Олуттуу каралбай, убагында чара көрүлбөй калса өлүмгө чейин алып барары жазылган. Мындан эч ким коопсуз болуп, кутула албайт. Көз адамдын ден соолугуна, психологиясына, ишине же үй-бүлөсүнө тийүүсү мүмкүн. Адамдагы белгиден улам эмнесине көз тийгенин рукуячылар аныктап, андан арылта алышат. Рукуячы Эрмек Тынай уулу көз тийүүнүн белгилерин санап берди:
📌Көз тийүүнүн белгилери кандай болот?
🔸Бүт денеси же болбосо колу, буту дайыма ысып же муздап турат
🔸жүрөктүн согуусу лакылдап тездейт
🔸жөнү жок башы, көзүнүн айланасы ооруй берет
🔸буту себепсиз сыздатып дайыма ооруп, тура албай калуусу мүмкүн
🔸аба жетпегендей деми кысылып турат. Мындай абал өзгөчө түштөн кийин башталуусу ыктымал
🔸чачы түшөт, арыктайт, бат чарчайт, тамакка болгон табит жоголот
🔸маанайы тез-тез түшүп, уйкусу бузулат
🔸өтө жарыкка жана жыттарга чыдамсыз болуп калат
🔸өзүн көзөмөлдөй албай айрымдар ичип кетүүсү, үйүнөн качуусу ыктымал
🔸намаз окуган адам болсо намаздарга тура албай, куран окуп, зикир кыла албай калуусу мүмкүн
🔸аял киши болсо себепсиз кыжырданып ыйлап же бирөө менен урушкусу келет. Же тескерисинче, түнт тартып кетет
🔸өзү менен өзү болуп элден алыс жүрүүнү каалайт
🔸эркектерде эркектик алсыздык, тукумсуздук пайда болот
🔸буулугуп ыйлагысы эле келе берет
🔸ийгиликтүү иши бир заматта токтоп артка кетет
❓Көз тийүүдөн кантип сактанабыз?
📌Социалдык тармактарга жеген тамагыңызга чейин киргизе бербеңиз.
Сиздин бактылуу жашап жатканыңызга бирөөнүн ичи күйсө, бирөө суктанат. Бул болсо көз тийүүгө жеткирет.
📌Кылып жаткан жана келечекке пландалган иштер тууралуу баарына эле жарыялай бербеңиз.
📌Аялзаты шуру же болбосо адамдын көзүн тарта тургандай башка тагынчактарды, ал эми мырзалар колдоруна саат сыяктуу аксессуарларды тагынып алуусу керек.
📌Эртең менен жана кечинде Фалак, Нас, Фатиха, Ихлас, Ясин, Аят Аль Курси сүрөөлөрүн окуп туруңуз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12
Тооба кылдым Кудай озу сактасын.