2-сезон 47-БОЛУК
Толкунбек атасынын омурун ажалдан мурда эле озу кыскартып, озу олтургондой болгон окунучтон журогу оттой жанат. «Кагылайын ата, кечир мендей акылсыз уулунду. Сага мен адам болуп эр жетип, ат жалын тартып мингени, асты азабымдан башка асылымды корсото алган жокмун. Карып калган кезинде, жанынды жашартып, санаанды тындырып ыраазы кылып кубандыруунун ордуна, озогунду орттоп, кайырымды чайыр кылып оксуткон кундорум коп болду. Тушуном ата, билем баарын» - деп момодой салбырап, ичинен жеген курттай болуп, оз жанын озу жеп, оз канын озу ичип, бир эле тундун ичинде суу ичкендей шапая тушту.
Ал эми Жайнагулчу! ? Анын куйуту тушунгон кишиге, бир чоолу эмес, эки чоолу болуп, эсин жыя албай кош кабат куйуттун ортосунда калды. Мансур эмне, келини кейибегендей келини куйбогондой кайната беле! Ошол ата менен эненин жакшылыгынан кыйбай, солк этпей олтуруп койбодубу. «Кагылайын атаке, сизсиз кантип кун коробуз, мен сиз деп, энем деп иштеп, сиз деп жашап, эне деп жашап журбодум беле» - деп, ботодой боздоп ыйлап журуп сыйын да кылды, ыйын да кылды. «Эки доочу бир келсе амалындын кеткени, эки оору бир келсе ажалындын жеткени» дегендей, Мансурдун куйуту менен Усондун кайгысы биригип Жайнагулдун акыл-эсин аласалдырып, журогунунун тынчын алган бир озунчо айыккыс оору болду. «Ушинтип эле олуусунон олуу, тируусунон тируу ажырап каламбы» деген ой ойгонсо онунон, уктаса тушунон кетпей калды.
Мансур озу айткандай, «Артында калгандар, адам кайтыш болгон кункудой дайым куйуп олтурса, журтта тукум калабы. Кандай куйумдуу кишиси болсо да, олгондун эртеси эле коодондон бычак сырты алыстайт. Анан уламдан-улам алыстай берип, унутула баштайт» экен го. Атанын бул созу, оз башынан откон учун айтылган турбайбы. Ооба, Мансур менен Кына: «Кундо туусам кундо жок, кундо жылан жеп коёт, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коёт» дегендей не деген чолпондой болгон балдарын кара жерге берип, канча жолу кан жутуп, канча жолу кара кийбеди дейсиз. Олгондун артынан ким олуптур. Кара жер суутат экен да. Бирок олуп ажыраганга караганда, тируу ажырагандын куйуту кучтуу болучу неме окшобойбу.
Жайнагул канча которумдуу, канча кайраттуу болгону менен, Усонго келгенде кайраттуу боло албады. Усонду корсо да ыйлайт, ойлосо да ыйлайт. Ал оз энеси Зыйнатка барбай эле, тируулой олумго бараткандай болгон бир тынчы жок тунгуюк ой мээсин келемиштей кемирип, жашоосу супсак, коргон куну улам арып бараткандай бардыгы корксуз да, конулсуз да болуп калды. Анан калса азыр койгонун азыр, анан койгонун анан унутуп, кээде колуна кармап жургон буюмун темселеп издечу, нескаранын бири болду.
Ошентип, Жайнагул Усон деп журуп, санаага жендирип баратканын билбей калды. Аялынын Усон учун болгон ички дуйносунун алааматын тушунуп, козу жетип турса да, Толкунбек оозу батып кайраттандырар эч нерсе айталбады. Айткандан эле бир жолу, уктай албай кайра-кайра ушкурунуп, озунон озу ичинен букулдап ыйлап, тынчы кетип жатканын коруп туруп чыдабай минтти:
- Ай, Жакин, алтыным эмне болду сага? Аялынын кроватын коздой оодарылып кучактады. Ыйлап жатасынбы?
- Ооба, ыйлап жатам, - деди кекерлуу ун менен.
- Жинди болгон го, ал эмне болгон ый жети тундо – дедикуйоосу.
Толкунбектин колун туртуп жиберди Жайнагул.
- Тартчы колунду. Менин жинди болгонумду билелексинби?
- Кызык, ал эмне болгон, кайдан келген жин болуп кетти?
Толкунбек да байкабай суйлоп алды.
«Чыгалбай турган коз эле, чыгып кетти озу эле» дегендей, кайгы-касырети качантан бери ичине толуп, кимден, кантип чыгарарын билбей буулугуп жургон Жайнагул кандай жарылып кеткенин озу да билбей калды. Эмне учундур Толкунбек адеп келгенде да мынчалыкка барган эмес болучу. Энеси Тумардын «жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт», балам. «Алдына келсе атандын кунунан кеч» дегендей эси жок аялдарча чарылдап жаман-жакшы айтышпай, «кеткенин келди, унчукпай кутуп ал» деген созуно муюп, таарынычысын коз жашына чыгарып тим болгон. Ал кезде Усон жонундо мынчалык бурулуш болуп кетээрин кимиси билди. Баарынан да Толкунбектин уч уктаса тушуно кирбеген иш эмес беле.
Жайнагул башын которуп куйоосун карады.
- Эмне болуп, кайдан келген жин болуп кетти дейсинби? Анткор. Ошону билбей калдынбы? Мени сен жинди кылып жатпайсынбы.
Жайнагулдун журогу удургуй тушту. Озун кармай албай калчылдап кетти. Кийинки учурда бирдемеге капа болсо эле журогу акылдап, деми кысылып кете турган болуп калган. Андай учурда дароо дары кабыл ала коюучу. Оюнда адатынча дары ичейин деп ойлоду. Кроваттан тушуп жарыкты куйгузду.
Жайнагулдун ооруп калаарын Толкунбек ойлогон да жок. Ал тим гана кантээр экен деген ойдо тийиштик кылды. Бирок ойносо да оюндагысын айтып салды.
- Атам олгончо мен олсом эмне. Билем, сен мени коройун деген козундун жогун. Тушуном баарын. Усон жонундогу жабыктагы сыр, жарыкка чыккандан бери ниетин бузулду сенин. Эми мени эмне кылса деп ойлоп турасын. Усонду оз баландай жакшы корорунду да тушунуп турам. Мындай окуя болорун билбей чалдырып койбодумбу. «Жакшы ит олугун корсотпойт» дегендей, бекер кылыптырмын. Сен экообуз кайра баштан мурдакыдай жашайбыз деп ойлоптурмун. Корсо!
- Эмне корсо!? Андай арманын болсо, - деди Жайнагул титиреген ун менен кыйкырып. Азыр деле кеч эмес. Атамдын кыркында Зыйнат келмек болбодубу. Мына ал кунго да аз калды. Кайра сен учун жакшы болду. Усонду алып кайра чогуу кете бер.
- Жакин айланайын, койчу эми, кыйкырбай эле, урушпай эле жай суйлошолучу. Мында дулой киши жок. Мен кайра кете турган болсом келбейт элем да. Мен балдарым учун эмес, сен учун, сени сагынып келдим. Мен сени мурда кандай суйсом, азыр да ошондой суйом. Мени кечирет экен деп ойлогомун. Тоодой куноо кылсан да тобо кылсан, адам эмес, Алла деле кечирет турбайбы. Бул жагына калганда мен учун сен Кудайдан да кучтуу болуп кеттин.
- Эмне-е-е!? Толкунбектин созун угуп чочуп кетти. Оозуна соз кирбей туттуга тушту. Журогу оозуна тыгылып, коодонун жарып чыгуучудан бетер катуу удургуп барып башы айланып козу карангылап, алы кетип баратканын сезип, кроваттын четине таянайын деп ойлогончо болбой жыгылып кетти. Анын усон жонундогу окуядан кийин ичсе-ичпесе жок журуп, жедеп ачкалыктан алсырап, арыктап кеткенин уйдогулор да, ал эмес врачтар да билген жок.
Кутулбогон жерден келининин ооруканага жатып калышы Кынанын журогун тушуруп салды. Жайнагулдун буга чейин ооруганын укпаган эне уулуна минтти:
- Э, балам, чынынды айтчы, Жакин таптаза туруп кандайча ооруп калды бат эле. Сен капа кылып, бирдеме деген жок белен?
- Озумдун башым батып, багалчагым сыйбай журуп, мен эмне демек элем.
- Ооба баса, сен эмне демек элен. Усонду ойлоп, ошого капа болуп журот озу. Кына унчукпай калды. Толкунбек ооруканага барам деп кийинип алып чыгып кетти. Кына баягыда Зыйнат келгенде коз токтотуп карап олтуруп, коркуно козу тоюп, «Келишимдуу келин болгон экен, бечара». Атандын кору, илгээрки убак болсо эмне колдон чыгаруучу бала эмес тура. Жайнагулду ойлоп экоону салыштырып караса «Бири кайын, бири тал, бири шекер, бири бал» дегендей эле экен. Толкунбектин кылчактай турганынын туру бар турбайбы, - деп ойлоп койду. Анан:
Кырды кырдай жугургон,
Кызыл кийик баласы,
Кынга салган бычактай,
Жакшы атанын баласы, -
деп Зыйнатты эстеп элдик ырды ичинен кайрып, Аккыз менен Эсенди эстеп олтурду. Ошентип, откон-кеткенди конулунон откоруп олтурган Кынанын ою бир заматта Жайнагулго барып урунду. Байбиче келининин ден соолугун эстегенде, журогу булкуп алды. Ой тобо, - деди озу менен озу суйлошуп, акылы жок жаман кишинин ою да жаман. Кыргыздын бардык кыз-келиндери бут чогулуп келип менин Жакинимдин чыпалагына тен келбес. Ырысым болуп аман болсо экен. «Бул как баш ушуну кормок эле» деген созду укпасам экен. Балдарымдын жамандыгын корбой, абышканын артынан кете берсем, сонун гана болгону турат. Келиндуу бололегимде кандай элем, азыр кандаймын? Олосолуу жанымды ор алдырып, жоголгон ден соолугумду кайрып берип, кучумо куч кошуп, омурумду узартып, конулумду жашартып отурган Жакиним болбодубу. Кагылайын кудуреттуу кучтуу Кудай, мен шордууга пендем деп боор оорусан, балдарымдын жамандыгын корсото корбо. Оо, арбагындан айланайын абышка, билип жатасынбы Жакиндин ооруп, ооруканага жатып калганын. Алын жетсе арбагында колдой жат. Телегейди тен кылган кудурети кучтуу Кудай, жан керек болсо, жанга жан деп, Жакинимдин ордуна мени ал. Кына ушинтип озунчо суйлоп, озунчо боздоп жатты. А балдар болсо, учоо уч жерде селейип, алагар коркок коздорун аландатышып, энесинин жагымсыз созунон, жаштуу козунон жамандыктан жыт алгансып унсуз урпойуп турушту. Анан тээ бир оокумда Жанат минтип ыйламсырады.
- Эне, Жайна женем келбейби?
Кына кызынын созун угуп селт этти.
- Келбей койчу беле. Келбейби деген да соз болучу беле, катыгун.
- Анан ыйлап жатпайсынбы?
- Мамамды ооруганда ким алып кетти, ыя чон эне? – деди Усон.
- Догдур келдиби?
- Ооба, тундо силер уктап жатканда догдур келип алып кетти.
- Мамамдын кайсы жери ооруду эле, ыя чон эне? – Асан ыйламсырады.
- Журогу.
- Анан догдурлар дары берсе, бат эле айыгып калат, ээ?
- Ооба, айыгып калат.
- Качан айыгат?
Жанат бобокторуно кучоно суйлоду.
- Энем билмек беле. – Жайнагулдун балдарына айтып журчу созун туурап минтип кошумчалады. – Дайыны жок, энемди кыйнабай, эшикке чыгып ойнобойсунарбы?
Булар ушинтип оздорунчо кыжы-кужу болуп жатканда Толкунбек келип калды. Уулун коруп, Кына дароо ордунан тура калып келинин сурады.
- Жайнага бардынбы?
- Бардым. Эсине келип эртен мененкиге караганда жакшы болуп калыптыр. Санаам тынып калды.
- Оозуна май, балам.
- Мамам качан келет, ыя папа!?
Балдар Толкунбектин оозун тиктешет жалдырап.
- Келет жакшы болгондо.
Кына тынчсыздана дагы сурады.
- Кечинде эч жери оорубай эле, таптаза жатууга кетпеди беле. Анан кандайча ооруп калды. Урушуп кыжындашкан жок беленер деги? Мен сага ишенбей турам, балам.
- Урушкан жок беленер деп тундо да сурадын, жана да сурадын. Азыр да ошол суроо. Сен мага качан ишенип журчу элен?
Кына уулунун созун угуп чыйрала тушту.
- Ии, ишенимден чыккан кишиге ишенбейт ошентип.
- Деги балам экен деп менин созумду суйлой турган кунун болобу? Атам маркум да мени коргондо итатайы тутулуп, жини келип туруучу.
- Койчу, балам: «Каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем жан койбогон байкушсун» - дептир айласы кетип, амалы тугонгон мага окшогон бир шордуу эне. Эми эмне болот, атандын кыркы берилбей калабы?
- Эмне учун берилбей калмак эле. Ага чейин Жайнагул чыгат да…
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5