23-БОЛУМ
Кечирип койчу садага,оозумдан чыгып кетти,эми мен кетейин,тигиндейирээк узатып кой эми.
-Мейли,-Жибек ээрчий басты.Ичиндеги Доорон уурдана карап Жибектен козун албай отура берди,-Жакшы барыныз жене,балдарды ооп,акеме менден салам айтыныз.
-Жакшы жур Жибек каникул болоору менен шаарга бар ээ?
-Макул,-Жибек женесин отургучка отуруп жатканда ичиндегилерди коруп бурулуп кетти.
-Эже кайынсиндиниз сулуу экен,эмнеге турмушка чыга элек?-Доорон машина ордунан жылганда сурап койду.
-Ким билет,журогуно жаккан жигит жолукпай журот окшойт,дегеле мен тапкандарды жактырба койду.
-Мындай кыздарды эки буктоп эле ала качыш керек,болбосо журо берип карып кетет,озун жерде эмес асманда жургондой сезген текебер окшойт?-дегенде Ширин аны онурая карады.
-Текебер экенин бир коргондо кайдан билдин,же сенин айтып берчун барбы,кыздардын баары ошондой сырдук болот,андай же жакпаса убара болбо!
-Ой эже,кайынсиндинерди эрге бербей жерге берет беленер,корунуп эле турат,менин эки балама жакшылык кылбайт,мен бир коргондо эле айныдым,-деп Доорон да катуу айтты.Ширин унчуккан жок,ичинен:Кой бул ообу жок эркекке берип ылатып албайын деген ойдо болуп жини келсе да сыртына чыгарбай кете берди.
-Доорон сен кызык экенсин,убара болуп ошончо жерден эмне келдин анан,ачыгын айткан эже сага,билимдуу, акыл эстуу эле кыз экен го?-Шоопур жактыра бербей соз катты,-Эжени капа кылып койдун.
-Эмнеге капа болот элем,эрге тийеби тийбейби сенин башын оорубасын ,сага аял табам деп убара болгон мен айбан экенмин,-Ширин ушинтти да,-Мени бул уйго таштап койгула,деп алган кундо да жарытпайт,мындан кийин деги Жибекке эр таппай эле тынч журойунчу деп ойлоп ичкери кирип кетти.
Жибек женесинин созунон кийин аябай жаман болуп калды.Озум баарына куноолумун, эмнеге куйоого тийип чыккам деп соз чыгардым,мынчалык соз болоорун андабаганым кара,деги менин жашоомдо эмнелер болуп жатат,ушак-айын менен иши жок шаарга кете берейинчи деп ойлонуп мелтиреп оз болмосундо отурганда Сйкал эне уулун жетелей баш бакты.
-Ээ Жибек,сага эмне болду кызым,журу чай ичели.
-Эне,башым ооруп турат,сиздер иче бериниздерчи, бир аздан кийин чыгам,таарынбаныз ээ?
-Ии кагылайын эмнеге таарынмак элем,дары ичтинби?-Мейли, биз отуруп турабыз,-Сайкал эне кайра чыгып кетти.Байкуш эне канча жылдардан кийин бактылуу болуп озу да ишене албай журот,жашарып да кетти,конулу тынып санаадан арылса адам жашарп тушот тура,деп ойлоп копко кыжаалат болуп жатты.Бул Жибектин коп азаптарын чеги эмес эле,алдыда дагы далай тоскоолдуктар турган...
Исман жумушунан алаксыган менен жан дуйносу тынч албай кыйналып журду.Уйуно кундузу же кечке бир баш багат да зарыл жумушу бар экенин айтып чыгып кетет.Зайнаш озунчо сар-санаага батып андан шек санаай баштады.Бирок анын артынан иликтегенге дарманы жетпейт болчу.Керим барп-бара Бегимжанды унута баштап озунчо согунуп алат да,озуно коз сала кылтырган келин- кыздар менен тамашалаша калат,ага озгочо Раушан деген кыз жакчу.Бир куну аны ресторанга чакырды.Раушан бир куйоодон чыккан кызы бар келин.Экоо ресторанга киргенде Исман бир келин менен тор жакта отурган болчу.Крим аны байкаган жок.Тамак ашка буйрук берди да:
-Раушан ата-энен барбы?-деди
-Атам жок апам бар,бир туугандарым албетте бар,-Раушан бажырая карады,ото сулуу болбосо дагы жылдыздуу,коргондо коздору куйуп турган келин,Керим андан козун ала качты:
-Жакшы экен,кызындын атасы кайда?
-Ал камалып кеткен,озу жоон билек неме экен,мушташып эле журчу,акыры соттолуп тынды,-Раушан коздорун тике карап сурады,-А эмнеге сурап калдыныз?
-Эми-ии мен дагы бойдокмун,сен дагы бойдок экенсин.
-Ой кызык экенсиз,бойдоктук стзди тажаткан го?
-Чынын айтсам туура.
-Мен куйоого тийбейм деп озумо озум убада бергем,эркектер созуно турбайт,аял байкуштун жан дуйносун сыздатканы менен иши да жок,-Раушандын кабагы бурколо тушту.
-Раушан сизди капа кылайын деген оюм жок эле,кел эми тамактаналы, -деп официант алып келген тамактарды алды алдына коё жылмайды,-Мен сизге...-Жанына келип калган Исманды коро тура калды.
-Ассалому-алейкум аке келиниз...
-Жо-ок рахмат,менин сенде созум бар,кечки сенизде мага кирчи.
-Макул,отурсаныз боло.
-Жок,мен тамактанып болдум,-дегенде аны чоочун келин колтуктай:
-Журунуз кеттикпи?-деди.
-Ооба кеттик,-Исман акырын басып кетти.Керим бир топко аларды карап туруп калды.Негедир анын жанындагы келинди бир жердекоргондой болду,тааный албады,козундо очки,чачын артына туйуп,жарашыктуу модага ылайык койнок,бийик такалуу туфли кийип алган эле.Керимди журогу тупойул болуп андан кийин конулу кирдеп копко озуно келе албады.Раушанды узатып коюп анан Исмандын кабинетин коздой басып...
Исмандын жанында Бегимжан болчу,ал баягы карапайым Бегимжан эмес,кийген кийими,чачтары озгоруп капкара калын кашын терип ичкертип боёнуп да алган.Озгоро тушконунон улам Керим тааный албады,эгер очкиси болбогондо коздорунон таанымак.Ойлонуп кетип жатып имаратка кандай жеткенин сезбей калды.Ал кирип келатканда Бегимжан чыгып келе жаткан,ичке узун бойлуу козуно тааныш корунгон келинди Керим жалт карады,ал ары бурулуп басып кетти.Исмандын кабинетине кирип Исмандын кабыл алуусунда болду ал:
-Кел Керис иштерин кандай?
-Жакшы эле.
-Иш мындай,бир жума аралыгындв мен шаарга кетем эгер макул болсон сени ордума корсотуп кетейин.
-Сиздин орунгабы?
- Ооба эмне экен,сен иштеп кетесин деп ойлойм.
-Жо-ок аке,ушул ишим деле болот,андай деле чон орунду каалабайм.
-Эмнеге?-Козунун тобосу менен карады Исман аны.
-Жон эле,мансапка азгырылып напсимдижоготкум келбейт,мен бара берейин.
-Бегимжанды бат эле унутуп келиндер менен конул ачып калгансын го?-Кулумсурой сурады.
-Эми-ии,-Керим башын кашылай туруп калды.
-Мейли туура кыласын,ырысын которо албаган немени.
-Мен кеттим аке,уруксат бериниз аке,-Керим анын созун уккусу келбей босогого жетти.
-Болуптур менин созумду ойлонуп кор.
-Башканы иликтей бериниз,мен ыраазымын! -Чыгып кетти Керим.
Эх ушуну кордум кызматка которойун десе болбогон,журо бер анда тезек терип,-деп Исман озунчо суйлоп кала берди,ал тушунду Керимдин Бегимжанды унута албаганын.Тааный албай калган экен,кудай бир сактады деп ойлоп оз ишине киришти.Керим кабинеттен суз чыкты,негедир журогу таштай болуп муздап чыкты:Мансапты жакшы корот экен,мени озундой коруп жатса керек,ким отурса отура берсин,деп ойлонуп Жибекти эстеп кетти:Ал убакта мен дагы мансапты суйгон окшойм,жо-ок андай эмес,Жибекти суйгон учун эле анын атасына жакындап жагууга тырышып жургом деп уйуно кетип жатып Раушанды эстеди:Жакшы келин,жашап кетебиз,деген ойго келди.Дал ошол жылы Брежнев дуйно салды,андан кийин улам бири келип жатып Анурапов болуп калды.Талап абдан катуу коюлуп кызматкерлер менен мугалимдердин кээси эртен мененки чайын ичип ичпейт.Исман болсо шаарга кочуп кеткен,Зайнаш балдары менен райондо калды.Кийин алып кетем дегеен шылтоо менен кызматка которулуп иштеп калган.Бегимжан болсо боюндагысын дары менен тушуруп абдан чыкчырыла коргон адам таанылгыстай озгоргон.Исман аны озунун жанына ар дайым алып журот.Козунун агы менен тен айланган сайын ал озун-озу билип бактылуу болуп калган.Керимди эстегиси да келбейт.Жаш неме ого бетер бою узарып керимселдей керилип толуп турган кези.Ансайын Исман ага жан алы калбай:
-Кара козум эркем менин,зерикпединби? -деп жумуштан келип эле кучагына алат
-Эмнеге,сен жанымда турганда зерикмек турсун эргип турам,-Бегимжан коздорун сузо эркелеп койду.
-Мага нааразы эмессинби жаным?
-Жок,абдан ыраазымын,бактылуумун.
-Ырысым десе,эми мага тороп бер ээ?
-Буйруса.
-Жур кеттик,ресторандан тамактанып келебиз,-деп ар куну аны жанына салып алып ресторандарда тамактанышат. Бегимжандын салаалары коздуу,жумуру шакектерге толуп,узун апакай колдору ого бетер аны азгырып турат.Мойнундагы, кулагындагы алтындар катар-катар коз жоосун алып бакытка тунуп турган.Бр куну ал:
-Менин боюмда бар деди коймолжуй.
-Алтыным менин,ырысым буйруса балалу болсок баарын унутабыз,бактылуу болобуз,-деп чон колдору менен айлан-кочок кылып которуп жатты.
-Мен кыз болсо дейм,а сенчи?
-Мага дагы кыз жагат.
-Анда кыз болсо экен ээ?
-Ии-ий жаркыным,сен эмне десен ошо,кудайдын ушунусуна ыразымын,айжаркын жарым бар,-Исман озунчо бактылуу болуп жумушта дагы коз алдынан суйуктуусу кетпей рахаттана ишин баштап конулдуу.Бир жыл болуп боло электе Анураповду атып кетти,олко будун чан эле тушуп калды.Коп отпой Гарбочев турду олко башына.Андан кийин базар экономикасын чыгарып эл болунду.Жетимиш жыл бою биримдикте бир туугандай болуп келген он алты республика ыдырады.Эл иштеген иши,кызматын таштап соодага кирише баштады,окмоттун не бир сонун жайлары,короо сарайлар,ал тургай мал дагы болунуп приватташтаруу кучуно кирди.Баягы алдым жуттумдугу куч алган жетекчилердин баары алкымын керип белгилуу,жакшы жайларды менчиктештирип, жуз кой,он жылкы беш уйду ата-энесине, бир туугандарына алып берди.Ошентип Кыргызстан будун чан тушуп калды,баягы эчтекеге алы жетпеген бейбечаралар, куулук шумдугу жоктор ошол бойдон таз кейпи менен жашоо кыйындап калган.Исман онойдон олжо таап чон бизнес баштады да кызматтан кетип сооданы алгач ошо баштады.Ишкана ачты.Сооданын козун таап тез эле ирденип кетти.
-Аялы менен балдары айылда,улуу баласын окууга киргизип коюп жатаканага жайгаштырып койду.Бегимжан экоо уч болмолуу бардык шарты бар уйдо эч нерседен камы жок жашап жатты.
Керим бул кезде оз мээнети менен Жигули алып алды да жвлгыз жашап журду.Раушан ага макулдугун берген менен уйлонууго коону чаппай журо берди.Аз отпой уйуно барып атасына кенешип Россияга барарын айтмак болду эле:
-Уулум беш жылдан бери бойдок журосун,жетээр эми уйлон,-деди Бакир.
-Азыр уйлонбойм ата,иштеп келейин.
-Балам биз карыдык,менин алым кетип,уй жумушун ищтей албай калдым,келин жумшап колум узарса болот эле,-Сейилкан кейий уулуна карады,-Жашын ото электе бала-чакалуу болуп калсан болот эле,озун жалгыз болсон.
-Апа,кейий бербечи,-Керим ушинтти да аппак саамайларынын жоолук астынан чыгып турганын коруп ичи тыз этип алды.Апам чынында карып калган экен,кимди алам,алганда эле ушуларды жакшы карайбы,кандай неме туш келээрин кайдан билем,кой алыска кетпей эле коёюн деп ойлонуп отуруп калды.Ата-эне анысын коруп созго муюгандай сезди.Макул болуп уйлонуп калса жакшы болот эле,дешип ичтен кубанып отурушту.Бирок Керим эмне кылаарын билбей башы ман бодуп жатты.Акыры айылда калып жок дегенде ата-энесине жардам берип кашында болууну ойлонду.Айылда тентуштары менен кээ-кээде жолуга калып ичип коюп журду.Барчын экоо бир класста окуган эле,бир куну аны менен жолугуп калып уйуно эрчитип барды.Ал энесинин каршылыгына карабай мурунку суйлошкон кызы Зулайкага уйлонуп алган,ортосунда бир баласы бар.Экоо аркы-беркини суйлошуп,ичип да отурушту.Анан кызыганда Барчынбек:
-Ээ досум кеч уйлондум,Зулайка экообуз суйлошуп жургондо аны ала качып кеткен эле,мен ошону ойлоп уйлонбой журдум,кийин бир мугалим кызды жакшы коруп калып артынан далай жугурдум,ото текебер,озун жанга тенебеген экен,апамда болбой туруп алды.Анан Зулайка ажырашып келип калды,жиним менен ага уйлонуп алдым,-деди Барчынбек.
-Озун суйсон болду да дос,туура кылгансын,мен да бир кезде суйлошкон кызымды алалбай калгам,ата-энем болбой уйлонтуп коюп эми минтип бойдок журом,-Керим оор улутунуп алды.Анын элеси азыр да коз алдымда,озу да,аты да Жибек эле,Жибектей созулган байкушум азыр кайда болду экен.
-Жибек дейсинби?
-Ооба,Жибек деген кыз эле,мугалим болуп иштеп жургондур...
-Атасынын аты ким эле?
-Келдибек Фрунзеде исполкомдо иштеп журуп пенсияга чыккан эле.
-Ой Керим,ошо Жибек да,мен канча артынан жугурсом да тоготпой койду,ал эки-уч жыл биерде иштеп кетпедиби.
-Койчу?
-Койбой эле,атасынын атам билет экен,жакшы кишинин кызы экен уйлоно бер десе апам каршы болуп туруп алды,куздо ала качмак болуп журсом кийинки куздо ал башка жакка которулуп кетиптир.
-Акмакмын,бир жолу райондон издештирип койбогонумду, же сага жолукпаганымды кара,-Керим башын мыкчый,жер карап отуруп ботолкодогу арактан куюп жутуп жиберди.
-Мен билген жокмун Керим,эгер билгенде сенин уйуно болсо дагы барып айтмак экемин,анын устуно сени чон кызматта иштеп шаардадеп ойлогом да,-Барчынбек озун куноолудой сезип досуна боору ооруган менен:Демек Жибек да Керимда суйот,ошондуктан эч кимге конул бурбай жургон экен деген ойдо болду.Экоо копко суйлошуп отуруп кечинде кызуу келди.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3