5-болум
Ай алмашып, жыл отуп уядан учуп атып Канат ошол мектептин босогосун жаны аттаган абалкы кунду эстеди. Андан да мурунку жылы Шааркул апа бойтондогон небересин жетелеп, мектепке апкелбеди беле. А бирок, ал куну Канат кайра уйуно озондоп ыйлыа келген.
- Апа, уулунуз жетиге али жете элек экен. Эмдиги жылы алып келиниз! - деген мугалим.
- Айырмасы эки эле ай эмеспи, баламды бозала кылбай ала бер, балам. Озу да зирек, айланайын. Тамганы бут билет.
Шааркул апа мугалимге жалынып, суранган болчу. Алардын эмне жонундо суйлошуп атканын андап, билип аткан кичинекей Канат анда апасые жалдыратып, укпай аткан ошол эжекени жек коруп кеткен.
Унулдап ыйлаган Канатты сумкасы менен кошо жонуна которуп алып, таенеси жол бою ага жалынып-жалбарып сооротуп барган.
Корсо, Зарина экоону тагдыр ошондо бири-биринен катып, ала качып, убакыт-сааты жеткенде гана сагыныч, энсоо менен кезигишсин деген го. Так ошол Канат ыйлап кеткен куну Зарина да ата-энеси менен келип, так ошол эжекеге катталып, биринчи класска кирген. А тугул жолдо келатып, Канат жашаган 141-уйдун биринчи кабатындагы китеп дуконго киришкен эле.
* * *
Канат жайда Кыргыз - Орус Славян университетине отту. Эки ашыктын ошондогу кубанганын сурабаныз!
- Куттуктайм менин кеменгерим! - деди кыз жетип эле жигиттин мойнуна асылып:
- Мынакей, сен дагы ошентип студент болдун. Кудай буюрса, биздин болочок " мамлекетибиздин " пайдубалы туптоло баштады. Бугун сен анын алгачкы кышын койдун. Куттуктайм сени! Менин эн сулуу, эн келишимдуу, эч кимге окшобогон жанюиргемсин. Канатым, менин!..
Ангыча, Заринанын чонток телефону безилдеп ийди.
- Алло, - деген кыздын ону сустайып, эмнегедир озгоруло тушту да, телефонду очуруп койду.
- Ал ким экен?- деди Канат.
- Эч ким.
- Ким? - кайра сурады Канат.
- Канат чынымды айтсам, мен учун сенден башкалардын бардыгы тен эч ким эмес!
Канат унчуккан жок. Экоондогу тен эми элеки шайыр кулку токтоп, томсоруп отуруп калышты.
- Зарина, кел уйлонуп алабыз? - деди ангыча Канат баягы сунушун дагы киргизип.
- Эртерээк, - деди кыз.
- Эмне учун эрте?!
- Уйлонгон сон, бала-бакыра деген болот да, ыраспы?
- Болсо эмне экен?
- Келесоом менин! - Зарина тултуя тушкон жигитин эркелете. - Озубуз аз келгенсип, балдарыбызды да ата-энелердин мойнуна мингизип койсок, акылга сыйбай калат го? Окууну бутолучу, адегенде. Анын устуно коп балалуу болобуз дейт эмессинби...
- А сен баарын чогуу торобойсун да!
Каткырып кулду кыз:
- Албетте. Ошентсе да.
Ойлогондой жооп ала албай калганы учунбу же жанагы телефон чалган белгисиз бироого болгон кызганычы тутанып кеттиби:
- А сен анчалык коркпой эле кой, мен балдарымды эч качан сенин ата-энене жук кылбайм! - деди Канат. Заринага анын " менин, сенин " деп болунгону оон учурап кетти:
- Эгер мен кааласам, балдарымды эч кимге бербей, оз уйумо эле багып алам! - деди ал да.
- Орус кыздын сени бакканы эле жетет!
- Канат?! - Зарина чындап чычалады. - Эмне деп атасын?
- Эмне уксан ошо деп атам!
- Болуптур, - деди кыз машинадан тушуп кетип атып. - Жакшы кал!!!
Эшикти " тарс " жапты да, озунун Хундайына отуруп, заматта " зуу " этип коздон кайым болуп кетти. Эмне болуп кеткенине тушунбой копко отурган жигит Зарина кеткен тарапка бир аз журуп, бирок капысынан эле онго буруп кетти.
Бир топ жерге чейин Зарина ыйлап келди. Бирок, бара-бара эми элеки ачуусу тарап, акырында анысы сагынычка айланып, жондон-жон эле Канатынан узап баратканына ичи ачышып, озогу орттонуп кетти. Жандуйносундо будалана тушкон кыз: " Кызык элебиз, - деди ый аралаш кулкусу да келип, - ошон учун таарынышып. .. Кызыкпыз! "
Жол жээгине токтоп, рулга обоктой бир азга отурду. Эмнегедир журогу тез-тез кагып, кайышып атты. Ошондон улам: " Канатчы? -деди озуно-озу суроо берип. - Менин соо журогум ушунча тупойул болуп ооруйт?.. "
Коз алдына Канаттын баягы эриндери кеберсип, суналып тошокто жатканы элестеп кетти. " О, жок! Жок! Анын бетин ары кылсын! Кечирчи, мени Канат? Кечир? Канатым, менин!.. " Колдорун майда калтырак басып, Канаттын телефон номерин шашылыш терди: " Ту-ут! Ту-ут! " " Телефонду которчу, Канат? Кечирчи, мени Канат?.."
- Да? - деди ангыча Канаттын суз уну.
- Канат, кечирчи мени? - деди Зарина. - Угуп атасынбы, Канат? Келчи, кайра кезигели?
Азга унчукпай калып, анан: - Кайдан жолугалы? - деди Канат да таарынычы тарагандай шар кетип.
- Биздин трассадан!
- Жарайт!
Коп отпой эле ээрчишкен эки машина баягы, " Манас " аэропортуна кетчу трассада бири-биринен отуп, зуулдап баратты.
- Алло, - деди Зарина сарсанаа болгондой, бат эле кайра телефон чалып. - Алло, Канат анчалык катуу айдаганга болбойт. Алло, угуп атасынбы, Канат?!
Алдыда бараткан Канат ылдамдыкты азайтчудай эмес.
Акырында Зарина Канатка тенеле тушуп, козго илээшпей анан алда кайда алыстап, алдыга кетти эле, эми Канат конгуроо какты:
- Алло, Зарина?!
- Да? Мен сизди угуп атам, мырза!
- Анчалык катуу айдаба деп атам! - чындап эле буюра айттты улан. Ылдамдыкты азайт деп атам!
- Азайттым жаным. Азайтмак турсун, токтоп сизди кутуп атам - деди.
- Корунбойсун го?
- Келе берсениз коросуз да!
Айткандай эле Зарина жол жээгинде туруптур. Канат токтоору менен эле чуркап келип, кучактап калды.
- Экинчи мен сени менен ойнобойм, - Канат чындап ачуулана айтты.
- Неге?
- Ошого! - деп анан:
- Кел анда элдешели. Бирок экинчи катуу айдабайм деп убада бер? - деди.
- Болуптур, - деди кыз. - Анда сен да экинчи мени таштап алдыга кетпейм деп убада бер?
- Жарайт, келе колду...
Экоо ушинтип турганда Заринанын телефону кайра дагы безилдеди.
- Алло? - деди кыз.
- Зарина, телефонду койбосонуз, - деди ары жактагы жигиттин уну. - Мени уксаныз, Зарина?! Алло, алло?..
Жанагыдай болуп, кайра да ону сустая тушкон Зарина керилип туруп, туш келди эле телефонду ыргытып салды:
- Мына сага! - деди белгисиз ким бирооно ачууланып, - Очургон жокмун, эми каалашынча суйлошо бер!
- Ким ал?! - деди Канат Заринага жан тарта. - Эмне керек экен ага?!
- Билбейм! - деди кыз. Кепке созго тушунбогон бироо да!
" Кап, бул тууралуу Канат билбей эле койсо болмок! - деп ойлогон кыз телефонду очуруп салбаганына окунду. - Баарынан да менин номеримди ал кайдан билди?! "
- Заринка, - Канат таарыныч аралаш ун катты, - Биздин бири-бирибизден жашырган сырыбыз жок го дечу элем?..
Кыз туюкка кептеле тушту. Арга издегендей жигиттин кокурогуно тумшугун катып, ашыгынын тааныш, жагымдуу илебинен кере-кере жыттап алып:
- Ал... аталаш агам болот! - деди калп айтып. Оюна ушул келе калганына озу да кубанып кетти.
- Жигит менен суйлошпо, эшикке чыкпа! Сага али эрте дейт.
- Ал башта каякта эле? Мурда айтчу эмес элен го?
- Айылда болчу. Азыр уйдо, убактылуу меникинде жашап атпайбы...
Канат ишенди. Бирок, телефон чалган ошол жигит аны сыртынан жек коруп, кандай гана болбосун Зарина экоонун ортосун суутуп, кызды озуно имерип алууга аракеттенип, ар кыл айла-амалдарды ойлоп жургонун билген жок. Озунун чойросундо " шеф " аталган ошол жигит баягыдан кийин Заринаны тажатчу болгон. Зарина албетте ага бой салчу эмес. Тескерисинче ансайын жек коруусу ырбачу. Ансайын тигил да кошоруп, жабышты да калды. Атугул аз эле убакыттын ичинде кыздын ата-энеси, ата-тегинен бери изилдеп билип алды.
Түн ортосунда Канатты телефондун үстөккө-босток безилдегени ойготту.
- Угуп атам, -деди Канат уйку-соонун ортосунда.
- Алло, Канатсыңбы? Кандай жубарымбек? ! - деди кимдир бирөө.
Канат саатты карады. Түнкү экиден отуз беш мүнөт өтүптүр.
- Ким бул?! - деди бейтааныш опузадан көзү ачыла түшкөн бала.
Эмне жүрөгүң түшүп кеттиби, бок жүрөк?! - тигил ынтыга кекээрлей сүйлөдү. - Айтмакчы, бу сенин кайсы каадалуу жүрөгүң бар эле ыя?! Ха-ха-ха!..
- Алло, ким бул?!
- Сен мага жакпай жүрөсүң балакай! - деди тигил күлгөнүн токтото коюп. - А бирок сен Пайгамбар да, Кудай дагы эмессиң да, ыраспы?!
- Кимсиң сен?!.
- Тим эле тигини кара! Эмне чочоңдойсуң? ! Менин ким экенимди билгиң келсе билесиң жакында!
Байланыш үзүлүп, телефон " тутулдап " калды: " Ту-ут! Ту-ут!.. "
" Кызык ким бул?.. " Андан кийин кайдагы уйку? Бирок табышмагынын жообу көпкө чейин табылган жок. Бир убакта эсине Заринанын " аталаш агасы " түшүп кетти. Ошол деди ичинде. Жана ага каяша кылып катуу сүйлөбөгөнүнө кубанып кетти. Канткен менен Заринкамдын агасы да, - деди оюнда. - Анын үстүнө ичип алган окшобойбу...
Ошондон кийин гана санаасы тына көзү илинип кетти.
- Түндө мага сенин аталаш агаң телефон чалды, - деди эртең менен университетке бараткан жолдо Заринага чалып. Адегенде Зарина:
- Ким?! - деп алып анан өзү ойлоп тапкан аталаш агасын эстей коюп, жүрөгү опкоолжуп кетти:
- Анан?!
Уландысы кийинки санда...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1