3-сезон 48- БӨЛҮМ
Өлүп бараткансып жанталашып кетпей, ага сыр билгизбей, мага да сыр билгизбей туруп турса болмок. Акылы жок aкмак, Зыйнаттан мурда мага айтып, мени менен сүйлөшүп кеңешпейби. Андан дагы Шерханды коркутуп, тамга такапбтурганын эстеди.
Толкунбек менен Зыйнаттын кириши менен дароо шишкебек берилип, кайрадан кымыз куюлду. А Толкунбек болсо, Эмир менен Темирдин жездесин сыйлап, олтурган орун-
дарынан тура калышып, тикесинен тик туруп калганына карабай шишкебекти кире бериште турган калыбында бурдуга сугунуп, булчундай чайнап катты. Жайнагүл чыдабай кетти:
- Ыя, Толкунбек, сен жогору өтпөйсүңбү, балдар туруп калды, сени күтүп.
-Эчтеке болбойт туруп турушса, деди камаарабаган жигит.
Баятадан бери өзүнөн өзү Толкунбек үчүн кыжаалат болуп олтурган Кына, кетүүнү шылтоолоп минтти:
-Э ботом балам, кетели эртерээк. «Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдөгүсү жакшы дегендей дасторконго олтурбай, балдарды тикесинен тургузуп коюп, сороюп туруп тамак жеген эмнең? Жанатан бери элди күттүргөнүң аз келгенсип, эми....
- Силер күткөндей мен эч жакка кетпей эле ушул жерде турбадымбы, Зыйнат менен сүйлөшүп. Ай «мамушке», ашык сөздүн кереги эмне. Шашпаңыз, кетебиз азыр. «Мени деп кайра сөз баштап келатканда Жайнагүл Толкунбекти киртийе карап алып, башын болоор-болбос чайкап, тамагын кырып койду. Бул анын «Болду, унчукпа. Көпчүлүктүн алдында энең менен эмнеге айтышып жатасың» деген сөзү жок белги болучу. Аялына түшүнгөн Толкунбек, дароо унчукпай калды...
«Кел демек бар, кет демек жок» дегендей, ичип-жеп, ойлорунча ойноп-күлүп, ырдап жыргап шатыра-шатман болуп олтурушуп дасторконго бата кылуучу мезгил да келип жетти. Жакан менен Галияга Кына менен Тумар баш болуп, кайра-кайра баталарын беришип, кайра-кайра түгөнбөгөн ракматын айтышып, бардыгы машинага келишти. Зыйнат Жайнагүлгө карады.
-Мынча болду. Бишкекке чейин узатып койбойбузбу!
Жок, ракмат Зыйнат, ушул жерден эле коштошолу. Эки- уч күндөн бери силер да чарчадынар, эс алгыла, деди Жайнагүл. Зыйнат Асан менен Yсөнду, Жанатты алмай-термей өөп, алмай-термей жыттай берип, акырында ыйлап жиберди.
-Келип тургула, жарайбы? Телефон чалып тургула, макулбу? Мени унутпайсынбы, ыя Yсөн?
-Унутпайм, апа дебейсиңби,
- Унутпайм, апаке, деп көздөрүн балбылдаткан Yсөн Зыйнатты кучактап, бетинен өпкүлөп жиберди.
-Мен сизди жакшы көрүп калдым, апа. Ыйлабаңыз, мен келем.
Мен дагы сизди жакшы көрүп калдым, апа!
Асан Yсөндүн айтканын айтып, талаша кучактап.
-Болуптур, Зыйнат, ыйлаба айланайын, жакшы тур.
Эч нерее ойлобо. Үсөңундөн кам санаба, балам. Жакин аман турганда балаң багылуу да. Жалгыз эле Yсөн эмее, Асан да сеники болуп жатпайбы. Тобо де кагылайыи, -деди Кына
Зыйнаттын бетинен өөп.
Ооба, сен да Кудай жакшы көргөн бала экенсиң сөөлөттүү. Минтип башыңа баш кошулуп, балалуу болуп олтурасың. Кубанычың кут болсун, кызым. Азырынча Yсөн, убактылуу Жакиндин колунда болгону менен тубөлүгү сенин балаң. Кызымды мактагандык эмес, өзүң байкап түшунүп жаткандырсың. Жайнагүл телегейди тең санаган теңиз, боорукер, калыс, кечиримдүү, өтө көтөрүмдүү кең пейил бала.
-Ооба, апа, туура айтасыз, жакшыны жакшы деш керек. Жайнагүл Казиевна, сиз койгон баадан да жогору адам экен. Ички дүйнөсү кенен, түшүнүгү күчтүү тура. Мен сиз
- 533
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6