3-сезон 19-БӨЛҮК
Зыйнат кулуп жиберди.
- О, мени кечирип кой, сенин өзүңдүн апанды унутуп калган турбайымбы. И, Жайнагул олтурат та сөзсүз.
- Мамам менин жаныма олтурат.
- А болуптур, мен артына эле олтурам. Азырынча ушул мопедди эле минип тур.
- Сиз айтпадыныз беле азыр эле, сураганымдын баарын орундатам деп. Анан эмне учун мага дагы бир мопед алып бериңиз келбей калды?
- Алып бер десен алып берем. Бирок сага эки мопеддин кереги эмне деп жатам да.
Усон жер тиктеген калыбында, башын саландатып мукактана сүйлөп кунк этти.
- Мен Аманга ала барайын деген болчумун.
- А, Асангабы? Анан жана эле айтпайсынбы ачык.
Ошол жерден дароо эле экинчисин алышты. Кубанычы койнуна батпаган Усон Зыйнатты кайра-кайра опкулоп ийди.
- Рахмат апаке!
- Аябай кубандынго я балам. Кубанычын кут болсун.
- Мен сизди алып бербейтко деп ойлогон болчумун.
- Асанды жакшы коросунбу?
- Ооба, жакшы кором...
Үйгө Усон менен Зыйнат шатыра шатман болуп келишти. Балдарынын кубанычын коруп Токтогул менен Ырыс да толкундады. Тунку тамакты ичип олтуруп, Усон минтти :
- Мен уйумо качан кетем ыя, апа?
- Кетесин жакында.
- Кечке эле жакында деп алдай берет экенсинер.?
- Экообуз мурда таякемди узаталы. Андан кийин сени мен озум жеткирем.
- Мени машинага салып жиберсениз, озум таап барам уйумду.
- Жок, андай болбойт балам.
- Болот эле. Мен озум эле кетейинчи, апа!
- Өзүн эле кетпейсин.
Баятадан бери унчукпай Усон менен Зыйнаттын суйлошконун угуп олтурган Токтогул менен Ырыс бирин бири карап күлүп коюшту. Анан Токтогул бармактай туруп бирөө уйроткондой сүйлөгөн Усондун сөзүнө карата минтти:
- Э Усон, сен Зыйнат апана машина алдырып алып эле кетип каласынбы?
- Үйүмө кетпейимби, мамамды сагынып жатам.
- Мен келгенден бери, сенин тарткан суротунду деле көрбөдүм. Сүрөт тартканды уйроном деп келгенден кийин, уйронбойсунбу. Кетем эле дейсиң, кетем эле дейсин. Кечке эле кетем дей берсен анан Зыйнат апан таарынбайбы. Анан алып берген машинасын бербей коюп журбосун.
- Мейли бербесе, албайм мопедин. - Бала Зыйнатка карады. - Апа, мен альбом коройунбу?
- Кирип коро бер, анан коргондорунду кайра өз өз ордуна кой чачпай. Кечке эле кетем, кетем деп ыйлактай бербей, ошентип улуу адамдардын чыгармалады менен таанышсан.
Булар ушинтип бир айылдуу кишидей болуп, бажылдашып жатканда эшиктин конгуроосу шынгырады. Зыйнат туруп эшиктин коруучу айнегинен караса, кандайдыр бейтааныш жаш аялдын турганын коруп сурады :
- Бул ким? Сизге эмне керек?
- Зыйнат эжеге келдис эле, ал киши барбы? Уйдо болсо ачып койсонуз.
Зыйнаттын конулону дароо эле бая күнкү Салия апа аял кылт этти. "Балким ошол болуп журбосун" деген ой көңүлүн чагылгандай аралап отту. Бирок чындыгына келгенде, ким болсо да эшикти ачпай коюу Зыйнаттын мунозуно ылайык келбеген иш болчу. Санаасында кокустан Айгеримди торогон энеси болуп калып, оозунан "Баламды кайра озумо бериңиз "деген сөз чыгып калса, кантем деген бир аянычтуу ой журогун сайып алды. Эшик ачылганда аарчыган чийдей болгон, кан-солу жок, катуу оорудан жаны эле баш которгондой болгон, узун бойлуу, сулуучумак келиндин жадыраган убайымдуу коздору көзүнө чагылыша түштү.
- Кириниз.!
Бейтааныш аял босогону аттаган жерде токтоп калды.
- От жогору.
- Рахмат эжеке! - Зыйнатты ээрчий басып таяке-таженеси олтурган болмого кирди.
Ушул маалда Ырыс Айгеримди жаны эле киринтип бутуп, кийинтип, ороосуна ороп, кичинекей шишеге куюлган упчулуу сутту берүүгө даярданып жаткан. Бейтааныш келин, тигилерди көрүп эки бети бир заматта чоктой албырып, көздөрү Айгеримден өтүп, оозуна соз кирбей эси ооп, жалдырай тиктеп турган келинди Зыйнат каруудан кармап минтти :
- Эмнеге туруп калдын, олтур. Мени менен таанышканы келсен жөн - жайынды, аты - жөнүнду айта олтур. Ким болосун, кайдан келдин?
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7