Баамымда жашы жыйырма бештен ашпайт. Бир убакты үндөшмөсүнө чакыруу келди( кыргызча обон: А. Жайнаковдун обонуна, Т Байзаковдун калемине таандык баарыбызга белгилүү 'Кыргыз жери')
Мукамдуу обон...
Үндөшмөдө кыска сүйлөштү, акыркы сүйлөмдү гана уктум:
- Метродон чыгып чалам!!! '
Байлапыш үзүлөөрү менен жанагы уйкучунун көздөрүнөн жаш кетти....
Байкашымча ызасы ичине батпай калды, бир энтигип алды, эриндерин бекем тиштегени менен көз жашы жаак ылдый агып жатты.
Ушул учурда жигиттин жүзүнө бир үңүлүп орундуктан туруп түшүүгө камданган жашы бир топ улуу орус кемпирдин ордуна өттүм, ал тиги жигиттин оң капталында эле.
-Жакшы элесиңби? Ата-энеңди сагындыңбы? ..
- Ыйлагым келди, эмне үчүн тагдырым ушундай...
- тур, түшөлү сыртка чыгабыз...
Үн катпай мени ээрчип жөнөдү, метродон сыртка чыктык.
Менин ал-жай сураганым бошотуп жибердиби же өзү толуп турганбы айтоор бир топко ыйлады, бул көрүнүштү мен жазып сүрөттөй албайм.
- Атам инсульт алган, бир жак капталы иштебейт, бир жыл болду. Өз алдынча тамактана албайт, апам карайт эле.
Алты айдан бери өзгөрүп кетти, мен кыйналдым' алты айда төрт жүз миң акча салдым ( иним экөөбүз иштедик).
Эжем турмушка чыккан, алар да Москвада. Эжеме чалыптыр атаңды алып кет кара деп.
- Сен өзүң канчадасың?
- Жыйырма үчтө
-Апаң да кыйналгандыр да, оорулууну кароо оңой эмес балам...
- -Ошол үчүн кыйналса 'любой' нерсеге даяр элем. Анын 'сүйгөнү' бар.
Атам да ошол үчүн жыгылды, эми анысын үйгө киргизип алыптыр.
-Сага ким айтты аны?
Кыйналдым дегенинен инимди жөнөткөнбүз... Бир айдан бери чогуу экен анысы менен.
Атама колдоо керек болчу, иним апамдын сүйгөнүн уруптур. Апам баласын үйдөн кууп чыгыптыр азыр ошол чалды иниңди жаныңа чакыр, атаңарды баккыла деп...
-ммм... Курсаның токпу?
-....
- Жүр, чай ичели...
-.. Болгону эки миң бар эле аны да уурдатып койдум...
Күндүзү өз жумушумда түнкүсүн кошумча иш төрт айдан бери.. Тапкапымды үйгө салып жаттым.
Атамды сагындым, ооруй электе күндө ватсаптан чалып турат эле, оку, ошол жактан оку, билим ал деп көп айтты эле.
Ыйлап жатты...
Жаш баладай энтигип, улутунуп ыйлап жатты.
Мага берген акыркы белеги деп кучагындагы рюкзакты жыттап алып ыйлап жатты... (((
Өзүмдү араң кармадым...
Саат сегиз...
Бир эки самса менен колуна беш жүз карматып шашып басып кеттим... Капчыгымда болгону(ошол эле.....
Көпкө турсам мен да жашымакмын....
Көп сөз болду аларды жазууга дараметим жетпеди... _
Тамчылагаган жамгырды көз жашым коштоп жолум уладым...
Ата-энелер... Силер үчүн перзент деген ким?!
( Аты Нурбакыт экен жерлигин сурабаптырмын)#эхтагдыр
Автору Азизбек Асабала
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9