Койдун далысын мүлжүгөндөн кийин бүтүн калтырганга болбойт. Анын четин сындырып же бычак менен жара тешкилеп салат.
Байыркы ишенимге ылайык, таза мүлжүнгөн далыны айга салып караса, анын этин жеген кишинин тагдыры көрүнгөн. Ошон үчүн төлгө салып, менин басар изимди билип алар болбосун деген адам аны мүлжүп бүткөн соң сындырып салат.
Кыргызда көрбөгөнүн билип, шимшиңдеп турган кара мүртөз адамды атоочу "куу далы" деген жаман сөз да ошондон калса керек.
Далы – улуулугу боюнча каржиликтен кийин келип, эркекке да, аялга да тартыла берет. Мурдагы замандарда кыргыздар далы менен төлгө тартышып, кийинки жылдын аба-ырайын жана болчу түшүмдү алдын ала айтышкан.
Далы көрүү, далы ачуу — койдун далысына карап болочок иштерди алдын ала айтуучу көзү ачык адам. Далычы койдун далысынын сөөгүн отко кактап аябай ысытат да андан кеткен жаракалардын формасы боюнча көзү ачыктык кылат. Далыны карап бак ачуу Борбордук Азияда, Сибирдеги түрк-монгол элдеринде байыркы мезгилдерден бери кеңири колдонулуп келгени айтылат;
Сен үчүн далы тосуп залкар жүккө,
Бастырып моюн-башты сакал-түккө,
Өзүңдү көрүш үчүн алыс жактан
Өмүрдү берер элем көрүндүккө.
Аталса сенин ысмың, көңүлүм ток.
Жүрөккө, кабак бүркөө, жандырат чок.
Сүйүп жүргөн учурда тууган жерди
Сүйүнгөндөн башкага убакыт жок.
Атыңа сөз келтиртпейм, берген антым.
Ардактайм Ала-Тоону, ата салтын.
Кур болсо бул айтканым, наның урсун,
Кум болуп качырасын тиште кантың.
Кубанам күчкө келип, толгонуңа.
Кубанам эмчегиңди соргонума.
Сандаган энелердин арасынан
Толкундайм сенин уулуң болгонума.
Койгонбу бактысына тагдыр жазып,
Койнунда сан береке, оокат, азык.
Жыбырап мөмө байлап, гүлдөп кетет
Жылкычы ат байлоого каккан казык.
“Тууган жер” Турар Кожомбердиев
ДАЛЫ ЖАБЫШКАНДА эмне кылуу керек?
Колум көтөрүлбөй жатат деп калышат, далынын жабышканы да оору чакырабы?
-Далы бул адамдын негизги функциясын аткарат эмеспи, чындыгында адамдар далынын жабышканына көп этибар ала беришпейт. Кээси он жылдан ашуун убакыт жабышкан далы менен жүрө беришет. Менин практикамда далысы жабышкандан улам колу уюп, муздап ооруп, кээде таптакыр кыймылдата албай калгандар келишет. Алар таза турган колун ооруйт дешет, чындыгында далы эчак этке жардашып калган болот. Мындай учурда массаж аркылуу бир нече күндө толугу менен далыны эттен чыгарып, калыбына келтиребиз. Кээсине далыны эттен массаж менен чыгарам десем бүгүн элеби деген суроону узатышат. Бир нече жылдан бери топтолгон ооруну бир күндө тазалагыдай адам баласы темир машина эмес да. Ал эми далынын жабышканы бейтап бир күнү катуу кыймылдайт да экинчи күнү кылмыл аз болот ушундан улам бир калыпта кыймылдоосу жоголгондон улап пайда болот. Далы этке киргенде колдун кыймылдоосу оорлоп, уюп баштайт. Далысы жабышкандан тартып бейтап катуу жумуш кылуудан заарканып калат. Кээде далынын жабышып калуусунан улам жүрөгң лакылдап кагып, сайгылашып ооруп, кара тер басып, шалдырап баштайт. Жүрөгүм ооруйт деп ЭКГга барышканда “жүрөктө шум бар” - деген диагноз чыгаргандар да жок эмес.
-ЭКГдан кандайча таза жүрөктө шум пайда болуп калат, себеби бардыр...
-Далы кысканда жүрөк туштагы булчун этти түртүп калат. Бул учурда булчуң эт жүрөктү кысат ошондон улам жүрөктүн иштеши оорлоп баштайт. Бейтаптын жүрөгү лакылдап, түнү уктай албай, кара терге түшүп шалдырай берет. Жакшы билген кардиологдор гана далың жабышып калыптыр дешпесе кээси жүрөктү дарылай беришет. Бизге келгенде тамырын кармап туруп кайсы жери эмнеден улам ооруп жатканын билем да алгач жөнөкөй бирок, татаал ооруну жаратуучусунан баштайм. Эң негизгиси бейтап ниетин койгондо оорунун шыпаасы да бат болот.
Интернеттен алынды
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Личность жок адам, кыргызчасы нокотек болот.
Каттуу айтсам, үзүр....