10-БОЛУК
Ойгонсом көз алдымдан, уктасам түшүмдөн кетпедиң го. Кийин үйүнө барып, суукта тоңуп, ары–бери басып, колумду үйлөп жылытып, кеңгуруча секирип далай үшүктөн калдым. Ал назик колу менен колумду аяр кармаганда, ток ургандай кайра ысып чыкчу. Бир аз үйүнүн тегерегинде серүүндөп кайра кайтчымын. Сүйүүмдү кышта тапкан үчүнбү айтор кышты жакшы көрөм. Ал деле мага кайдыгер эмес эле. Кечиксем кабагы түйүлө, коркутуп, сүйөөрүн даана билгизип койчу. Эми эмне болду билбейм. Бешенеси тырышып, сустаят да турат. Эч ким жакпайт. Апам да таза аңдып алды аны. Эмне кылсам, артынан барып алып келсем аялсаак деп апам жаман көрөт го. Барбасам аларды бир күндө эле сагынып кеттим. Бир жума эптеп чыдайын, апам өзү айтсын деп ойлонот.
Мыскал баласына кичинесиндегидей кылып жакшы тамак бышырып берчү болду. Анысы болсо тултуюп ичпейт. Жакшы жемпир да алып келип берди, көңүлүн улагысы келип. Аны да кийбей койду. Баласынын кабагы ачылбай, ачка-ток жүргөнүнө жүрөгү ооруйт. Бирдемсе сураса, көңүлсүз күңкүлдөйт. Өзүн жемелейт. Небересин сагынат. Баласын ичинен тилдейин десем жалгызсың, тилдебейин десем байкушсуң деп армандап алат. Кыйын болгондо да Мыскалга кыйын болду. Эринен ажыраганы бир тең болсо, келин баласы да минтип күнөөлөп кошул-ташыл кайгысы артты. Деги иши оңолбос болду, кургурдун. Ансыз да ичмекейи ичинен болуп кусадан куурап жүргөндө. Эринен да булардыкы жаман экен. Жетимсиреп түндөй түнөрүп унчукпаган баласына боору ооруйт. Ойлуу жүрүп кырсыкка кабылбаса болду деп коркот. Бирөө-жарым келиниң кайда деп сурап ийбесин деп тышка да чыкпай калды. “Чыныгы байлык байлыктын көп болушунда эмес, көңүлдүн ток болушунда”— деп куранда айтылганы чын экен. Белек да түн бир оокумда келет. Таң эрте кетет. Аны арак ичип жүрөбү деп энеси шектүү карайт. Ал: балам үчүн намысты коюп, эртең барып келинди алып келейин. Балам атасы өлгөндө да мынча жаман болгон эмес. “Бокту чукуган сайын сасыйт” дегендей, жаман жагын эле көрө бербей, эми жалаң сеники туура деп, бийликти буларга берип, башымды чүмкөп жата берейин, мага десе өтүгүн башына кийип алышсын деп ойлоп жүрдү.
Айсулуу болсо төркүнүнө батпай, бир бөлмөдөн чыкпай калды. Үйгө бирөө-жарым келсе эле баласын көтөрө качып бекинип калат. Алардын эмне айтаары белгилүү да. Белекти тескеген эч ким жок, кыздар менен сейилдеп жүрөбү деген оңтойсуз ойлор ага тынчтык бербечүдөй. Ичи тарып, ошол кыздардын бетин тытып алгысы келип кетет. Анан эмне мында келгенине өзү да түшүнбөйт. Самын түгөнүптүр. Кечкиге эмне жейбиз. Үй жыйнайын. Оюнчукту эмне сындырдың деген Алымкандардын үйүндөгү күнүмдүк ар бир сөздөрүн өзүнө алып чүнчүй түштү. А турмак эркелеп эркин өсүп жаткан баласын да: Ага тийбе, буга тийбе. Үнүңдү чыгарба, акырын деп какмалап жатып, жүдөтүп ийди. Атасынан уялат. Ушунча адам менен жумуш түгөнбөгөн жер тамда Маянын жаркылдап жүргөнүн көрүп, андан уялат. Өзүн салыштырат. Булардын баласын көтөрүп, барктаган деле эч ким жок. Белек, үйү, көзүнөн учуп жатты. Бирок намысты кантет. Урушкандарын эки күндөн кийин эле унутуп калган. “Төркүнгө да төрөдөй кыз батат“— дегени чын экен. Эми кудай буйруп сүйгөнүм келип алып кетсе экинчи келбейм. Чачыман сүйрөп алып келсе да кайра андан мурун жетип барам. Ошол үй менин кенен, эркин жүргөн өз үйүм экен. Куда-а-й алтынымды жибитип, жибере көр. Ой буларда деле казан-аяк кагышат тура. Маянын кулагы анча мынчаны укпай, көзү да көрбөй коёт турбайбы. Кайыненесин аяйт экен, жемелесе кайра ошондой жиндимин апа деп кайра ырсалактайт. Кемел да жумуштан келатып үч шокалад алат экен. Апасына, аялына, баласына. Биз кайненеме шоколад, балмуздак, сок, пирожный дегендерди эч бербейбиз. Картаңдар андайларды жебейт деп ойлопбуз го. Уят. Меники тим эле, мунун жанында бейиш тура. Кой, ырбап кете электе, куру намысты коюп, кечинде Белек келгенде бир шылтоо таап үйгө барайын. “Туугандын таарынычы Торконун жыртыш таратканынча” деп апам көп айтчу эле. Тууганы эмес алардын бүлөсүмүн да. Барсам, калгыла деп бир ооз айтышаар. Ээк, айтпаса да калам! деп чечип койду. Ойлонсун деп Алымкан апасы да эч алардын турмушу тууралуу кеп козгобой койгон. Кечинде Айсулуу баласын көтөрүп, эч кийимин албай Белектикине барды. Эшикти кайыненеси ачып:
— Келгиле. Кандай куда, кудагый жакшы жатышабы? Эмне мынча бир жума жатып алдыңар? Ырас болбодубу, жалгыз тамак иче албай олтурат элем. Ой, сен мени эмне таштап кеттиң го? Мен коркподумбу? Экинчи таштабайм дечи? Менин башым ооруп, ыйладым. Соороткон эч ким жок. Дарымды шкафтан алалбай, жаман куурадым. Эртең догдурга жатам. Мага мамаң экөөң оокат алып баргыла ээ,— деп сүйлөй элек небересине “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегенсип даттанып жатты. Кайыненесинин мамилеси түп көтөрө өзгөрүлүптүр. Небереси да тимеле камактан бошонуп келгендей сүйүнүп жатты. Айсулуу да өз чекилигин билди. Белек жумуштан маанайы пас келип, каалганы Айсулуу ачканда оозуна сөз кирбей какап калгансып, сестейе түштү. Күткөн эмес. Белек кайда бармак эле. Ал да бүлөсүнүн келгенине сүйүндү, бирок аялын башынан ылдый бутуна чейин сыдыра бир карап алды. Ал көз караш кек сактагандык эмес, кызганычтын көз ирмемдери эле. Айсулуу жашка толгон көзүн ирмегилеп, жашын артка тарталбай жатты. Аялынын минтип ыйлагысы келгенин анын ачуусунун тарап, кайрат-күчүнөн тайый баштаганы деп кымыңдап Кемел уулуна кетти. Караңгы киргенде Алымкан апасы кызына телефон чалып, кайда экенин билгенден кийин:
— “Адам баласы азапты сөзсүз өткөрүү ылаазым, азап-тозок аркылуу гана адам өркүндөп, пейил-кую оңолот” деп ким айткан.— деп кыйытты.
— Толстой, Достоевскийлер.
— Туура. Чыдаш керек. Жылаан чакпай, жылкы теппесе жылуу ордуңду козгобо, каралдым. Мейли, кош,— деп анын да жүрөгү тынчып калды.
Эртеси Мыскал догдурга жатты. Келин баласы табышып, үйдө тынчтык орногондо барайын деп ойлоду эле. Өзүнүн баркын да билгиси келди.
Мыскал догдурга он күн жатты. Айсулуу, Белектер күнүгө барып турушту. Алымкан кудагыйы доктурга барды.
— Кандай, жакшы болуп калдыңбы, кудагый? — деди жантарта.
— Ийи, кудайга шүгүр. Оорунун келмеги бат, кетмеги кеч экен. Дарыланып жатам.
— Ишин билген, күчтүү доктур бекен деги? Илгери биз доктур десе эле көрүнө берчү элек. Анда алар күчтүү эмес беле. Азыр тандап көрүнбөсө, билгенинен билбегени көбөйүп кетиптир.
— Дурус эле. Белектин курсташы экен. Чалым барда ооруу эмне экенин деле билбепмин, — деп көзүндөгү кылгырган жашын кайра тартып алды.— Бутумдун ооруганы басылбай жатат. Балдар да ооруңа оору кошуп берет экен да.
— Кудагый ыйлай берип, нервиңдин баарын бузуп алдың көрүнөт. Болду, эми жетишет. Ыйың асманга жетти. Ыйлап эле чакырып алсаң, эмгиче келет эле го. Эми өзүңө кара. Бутуңдагы оорунун сазайын берип, көп бассаң. Кудагый, мен деле балдарыңа айтчумду айтып жатам. Азыркылар укпайт. Ээнбаштар экен, эмне кылайын эми. Урушасыңбы, алдайсыңбы келин сеники, мага десең бышырып же. Мага эч нерсе айтпай өзүң тарбияла.
— Коюңузчу, урушуп эмне. Антип айтпаңыз. Ээнбаштар дегениңиз мага катуу тийди. Жапжакшынакай жалгыз эле келин-балам бар,— деп Мыскал кайра чычалап кетти.
— Болуптур. Сөзүмдү артка алдым кудагый, кечирип кой. Мейли, балдар бактылуу болуп, жаман балдарын багып жүрө берели. Кудагый бир балам эле бар деп кайгырба. ”Атасы он баласын бапестеп баккандай, он баласы жалгыз атасын багалбайт— деп бир акылман айткан экен. Азыркы балдар аман эле болушсун. Башка эмне дейли. Кой, эми мен кетейин,— деп дагы бир аз көңүл улаган сөздөрдү айтышкан соң коштошуп бөлүнүштү.
А байкуш энесинин сөз тийгизбей секиргенин ошолор түшүнсө кана деп ичинен ойлоп турду Алымкан.
Мыскал күйөөсүнүн акыбалын билгиси келип догдурда жатып “Жан азыгы” деген ыйман китепти окуп чыкты. Андан Жан алуучу периште жанды алгандан кийин азап периштеси алып, оттон болгон матага ороп жетинчи кат көккө алып чыгып, кайта көргө алып келип денеге киргизилет. Мүңкүр-наңкир келип сурак алат. Эй ыплас пенде, рабың ким, пайгамбарың ким, диниң кайсы?”— дегенде, ал пенде ушундай коркунучтуу добуш менен ой-бойлоп чыңырат. Билбеймин деп кыйкырат. Андан кийин Алладан амир келет. Эй, тозок периштелери, көрүн тар жана караңгы кылып, өзүн тозокко салгыла. Кыямат күнүнө чейин уруп, от чокмор менен азап берип, жанына жылан-чаянды кошкула дегенден кийин, ошол айтканындай иштешет. Тозоктун сыпатын, анын кыйын азабын тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Бирок Срат көпүрөсүн –тозоктун үстүнө тартат. Чыгуу 1000 жылдык, үстү тегиздиги 1000 жылдык, түшүү1000 жылдык – баары 3000 жылдык дегендерди окугандан кийин ал мурдагыдай болбой ыйманга келип, жалаң Аллага ибадат кылып калды .
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4