3-сезон 20- БӨЛҮК
- Атым - Алтынай.
- Жакшы атын бар экен. Кайда иштейсин же окуйсунбу?
- Окуйм. Бирок ден соолугума байланыштуу академический отпуска алып, өткөн жылдын тенин окуп, тенин окубай калгамын.
Алтынай Айгеримдин жанына жакын келип, мытыйган кичинекей колунан карбай берип сурады:
- Аты ким кызыныздын?
- Айгерим.
- Жакшы аты бар экен.
Зыйнаттын оюнан Салия апанын айткан создору кетпей, Алтынайды кантип кетер экен дегенсип тиктей берет.
- Чай ич, - деди Зыйнат усту жабылып турган дасторкондун үстүн ачып, чай куюга камынып жатып Салия апаны ойлоп, аркы бөлмөдө буткул дүйнөлүк классик суротчулордун альбомдорун биринин үстүнө бирин коюп, улам бирин барактап ойноп олтурган уулуна кирип минтти:
- Усонтай!
- И апа! - деди ыйдан шишимек тартып кызарып калган көздөрүн жалт эттирип.
- Телефондору иштебей калганбы, эч ким жооп бербей жатат. Барып Салия апаны, апам чай га чакырып жатат деп айтып келчи,алтыным.
Усон ошол замат ордунан учуп турду.
Салия киргенде, коруп эле Алтынайды тааныды. Анан ага карап минтти:
- Акыры Зыйнатты тапкан экенсинда кызым.
- Ооба, таптым апа, - деди Алтынай коомасый суйлоп кунк этип.
Бир аз олтургандан кийин келин ордунан козголду да, өзүнчө жалгыз бата кылган болуп Зыйнатка карады:
- Мен кетейин, эже.
- Кайда кетесин? Атайын мени издеп таанышайын деп келгенден кийин олтур шашпай. Кетээрсин тамак ичип алып.
- Жок, ырахмат эже, ичпедимби.
- Калп айтпа, бир пиала чайды да түгөтө ичкен жоксун. Өзүң бил синдим, келген озун, кетем деген өзүң.
Алтынай ордунан туруп баратып диванда уктап жаткан Айгеримди бир демге тиктеп туруп минтти:
- Эже, кызынызды өөп коёюнбу?
- И, опкун келсе обогой! - деди Зыйнат Алтынайдын корунушуно журогу тилинип. Анан дагы сурады. - Университетинин кайсы факультетинде окуучу элен?
- Филфакта болучумун. Окуумду оз жермде окууга которулдум.
- Өз жерин кайсы жер эле
- Жамбул.
Алтынай кандайдыр Зыйнатка бирдеме айтуучудай болуп, туюкталып айталбай туруп, бир оокумда минтти:
- Эже, сизден бир деме сурасам болобу?
- Эмне учун болбосун сура.
- Жолдошунуз менен ажырашып кеткен дешет чынбы?
- Ооба, ажырашып кеткенбиз.
- Ал киши кайда азыр?
- Чолпон-Атада өзүнүн аялы менен турат.
- Өзүнүн аялы менен дейсизби? Сизден башка да аялы бар беле?
- Ооба, бар болуучу. Мен ага озум руксат бердим. Аны эмнеге сурап жатасын? Толкунбектм таанычу белең?
- Тааныбаган кишини сураса болбойбу?
Зыйнат кулду.
- Болот, болот.
Алтынай конулундо Зыйнат менен сулошуп, оз башынан откон кайгы-мунун айтып, журогундогу жугун женилдетуу максатында, Айгеримди сагынып тобокел менен келгендигин ким туйду. Анын үстүнө Токтогул менен Ырысты коруп, оз ата-энесин эстеп " Журогум бар корком, жузум бар уялам" дегендей, коптон бери конулундо бышырып келген максаттары сынган айнектей болуп бычырап кетти. Зыйнаттын жалгыз болбогонуна ичи сыйрылып, оксуп турган Алтынай, озун узатып чыккан Зыйнатка айтканда минтип айтты:
- Эжеке, мени кечирип коюнуз, атайы сиз менен эркин олтуруп суйлошойун, сырдашып сырымды айтайын деп келген элем. Бирок ал оюм ордунан чыкпай калды. Мен эми Алматыга экинчи келбейм. Жакшы калыныз. Балдарыныз менен бактылуу болунуз. - Алтынайдын коз жашы кирпигинин ирмеми менен мөлт дей түштү. Кыз коз жашын суртуп, ый аралаш күлгөн болду.
Зыйнат Алтынайдын сөзүн угуп эмне кыларын билбей шашып калды. Бул кыздын көйгөйү Айгерим менен байланыштуу экенин дароо билди. Лифтиге жеткенде, "Ай" дегенче болбой, Алтынай кабинага кирип кетти. Зыйнат Алтынайдын артынан түшүп, токтотууну ойлоп, лифти кайра чакырайын деп кнопканы басайын дегенче болбой эшиги шарт ачылып, кабинадан Мусурепов чыга келип турса болобу? Аны коруп журогу болк дей тушту. Зыйнаттын оозуна сөз келбей какап калды. А Шерхан болсо баякы эле жадыраган жароокер мунозу менен Зыйнатты кучактай калды.
- Алтыным, акмаралым, сагындым сизди.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8