МАТА АТАСЫ - БӨЗ
Эң байыркы макалдар, кишиге байланыштуу, кийнки сөздүктөр аралашпаган!
Жакшы киши калааны курат,
Жаман киши калааны бузат.
Сокур киши шоола менен,
Бакыр киши маана менен.
Бар киши балтаң келет,
Жок киши калтаң келет.
Кишиге конгон кут айтпайт,
Бирок издеген киши таппайт.
Каныккан киши тыныкпайт.
Мал арыгын баксаң,
Оозу, мурдуң май болот.
Киши арыгын баксаң,
Оозу, мурдуң кан болот.
Май талканды ичине жаккан киши жейт.
Жакшылыкка жакшылык,
ар кишинин иши,
Жамандыкка жакшылык,
эр кишинин иши.
Киши болор кишинин киши менен иши бар,
Киши болбос кишинин киши менен иши жок.
Киши эмес киши — сөз эмес сөздү сүйлөйт.
Оору кишиге дары керек,
Соо кишиге баары керек.
Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет.
Ачка кишиге таң атпайт.
Ачка кишинин ачуусу жаман.
Убадасыз кишиден,
жүрүп кеткен жел артык.
Урган киши- дең менен,
Урдурган киши- жол менен.
Мал аласы сыртында,
Киши аласы ичинде.
Макулук болуш оңой иш,
Киши болуш кыйын иш.
Иши бар киши ишине,
Иши жок кишинин иши эмине?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев