташым эле,жолугуп калдык,-Керим кайсактай суйлоду.
-Саламатсызбы? -деген ары бурулуп кетти,ага атасынын бул кылыгы жага бербеди.
-Саламатсызбы? -дешип Батма менен Зуура ага балалык баёлук менен жылмая карап калышты.
-Кана, эженерди уйго киргизебизби?
-Журунуз эже...-Батма шыпылдай алдыга жоноду.Жибеу ойлуу кирип келатып аялы эмне болду экен,эмнеге балдары чоноюп калганда кетип калдыбы,же.. . деп ичкери кирди.Уй ичи абдан жакшы эле,уй ичинде кемтик жок,баары бар,жыйынчактуу.
-Кош келипсиз Жибекжан,-Керим жылмая карап орун корсотту,союздун учурундагы кымбат баалуу диван креслонун жанына озу отуруп,-Бама, Зура экоонр конк камын коро бергиле,-деди.
-Балдарды убара кылбай эле койсончу,-Жибек жылмая Керимге карады,-Мен озум эле жасайын.
-Ошо кантип болсун Жибек,сен коноксун,андан коро озун жонундо айтчы?
-Мен сен кеткенде кандай болсом ошол бойдон жанында турам Керим,канча тоскоолдуктарды баштан откорсом дагы сага деген суйуумду унуталбай дал ошол суйуунун кучу менен баарын женип чыктым,болгону улгайдым...
-Асылым менин тагдырыбыз бизди капысынан ажыратып тынды эле,мен дагы далай кыйынчылыкты баштан кечирдим,-Керим оор курсуно болгонун болгондой айтып отурду,Жибек ал суйлоп жатканда козунун жашын куюлтуп унсуз карап тура берди.Керим муная отуруп калды,-Ушундай Жибектай,сенден айрылып оз жашоомо аргасыз моюн сунайын десем да тагдыр мени оксутуп турат,уйлонгум келбеди,сенден умутумду узуп койгом,жаш сулуу кызды ким албасын деп,бирок журок сени энсеп кутконун койбой козум менен издей берчумун...
-Керим,жашоо бир кызык болот тура,канчалаган жигиттер колумду сурабады,мен сенин мага деген суйуунду,акыркы жолугуушуну эстей берип эч кимге чыкпадым,ата- энем мени куйоого тий деп канча жуучу келди уйго,бирине да макул болбой жаштыгым отту.
-Алтыным десе,жолугаар кун бар экен ээ?
-Бул кунду мен дагы канча жылдар кутподум,экообуз тен улгайганда моюн суна баштадык Керим,-ошол убакта Батма-Зуура кирип келди:
-Ата,тамак даяр,залга кириниздер!
-Азыр кыздарым,залдагы столго алып кире бергиле.
-Алып кирип койдук,баары даяр ата.
-Азамат кыздар экен,Крим жакшы тарбиялапсын, -Жибек туруп атып ушинтип кыздарды жылмая мээримдуу карады.
-Рахмат Жибек,болгон кучумду ушуларга жумшадым,энесинен уч жашында калды эки кызым,азыр он бешке чыгып бой жетип баратканына кээде ишене албай кетем.Эн кичуу балам таене-таятасында чоноюп жптат,ага барып келип турам,-деди Керим конок залдын эшигин ачып колун жансай,-Кириниз!
-Рхмат,-Жибек уйго кире берип тордогу чон килемдин устундогу суротторго конул бура карап калды бир четинде Керимдин ата-энеси жашында,андан кийинки эки портрет илинип турат,алардын бери жан,жакшынакай келиндин суроту,анын Айжамал экенин дароо сезди Жибек.Андае кийин эч нерседен капарсыз кулуп тушкон эки кыздын суроту,алар Дамира менен Замира,Керимдин аскерден тушкон портрети,андан башка дагы бир сурот илинип турду,ал Керим менен Бегимжан жаны уйлонгондо тушкон суроту болчу,алардын ар бирине коз жугурто карап келип ойлуу дасторконго отурду.Стол устуно ирээти менен коюлган тамак аш,чайнек менен чынылар,рюмка, вокалдар катарынан турат.Конок тосуп конгон экен,эстуу кыздар болуптур,эркек болсо да жакшы остуруптур деп ойлонуп отурганда Айдин кирип оз ордуна отуруп калды.Усуз отуруп тамактанышты. Керим озу чыгып муздаткычтан бир ботолко арак алып келип стакандарга куюп жатканда Бтма менен Зуура:
-Тамагыныздар таттуу болсун ата!Биз тойдук,-деп чыгып кеттиАлдындагы оокатын ичип болгон Айдин да туруп баратып:
-Тамагыныздар таттуу болсун,-деди да чыгып кетти.Жибек балдардын тарбиясына абдан кызыгып ичи жылып турду.Кандай жакшы балдар!?
-Жакшы жаткыла балдарым,-Керим ушинтип койду да,-Жибек жолугушканыбыз учун,экообуз коштошкондон бери жыйырма эки жыл отуптур,биз анда жаш элек,эми улгайдык,жаратканга бир айтканым бар экен,озунду коруп,коргон козумо ишенбей дагы турам...-деп ызаага муунуп уну кардыга чыкты,-Отконду кайрый албайбыз дечи,бирок кайрадан баштоого туура келээр,кана бугунку бактылуу мунотторубуз учун!
-Се менен жолукканда алгач кыш эле,жазда коштошконбуз, эми куздо жолугуп отурабыз Керим,-Жибек ойлуу,-Озубуздун омурго да куздун изи тушту,журоктор зырп этсе,сезимдер ооруп турган кез,мейли жолугушканыбыз учун!-Экоо тен алып ийишти.Копко отурушту анан Керим:
-Жибек эс алалы эми,сен бул жактан тынч эс ал,деп ак шейшептуу тошок,жууркан менен жаздык алып келип берди,-Жакшы жатып жай туп!
-Озун дагы жакшы жат,-деген Жиек жатып алды да тугонбогон учу кыйыры жок санаага чогуп уйкусу качып туйшоло берди,тан атып кетти.Коздору киртийип кыйналып калыптыр,эрте туруп жуунуп эки жаагын карап журду,уй жакшы салынган экен,уйдун туурасында бак-шактуу огород,туура жагында мал короот,анын этегинде ажаткана дагы кирпичтен тургузулуп аппак кылып акталган.Ал эшикте жургондо Керим залдан Жибекти таппай калып журогу шуу дей тушту.Эмне,кетип калдыбы,аран таппадым беле,айтпай кеткенине эмне себеп болду,балким суроттор себеп болбосун,Айжамалдын суротун тим коюп Бегимжандын суротун алып таштабай,каап, ошолорду коруп алып айтпай кетип калган го деп Бегимжандын озу менен тушкон суротун алып жатканда Жибек кирип келаткан:
-Эмнеге аны алып жатасын?
-Оой сени кетип калдыбы деп жатпадым беле?
-Эмне учун кетем,чогуу чыгабыз Керим,айтпай кете бергидей айнып калган белем?-Жылмая карап,-Бул суроттогу аялын укмуштуудай сулуу болгон экен ээ?-деди Жибек,-Аны унута албай жургонсун го?
-Кайдан.Сенчелик эмес,бул менин журогумду муздатып,бычаксыз олтургон,ушуну илинген бойдон алганга улгурбоптурмун, ушуну коруп таарынып калдыбы деп жаным калсын.
-Коштошпой кантип кетем Керим,ушунча жыл коргонго зар болуп журуп коштошпой кете албайм го?
-Ошол коштошуу журогумду эзип турат Жибек,коштошууну жек кором,сенден эми мунотко ажырабайт элем макул болсон,-Керим Жибектин мандайына келип анын коздоруно карады,-Коздорун баягы бойдон,эч озгорбопсун, эми кетесинби?
Кетесинби,иштер калды Керим.
-Кантип ,дагы ажырашабызбы?
-Ошондой болуш керек.
-Жо-ок Жибек,мен эми жол бербейм,баягы созунду эми кайталаба,экообуз эки жакта бири-бирибизди кутуп келдик,эми куто албайм,олуп ажырабасам тируу болунбойм!
-Мен деле ошентип ойлойм,бирок арадан откон оопасыз жылдардын таагын кантесин?
-Тагдырга конууго аракет кылышыбыз керек!
-Тушунуу кыйын...
-Эмнеге?
-Балдарын мени кабыл албаса сен кыйналасын Керим...
-Балдар эчтеке дебейт.
-Кантип,оз энесиндейкабыл ала албайт да?
-Конот.
-Коктукко салба Керим.
-Ишен мага Жибеа.
-Ишенейин,бирок балдардын сезими менен ойноп болбойт да,сен экообуз жек корунуп калабыз,мен учун сен балдарындан жат болушунду каалабайм! -Жибек ойлуу ары жылды,-Бала деген бала,алар биздин мурдагы откон жаштыгыбызды тушунбойт.Жибек
-Ийи
-Сен мени суйосунбу,ошону айтчы?
-Унуталбай канча жылдар азап чекпедим,ойлосом сен деп гана жашаптырмын. ..
-Ардагым,-Керим артынан кучактап калды.
-Ардагын элем..
-Эми дагы ардагымсын.
-Билбейм,козум жетпейт Керим.
-Ишенчи Жибек,сен учун баарына чыдайм!
-Ишенем,сен мени суйосун.
-Сенчи?
-Мен дагы.
-Анда болду уйлонобуз!
-Шашпа, ишинди бутур ,балдарына тушундур,аларга акырын айт,арадан бир аз убакыт отсун,мен телефон таштап кетем,жообунду ощондо айтасын,-Жибек ага кулумсурой карады.
-Сен дайым шашпа дейсин да турасын,дагы эле ошол бойдонсун,сен деги кандай жансын?
-Коруп тургандай.
-Болуптур анда,мен макулмун,шаарга барып алып келем макулбу?
-Макул.
-Ушунча жыл отсо да мунозун ошол бойдон экен Жибек.
-Адам торолгондо кыял жоругу кошо торолот.
-Ал айтканын туура дечи
-Эмесе чыгалы.
-Чай пай ичип чыгабыз
-Болуптур,адегенде жуунуп кел,-Жибек куло карады.
-Мына жуунуп келем,-Керим чыгып кетти.
-Эмне болуп жатам,озум зарыгып эчен жайды,эчен кышты...торт мезгилдерди алмаштырып келип эми бактымды колума тийээрде озумду озум ала качканымды кара деп ойлуу болмо ичинде ар бир буюмду коз жибере карап басып журду,ангыча Керим кирип келди.
-Жибек!
-Оов
-Бри келсен,-Керим аны торку болмого чакырды.
-Эмне болду?
-Мына муну карачы.
-Кана?-Жибек жетип барып тордогу кузгунун суурумасынан сурот альбомду алып чыкты да ачып экоонун суротун коргозду:
-Дал ушул кун али эсимде Жибек.
-Менин дагы.
-Чынбы?
-Ооба,мен сага таарынып кетип жатканда артыман жетип таарынчымды жазганынчы, ошондо тушконбуз.
-Туура,сен таарынганда катуу таарынасын.
-Озун таарынтып жатсан анан,-Экоо тен кулуп калышты.
-Анан чай ичип жолго чыгышты.
Ошондон ай отпой Керим Жибекти айылга алып келди,аларды эки эже-жезделери кутуп алышты.Туугандарын чакырып чакан нике той отту.Ошондо Жибек Керимге айтып Сайкал энени чакырып алды.Акбар жыйырмадан ашып уйлонгон экен,Сайкал эне энкейип басып карылыкка моюн сунуп абдан кичинекей арык кемпир болуптур,жузундогу тырыштар кабат кабат болуп турмуштун салган издери аны оз ордуна койгон.Ал Жибекти коруп эле:
-Садага болоюн,эстегенине ыраазымын,эми менин дагы сапарым карыды,Акбаралиге коз салып бир туугандай катышып жур,-деди энтиге.
-Болуптур эне,-Жибек аны торуно отургузуп сыйлап кайра уйуно жеткирип койду.Ошентип Керим менен Жибек ортодон жыйырма эки жыл откондо кайрадан кудайдын буйругу менен жолугушуп баш кошушту.Алар ачуу таттуусун таткан ошол жылдар коргон тушубузду дегендей кээде ишене да албай кетишет.Бакытты кутсон озу келет деген экен.Керим Жибеке ыраазы болуп турду,ал оз абийрин сактап келген эле.Ушул кунду кутуп келген эки адам оздору улгая баштаса да журоктор баягыдай турсул кагып бири-бирин бакты га болоп турду...
А Я Г Ы.
Сабыр кылып окуугандарыныз учун чоон рахмат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26