6-БОЛУМ
Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал" - деген сөз бекер жерден айтылбаса керек. Медалбек эшиктин алдын көрүп эле ичинен ыраазы болду. Баары орду-орду менен. Таза шыпырылган, бак-шактуу короону көрүп эле, курдашынын иштемчил экенин байкады. Үйдөн улуу келини чыгып, сыпа учурашкан болду. Адыгей үнүн жогору чыгарып келинине:
- Балам, чайыңды коюп, чый-пый жасай салчы. Шаардан курдашым келип калыптыр, - деди, сөз улап.
Экөө ээрчише басып ичкери үйгө киришти. Адыгей эшикти жаап, калыңдап койдун терисинен жасалган көлдөлөң төшөктү алдыга салып, колун жаңсады, маанилүү сөз айтчудай:
- Мындай олтур, курдаш. Убакыт бар. Тамак бышканга чейин мен сага болгон сырымды айтайын, - деди. Адам баласы чынында эле маанилүү жана кеңеше турган сөз айтаарда калдастап калган кандайдыр бир адаты болот эмеспи. Медалбек өзүн сабырлуу тутуп, Адыгейди сынай карады. Ооба, байкады, Адыгей баягы жаш кезиндегидей абдан желпилдеп алган, арзыган кызга бара тургансып. Эмнегедир ушул жерден Адыгейдин кыймыл аракети бир топ жыл илгерки жаш кезин эске салды.
Баягы мындан канча жыл мурда Жибекти арзып калып, аны ала турганын айтаарда да Адыгей кудум ушундай абалда калдастаганы Медалбектин көз алдына тартылып, бир саамга үнсүз туруп калды. Аттиң, адам баласындагы кыял-жорук, кыймыл аракет баары бир канча жашка келсе дагы сакталып калары анык экенин, Медалбек дагы бир жолу ушул жерден байкады.
Ооба, ошондо Адыгей, Жибекти ала турганын алгач ушундай абалда, үйүнө чакырып келип, эки жакты аяр карап алып айтпады беле " Медалбек, экөөбүз жакшы доспуз. Сага айтпаган сырды кимге айтам. Эртең үйлөнгөнү жатам, кыз менен макулдашып койдум" деп. Эми дагы кудум ошол абалда, ошол сөздү кайра кайталады:
- Медалбек, сага айтпаган сырды кимге айтам - деп. Бирок эмнегедир тайсалдап, айта турган сөзүн баштай албай, азга убакытка уттуруп койду. Шаарда жашап, анча-мынча нерсени аңдап калган Медалбек кабагын түйүп:
- Адыгей, сага эмне болду? Айтчу сөзүңдү айтпайсыңбы, эми? Эгер кыйнала турган болсоң айтпай деле кой, мен сени кыйнабайм. Жөн эле кызга ашык болгон бозойдой тайсалдайсың да.
Адыгей алдына ала сыр алдырып койгонуна ичинен өкүнүп алды да, сөзүнө чегинүү жасап, бир саамга үнсүз олтуруп:
- Медалбек, мен куруюн. Карыганда мени кара теке сүздүбү же ким билет бир кезде сын такканым ушул жазаны бердиби, айтор азыр арманым аттын башындай болуп, кимге арманымды айтаарымды билбей, акыры сага жолугуп, айта турган сөзүмдү эмнеден баштаарымды биле албай башым катып турат. Бул жалганда эч качан сын такбаш керек экен.
Тээ илгери жаш кезимде Раймалы менен Бегимай жөнүндө кино көрүп, ошондо мен Раймалыга катуу сын тагып койдум эле "карыганын билбеген, карыган теке, жаш кызды кантип абышка сүйсүн"- деп. Көрсө ал кино, чыгарманын негизинде тартылган тура, азыр баам салсам. Эми ошол сын такканым башыма келип, мен дагы бир жаш кызды арзып калдым. Эч ойлогон эмес элем "карыганда сүйүү келет" деп. Сен эми шаарда жашап, көп нерсеге түшүнүп калбадыңбы. Бир кеңешиңди бер. Айылдагы абышкаларга айтсам, алар мени шылдыңдап күлөрү анык. Андыктан ичтен жеген санааны сага айтып, жеңилдеп алуу үчүн мында сени чакырып келдим. Медалбек ирээти менен айтылган сөздү угуп болуп, кабагын түйүп, эч сөзгө келбей бир топко олтуруп:
- Адыгей, мен эми сага түшүндүм. Бул жалганда ашыктыктын санаасынан өткөн санаа жок. Сени алгач көргөндө эле байкагам, сырт келбетиңден эле, илдетке кабылганыңды. Бул ашыктык дагы өзүнчө бир чоң илдет. Сен бекер гана сын таккан экенсиң. Тилдин азабы минтип учуру келгенде өз жазасын берип коёт. Баарынан дагы карыганда келген сүйүүнүн санаасы адамды абдан жейт. Мен тээ илгери бала кезимде уктум эле, бир абышка күйөөсү бар жаш келинди сүйүп калып, абдан катуу азап чегип жүрүп, акыры ден-соолугунан ажырап тынганын. Билинбегени менен бирөөнү арзып калганды адам баласына, жаш өйдөлөп калганда, тактап айтканда карыганда бербесин. Мен сага абдан түшүнүп эле турам, бирок кандай кеңеш берээримди билбейм. Бир чети айыл эли сенин бул сырыңды билбей эле койгону оң.
Сөздү Адыгей алды:
- Курдаш, эгер ал менин жүрөгүмдү ээлеп алган неме бир турмушту башынан өткөргөн неме болсо анда бир айласын табат элем го. Быйыл мектепти бүтө турган жаш кыз болуп жатпайбы. Ал кызга мен кантип айтам "сени арзып калдым" деп. Ушул жагы мени абдан кыйнап келет. Келбетиң карыганы менен жүрөк жаш бойдон калат тура. Билбейм, денемди мите курт жегенсип, санаа жеп, ичимден эзилип келем. Эмне кылсам болот деги, бир айла-амал тапчы? - деди, жалооруган көз караш менен карап. Ооба, адам баласы кыйналганда жана алты айласы кеткенде гана кудум Адыгейдей көзү жалдырап, караңгыдан жол издеген адамдай калдастап калаары анык. Медалбек сөз кезеги келгенде мыйыгынан күлүп:
- Адыгей, билесиңби, сен, мен баш болуп жаш кезде ашык болгон Айымга кийин Сагынбай башкарма дагы ашык болуп, көзү тунарып, күйөөсүнөн ажыратып алам деп далбас урганын. Бул ашыктыктын азабын кары адамга бербесин, - деп чалкалай олтуруп маанилүү сөз айтчудай көзүн бар-бар ирмеп, тигиле карап:
- Адыгей, сен эми мындай кыл! - деди. Адыгей жөн эле бир ылаажы табылгансып, көзүн бакырайтып, кулагым сенде дегенсип, дем албай тыңшап калды "эмне кеңеш айтасың?" дегенсип. Аттиң, бул да болсо чеккен азаптын бир белгиси экенин жашырып болбойт эле. Медалбек ан сайын маалкатып, бирок бир кездеги Айнаш экөөнүн жоругун эстеп, ал окуяны ичине сактап, мыйыгынан күлүп алды да, ойлонгондой түр көргөзүп:
- Адыгей, сенин мындан башка айлаң жок. Жайдын келишин гана күтүшүң керек. Кыз шаарга окууга барганда, айта турган сөзүңдү артынан барып, ошол жактан айт. Антпесең азыр кызды катуу чочутуп аласың. Элет жеринде ар бир кыймылың, сүйлөгөн сөзүң элге тез жетет эмеспи. Андыктан бир гана жол кыздын шаарга барышын гана күтүү керек, башка жол жок. Ал жактан мен дагы сага жардам бергендей болом. Адыгей бул сунушту туура кабыл алды. Бирок ага чейин кантип чыдап жашайт. Алдыда кенен алты, жети ай бар. Айтканга оңой болгону менен бул көп убакытты ичине камтыйт. Эки курдаш бир топко талкууга алышты. Бир кезде келин сырттан баш багып:
- Ата, тамак бышты, - дегенде гана экөө орундарынан козголушту. Анткен менен ичтеги бугун аз да болсо айтып сыртка чыгарып алган Адыгей, бир топ жеңилденип алды. Даамдуу тамак алдыга келгенде экөө сөздү такыр башка нукка бурушту. Атаганат, элет жеринде жашаган адамдар кандай гана кулакта кала турган сөздөрдү таап айтышат. Медалбек курдашынын саяпкер жөнүндө айткан сөзүн угуп, абдан ыраазы болду. Сөз кезеги келгенде Адыгей Жолбун саяпкердин таптаган аты жөнүндө кеп кылып калды.
- Быйыл жазында Жолбун бир жүдөгөн, жаздан араң чыккандай абалы бар, арык бышты чыкма жылкы баласын тоого агытты. Жүнү түшө элек ал жылкы баласын Жолбун мага абдан катуу дайындады "көз болуп кой" деп. Арык жылкы баласы тоюнгадан кийин оңолуп кетет деген ойдо мен макул болуп, Жолбунга убада берип койдум, "көз салып турам" деп. Сөзүмө туруп ал быштыга анда санда көз салып коюп жүрдүм. Жайлоонун жашыл тулаңында жылкы баласы тим эле чөптүн бүрүн тандап жейт эмеспи. Тиги бышты бат эле өңүнө чыгып, жүнү түлөп, көбүнчө жылкылардын четинде жатат десең. Анын күндүз оттогону деле байкалбады. Бул адам баласынан султандар тамакка үзүлүп түшпөй, тамакты шашпай жейт эмеспи. Тиги бышты дагы оттогону деле билинбей, кудум тулпарлардай боюн сыпаа тутуп, көп кыймылдабай жатканы жаткан десең. Бир айдын ичинде эле башка жылкылардай көп оттобой жуушап жатып эле өңүнө чыга түштү. Ооба, укканым бар "аргымактын жакшысы, азыраак оттоп көп жуушайт" деп. Тиги чынында эле күндүз күнөстөп жатканы жаткан дагы, анан түнкүсүн оттогонун байкай албадым. Күз келип, тоодон түшкөндө Жолбун баягы быштыны өзү келип жетелеп кетти. Тим эле тиги быштынын семиргенин айтпа. Жону билинбей, тоголок болгону менен бели тартылып, малдын семизин билген киши дароо эле байкамак, тиги жылкыны сойсо казысы таман чыгарын. Ошончо семирген жылкыны Жолбун ашып кетсе жыйырма күндүн ичинде таптап, майынан түшүрүп күзүндө чоң той болду, ошол тойдо болгон чоң ат чабышка салды.
Баягы жазында жүдөгөн быштыны тим эле өңүнө чыгарганы бир тең, ат чабышта арышты кенен таштап, берки аттардан эки чакырымдай алдыга озуп келгени бир тең болду. Келгенде дагы чарчоо эмне экенин билбей, шайдоот чуркап келбедиби. Карап турган кишилердин көзү тойду, тиги Жолбундун таптаган күлүгүнүн чуркап келгенине. Ал эми экинчи, үчүнчү келген аттардын терисинен тер тамчылап, күшүлдөп-бышылдап араң эле аяк шилтеп келгенин көрүп алып, Жолбундун саяпкерлик өнөрүнө баа бердик. Андан дагы Жолбун күлүгүнө элдин көзү тийбесин деген ойдо дароо үстүнө жабуу жаап, кадимкидей арча менен аластап, ырымдап да жиберди. Билесиңби, ар бир өнөрдүн билинбегени менен өзүнчө ырымы болоруна, мен ошондо баам салдым. Эгер чын эле Жолбун ошол кезде ырымын жасабаса, күлүгүнө сөзсүз элдин көзү тиймек. Анткени аны көпчүлүк ушундай бир кызыгуу менен карап, тамшанып кеп кылып жатышты. Коңшу айылдан бир абышка абдан кызыкты. Андан дагы бир казак киши "баасы кымбат эки машина берейин, атыңды бер" деп сунуш айтты. Жолбун эч сөз укпаган адамдай гана баласынан атын үйүнө жетелетип жиберип, өзү баш байгени алды да, жолуна түштү. Бул сөздү укканда Медалбек таң калып:
- Жолбун кантип саяпкер болуп калган деги? - деди эле, Адыгей туура суроо бердиң дегенсип сөзүн улап:
- Анын энеси саяктын кызы эмеспи. Жолбундун таятасы чоң саяпкер болгон экен. Ал кишинин өнөрү балдарына эмес, жээнине оогонун карыялар кеп кылып айтып калышты. Бул эми аялды жакшы жерден алгандын бир белгиси экенин жашырып болбойт. Эки карыянын сөзүн угуп олтурган келин эч нерсени байкаган да жок, оюна эч нерсе албады. Эгер экөөнүн ашыктык жөнүндө сүйлөшкөнүн укса анда кандай абалда калат эле? Медалбек бала кезинен жылкы баласына жана күлүк таптаганга кызыккандыктан, Жолбундун саяпкерлиги жөнүндө укканда кабагы ачылып, көңүлү абдан көтөрүлдү. Эми шаарга кеткенге чейин ага барып жолукпаса, жаны жай албасын билди. Тасмалга бата тиленип, экөө сыртка чыккан кезде, айлананы караңгылык каптап калган эле. Анткен менен кечки суук өз күчүнө кирип, денени ичиркентип жиберди. Адыгей узатып чыгып, сөз кезегин келтирип:
- Медалбек, сага ишенип, ичтеги сырды сыртка чыгардым. Аны бир гана экөөбүз билебиз деди. Бул айтылган сөздүн артында "эч кимге айта көрбө" деген сөз жаткан болучу. Медалбек бул айтылган сөздү укканда коштошуп жатып, акырын гана көзүн кызып койду "кам санаба" дегенсип. Бир жагынан ичтен жеген санааны курдашына айтып жеңилденип алган Адыгей карыя үйүнүн астанасын абдан көңүлдүү аттады. Кабагы ачылып, үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып, курган карыя эмнегедир келиненине дагы баштагыдай түнөрбөй, жаркылдаган кабак менен кирип келгенин "курдашына жолукканга го" деп келини божомолдоп койду.
Учурунда Медалбек дагы абдан туура сунуш айтты. Болбосо, айыл ичинен кызды чочутуп алса, анда баары тетирисинен чыгары бышык эле.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3