6-болум
– Анан ошол. «Мага жакпай жүрөсүң, жүрөгү жок! Жолугабыз... » деген сөздөрдү
айтты.Сыягы, ага менин жүрөгүм жакпайт окшобойбу... Канткен менен сен үчүн кабатыр
болотго, агаң эмеспи.
– Наадан десе! – деди кыз ачууланып,– Кыйындыгын карасаң. Канат, мен сенден
суранам, соткаңды алмаштырчы? Ага чейин өчүрүпэле таштасаң, Канат? Сүйлөшпөчү
экинчианы менен!
–Мен бир нерсеге такыр түшүнө албай атам, Зайка. – Канат чын оюн айтты. – Андан
эмнегеанчалык коркосуң? Эгер мен ага азыр эле барып жолуга кетсемчи?
–Жок, жок, Канат! Ага жолугуунун анчалык деле кажети жок. Эң негизгисиэкөөбүздүн
тилегибиз, дилибиз бир эмеспи.
–Ошентсе деле...
Акырычындыкты айтуу керек экендигин түшүнгөн кыз:
–Канат, анда кечинде жолугалычы. Мен сага ал тууралуу баарын айтып берем, –деди.
** *
Экинчидарста эшик такылдап, сыртка баш баккан лектор:
– Канат Дайырович, эшикке чыгып келиңизчи! – дедибеймаал келип сөзүн
бөлгөндөргөда, Канатка да нааразы болгондой кабагын чытып.
Аныкоридордо бейтааныш экөө күтүп туруптур. Бири лөкүйгөн кара жигит. Экинчиси
агакарама- каршы – эжигейдей сары, чилбийген арык неме экен. Адегенде адеп сактап:
–Салоом алейкум! – деди Канат кол узатып. Бирок тигилер алик алган жок. Кичинеси
колунсунуп келатып, жанындагынын кекирейип, чыйрыйган кебетесин бир карап алып,
колункайра тартып ала койду. «Заринанын агасы болсо керек», – деп ойлоду Канат өзүн
бутунунучунан төбөсүнө чейин сыдыра тиктегенжигитти. Канчалык ичинде тигини
жактырбайатканы менен өзүн сабырдуураак кармап, токтоо болууга аркеттенип:
–Эмне айтайын дедиңиз эле, кулагым сизде? – деди.
«Мунуногеле маданияттуу, сыпайлыгын көр! – деди оюнда тиги. – Балким, Заринага
булошонусу менен жагаттыр? Болбосо, башкалардан анчалык деле артыкчылыгы жок
го?»
Анткенменен «Жакшы сөз жыланды ийнине киргизет» болуп, эмнегедир мизи саал
кайтарылатүштү. Эми элеки тилинин учунда турган сөздөрү оозунан чубуруп, агып түшүп
калгансып, ортону канчага жымжырттык уялай калды.
– Менин атым – Азык. Балким Заринаайткандыр? – деди бейтааныш жигит бир
убакта.
–Айткан, – деди Канат. Лөкүйгөн жигит Канатка ансайын таң кала карады: «Бумадыра
башэмне мынча сабырдуу?! Же мени теңине албай турабы, же таянган тоосу барбы?
Коркоктуккылып атат дейин десем, жалтанбай тике тиктегенин көр!..»
–Түндө сиз чалдыңызбы? !
Канатанын ошол экенин үнүнөн таанып турса дасөз учугун улагысы келип сурап
койду.
–А эмне, корктуңбу?! – түндөгүсүн кайра да кайталады тиги. – Түшүнсө болот,анткени
жүрөгүң начар эмеспи, балакай! Айтмакчы, ал бечарагаашыкча жүктүн, маселен
махабаттынэмне кереги бар эле дейм да?!
Аныкубаттагысы келдиби, берки эжигей-сары жагымсыз кыткылыктап күлүп ийип,
«шефи»күлбөгөн үчүн го, отко суу куйгандай кайра эле бат жалп деп өчүп, томсоруптуруп
калды.
Канаталарды тоготпогондой, айтпаганы менен жандилинде мыскылдап, аягандай түр
менен болор-болбосжылмайып, бийиктиктен карап турду. Ошону сезип, Азыктын ого бетеричи бышып, бет алдындагы бой-келбети келишкен, керилген кербез уландын
алдындаөзүн бечера сезип кетти...
Заринагажолукканы анын кыял-жоругу кыйла өзгөргөн. Ошол кыздын табитин
тапкысы, жаккысы келип, анын деңгээлине теңелем деп аябай эле аракеттенип айтканы
бу.«Болбосо! .. Баягыдай болгондобу! ..– деди оюнда. – Сени менен эсептешип,эзилишип
турбайтэлем, мадыра баш!»
Кететурган болуп обдулган Канат:
– Мен эми кире берсем болобу?–деди кантсе да болочок «кайнагам» эмеспи
дегендейжол сурап.
Азыксыртында билгизбегени менен ичинде кагаздай ушаланып, эмнегедир мусаапыр
кейпинкийе түштү да:
–Деги, сага эмне керек?! – деди түшүнүксүз.
–Магабы? ! – деди Канат. – Мага сизден эч нерсенин кереги жок!
–Бери кара?! – деди Азык эрөөлдө утулуп калып: «Кепке келели?!» – деген оюнчудай
Канаттыкаруудан кармап токтоо, жоош, үн катып:
– Сенде баары бар, туурабы?! Жаштык,келбет, өң! Сен бир эмес, экиүйдүн эрке,
жалгызбаласысың! Сенин балалыгыңбарчылыкта, бактылуу өттү! Сен мага окшоп
кенедейкезинде эле эне-атасы арак ичип, таштап кеткен таалайсыз эмессиң! Менин
балалыгымар кимдин колунда, а кийин ар кандай жагымсыз жагдайларда калды! Мен
керекболсо сендей кезде билесиңби, кайда отурганымды? !. Кара курсактын камы үчүн
уурукылгам, киши тоногом! «Карышкырлардын уюгуна» киргем! А бирок мен аял
мээрими, сүйүүсү эмне экенин билбедим! Андайнерсе өзүмдө да болбоду! Мен
кыздарды, аялдарды каалагандай сатып алып пайдаландым! Азыр да акчага денесин
саткандарменин алдымда мышыктай мыёолошот! А бирок, ишенесиңби, кайсы бир
күндөнтартып, менин жандүйнөмдөбир кызыкокуя, жаңылык болду... Менимче, мен
аялзатынанкандайдыр бир башкача нерсени туйгансыдым. Мен сүйдүм окшойм! Бирок!..
Канатбир чети кызыга түшүп, бир чети: «Булардын мага кандай тиешеси бар?» – деп
ойлоптурганда танапис болуп, заматтын ортосунда коридордо студенттер жайнап кетти.
Группалаштарыаны акмалап, атүгүл аз-аз эле арытада күтүп туруп калышты.
– Болуптур, байкеси! – деген Канат «кайнагасынын» жанында андан ары турууга
чамасыжок экенин билдирип, кечирим сурагандай ийнин куушуруп койду да, ал жерден
батэле узап, көпчүлүккө аралашып кирип кетти.
Клара- апаиштен кийин кызыныкына кайрылды. Наташа ашканада манты түйүп,
Заринаболсо сууга түшүп атыптыр.
–Кандай жатасыңар?– деди эне бөлмөлөрдү бир сыйра кыдырып карап чыккан соң.
–Жакшы эле, Клара Досматовна, – деди үй кызматчысы. – Жашап атабыз...
– Мантынын устасы болгонсуң го?– деди эне орус кыздын төрсөйтүптүйүп аткан
мантысынмактап.
Наташа:
–Заринанын мектеби да, – деди күлүп.
АңгычаЗаринанын телефону «ырдап», сотканы Клара-апа алды. Анын добушун
тааныйкойгон жигит азга мукактана калып:
–Алло. .. Саламатсызбы? – деди.
–Саламат. Кандай Канат? Окууларың жакшыбы? – деди эне.
–Эң жакшы, эже, – деген Канат адатынча жаркылдады.
–Эже, биздин сүйүктүү, кереметтүү Зайкабыз үйдө бекен?
Эне күлдү:
–Ал азыр ваннада, Канат. Аздан кийин чаласың го.
–Мейли, – деп алып кайра:
–Алло, алло? – деди Канат бир нерсе айтуучудай шашып.
–Айта гой?
–Азык байке менен сүйлөшсөм болобу?
–Ким менен?!
–Азык байкечи? Алиги, Зайкалар менен жашаган?
– Зайкалар менен жашаган?!. Мен сени түшүнбөйатат окшойм, Канат? Зайкалар
мененким жашайт экен? Эч ким жашабайт.
–Аталаш агасычы? Айылдан келди дебеди беле Зайка. Азык байкечи?
Клара- апаНаташага карады. Ал көздөрүн алайтып, оңтойсуздана түштү. Кандайдыр
бирмаанилүү же адаттан тыш бир нерсе болгондо анын ошентип калмайы болотурган.
– Канат, анда азыраак коё туруп чаласың го? – деди эне. – Андайды билбейт,
тааныбайтэкемин. Мен кыздардан сурайынчы.
–Мейли. ..
Абирок Канат андан ары чалбады. Тескерисинче өзүнүн тефонунөчүрүп таштап:
«Агамдеди эле го? Анда, ал ким?! Зайка мени эмнеге алдады? Бул жерде бир сырдын
түйүнүбардай! » – деди оюнда.
–Наташа, Азык деген ким? – деди эне да Канат менен сүйлөшкөндөн кийин.
Булубакта Зарина да суудан чыга келди.
–Ой, апакем?! – деди кубанып, – куш келипсиз!
Эне-балажүз көрүшүп, учурашкандан кийин:
– Кызым, Канат каяктагы «агаң» жөнүндө айтып атат? Түшүнбөдүм,үйгө ким келди
эле?Кимди жашатып атасыңар? Азыгың ким?! – деди.
Кыздарбири- бирин карашты.
–А сиз... ага эмне дедиңиз? – деди Зарина кайра өзүнө суроо берип.
–Эмне демек элем, андайды эч билбейм, бул жерде андай жашабайт дедим.
–И-ий, – деди кыз, – Бүттү баары!..
Энеаңкая карады:
–Эмне бүттү?!
Заринаданболгон окуяны угуп отуруп:
– Кызым, башынан эле чындыкты айтсаң болмок экен, – деди эне. –Эмиделе кеч
эмесго, бирок жөп-жөнөкөй нерсени өтө чийелештирип ийген турбайсыңбы!
** *
Айткандайэле, Канат коюу тумандын ичинде калды. Канчалык сыр түйүнүн чечмелеп,
эмнеболуп атканын түшүнүүгө аракеттенгени менен баары бир акылы айран. «Бул эмне?
Өңүмбүже түшүмбү? Зарина – Заринабы же башкабы? Жок, ал абалкы Зарина эместей!
Андаким? ! Ал алдабайт эле!.. Клара эже кантип калп айтсын?. Анда... мен түш көрүп
атамбы? А тигил ким? Ал каяктан пайда болду? Кайда эле, башта?!. А баса ал жана Зарина
жөнүндөайткан го?!. А балким, чын эле ал күнөөлүү эместир? Ал да мендей... чындап эле
Заринанысүйүп, а Зарина ал экөөбүздү тең эки канаттай тең күүлөп, тең сүйүп, тең алдап
жүргөнбү? О, жок! Жок! Ишенбейм! Жалган! Анчалык эки жүздүүлүктүЗарина көтөрө
алмакэмес! ... Ким билет, а чын эле көтөргөнү ушудур?! . Эки сүйүүдөн чарчап, акыры
канатыталып, сүйүүлөрдүн сапары карыдыбы? Билбейм, билбейм!». .
Бирубакта экинчи бир сезими аны түрткүлөдү: «А сен Азыктын өзүнө чалбайсыңбы? !»
«Ырасэле! ..»
Заринагатаарынып, атайылап өчүрүп таштаганчөнтөк телефондун кнопкаларын
баскылапотуруп, түндө чалган абонентти тапты. Саатты карады. Кечээки ошол маал экен.
«Эмнесибар экен?– деди оюнда. –Алделе ушул маалда чалбады беле. Анын үстүнө,
айбыккандайал ким эле мага?!» Жана күндүз ага адеп көрсөтүп, сыпайычылык кылганына
арданды. «Мени коркок дедиң го, ээ? Эми жолук, эр болсоң!» – деди оюнда.
–Алло? ! – деди Канат ызалуу.
–Ким бул?!
–Канат! !!
–Эмне керек?!
–А сага эмне керек?!
ТигилКанаттан мындай кыял менен курчтукту күтпөсө керек, саал буйдала түшүп
анан:
– Эдиреңдеп калгансың го, бала! Сага мине болгон, я?! Эркекболсоң мында
келбейсиңби, эрмектешели? ! – деди.
Арыжактан алагүү өңдүү аял-эркектердин үндөрү угулуп атты.
–Каяктасың? ! – деди Канат. Анын өктөм сураганы тигиге атүгүл жага да түштү:
– Эрсиң го, балакай! Келсең мында кыздарда бар. Кааласаң гарем жасап берем.
Бирок, мага сенден эмне керек экенин билесиң да?!.
–А сен Заринаны кайдан билесиң?!
Тигилкүлдү:
–Ал сага айткан жок беле, макоо?!
–Эмнени? !
–Экөөбүздүн эски тааныш экенибизди? !!
–?! . – Канат унчукпай калды.
–Аны мен эмес, менин жигиттерим да тааныйт! – деп анан ары жактагы ким бирөөнө
сүйлөдү:
– Ыраспы, Шерип?! Мына ушундай, дос! – деди анан Канатка, – Асен сулууларга
сугалакокшойсуң го?! Аркы-беркисин аңдабай элеадыраңдап, алданып жүрө берген?!
Антпешкерек, балакай! Антпеш керек! Аялзатынын амалы көп болот!..
Анданары да көп эле бирдемелерди айтып аткансыды Азык. А бирок Канат аларды
укканжок. Колунан телефону ыргып шалдая түштү.
Уулунунмаанайы пас экенин көрүп, Канаттын бөлмөсүн улам келип тыңшап, анын ким
бирөө менен телефондон кобурашып атканынан уламсанаасы тына, жаңы эле көзү
илинипкеткен Шааркүл апа дабыштан чочуп турду. Ошондон кийин бат эле үйдөгүлөр
дүрбөп, көз ачып-жумгуча «тез жардам» да жетип келди...
** *
Зарина таң эрте телефон чалды. Канаттын соткасы деле иштей элек экен. Сабакта
отурупда эки-үч ирээт чалды. Жок. «Таарынды, – деди ичинде кыз. –Каяктагы бир
ээнбаш, тарбиясыз акмак неме үчүн!.. Касканактай болуп каяктан да кабыла калды эле?!»
–Апаке, Канат менен эч кабарлаша албай атам, – деди сабактан кийин апасыначалып.
–Эмнегедир эле жүрөгүм опкоолжуйт, ооруп калса кантем, апаке?!
– Кудайым сактасын, кызым! –дедиэне. – Убайым жей берип, өзүңда куурадың
балам. Ушундай кантип болсун?! Кичине арыдан бери эле болгон жакшы эмеспи?!
–Апа, эмне кыл дейсиз? Бирдеме деңизчи?..
Эненин өзү үчүн куурап, убайым чеккенин билбей, кайра эле Канатты айтып,
кайталайткыз.
–Соткасы албаса, үйүнө чалып көрбөйсүңбү? – деди, акыры айласы кеткенде эне.
Трубканы Канаттын агасыалды окшойт:
– Ал азыр сүйлөшө албайт. Уктап атат, – дедиал. «Уктап атат!..» Кыздын жүрөгү
«болк! »этти. «Канат эч качан беймаал уктабайт эле!» Эмнегедир эле санаасы тынчыбай,
капкайдагыбир башаламан ойлор келип туруп алды. «Барайынчы! » – деди акыры.
Алкирип келгенде Канат жаңы эле ойгонуптур. Эмнегедир, Заринаны көрүп эле
таарынгандайбашын буруп кетти. Канчалык карагысы келип атса да, ошентти. Эми
эмелекианы көргүсү келип, жаңы эле ооруп,дарыдан кийин оңоло түшкөн жүрөгү ага
Заринанынайыпсыз аруу экенин айтып аткан болчу.
–Канат? – деди Зарина керебеттин жанына чөгөлөй отуруп. – Канатик?!.
Эреркеп, эркелегиси келгенин жашыргысы келгендей Канат көздөрүн жумду.
Кыздынкарегиндеги мөлтүлдөгөн ысык жаш салаалап жүзүн жууп атты.
–Канатик? – деди ал шыбырап, ыйлап атып. – Мени кечир, Канат? Кечирчи, жаным?
Эгердесен мени кечирбесең, анда мен да өзүмдү эч качан кечирбейм. Эч качан!
Заринанынкечирим сураганы Канатты кайра муздатты: «Демек, баардыгы чын экен
да?!Андай болсо, мен эми эч качан, эч качан сени кайра сүйө албайм!» – деди оюнда.
–Канат, – деди кыз. – Сен мени угуп атасыңбы?
КанатЗаринанын кетип калышын каалагандай калп эле укпаган, уктаган адамга
окшоду.
– Уктай гой, жаным, – дедикыз анын жүзүнөн сүйүп. – Сен ойгонгондо, буюрса
баарын-баарынайтып берем... Анан, сени экинчи эч качан, эч качан таарынтпайм жаным.
Эгеркааласаң, бүгүн үйлөнөлү десең дамакулмун. Сен эмне десең баарына– баарына
даярмын, берекем. Болгону эле, оорубачы? Мен сенден суранам. Канат? Бизди азапка
салбачы? !Сени сүйгөн адамдарың сенсиз кантет, Канат? Таятаңды, таянеңди, ата-энеңди,
мениаячы, алтыным?
Ушинтипкобурап, Канаттын жаздыгынын бир учуна башын жөлөдү кыз:
– Билесиңби, Канат, Кудай буюрса, ушул жаздыккажакында экөөбүз башыбызды
коюп,ушул керебетке экөөбүз жатабыз. А бул төшөктү экөөбүз жамынабыз...
Төшөктүаздектей, аяр сылагылады кыз.
ЭмнегедирКанаттын күлкүсү келип кетти. Бирок, дагы эле кууланып, уктамыш болуп
жатаберди. Жанагы Азык деген жигит тууралуу эмне айтар экен деп, чындыкты анын өз
оозунануккусу келди.
Айткандайэле, ойго батып, тунжурай түшкөн кыз жигиттин колун эриндерине
тийгизип, өпкүлөдү да:
– Билесиңби, жаным,– деди. – Алиги неме менин эч кандай агамэмес. Мен сени
алдагам, жаным. Ал үчүн мени кечир?.. Деги эле ал мага эч ким эмес! Бул окуя... мындан
экижыл мурун болгон...
Заринаошонун баарын көз алдынан чубатып, үн чыгара ойлоп, эстеп атты:
–Убагында, сага аны айтпайын дегем. Жүрөгүңдү оорутуп алгандан коркком... Анын
үстүнө,сөз кылууга ал арзыбаган тема эле да! А бирок, эми анын минтип кесепети тийип,
карабайсыңбы! ..Кечирчи мени, Канат? Сенин жүрөгүңдү оорутуп, азапка салганымды
кечирчи?
Кыздынымандай сыры, көздөн аккан жашы, жагымдуу жыты, илеби!..
Канатакыры чыдабай кетти. Жүрөгүаныалдабаптыр. «Эх, менин жүрөгүм!– деди
оюнда. – Оорулуу болгонуң менен кандайгана сезгич, көрөгөчсүң? ! Бу саам дагы мен
жеңилдимсага! Сен мени алдабапсың! Көрсө, чын эле менин Зайкам керемет тура!
Кандайкызды сүйгөнсүң деги өзүң?!»
Канаттынжүзү нурданып, эмнегедир түшүндө күлүп аткандай тамылжый түшкөнүн
көргөнкыз:
–Канат?! – деди кубанып. Канаты көздөрүн ачып, Зайкасына кучак жайды:
– Закулям, менин!
– Жинди! – деди Канаттын көкүрөгүнө башын коюп, кубангандан көздөрүнө жаш
тегеренгенкыз. – Жүрөгүмдү түшүрбөдүңбү! ..
** *
Бужолу Дайыр менен Гүлнараөздөрүнчө акылдашып, Сооронбай ата, Шааркүл апа
мененкеңешип, тоо койнунда таза абада эс алсын дешип Канатка «Жылуу Булакка» дем
алуу үйүн сунуш кылышты. Адегенде Канат агаанчалык муюбады. «О-уу, бир жума бою
экитоонун ортосунда жалгыз!..» Ушинтип ойлогон уландын оюнда, анын үстүнө алиги
Азыкда бар болчу.
– Барып, эс алып келгиле, –дедианын оюн окугандай атасы. –Заринанын да ата-
энесинен сурап көрөлү. Сен да айт. Тоо койнундажаратылыш азыр жакшы. Нөшөрлөп
төккөнжамгыр, дабыраган мөндүр, себелеген ак кар!... А бирок, ар убак жылуу булак
жылжыпагып, андан көлмө жасап коюшкан. Укмуш!
Заринаныукканда Канат көңүлдөнө түштү. «Чын эле Зайка тоону сүйөт эмеспи»...
Ата-энелертелефон аркылуу сүйлөшүп, кыздын ата-энесин ынандырышты. Аны
уккандаЗарина кошулуп, Канат тараптагылардын кубанычы тоодой болду.
–Баары жакшы болот. Балдарга өз-өзүнчө бөлмө алып берип, өзүм да тамак-аштан
өксүтпөйкүн сайын барып, көз салып турам, – деди Дайыр Жеңиш менен сүйлөшүп.
–Кларочка, Закуляны жиберип койчу. Канат ансыз бара турган эмес, – деди Гүлнара.
Кыздыната- энеси ары кетип, бери кетип атып акыры: «Ата-энелери антип атса, анын
үстүнөбалдар да ак эткенден так этип, ээленип алышыптыр», – деп макул болушту.
Тоокойнунан орун алган эс алуу үйүэки жашка абдан жакты. Дайыр аларды
жайгаштырыпкоюп, түш оой шаарга түшүп кетти. Ошондо эле кошо чыккан кыз-жигит тээ
бирдалайга чейин сейил куруп, табиятка сонуркап көпкө жүрүштү.
– Чын эле тоолор түнкүсүн коркунучтууэкен, – деди Зарина күркүрөп-шаркыраган
суунундабышын тыңшап. Канат аны койнуна ороп, күрмөсүнүн ичине катып алды:
–Коркуп атасыңбы?
–Ики! – деп башын чайкаган кыз: – Канат? – деди бир нерсени эстей калган окшоп.
–Ов?
–Баягы-ы. .. баягы карышкыр каякка кеткен?
–Кайсыл? ! – деп алып анан Канат каткырыпкүлүп ийди, – Ошону унута элексиңби?
Сыягы,ашыгы айдан түшүп келген окшобойбу, бечеранын...
Өздөрү ойлоп тапкан жомокко өздөрүкайра ишенип, тээ карышкыр отуруп, айды
карапалып ыйлачу бийик-бийик чокулар тарапка жылмая карашты.
–Адамды жаратканда, сөзсүз анын сүйүүсүн жүрөгүнө жазып туруп, кошо берет дейт,
– деди Канат. – Кийин ошол жүрөгүндөгү адамды издеп, тапмайынча ал жалгызсырай
беретимиш. Ошентип жүрүп канчаөмүрү, канчажылы башка эле бир адамдар менен,
бактысызөтө берет окшойт... Кээси издеген адамына өтө кийин, кеч кезигип, өкүттө өтөт
экен.Кээде адам ошого да каниет дейт тура, минтип:
Мениздеген, мени издеген адамым,
Сенсизкүндүн бар бактысын танамын!
Булөмүрдөн өткүчөктү акыр бир,
Барэкениң билиш үчүн табамын!..
–Кандай арман! – деди Зарина чын жүрөгүнөн кейип. – Дагы айтчы, Канат?
–Эмнени уккуң келет, жаным?
–Мага сенин адам, жашоо, сүйүү жөнүндө айткандарың жагат. – деген Зарина жанагы
теманы кайра улайушинтип сурады: –А эгерде алар кеч болсо да бардыгына кайыл болуп,көздү жумуп туруп жетелешип алып, аларды эч ким билбеген, көрбөгөн жактарга
кайыпболуп кетишсечи?
–Андай мүмкүнчүлүк дайыма эле, баарында эле боло бербейт да, жаным. Алардын
колу-бутунбайлап, жеке бакыттан баш тартууга аргасыз кылган башка да себептер болот.
Маселен, чырмалышкан тагдыр, үй-бүлө, балдар... Муну уксаң:
«Сенэкөөбүз батыш менен чыгыштай,
ОртобуздаКүн бар үчүн кыйышпай,
Экибашка, коошпогон дүйнөбүз,
Өзүбүзгөөз- өзүнчө ыйыктай...
Бирибиз– күн, бирибиз – түн окшойбуз,
Чоочуркайбыз, демибизди кошпойбуз.
Жакынтуруп, маңдай-тескей бар туруп,
Алысбойдон кала берет окшойбуз! ..»
–А биз кандай бактылуубуз? – деди Зарина.
Тоокойнунда жашоо кызык! Эми элеки эркелеп, этек-жеңди экилене делпилдетип,
желе-жортоойногон сыдырым жел акырындап дырылдап ырылдаган ышкырыкчан
шамалгаайланды да, азыркы эле ачык асман заматта түнөрүп, себелеп жамгыр жаап
келди.
–Үшүдүм, – деди кыз чыйрыккандай.
–Үйгө кирелиби?
– А мен сизди чайга чакырам, –дедиЗарина экөө бөлүнөөрдө өзүнүн босогосунда
туруп.–Бул сунушум сизге жагабы, мырза?
Ансызделе бөлүнө албай араң турган жигит сүйүнүп кетти:
– О, бийкеч! Жакканда да кандай жагат! Сиздинмына бул аппак, жумшак, назик
колдоруңузданкуюлган чай мени канчага чейин жылытаарын эгерде сиз билген
болсоңуз! ..
Кызуландын ушундай тамашакөй, куудул мүнөзүн өзгөчө жактырат. Тим эле жыргап
күлүп,ашыгынын мойнуна оролуп, кучактап жүзүнөн сүйдү:
–Кереметим, менин!
Канатанын бир тутам белинен имере кучактап, эми эле жаңы көргөндөй кайра-кайра
көздөрүнөн, алкымынан аймалап, ыпысык эриндеринен өпкүлөдү. Бакытка башкача бир
денесибалкып, башы айлана түшкөн кыз алда неден сестене түшүп:
–Канат?! – деди шыбырап.
–Ов?
–Жүрү, чай ичели...
Өзгөчө бир ырахаттуу, табышмактуу да кызык сезим бүтдүйнөсүн титиретип, ушул
мүнөт,ушу ирмемдин эч качан бүтпөшүн тилеген жигит Заринанын эмнеге анткенин
түшүндү:
– Зайка, – деди кызды такыр кучагынанчыгаргысы келбей, айдарым желге
дирилдегенжалбырактын добушундай үн менен, – Зай?.. Жаным, менин! Экөөбүз эмнени
күтүпжүрөбүз? Кел, бүгүн биз биротоло бөлүнгүс болуп, бири-бирибизге жандилибизди
элеэмес. .. өзүбүздү да кошобуз?
–?..
«Эмнеэкен? – деди кыздын бир ою. – Анын эмнеси бар экен? Ансыз деле акыры биз
бирбүтүнгө айланып, өмүр бою биргебиз го?..» «Жок, жок. Зарина! Сен апаңдын
айткандарынэсиңден чыгарбагын да! – деди дагы бир акыл-туюму, – Ал эмне дечү эле?!
Эмнедеп убада кылып келдиңер эле?!».
«Селт»дей түштү кыз: 51
–Болбойт, Канат! Убадага турушубуз керек! Ишенимди алдабайлы да?
–А биз аларга айтпайбыз, эч ким билбейт!.. – кумарлуу шыбырады улан.
–Аларды алдаганыбыз менен, өзүбүздү алдай албайбыз, Канат!
Канаткызды кучагынан бошотуп, шаабайы сууй түштү:
–Деги бизди биротоло бириктирчү күн болор бекен?!
–Болот, берекем! Сөзсүз болот! – кыз жапакечтене Канаттын ууртунан өөп койду. –
Билесиңби, жаным, мен сенин ак көшөгөңө ата-бабадан калган салт менен, аруу киргим
келет.
–А сен бая күнү эле эмне дегениң эсиңдеби?
–Качан?
–Бая күнүчү, биздин үйдөн? Мен уктап атканда?
–Эмне дедим эле?
– «Эмне десең баарына макулмун... Экөөбүз бир жаздыкты жазданып, биртөшөктү
жамынабыз. ..»дегениңчи?
Заринакөздөрүн алайтты:
–А сен... анда уктап атпадың беле?!
Канаткыздан качып, каткырып күлүп ийди:
–Ооба, бирок, калп уктап аткам!
–Ойгоо белең?!
–Ооба да!
–Токто, анда! Сени элеби, шашпа!
Кубалашканжаштар ойноп, качан гана чарчап суй жыгылганда чайга отурушту.
Бирине-бириокшобогон романтикалуу, оюн-күлкү, кубанычка жык толгон кызык
күндөрөтүп атты.
Арбир күнү эртең менен эрте, Зарина адатынча ак таң менен кошо ойгонот да,
Канаттынкаалгасын кагат. Канат ачпай, азыраак эле кечиге калса жүрөгү дүкүлдөп,
эмнегедироюна алда нелер келе калат да корконунан ыйлагысы келип, ызага муунуп
кетет:
– Жаным! – дейт бир убакта уйкусу канбайкөздөрүн ушалап, чачтары уйгу-туйгу
уйпаланып, махро-халатын чала-булаүстүнө иле коюп эшикти ачкан жигитти мойнунан
кучактап:
–Ушунча да уйкучу болосуңбу?!
Ашыгынаймалап өөп, бир топко чейин кучактап турган улан:
– Кел, «экөөбүз бир жаздык жазданып, биркеребетке сыйып, бир төшөк
жамынабыз? »– дейт ашыгынын баягы сөзүн эске сала, тамаша-чындан.
– Али эрте! – дейт кыз канчалык жалын болуп,жандилинде өзү дагы ашыгынын
кучагынакуштарлана калып атса да өзүн андан коомайлантып.
–Эх-х! – дейт жигит улутунуп.
– Ошол күн качан келет десең?!
Таарынгандай, төшөгүнө «култ» деп кирип кетип, чүмкөнүп алат.
–Туруңуз, мырза! Өзөгүңүз карайды го? – деген Зарина бир оокумда анын төшөгүнөн
тарткылап,таманынан кытыгылайт.
Уландысы кийинки санда...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1