———————————————————————-
"Акыркы жалбырак" деген америкалык жазуучу О'Генринин аңгемеси бар.
Окуя XX кылымдын башындагы Америкадагы кыйын кезеңдеги, депрессия жылдарындагы ооруп төшөктө жаткан кыздын жашоосун сүрөттөйт.
Кыз көп кабаттуу үйдө ижарада досу менен турат, окуйбу же иштейби айтылбайт, бирок ооруу менен алышып, жаны кыйналып аткан кыздын көз карашы, ички дүйнөсү чагылдырылат. Кыз терезе тушундагы дарактын акыркы жалбырагы түшкөндө мен да өлөм деп ойлойт. Күнүгө эртең менен ойгонуп карайт, жалбырактар шамалга учуп, жамгырга дирилдеп түшүп, азайгандан азайа берет. Кыздын үмүтү бүлбүлдөп өчүп, өмүрүм да бүтүп баратат деп ичинен сызат.
Бир күнү ойгонуп даракты караса бир жалбырак калган болот, катуу шамал, нөшөрлөгөн жамгыр болсо да жалбырак ордунан эч козголбойт, түшпөйт, кыймылдабайт. Жалгыз жалбырак кызга үмүт берет, дем берет, демек, өлбөйт экем, жашайт экем деп кыбырап ордунан туруп, ары бери басып, өзөк жалгап, өңүнө келип, жашоого умтулат. Досу келип анын оорубай, жүзү оңолуп калганын көрүп абдан сүйүнөт.
Жалбырак неге ордунан жылбай, учуп кетпей турганынын себебин айтып берет.
Алардын үйүнүн астыңкы кабатында бир сүрөтчү жашаптыр, ал кыздын ооруп жатканын, акыркы жалбырак түшкөндө өмүрүм бүтөт деп өзүнө ишенип алганын курбусунан угат. Жамгыр төгүп атканына карабай, өтмө катар суу болсо да сүрөтчү бийик шаты коюп, терезеге жалбырактын сүрөтүн тартат, ал учурда кыз жөөлүп, онтоп, сүрөтчүнү деле байкабайт. Байкуш сүрөтчү кызга жашоо тартуулайм деп, өзүнүн өпкөсүнө суук тийип кайтыш болот.
Болгону кыска аңгеме, бирок кандай терең ойлорго жетелечү окуя.
О'Генри чынында кыска аңгеме жазуунун чебери, мындан башка өтө көп аңгемелери бар, арасынан "Акыркы жалбырагы" өзгөчө таасир калтырат.
Ушул тапта терезени тиктеп ойлуу жаткан кимдир-бирөөлөр болсо, ооруп төшөктө жаткандар болсо, Кудай ооруунун шыпаасын берсин, жакшылыктан үмүт үзбөгүлө, сакайып кеткиле, ден соолукта болгула дегим келет. Соо адамга миң нерсе керек болсо, ооруулууга бир эле нерсе- ДЕН СООЛУК керек ООРУБАГЫЛА
R.Kultay
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2