Өлүкканада иштеген бир эже айтып берди эле
"АТАМ иччү. Ичкенде эми, көп ичип бирок, кемпир кечир, мен майрамдап алдым деп дароо жатып алчу. Мен чоңоюп бой жеткенде да атамдын адаты калбады. Айылдагылар бизди алкаштын бүлөсү катары кабыл алышчу. Ошондой күндөрдүн биринде мага сүйүү келди. Болгондо дагы айылдын мен деген жигитин жактырдым. Сүйүүдө көзүңдү тартып ала албай каласың го. Улам карай берсем керек тиги жигит мага жалдырабай алкаш атаңды карачы, тигине дагы мас. Мен алкаштын кыздарын карабайм деп каткырып күлдү. Ошол жерден сүйүүм жек көрүүгө айланып карап тур деп кекенип калдым. Өз күчүм менен окууга өтүп, судмедэксперт болуп иштеп калдым өлүкканада. Кечээ жакында эле бир өлүктү текшерүүгө алайын деп документтерин карасам баягы мени кемсинткен биринчи сүйүүм экен. Аракка чыланып калганбы, атайын суюктук чачсам да, жуусак да кетпей буркурап жыттанып турду. Өлүктүн жанына тура албай калчылдайм. Демейде күлүп ойноп эле текшерип кетирип койчубуз. Көчөдө жатканына эле 3 күн болуп кетиптир. Атама чалып тууган уругуна айткыла десем ой балам алар көп болду көчүп кеткенине дейт. Алысыраак туугандары да сөөктү алуудан баш тартып коюшуптур. Ошентип эч ким алып кетпей жалпы өлүктөр менен белгисиз мүрзөгө кетти"-...
.............
Аны сыңарындай дөөлөтүңөр келгенде бөтөн тагдырды сындабайлы. Тагдыр улуу сот, мезгилдин таразасы так.
#тагдыр
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8