Арбак колдойбу? Өлгөн адамдын денесин дароо жерге берүү туурабы?
“Арбактар дүйнөсү жок” деп жаш муундарыбызга үйрөтүү – тамырга балта чабуу менен барабар экенин билсеңиз, билип гана койбостон терең түшүнсөңүз кана атаганат...
Улуу кыргыз эли "Арбактар даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" деп бекеринен кеп кылып келишкен эмес!
Аалам көп катмардан турат. Ооба, ар бир катмардын өз жашоочулары бар.
"Адам өлдү" дегенибиз менен анын физикалык денеси гана өлүп, ал эми жаны өлбөйт.
Адам баласы да физикалык денеден тышкары энергетикалык денелерден тураарын кыргыз эли байыртан билишкен.
Ошол себептен, адам өлгөндөн кийин жерге берүү, үчүлүк, жетилик, кыркы жана жылдык ашын өткөрүп келишкен жана өткөрүп келе жатабыз. Бул салт кээ бир “Аш көп болсо, каада көп” деген салттардан эмес. Мунун мааниси тереңде жатат.
Аныгында арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши жүрүшпөйт.
Жогоруда айтып өткөндөй, адам жети катмар денеден турат.
"Жан" деп аталган 3 граммдан 12 граммга чейинки салмакта болгон энергиянын уюган топтому көзгө көрүнбөгөн күмүш жипче менен физикалык денеде кармалып турат. Ошол жипчеде байланган жан физикалык денеден чыккан кезде, физикалык денеге энергия келбей калгандыктан улам дене өлөт.
Жан физикалык денеден тышкаркы денелерден ар кандай мөөнөттө утур-утур бир-бирден чыгып отурат.
Биз сөз кылып жаткан адамдын жаны экинчи денесинен 3 күндүн ичинде чыгат. Кээде жан биринчи дене менен экинчи дененин ортосунда кармалып калган кезеңдер болот. "Кантип эле?" деп түшүнбөй жаткан болсоңуз, түшүндүрүп берейин.
Бул учурду эс-учун билбей комада жаткан же “летаргический сон” абалында жаткан абалды айтсак болот. Мындай абалдагы адамдардын жаны кайра физикалык денесине кайрылып келет. Башкача айтканда, тирилет. Ал эми үч күн аралыгында экинчи денеден чыгып кеткен жан кайрылып келбейт. Муну билген кыргыздар адам өлгөндө үч күн күтүп, анан жерге беришкен. Азыр кутула албай жаткансып, дене муздай электе жерге дароо берип салып жаткандар туура эмес кылышууда.
Бул салттын маанисин билбегендер "Алыстагы туугандарын күтүп, ошол нерседен чыккан" деп келишүүдө. Ал эми ысык жерде жашаган калктар өлгөн дене аба ырайына байланыштуу тез бузулгандыктан улам ошол күнү көмүүнү салт кылышкан. А биздин кээ бир кыргыздар аларды туурашып, "дин" деп динге шылташып, өлөөр менен жерге коюууну салтка айландырып алышты. Бул жеткен маңкурттук!
Үчүнчү денеден жан 7-9 күндүн аралыгында чыгат. Ошондуктан кыргыздар жетилик деп, ал эми башка кээ бир калктар 9 күн деп белгилешет.
Төртүнчү денеден жан 40-52 күндө чыгат. Кээ бир жерде кыркын да өткөрүп, 52 күндү да белгилеп жүрүшөт. Өзгөчө байыркы элдер бул салттын маани-маңызын жакшы түшүнүшкөн.
Мунун маани-маңызы өлгөн адамдын жаны билип-билбей кетирген катачылыктары үчүн, төмөнкү катмарга калып калбас үчүн тирүү адамдар Теңирге жалынышып, ал жандын жогорку катмарга оңой өтүшүнө жардам берүү.
Канчалык көп адам тиленип, ал жанды эскерген сайын жан тазаланып, кыйналбай жогорку катмарга көтөрүлөт. Канчалык жан жогорку катмарга көтөрүлсө, ал ошончолук жердеги тирүү урук-туугандарына жардам берет.
"Арбак жардам бербейт, ал тирүүлөргө көз каранды", "Арбак жок" же "Арбак касиетке ээ эмес" деген кээ бир адамдардын сөздөрү туура эмес. Бул атайы эле ата-бабалардын арбактары үчүн кудайга сыйынууну жокко чыгаруу менен ошол элдин тамырына балта чаап жок кылуунун амалы.
Ооба, арбактар тирүү адамдарга муктаж. Аныгын билгиңиз келсе, айтайын.
Тирүү адамдар кудайга сыйынышып, жакындарынын же ата-бабаларынын арбагын эскерген сайын алардын арбагы тазаланып, жогорку катмарга көтөрүлөт. Бул арбактар дүйнөсүнө гана эмес, баардык заттарды жараткан Жаратуучу Кудайга да керектүү салт. Себеби, баардык зат кудайдын денесин түзүп тургандыктан, баары бири-бири менен байланыштуу жана бири-бирине таасир берип турат.
Кудай деле өз денесинде терс энергиянын болушун каалабайт. Адамдын бир органында оору пайда болсо, башка органдары жардамга келген сыяктуу, биз да көзгө көрүнбөгөн дүйнөлөрдүн жандыктарына жардам берсек, алар кайра бизге бизден өтүп 100 эсе жардамга келишет. Аны түшүнгөн кээ бир калктар өз ата-бабаларынын рухтары үчүн миллиондогон адамзатты сыйынтып, башка калктарды "Арбактарга сыйынбагыла" дегени өзүмчүлдүк.
Бир эле мисал, эмне үчүн Манас бабабызды шылдыңдап, аны "Жомок", "Ширк" деп жокко чыгаргысы келип жатышат? Себеби, Манас бабабыздын руху эң жогорку катмарда жайгашкан. Аны билген сырткы душмандар аны төмөнкү катмарларга түшүрүүнү самашып, ар кандай ыплас ыкмаларга барышууда.
Эң жогорку катмарда турган Манас атабыздын руху канчалаган кылымдардан бери бир ууч кыргыздын жок болуп кетүүсүнөн коргоп, колдоп келе жатат. Манас бабабыздын рухун төмөнкү катмарга түшүрүүгө жол бербейли! Эсибиз барда этегибизди жыйып, акылыбызга келели!
Жалпы адамзат рухтары, анын ичинде жалпы ата-бабаларыбыздын рухтары үчүн Жаратканга жалынып, алардын тазаланып, жогорку катмарга көтөрүлүшүнө жардам берели. Аны менен катар өзүбүзгө да жардам берген болобуз. Бар бололу кымыз жыттанган кыргыздарым ❤️!
Автор Лариса Асанбековна.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Дин жонундо толук маалыматты диний жогорку билимдери бар аалымдар гана бере алат.
Бул жерде жазылгандардын кээ бир жерлери Аалымдардын айтканына топ келбейт.
Биз деле Аалымдардын айтканын коруп, угуп жатабыз го.
"Чала молдо дин бузат"-дегендей эле...
1 Бойго жеткен кызды куйоого беруу
2Алган карызды кечиктирбей эртереек беруу
3 Олгон адамды эртереек жергеиберуу.
Аллах жалгыз зат, андан башка сыйынууга татыктуу зат жок,
Илим алгыла андан көрө кеч болуп кала электе.