17-БОЛУМ
-Сайкал эне ушкуруно Жибекти колтуктай отургузду,-Капаланба кызым,озунду кыйнай бербе,кардын ачкандыр,тамагынды ич,Акбар экообуз сени кутуп атып ичип алдык.
-Акбар уктадыбы?-Соороно коз жашын сурто энени карады.
-Ооба,колоком тамтандап жаны тынбайт,кечке эшикке суйрой берет,кочодо эле журчу болдук,-Эне кубана небереси жонундо суйлосо созу тугонбой отурду,-апа жуй эле дей берет.
-Тили чыгып баратат ээ эне,дагы бир-эки айда так суйлоп калат,иий баса оюнчук албадым беле?-Жибек сумкасынан кичинекей машинаны алып чыкты,-Муну беринизчи,мен эрте кетип кеч келип сагынып да калчу болдум,-деп Акбар жакка басып калды.Болмонун ичи жарык болуп аппапак шоола баланын жузундо чагылышып тургае экен.Наристе негедир кулумсуроп жатты,жаап коюп откондогу озуно корунгон элести эстей дубалга жолоно туруп калды...
Жибек башын которо берип босогодо аппак солокотту коруп ордунан козголмок болуп туралбай тушу же ону экенин билбей карап тура берди,негедир коркуу сезими жок эле:„Сен кимсин?”деди ал акырын.„Мен периштемин, сен адамдар арасындагы адамгерчиликти таба албай кыйналып журосун,жашоодо актык жок эмес бар,болгону сен оз дилинди карайтпа,ишеним менен жашасан баарын женесин,чон бакыттын ээси болосун,бирок кеч келет ал сага,чыдашын керек”деди да тутун сымал созулуп барып жок болуп кетти.Ойгонуп кеткендей жаткан жеринен тура калды,терезеден тушкон айдын жарыгы болмо ичин жарык кылып турган.Ох деп алды да туруп жарыкты куйгузуп кайра жатып калды.
-Жибек сага эмне болду?-деген Сайкал эненин унун угуп селт эте оюнан адаша жолонуп турган жеринен козголо берди,-Акбар уктап жатабы?
-Мм,ооба эне,сонун уктап жатыптыр ойготкум келбеди,уйкусун бузганга дитим барбады бир ооп алайын дегем,-деп куло энени коздой басты.
-Мейли,мээнетинди алайын эркемуктай берсин,жаны аман болсо эле болду.
-Аман болсун эне,-Жибек Сайкал энени бир азга карап туруп-Эне деди,-Сиз баягыдан аябай жашарып кеттиниз озунуз байкадынызбы? -деп кулуп калды.
-Кайдан жашармак элем кызым,жетимиштен ашканда байлап койду дейсинби?
-Жо-ок эне,Акбар корунгондон бери конулунуз тынчыганга толуп да,жашарып да кеттиниз.
-Билбейм бирок буту колумдун ооруганы басылып женилденип калдым,байкаганын туурадыр,-Ойлуу- эми жаталы кызым,-деди Жибекке.
-Эне.
-Оов.
-Сиздин эле жанынызга жатайынчы?
-Эмнеге?
-Сйлошуп жатып уктайбыз да.
-Коркуп жатасынбв?
-Жо-ок,жалгыз жаткандан откон жаман нерсе жок окшойт,эрмектешебиз да,-Сайкал энени кучактай эркелегендей жылмайды,-Сиздин жанынызда жаткым келет,буйруса уч торт айдан кийин мен дагы кетем.
-Кетесинби?- деди Сайкал эне.
-Ооба, шаарга кетсемби дегем,айылдагы мугалимдердин тушунугу айылдык бойдон калат экен,балким жогоркуу окуу жайга суйлошуп иштесемби деп жатам.
-Ырас айтасын,айыл деген айыл,билимдуу менен билими жоктуньтушунугу болот.Фрунзеге кетсен жакшы,жашсын да билимдин артынан тушсон болот,келечек силердики кызым кой анда тошончунду алып келе кал!
-Алтын энем го,айылдан кетким келгени менен силерди таштай албай жатам,-Кулумсурой болмосуно кирип тошончулорун алып кайра келди.Ал чынында бир сырды билгиси келди.Бул бала ыйык экен демек мында бир сыр бар,балким ушул жонундо жазып чыгып иликтээрмин, мындай нерсени угуп журсом да коргон эмесмин,бул уйго келгени эки жолу кубо болдум ,кайып болуу Манастын уулу Семетейде бар,биз жашаган доордо болуп койбогон окуя,деп ойлонуп тункусун Акбарды карап жаткысы келди.
-Эртеси эрте эшиги такылдаганынан чыгып чоочун адамды корду Сайкал эне.
-Эне,Гулгаакы апа сизди чакырып жатат,тез келсин деди.
-Жон жай элеби?
-Билбейм баарып калыныз,-деп кете берди.Аны артынан карап туруп .Эмнеге чакырды, баланы кантем,деген ой менен уйго кирип Жибектин туруп жуунуп жатканын корду да:
-Жибек азыр кетесинби?- деди.
-Эне,бугун дем алыш эмеспи,уйдо болом.
-Жакшы болгон тура,Акбарды карай тур,Гулгаакы чакыртып ийиптир,барып келе калайын,-деди.
-Ии-ий ошо кишиге бир корунойун дедим эле.
-Мен айтам ,эгер колу бош болсо уйго чакырам,-Эне шашыла кийинди да жоноп кетти.Гулгаакы ооруп жаткан экен.Сайкалэне кирип барары менен жанындагы балдарын чыгып тургула дегендей болду.Алар чынып экоо ээн калгандан кийин алсыз унун чыгарды.
Сайкал,менин сага айтарым бар,эсине тутуп ал,мен муну сага айтпасам тынч кете албайм,Акбардын энеси да периште тукуму,сен жузду жашап уулунду уйлонтосун, арамдык жакпайт.Акбар коп балалуу болот,коп жашайт,адамдардын оору-сыркоосун сакайтат,тукуму кобойуп кадыр-барктуу адам болот.Эгер ага эчтекени айтпасан тескери жолго тушуп кетиши мумкун,сага эч белги берилбейт,анткени сен энендин боюнда экенинде ал башкага тийип кетип эки адамдын каны бар экен,мен Нурболотту тороткондон кийин киндик эне болгон жокмун,анткени мен ага чейин токсон тогуз аялды торотуп жузунчусу Нурболот болуптур.Жуз жылда бир кылым болот эмеспи,кылым алмашканда элдин жашоо турмушу озгорот,ошондо сен тороп жатканда периштелердин балага козу тушуп оздоруно ала кетмек болгон экен,жер устундо ыпластык адамдар адилетсиз.Бул бала периштелердин арасында жашашы керек дешип алып кетишкенин мен коруп билип журдум.Ошо Нурболотту тороткондон кийин мен азапта калдым,кимдин оло турганын алдын ала билип кыйналып журо берем.Эн азаптуусу куйоомдун олорун бир ай мурун билгеним болду,-Гулгаакы оор курсунуп алды,-Коп суйлогонго кубатым жетпейт,эми менин айтаарым колундан келсе адамдарга тазалыкты,чынчылдыкты кор дунуйого кызыкпаганга уйрото жургонун жакшы,сага периштелер элуунун ортосундагыдай дем берди,бул сени жашартты дегеним.Эми кошкун Сайкал,а-аа баса сенин атындын да жакшы пайдасы тийди.Сайкал баатыр кыз да кайып болгон экен,-деп барып чарчагандай соолуп жатып калды,бир топтон кийин,-Сенин бир тууганын издоо салып журот,- деди.
-Гулгаакы чарчадынбы, козунду ашчы Гулгаакы! -Сайкал эне аны карысынан аста кармап силкилдеткенде козун бардап ача:
-Сайкал,уйуно бара бер,уйундогу кызга айтып кой,мага коруном деп журот,ал элууго чыкканча куйоого чыкпайт,бирок дили таза кыз экен.Бакыттан умут узбосун-деди да кайра козун жумду.Сайкал эне уйуно жоноду.Жол бою ар кайсыны ойлоп уйуно келди.
-Келип калдынызбы эне?
-Ооба, келдим кызым,Акбар ойгондубу?
-Жок,уктап жатат.
-Ии,-деп унчукпай калды.
-Чакырдынызбы?
-Ооруп жаткан тура,тошокто экен.
-Аа-а,Жибектин суусуна суй тушту.
-Кудай бак берсин садага,сен кетем десен бир капталым омурулуп онурайып баратат,колумдан келсе кетиргим жок.Бирок жумушун коп иштешин керек,-Экоо суйлошуп отуруп чай ичишип копко отурушту.Коп отпой эле кайрадан эшик такылдады.Бул жолу кабарга келген экен.Гулгаакынын олгонун айтты чабарман.Сайкал кейип кепчип кайра жоноду.Бери жактан эле унун чыгара кошок кошуп боз уйго кирди.Копко кошту,анан„олуктун бетин ачып жузунон сылады”.Бейишинди берсин Гулгаакы деп шыбырай отуруп калышты.Пенден тушкур,олум болгон жерде дагы,тойдо дагы бирдей создорду уланта берет эмеспи.Бир топ аял Сайкалды коруп бири-бирин чукуп шыбырап жатты.
-Ой, тим эле Сайкал жашарып кеткен тура,деги ой жок киши жакшы да,-деп бири шыпшындады.
-Санаасы жок сары сууга семирет дегени ошо да,жалгыз баласы аяксыз кеткени менен иши да жок тысырайып семирип кеткенин карасан.
-Байкуш,эмне кылсын,бироонун никесиз торолгон баласын багып алып дем байлап жургондур да?
-Ой ал чонойсо энеси чыгып колунан жулуп кетсе кантип байкуш?
-Койгулачы,бироону эмне кыласынар,силерден аш сурап жаткан жокпу,тынч койгула да,-деп четте баятан бери унчукпай отурган аял тыйды.Сайкал эне алардын шыбышына конул бурган да жок.Гулгаакы менен танышкан кезинен беркисин коз алдына келтирип жанында отурду.Ал куну кеч кайтты уйуно.Эртеси ал Гулгаакынын башына кийит илип ызаат сыйын жасады.Убакыт жетип жерге берип баш аягын жыйган уул кызы ыйлап сыктапкала беришти.Сайкал эне уч кун бою ошол жерде журду Жибек сабакка кетээрде гана келип баласын карап калды.
-Апа,апа чен туй,чен туй,Акбар чулдурап Сайкал энени турткулоду.
-Каралдым десе кайда баралы балам?-Уулун жетелей сыртка карап басты,-Кедендеген кебетенден садага.
-Апа,апа ана,анакей,- депсоомойун уй артындагы мал короо жакты коздой корсотуп колдон тарта берди.Уч торт жандыгы,эки уйу музоосу менен бар эле.Аякка баратып эле торпогунун жипке оролуп муунуп калганын коруп чоочуп кетти:
-Караан кун олуп кала жаздаган тура,ак жолтоюм десе,периштедей болуп белги бергенин кара,-деп торпогунун жибин чечип зорго эс алдырды,короого жибин алып бош киргизип койду,Акбар андан кийин эч нерседен капаарсыз ойноп калды.
Жаз келип жер кыртышы жашылдана чоп кылтайып калган кез.Эне Гулгаакынын айткандарын кайра-кайра эстеп унуталбай койду..Олбогондой оокаты бар,пенсиясы жетет,ашыкча чыгым болбогондон кийин анча кыйналбайт деле.Эми эне аябай тан калды,эки адамдын каны бар дегенге.Эсинде Сайкал бойго жеткенде апасы:„Кызым, сен эми баарын тушунуп калдын,айтпасам болбойт,эсине туйуп ал,сен боюмда бар кезде Мусаалыга келгенмин,атандын аты Турусбек,Ак- Суулук болот.Бир туугандарын бар дейт,мен Мусаалыдан торогон жокмун.Жалгызмын дебей бир туугандарынды таап катышып ал,деген эле.
-Бирок Сайкал эне оз атасын издемек тургай ойлогон да жок.Мусаалы озунун кызындай коруп эркелетип чонойтту.Сайкал куйоого чыга электе адегенде атасы,андан коп отпой апасы отуп кетти.Анан Калдар менен табышып калып турмушка чыгып кетти,анан апасынын создорун унутуп калган.Гулгаакынын бир тууганын издеп журот деп айтканы жадынан чыкпай:„Менин бир тууганымды кайда билди,мен эч кимге айтпасам,аты жонумду билбесе кантип табат”,деп ойлонуп алды.Сайкал эне Акбарды эрмек кылып кундун откону билинбей омурундо жакшылыктары коруп откондой конулу тазарып кокурогундо бир да окунуу,арман деген болбой жай жашоодо.Убакыт ото берди,Жибек баягыдан кийин озу жатпай алар менен бир болмодо жатат.Бирок ал атайын Акбарды андыган менен билбей уктап калат.Ошол учурда ага айылдык бир бала суйуусун арнап артынан тушуп калды.Жибек аны сынап коруу учун анча сыр бербеди,озу менен тен экен.Ойлонуп жигиттин турпатын коз алдына элестетип жатып козу илинип кетти,бир кезде кандайдыр бир шоокумдан ойгонуп кетти,козун ачып коргон козуно ишене албай келдээ карап турду.
Антекени баланын жанында аппак кийимчен элечек кийген аял отуруп алып сылап жатыптыр.Оозу кыбырап бирдемелерди суйлогондой болду.Коптон кийин анын уну угула баштады.Уктай гой уулум,адамдардын пейили тагдырын кабыл албп,кен пейил бол,колунда тамагы жок болсо да акыркы тамагынды болушуп жур,таза бол,ниетине жамандыкты жолотпо уулум,уктай гой дилин тазарсын,дилин тазарсы-ын,деп барып буткон боюн сылап барып жок болуп кетти.Эми ганва ойгонгондой баланы карады.Эч нерседен капарсыз уктап жаткан экен.Эмнеге бир ооз соз сурай албадым,жок жанына барып колун кармасам болот эле го,дал ушул жонундо диссертатция жазсам болчудай эле го,жо-ок эмкиде созсуз жанына барып колун кармап суйлошом деп ойгоо жатып танкы короздун кыйкырыгын угуп тан атып калганын билди.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4