2-сезон 51-БОЛУК
Деги туболугундо колума тийип, козум тоё коруп, оозум толо обоор бекенмин баламды. Бейиши болгон кайран аяш атам, жакшы адам тура – деп баш-аягы жок ойлорду ойлоп, сапырылган санаанын кучагынан чыгалбай тасмадай созулган асфальт жолду телмире тиктейт. Зыйнаттын козуно машинанын торт донгологу, донголок эмес эле, торт канаттуу шумкардан бетер учуп бараткандай сезилет. Бир маалда Жакан минтти:
- Аяш, жакындап калдык. Мен оо окуп жургон студенттик кезимде бир келген бойдон, бул жакты королек элем. Жолду сиз баштабасаныз, мен унутуп калыптырмын. Ал кезде Чолпон-Ата шаар эмес эле, кыштак болучу. Эсимде калганы «Бирлик» деген колхоз боло турган. Ал кезде бул жакта казактар да коп болучу. Туугандарыбыз бар эле. Кийин катышпай, алыстап кеттик.
Жакандын эмне айтып жатканын Зыйнат уккан да жок, тушунгон да жок. Шофер шаардын ичине кире бериште машинаны токтотту. Анан Зыйнат менен Галияга Жакан кылчая карады. Аялы уктап калыптыр. А Зыйнат болсо ботодой козун жайнатып минтти:
- Эмне токтодук? Кайда келдик?
- Чолпон-Атага келдик.
- Бат эле келип калдыкпы? Анан токтобой эле айдай бербейсинерби?
- Шаарга келдик, кайда айдайлы десек, укпай койбодунбу?
- Эч нерсе уккан жокмун, качан айттыныз эле?
- Болду, болду, тушундум аяш, эч кысасы жок.
- Эми эмне кылалы?- деди Зыйнат.
Жакан Зыйнаттын санаасы бир жерде эмес экенин дароо билди. Бардыгы машинадан чыгышты. Кундун батышы чоктой кызарып, орттой албырат. Зыйнат эки жагын карап, коодонун кере дем алып, ойлоно тушуп, жолдошторун карап кулуп койду.
- Эми силер досунуздардыкына барасыздар да. А дегенде мени тушуруп койгула. Андан ары жакын эле.
- Жок, андай болбойт, аяш. «Болунгонду бору жейт» дегенди унутпаш керек. Мурда ал уйго баралек болсон бир жондуу эле. Башкалар учун барбасан да уулун учун барасын да.
- Ооба, барам дечи. Бирок азыр силер менен баралбайм. Менин да атайын коздоп келген жерим, куда-соогум бар. Аларды аттап ото чаап кетсем, баякы чыккан жерин торкунсугон жаман катын болуп калбайымбы. Азыр мен барган уйдон силерге жол корсотконго бироону кошуп беребиз. Туз барып тушуп каласынар. Ошондой эле Толкунбектин уй-булосу мени коргусу келип каалап турушса айтышаар.
Эгерде Усондун озуно карасам, эки жакка бурулбай учуп жетким келип турбайымбы. Айла жок.
Галия Зыйнаттын созун жактап минтти:
- Туура созду туура деш керек. Аяшына макул болосун го, Жакан.
- Чогуу болсок дебедим беле, - деди жигит. Мейли анда, Зыйнатты жеткирели мурда.
Бардыгы машинанын жанына келишти. Ошол саамда Зыйнат ар жакта катуу келатып, жайлай тушкон ак «Волганы» коруп коздору жалт этти. Ал машинанын ичинде олтурган адамдын ким экенин ойлобой эле, оз машинасын таанып дене-бою ысып, кареги кадала тушту. Оюнда эч нерсе жок Корумдудан жайма-жай келаткан Толкунбек да жолдун четинде турган машинанын номерин коруп, дароо ылдамдыкты жайлаткан болучу. Жакындай берип Жакандын машинасы экенин таанып, суйунгонунон мандайынан тер чыга тушту. Бет алдында шамдай болуп озун тиктеп мостоюп турган Зыйнат козуно биринчи урунду. Жаканды коруп Толкунбек машинасын токтотуп, учуп тушту. Бирок экоонун куугум талаш машинаны четке токтотуп коюп, экоо жалгыздап турганына шектенген Толкунбектин ичине ич тарлыктын ити олуп жатканын эч ким ойлогон да жок. Жакан экоо кучакташып корушту. Зыйнатты киртие бир карап алып бурулуп кетти. Анын коз карашындагы «Сен ушундай экенсин ээ Зыйнат. Билдим Жакан экоонду» деген жазууну аял да, Жакан да тушунгон жок. Бар болгон Зыйнаттын Толкунбекке таарынчысы: «Чиркин ай, учурашып койсон эмне болот эле!?» - деген гана бир оксук конулун дароо боксортуп жиберди.
Жол журуудон чаалыгып, машинага кайра кирери менен, арткы орундугуна кыйшайып жаткан Галия, Толкунбектин керсейип Зыйнатка кылган кара боор мамилесин коруп чыдабай машинадан тушуп шанк этти:
- Саламатсызбы, аяш!
- Оо, Галия жан, салам, салам!- Шаша басып келип кол алышты. Корунбогонунуздон мен сизди келген эмес экен деп ойлоптурмун.
- Оюнуз кызык экен, аяш. Эмне учун келбей калат экенмин. Зыйнат бир чоолуу эмес, эки чоолуу болуп жатса кантип жалгыз жибермек элек. Анын устуно кабар айтпасаныз да аяш атага бата кылышыбыз керек да. Атадан жаш, акылдан бош калыптырсыз, арты кайрылуу болсун.
- Ырахмат, аяш.
Галияны коруп санаасы тына тушкон Толкунбек, ары жакта обочолонуп турган Зыйнатты эми гана коргонсуп, жадырай тушуп салам айтты.
- Кандай Зыйна, жакшысынбы? Эмне эле мени коргун келбей четтеп калгансын. Кантебиз тагдыр деген ушундай опурталдуу татаал нерсе турбайбы. Таарынба мага. Балакетти баштаган да озун, таштаган да озун болдун. Зыйнаттын жанына жакын келип далысынан имере кучактап, бетинен опту. – Сени унуталбайт окшойм, алтыным. Тотон Усонду билгенден бери сени коп ойлонуучу болуп кеттим. Арбагындан айланайын атам, жакшы киши тура. Ал киши айтпаса кайдан билет элек. Сенин коз жаш, кокурок дартынды аяп атан аталык кылып тушунгон экен. Зыйнатты кучактап дагы опту. – Ой, ыйлап жатасынбы?! Ыйлабачы. Кайраттуу эмес белен? Толкунбек озунун кол жоолугу менен
Зыйнаттын жашын суртуп, колтуктаган калыбында Жакан менен Галияны коздой басты. – Чоогу эле биздикине барасынар да.
- Биз, албетте, силердикине барабыз. А Зыйнат болсо кудасыныкына барып, силердикине эртен барам дейт.
- Жок, жок, андай болбойт, чогуу келгенден кийин чогуунар менен эле биздикине баргыла. Малды бугун сойдук. Корумду менен Темирге киши чакырыкка барып келаткан болчумун. Силердин келеринерди билет Жайнагул. Сени озгочо энсеп куткон бироо бар, Зыйнат. Ал ким дебейсинби?
- И, ким экен?
- Уулун. Усон деген бала.
- Усон. Койчу, кантип эле? Калп айтпачы, Толкунбек.
- Калп айтып башыма эмне куч келди.
- Ишенбейм.
- Ишенсен, койсон озун бил. Ал эми сени менен кетем деп камынып журот. Сен Жайнагулго рахмат айтышын керек. Усонго калганда ал кунулошундун эмгеги зор. Мен мурда мындай болот экен деп эч ойлогон эмес болучумун. Бир куну уйдо жатсам, тышта экоо минтип суйлошуп жатат. Угуп туруп тан калдым, Усондун берген суроосуна. Анын ой жугуртуусу укмуш экен. Жайнагул тан калды го деп ойлоп калдым.
- Мама, мага чон атам баякыда ооруп жатканда айтпадыбы, сен Зыйнаттын баласысын деп. Чын эле Зыйнат тороду беле, ыя мени?
Оо, бир оокумдан кийин Жайнагулдун кардыккан уну чыкты:
- Зыйнат дебей, мама дебейсинби?
- Мама дебейм.
- Мама дебесен апа дегин. Чон кишини атынан айткан уят болот. Сени Зыйнат торогон учун айтты да атан.
- Анан мени сен багып алдын беле?
- Ооба, мен багып алгамын. Ал окууга кеткенде, мага таштап кеткен.
- Эмне окууга кетти эле?
- Суротчунун окуусуна.
- Экоон дос беленер.
- Ооба, дос болчубуз…
«Алдаса болот жаш башты, канетсе болот как башты» дегендей, Усонду сага сыр билгизбей жакындатып жаткан данакер болгон Жайнагулдун акылына тан бербей коё албадым. Азыр анын кулагына кумдай куюп- Зыйнат апан чон суротчу, сен ошол апандан сурот тартканды уйронсон келечекте мыкты суротчу болосун деп, буйурун кызытып жаткан ошол Жайнагул. Эсенова келгенде, сени алып кетем десе барасынбы? Уйду сагынганча журуп кайра келесин десе, Усон минтип сурап жатат.
- Асан да барабы, ыя мама!
- Жок, Асан барбайт. Асан сурот тартканды билбейт да. А дегенде сен эле барып, уйронуп келчи. Экоон бирдей кетип калсанар, анда мен кантем. Олуп калам го.
- Макул, мама, анда мен эле барайын. Сен олбо, макулбу. Мен кайра бат эле келем да.
- Экоонун суйлошкон создорун угуп олтуруп Жайнагулго ушунчалык ыраазы болдум. Сен да ыраазы болоорсун, Зыйнат. Усон учун санаадан ооруп, ооруканадан жаны эле чыкты. Эмнеси болсо да сенин эне экенинди кулагына кумдай куюп жатып муютуп салды окшойт. Анын устуно каны тартабы деп калдым. Озу билбесе да журогу сезет окшобойбу. Азыр Зыйнат Эсенова дегенде, уктап жатса ойгонуучу болду. Бизде ушундай жанылык. Азыр баякы чатырап, гулдоп турган ай чырайлуу Жайнагул жок. Ойчул да, санаачыл да, ыйчыл да болуп кетти. Усондон ажыроо ал учун кыямат экенин коруп турам. Айла жок, Усон деп олтуруп энем да куурап калды. Билесинби Жайнагулдун чачы ушул акыркы айда агарып кетти.
- Андан эч нерсе болбойт, мен да куурагамын.
Чындыгында эле Толкунбек айткандай, ушул кезде Мансурдун уй-булосу чон трагедияны баштарынан откоруп жаткан кези болучу.
- Рахмат, Толоке, жакшы созун бар экен, - деди Жакан боюн тузоп. Мен Жайнагул жонундо укканым бар, бирок королекмин. Айткан созуно караганда акылдуу аял окшойт.
- Королек болсон коргону жатпайсынбы. Таанышып, аралашкандан кийин айтаарсын.
- Зыйнат, сен эмне кыласын, - деди Толкунбек
- Мен эмне кылмак элем, Тураттыкында калам.
Ары баскан Жакан токтой калып, бурула карады:
- Эмнеге Тураттыкына? Жок, Зыйнат Эсеновна, андай болбойт. Азыр чогуу-чаран эле Мансур аяш атаныкына барабыз.
Тураттыкына эртен деле жетишесин барганга. Усонду коргун келип сагынып келатканынды бизди тушунбойт, билбейт деп турасынбы. Тушунобуз баарын. Толокемдин жакшы созунон кийин, Жайнагул аяшты угуп, Галия экоонду билбейм, мен озум кубанганымдан оз териме озум батпай мандайымдан тер чыга тушту. Аяшымды корууго шашып калдым.
- Шашсан кеттик анда. Бугун Тураттыкын ойлобой эле кой, Зыйнат.
Бардыгы машинага олтурушту. Жакан досунун машинасына тушту. Зыйнат Толкунбектин айткан созуно эргип, толкундап келатты. Озунун Жайнагул менен Кынага алып келаткан белек-бечкектерин конулунон откоруп келаткан аяшына Галия минтти:
- Ыя, Зыйнат, жана мен сенин Жайнагулго алып келаткан белектеринди коруп ичим тарыды эле.
- Эмне учун? – деди Зыйнат.
- Эмне учун дейсинби? Мынчалык чабылып-чачылып, кунулошуно эмнеге жасакерленип жатат. Норкасыз, алтынсыз эле келбейби деген элем. Озуно алган щубаны, жонуна бир салбай алып келатканынды жактырган эмес болучумун. Бирок Толкунбектин азыркы созун угуп кунулошуно ыраазы болуп калдым. Ырас эле жакшы белектерди алыптырсын. Кайненен менен Жайнагулдун апасынын кийити да, балдардыкы да эн сонун. Азамат турбайсынбы. Март аял экенсин.
- Э-э-й Галия, Галия, анаан эмне кылам. «Бир кормокко жан бермек» дегендей, олгонум тирилип, жоголгон жогум табылып жатса дунуйо кеппи. Мен ал балага эне болуп эне сутун да эмизбедим, туйшугун тартып, тун уйкумду уч болуп туйшолбодум. Баланы тууган эне эмес, баккан эне тура. Жайнагулдун Усонго синирген эмгегинин минден бирин отобой туруп «бала меники» деп ээ болуу мен учун куноо сыяктуу сезилет мага. Конулу менен ыраазычылык менен берсе алам баламды, бербесе талашпайм. Талаша турган акым да жок. Аман болуп тируу журсо болду.
- Ооба десен. Анын туура дечи. Бирок алсан эле жакшы болоор эле. Толкунбектин айтууна караганда берет го. Атайын даярдап жаткан тура сен учун.
Ангыча машина Толкунбектин артынан журуп олтуруп, бир чон кочонун орто ченине жеткенде темирден салынган жашыл дарбазаны коздой бурула берип токтоду. Боз уй менен там уйдун ичи-тышы, ийне тушуп кетсе корунгондой болгон жарыктан коз уялат. Зыйнат короодо жургон адамдарды, четте турган женил машиналарды коруп сестее тушту.
- Ту-у, киши коп го, ыя. Жок, мен кирбейм, Галия. Анан шоферго карады. Мени аркы кочого таштап койчу айланайын. Булар ушинтип машинанын ичинде буйдалышып жатканда, алдынкы машинадан тушкон Жакан, аларды коздой басты. Толкунбек болсо токтой калып, кимдир бироонун атын айтып минтти:
- Ай Нурбек, Жайна женене, Алматыдан меймандар келди деп айтып койчу.
Бул кезде Жакан менен Галия Зыйнат менен тил табыша албай жаткан болучу.
- Жок, мен тушпойм, тигил жакка эле барайынчы. Киши коп экен, уят.
- Эч уяты жок, Зыйнат. Сен кирбесен биз да кирбейбиз анда – деди Галия, эшиктин алдына келип алып кайра кеткен кантип болмок эле.
- Мага баары бир, боло берет.
- Антпе! – деди Жакан.
- Эмне болду? – деди Толкунбек, эч нерсеге тушунбой. Тушпойсунорбу?
- Киши жок экен деп ойлоптурмун – деди Зыйнат. Ажырашты деген Эсенова бул жерде эмне кылып журот дешпейби. Тилимди алып Тураттыкына жеткирип койгула, башка убакта келейин.
- Эми андай создун айтылышы турулуу иш дечи. «Эки катын бириксе базар, уч катын бириксе жарманке» - деп орус эли бекер айтпаса керек. Биздин турмуш уу тилдуу ушакчылар учун эрмек болбодубу. «Кол менен кылган ишти моюн менен тартышыбыз керек». Мен азыр андай создорго бышы кулак болуп конуп калдым.
- Сен конгонун менен мен коналбай жатпайымбы.
- Коносун.
- Конгон кезде коро жатармын, мен кетейинчи бул жерден.
- Мейли анда жеткирсен жеткирип кой – деди Толкунбек Зыйнаттын абалын коруп туруп кыянаттыкка баргым келбейт.
- Кыянаттыкка баргын келбесе, Асан менен Усонду, Тураттыкына жиберип коёрсунар, Жайнагулго айтып.
- Жарайт, айтабыз. Толокем айтпаса мен айтам, аяш.
Зыйнат тушкон машина жаны эле бурула бергенде, Жайнагул ар жактан Жакандарды коздой ылдамдай басып келатты. Аялын коргон Толкунбек минтти суз.
- Эмне, меймандардын келгенин Нурбек айткан жокпу?
- Айтты. Кечирип койгула, колум бошобой жатпадымбы. Жакан менен Галияны кулундой карап минтти: - Кечирип коюнуздар, биздин ардактуу мейманыбыз сиздер болсонуздар керек.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий калтырып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5