5-Болум
– Анарбек?!- ачуу чаңырды кыз. Аны уккан эч ким жок.
Султан дегени каалганын жанында үн-сөзсүз башын жерге салып турат.
– Анарбее-ек!- кыз дагы бир кыйкырып алып, анан каалганы көздөй басты. Бирок кыз жакындаганда Султан эшиктин туткасын кармап токтотуп калды.
– Каччы!- кыз аны түртүп жиберди. Султан кетенчиктей түшүп каалганы ачмакчы болгон Шайырды белинен кучактады да, көшөгөнү көздөй сүйрөп жөнөдү.
– Аа-а!- кыз эми коркконунан бакырып жиберди. А тигинин болсо токтой турган түрү жок. Көшөгөнүн ичиндеги төшөккө кызды жыгып, тытмалап кийимин чечкенге аракет кылып баштады.
– Аа-а! Анарбе-ек!- ошондон жардам келчүдөй кыйкырып аны чакырат. Тигил Султан дегендин муздак колдору денесин аралап үшүтүп жатты. Бир кезде эсине келе түшкөндөй тырмактары менен Султандын бетин апчып алды. Ушунчалык катуу апчыды. Жигиттин бетинде манжалардын изи калып, ошол издерден кан атты. Султан токтоп калды. Ушул учурдан пайдаланып кыз суурулуп чыкты да, бөлмөдөн атып чыкты. Каалганын жанында эле алардын добушун тыңшап Анарбек туруптур. Кыйкырып-өкүрүп ыйлап качып чыккан кызды ал шап эле кармап алды. Бекем кучактады да, кайра бөлмөгө алып кирди.
– Эмне эле жүдөп жатасың?!- байкесин урушту.
– Анарбек, суранам коё бер! Суранам!
– Жөн эле коёлучу?- Султан да коркуп карады Анарбекти.
– Эмне? Энеңдурайын, шөлпөйүп кыз таба албайсың. Тапкан кызды кармап кала албайсың! Үйлөндүң сен ушуга! Уктуңбу? Кетпейт эч жакка!
– Аа-а!- кыздын чаңырганына көңүл бөлгөн жок Анарбек. Эки колун бекем кармап туруп төшөккө ныгыра басты.
– Башта!- өктөм буйрук берди Султанга.
– Анарбек!- алдастап кетти тигиниси.
– Эмне Анарбек?! Эмне?! Башта азыр! Болбосо...
Кыз ошондо анын колдорун кармап турган Анарбектин көз карашын кармап калууга далбастап анын көздөрүн карады. Көздөрүн көрүп коркуп кетти. Анткени андан кайдыгер гана көз карашты көрдү. Анарбек үчүн ал эч ким эмес экен. Азыр байкеси зордуктап койсо эле кыз калат деп ойлоп жатат. Уятынан калат деп ойлоду. Ушунча коркунучтуу адам. Өзүнүн жоош агасы кыз таап үйлөнө албасына көзү жетип, акырында өзү ишендирип алган кызды анын алдына таштап бергени турат. Антпесе үйдүн кичүүсү катары үйдө, айылда калмак. А бул айылда калгысы келбейт. Үйлөнгүсү да келбейт. Байкесин үйлөнтөт да, кетет. Шаарга барып ырчы болот…
Кыз чаңырып эле жатты. Капкара коюу түндөн башка аны уккан эч ким болгон жок.
ххх
– Мен сага күйөө боло албайм. Түшүндүңбү? Жок дегенде сен мага жеңе болчу!- калп-чынды койгулаштырып, эптеп кызды алып калуунун амалын кылып жатты Анарбек. Шайыр болсо чачтары саксайып, эч нерсеге алы келбей бүрүшүп, өксүп ыйлап жатат.
– Сен адам эмес турбайсыңбы? Жеңелерим кеткенче мунун күйөөсү менмин деп, анан баары кеткен соң... Эч нерсе кыла албайт деп ойлодуң го, ээ? Кете албайт деп жатасың го, ээ? Кетем, уктуңбу?! Кетем, агаң экөөңдү түрмөдө чиритем.
– Сага эч ким ишенбейт. Айылдын участковыйы ушул жерде той жеп жүрдү. Жеңелериңдин келгенин көрдү.
– Бизге эч ким нике кыйган жок!
– Султан экөөңөбү? Эртең кыят. Биз ошентип сүйлөшкөнбүз!
– Эш-шек!- кыз чаңырып Анарбектин бетин тытмакчы болуп ага асылды. Бирок ал карылуу колдору менен кыздын билектерин бекем кармап туруп түртүп жиберди да, сыртка чыгып кетти.
Азга болсо да бөлмөдө жалгыз кала түштү, кантип кетүүнүн амалын ойлоно баштады Шайыр. Чуркап барып каалгага жабышты. Сыртынан бир нерсе менен тиреп жаап коюшуптур эшикти. Болгон күчү менен каалганы ачууга аракет кылып түрткүлөп баштады. Бир убакта каалга ачылып кетти. Шайырдын күчүнөн улам эмес. Эшикти Султан ачыптыр. Ал дале көздөрүн ылдый каратып, үн-сөзсүз турат.
– Алып кир ары аялыңды! Ал эми сенин аялың, эмне жалдырап турасың?- арыдан Анарбек кыйкырды. Султан саамга токтоп турду да, анан кызды белинен алып так көтөрүп кайра көшөгөнү көздөй сүйрөдү.
– Аа-а!- кыздын кыйкыргандан башка аргасы калган жок...
– Мал бекенмин мен силерге? Жапайылар! Бирөөң ала качып келип, экинчиң аял кылып… Көк мээлер! Болуша турган эч кими жок деп жатасыңарбы? Же зордуктап койсок айласыз калат дейсиңерби? Түрмөдө чиритем мен силерди!- бурчта отуруп алып өзүнчө жинденип жатты. Султан болсо уйкуга кеткен. Таң атып келе жатат.
ххх
Эртең менен коңшу-колоңдун добушу угулганда эле Шайыр кыйкырып жардамга чакыра баштады.
– Жардамга-а!
Султан чочуп ойгонду. Коркуп кеткени көздөрүнөн эле көрүндү. Бирок Шайырга эч нерсе дей алган жок. Шаша-буша кийинип эле сыртка атып чыкты. Ал чыгары менен эле Анарбек баш бакты.
– Эмне айкырасың?
– Жардамга-а!
– Мээң ордундабы?
– Минтпесем силер мени коё бербейсиңер! Мен ушул жерге милиция келгиче кыйкырам… Жардамга-а! Милиция чакырып койгулачы! Мени өлтүрүп жатышат. Жардамга-а!
– Жап дейм жаагыңды!- Анарбек бетке бир чапты.
– Алдап ала качып келип, анан ушинтип сабап баш көтөргүс кылып башкарып алам деп ойлойсуң го, ээ?- саамга унчукпай калган Шайыр ызырынып кайра үн катты.
– Мен коркуп ар кимдин алдында жата турган кыз эмесмин, уктуңбу?! Мен түбүңөргө жетем. Зордуктап койсок кете албайт дедиңер да, ээ? Билесиңби, түрмөдө кыз зордуктагандарды эмне кылат?- деп ал заар үн менен кыйкырды.
– Ошентип эле көрчү. Ата-энеңди кошуп туруп өрттөп жиберем…
– Ха, ары жок! Күч сынашасыңбы? Менин чоң атам милицияда 30 жыл иштеген адам. Силерге көргүлүктү көрсөтөт.
– Мен сага күч сынашканды көрсөтөм!- жини менен дагы бир чапты кызды. Шайыр жыгылып түштү. Бирок кайра заар чачкан көздөрү менен жигитти карады. Бир кезде ушул көздөр Анарбекти сүйүп карачу… Азыр болсо жеп жиберчүдөй! Анарбек кармана албай кетти. Кызга жакындады да кадимки эркек адамды ургандай муштуму менен былч эттире согуп салды. Шайырдын көздөрү караңгылап кетти. Өзүнө келгенче Анарбек дагы бир сокку жасады, анан дагы, анан дагы…
Алсыздыгына арданып кетти. Дайыма ушундай. Дайыма аларды теңине алышпайт. Дайыма өп-чап турмушта жашап келишкен. Томаяк болгону үчүн эч ким буларга кызын бергиси келбейт. Кашайып, тиги агасы Султан да киши менен сүйлөшкөндү билбеген түнт неме болчу. Анан Анарбек баарын жайгармакчы болгон. Кырдаалды колго алып, чечкиндүү кадамдарга бармакчы болгон… Бирок минтип мерчемдеген ойлорунун баарынын ойрону чыкты. Ошого да арданды… Болгон жинин кыздан чыгарып жатты.
Өлтүрүп салбаса экен деп тиледи кыз. Адегенде жигиттин соккулары денесин оорутуп жаткан, бирок акырында ал ооруну деле сезбей калды. Өлбөй эле калса көрсөтөт бул акмактарга.
ххх
Ооруканадан эсине келди. Көзүн ачса апасы маңдайында отуруптур. Көп ыйлаганы көрүнүп турат.
– Апа?
– Оу, берекем… Кагылып кетейиним, эсиңе келдиңби?!
– Мен кайдамын?
– Ооруканада… Тигил акмакты кармашты, кызым. Атаң азыр ошол жакта жүрөт. Акмак неме турбайбы… Ий, айланайын, жашаганына бир жума болбой жатып көк ала кылып сабап… Эшек десе.
– Апа, байкесин дагы кармасын!- араң үн катты Шайыр.
– Эмне дейсиң?
– Анын байкеси мени зордуктады… Аны да кармашсын!
Апасы оозун алакандары менен жаап нес болуп туруп калды.
– Ушундай кантип болсун?!- бир топто барып эсине келе түштү окшойт. Күйөөсүнө чалып баштады.
– Милицияга айт! Жанагы Анарбек дегендин агасын да кармасын… Шайыр агасы да зордуктаган деп жатат… Түрмөдө чиритиш керек акмактарды.
ххх
Шайыр кичине жакшы боло түшкөндө эле милиция менен сүйлөшүүгө келди.
–Баарын башынан айтып бериңизчи? Алар эч нерсени моюнуна албай жатышат…
Кыз улутунуп алды. Мурда болбогон нерселерге ыйлай берчү экен. Азыр болсо жанагындай азаптарды көргөндөн кийин эмнегедир көз жашы чыкпай койду. Мелтиреп туруп сөз улады…
– Мен Анарбек менен сүйлөшүп жүргөм. "Тоого чыгып келели" деп чакырып, кечинде тоодон келе жатканда ала качып кетти. Ал "суранам, мен үчүн калчы" деген. Мен Анарбек өзүнө аял кылуу үчүн ала качып келди деп ойлодум. Анын мындай жолго барарын билген жокмун… Жеңелерим келип кеткенче күйөөнүн ролун аткарып жүрө бериптир… Анан бардыгы кеткенде "күйөөң мен эмесмин. Сени агам алды" деп айтты. Мен каршы болдум… Агасы зордуктады. Ошентип койсок кете албай калат деп ойлошту окшойт.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8