3-сезон 2-БОЛУК
-Энем жок, ал киши олуп калган.
- Атаныз да жокпу?
- Ообо атам да жок .
- Сиз жалгыз турасызбы?
- Ооба жалгыз турам.
- Коркпойсузбу?
- Чон киши да коркмок беле?
- Суротторунуз коппу?
- Ооба коп.
- Зыйнат апа, мен дагы суротчу болом.
Усон суйлоп, ар кайсыны сурап жатып уктап кетти. Баятадан Усондун суйлогон создорун, сураган суроолорун унчукпай угуп келаткан Жакан багын чайкады.
- Пай,пай,пай баятадан Усондун берген суроолорун угуп олтуруп тан калдым. Айтты, койду дебениз Зыйнат Эсенова, Усонунуз жеке эле суротчулук эмес, баралына келгенде коп кырдуу таланттын ээси болот. Зирек баланыз бар экен,аман болсун. Эми уйун сагынып сизди беймаза кылбаса эле болду.
- Ооба туура айтасыз, Жакан Усаевич, мен да ошону ойлоп жатам.
Галия созго аралашты.
- Кайсы куну кетем десе, кандай болсо да ошол куну кетириш керек. Зордоп кармаштын кереги жок . Жалкып калса экинчи кайрылып келиши кыйын болуп калат. Мен Усондун суйлогон создорун угуп тан калдым.
.... Чолпон-Атадан чыкканы эч жерге токтобой, кунулдотуп журуп олтуруп тун ортосунда Каркырага кирип келишти. Усон машина токтоп, боз уйдон чыккан адамдардын унунон дароо ойгонду. Эртеси эртен менен эрте чон кишилер менен тен турган Усонду коруп, Усай карыя эч нерсени сезбей уктап жаткан Абай менен Дабайды бир карап алып минтти:
Жарды болоор баланды,
Жатканынан билээрсин.
Жандуу болоор баланды,
Чоп чапкандан билээрсин.
Бай болуучу баланды,
Мал баккандан билээрсин.-деген экен бир акын. Анын сынарындай Дакандын балдарынын дараметин жаткандарынан байкап койгула,-деди тамашага чалып.- Экоо тен уйкучу,тундо силер келгенди да туйганы жок, азыр да кыжы-кужу, опур-топурду тоотпой керилип уктап жатышат.
Чалынын созун байбичеси жактыра бербей минтти:- Уктасын. Уктап уйкусу канбаган бала да бала болмок беле."Кичине аттын жугургону билинбейт, кичине кишинин жасаганы билинбейт" дегендей, кечке дандары тынбайт бул экоонун. Атайы эле адам болуп калышыптыр. Отун жок эле, экоо кошунанын балдары менен барып отун алып келишти. Кечке бээ саадырып, кымыз бышкан ушулар. Эч нерсе жасабаган, шаарда жашап,шаарда оскон балдар учун бул да оной эмес. Эс алышсын. Эми кайра жакында окуусу башталат.
- Койдум, койдум байбиче. Туура айтасын,эс алганы келгенден кийин эс алышсын. Уктап уйкусун кандырышсын. Абай менен Жабайсыз эле мал багылып, саан саалып, келген. Мени аяп эмне кыласын. Усайга убал барбы?
- Бир деме айтса эле: "Усайга уьал барбы?"- деп тура каласын. Мен балдарды бир - эки кун эс алсындеп жатам. Андан кийин иштетсен койсон озун бил. Экоо тен эси кирип кол арага жарап калышыптыр. Айран,сут анан кымыз ичкен балдар уйкучу болот да.
- Ак ичкен балдар уйкучу болоорун билем.
Жакан кулду.
-Ооба,ооба Абай менен Жабай жыргатат апа силерди."Эс алсын чарчады"-деп аябай эле койгула. Бала кезде чарчананды билеби киши. Экоону окуу башталаарда озум келип алып кетем....
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3