2-сезон 18-БОЛУК
Анын бир корккону баягы эле кундузу ойлогонунун, уктап жатып суйлогону болду. Ал ушундай баш аягы жок санаага батып, тээ бир окумга чейин дарбазанын алдында турду. Ал бул жерге келгенден бери, корсом деп комуско коксоп, конулунон чыкпай жургон адамдарды эстеп кетти. "Бир кун туз таткан жерине, мин кун салам бер" деген акылмандардын созун ойлоп, Токтогул менен Ырысты эстеп: "Буларды эчен ак май, кызыл чайын ичтим эле. Ачуу демделген чайы болсо да Толкунбек ичсин деп оозума кармап туруучу эмес беле . Зыйнат экообузду укту бекен? Эгер укса, Толкунбекке жакшы болду, Зыйнатка жаман болду, -дешип, жээнине кайгырып жатышкандыр.
Ошентип ар кайсыны ойлоп олтуруп, акыры аткарылбай жургон оюн аткарууга Толкунбек бугун чыгымдуулук кылды. Ал машинасын да айдабай, автобуска да тушпой эки жагын карабаган калыбында эл аз жургон чет кочолордун бири менен шыпылдай басып олтуруп кок сыр менен сырдалган тунукелуу уйдун, озуно таныш темир капкасынын алдына кандай жетип токтогонун озу да билбей калды.
Толкунбек короого кандай киргенин уй ээлеринин эч кимиси байкабай калышты. Толктогул карыянын, эчак жашын жашап буткон эски арбаны ондоп, ичин кандайдыр кара темир менен каптайм деп озунчо туйшуктонуп жатканын коруп, жигит унсуз токтоп калды.
Ал эми Ырыс апа болсо, очокко от жагып казан асып, пияз каттама жасап жатканын жытынан билди. "Баягы адатынча абышкасы жакшы коргон каттамасын жасап жаткан экен, -деп ойлоп койду. Бул карылардын бир жакшы жери , оздорун оздору жакшы сыйлап, жакшы ичип- жешетурган адаттары бар болучу. Кун отту, омур отту, деген ушул. Карылыкка моюн сунуп, энкейип калышкан экен., кайран кишилер деди ичинен. Оо, бир окумга чейин эки жагын карабай иштеп жаткан карылардын кыймыл-аракетин карап тургандан кийин салам айтты:;
-Саламалейкум ата! Иш илгери болсун, -Толкунбек мурда эле Токтогулду ата, Ырысты апа дечу.
Карыя Толкунбекти карабаган калыбында алик алды.
-Алекима салам. Ырахмат. Сен кайсы баласын?
-Мен Толкунбекмин, ата.
-Эмне дейт? -карыянын колундагы балка ыргып кетти.
-Толкунбек дейби!? Ырыс апа очок оозунан ыргып турду. -Ой, секет кетейин, Толкунбек болгонундан.
Токтогул карыя олтурган ордунда кулачын жайа берип барк этти.
-Энкей бери, Жаманатакойу, кандай сак-саламат , аман-эсен турасынарбы? (Толкунбек обдула берип, чекесинен опту)
Зыйнат да келдиби?
-Жок, мен элемин ата. Зыйнат Москоодо.
-Бизди унутунар го.?
Туз жерден жыгулчуудай болуп, чалынып-чулунуп келаткан Ырыс кубанычтан алыстан эле озунчо кобуранып жалынып келатты.
-Ой, секет кетейин каралдыларым, жол каратып коз майды туготтунор го каралдыларым сагынтып, -Толкунбектин мойнунан кучактап бети-башынан туш келди опкулоп жатты.
-Зыйнат Москоодо дейсинби? Ал кыздын "комондиропкоосу" бутпойт экен го.
Токтогул карыя созго аралашты.
-Толкунбек тушумдо жыланбаш, озу жалгыз келип жатыптыр, деди эле байбиче. Ырас эле жалгыз келген тура. Уйго кирели. Сен бизге карабай чай-пайынды дайардай бер, байбиче.
Толкунбек бул кишилердин созун угуп журоксуй тушту. Зыйнат экообуздун ажырашканыбызды угуша элек турбайбы.
"Кап, менден укпай, башкадан укса болот эле. Зыйнат озу деле кат жазып койсо болмок экен" деп ойлоду.
-Машинан кочодобу? деди карыя.
-Жок, жоомун ата.
-Жоомун,!? Жоо келдинби?
-Ооба, машина тигил уйдо калды, - деди мукактана суйлоп. -Жон жайды шашпай айтайын деп ойлоп, созду башка жакка бурду. -Кандай, деги ден-соолукта, куулу демдуу турасынарбы?
-Жогору от, -чарпаянын торун корсотту. -Ден соолук деле жашка жараша болуучу неме тура, балам. Турабыз кылдырап. Током Алымканды ырдагандай, "бир кун оору, бир кун соо" болуп омур отуп жатат. Кудай Таалам пендем деп жаратса, кемпирим экообуз бир кундо олсок деп суйлошуп калабыз.
-Жарыктык, ошондой кантип болсун, ойго келбеген ишти айтасыз.
-Силерди кайра-кайра убара кылбай, экообуздуку чогу болсо жакшы эле болоор эле. Э-э-ээ балам, кандан чыккан карачечекей куйоор-бышаарын болбосо ойлойт экенсин. Жанакы Кудай озу суйуп берип, кайра озу суйуп алган топ баланын бири эле болсо кана.
-Токтогул ашкана жакта жургон кемпирин карап бурк этти:
-Э-ээ байбиче, сени бироо очоктун озуна байлап койдубу. Чай бермегин тозок болду го!
-Мына азыр, -деди аял, -менин карыганымды билбей, сен дагы эле келин бойдон шайдоот дейсин го, ыя бай?
-Мага келиндей эле коруносун, байбиче.
-Токтогул борс-борс кулду.
Аял самоор которуп чарпаянын алдына келгенде Толкунбек ордунан тура калды.
-Жарыктык, мага эле айтып койбойсузбу, саоор бар деп, -Ырыстын колунан алып, табактын устуно койду.
-Самоорсуз чай ичпейсиздер ээ?
-"Бай жардыланса, байлыгын койбойт, кембагал байыса, кедейлигин кобойот" дегендей эле кеп. Самоорго конгон жаныбыз электир, газ дегенге кайнаткан чайга коно албай койдук, балам, -деди Ырыс байбиче падноско салган катамаларын досторкон устуно коюп жатып, -Толкунбектин келерин билгендей жасаган экемин каттаманы. Ырас болбодубу.
-Зыйнат силерге кат жазды бекен деп ойлодум эле.
Сыйагы , эч нерсе жазган эмес го.?
-Жок, жазбады, балам. Бир жолу Маскоодон тилипон чалган. Андан ары Индостанга барамын деди эле. Делиде буткул дуйнолук суроткерлердин сурот коргозмосу ачылат экен го. Ага Зыйнаттын да чыгармалары катышат турбайбы. Качан келерин айткан жок. Сен менен суйлошуп турса керек.?
-Жок, мени менен суйлошподу. Сыягы, биз жонундо эч нерсе билбейтурбайсыздарбы. Мен силерди уктуго дедим эле.
-Укпадык, балам. Эмне болду эле? Деги жакшылыкпы? -деди Ырыс Толкунбекти анкая карап.
-Зыйнат экообуздун ажырашканыбызга бир топ болуп калды.
Токтогул ата Толкунбекти карады.
-Ажыраштык дейсинби? Баса машинем тигил уйдо дегенинден шектенген элем.
-Ооба, ата, ажыраштык. Бул ишти Зыйнат озу баштап , озу чечти.
-Озу чечти!? -Ырыс апа ишенбегендей анкайа тушту. Анан бир демге ойлоно тушуп минтип кошумчалады. -Ал, куураган байкуш, тууп тукумду бербегенден кийин, балдарын тируулой жетим калтырып убал-сообун аркалабайын деп тобокелге салган экен анда. Акылдуу эмеспи, аяган тура.
Токтогул карыя адагенде томсоро тушуп, оо бир окумга чейин кирпик какпай дасторкондон коз албай ойлу тиктеп тургандан кийин чалкалай берип, башын Толкунбекти коздой буруп минтти:
-Жакшы кеп болбоптур , балам. Зыйнат бул жагынан азаматтык кылган экен. "Куш айланып учуп, уясын табат" деген ошол. Эми ким киминер болбосун бактылуу болсонор эле болду. Эртеби кечпи, зилинде бир ажырашу бар го дечу элем. Оюм туура чыкты. Бул жакта балдарын кандай турушуптур? Сен коруп баселе жыгылышса керек.
-Жок, ата, басып жыгылышпай калсын. Мени коруп:
"ЧООЧУН КИШИ КЕЛДИ" -деп уркушту , балдарым. Чындыгында эле мен аларга ЧООЧУН КИШИ болуп калыптырмын. Эми, эми кичине уйур алышып келатабыз. Оюмда, кокустан Жайнагул кабыл албаса кайра эле: "Зыйнат кайдасын" -деп кетемго дедим эле. Бирок андай болгон жок.
-Угушубузга караганда ал келинди эстуу киши дешет го. Балдар учун кечирет да, -деди сакалын сылай берип.
-Баса, Толкунбек, балдар демекчи, ошол эгиз уулдарын жонундо чон соз бар, балам. Баякуну эле, мына бул мандайыбыздагы Самат деген кошунабыз кыз чыгарып, той берди. Саматтын кулачы кенен жайылган жигит экен.
Тойго Колдон да, Чуйдон да, Таластан да, Казакыстан менен Озбекстандан кишилер коп келди. Кошунанын тоюнда Саматтын аялы Дилдештин болосу менен таныштым. "Сураша келсек карын боло чыгат" дегендей, силерди жакшы билет экен.
-Аты ким экен?
-Айганыш. Мурда силер жакта иштеген тура.
-Айганыш! Оо, билем ал кишини. Мурда Чолпон-Атада болучу. Азыр билбейм кайда иштээрин.
-Кайда иштерин мен да сураган жокмун. Сыйагы Бишкекте го.
-И, анан эмне дейт бизди?
-Толкунбектин эгиз уулдарын мен торотком дейт . Бирок чындыгы ал балдарды оз колум менен кабыл алган эмесмин дейт. Мага кабарды Мансур ата барып берди. Келсем Кына байбиче эки баланын киндигин эбак кесип, экоону эки башка ороп коюптур. Мен Жайнагулдун аман эсен коз жарып, эки колун бооруна алганына кубанып, балдардын тонун кароо да оюма келбептир. Менин бар болгон кызматым, машинеге салып торот уйуно жеткируу болду. "Бир куну жанылык укпаса, адамдын кулагы дулой болот" дегендей, эртеси уксам, "ошол туну Мансурдун эшигинин алдына кимдир бироо жаны торолгон бир эркек баланы таштап кетип, уй элери корбой тонуп олуптур" деген соз чагылгандай чарт этти. Оюмда, балким, ошондой болсо керек, деп койдум ишенип. Бирок "жамандык жерде жатпайт" дегендей, кийин баягы таштанды бала, Эсенова торогон Толкунбектин уулу имиш деген созду угуп: "Баса, бир кермек дамы бар эле" -деп, ошондон бери аран шекшип журом.
Кудая тообо, анан калса, ошол кезде Жайнагул тороп, "Кан бастыга, жан басты" болуп, бироо атайын заказ бергенсип, Жайнагул эгиз тороду болуп калганын карабайсынбы. Капырай, деги адамдан амал качып кутулбайт экен го. Мансур менен Кына "Кой оозунан чоп албаган", Кудайы момун кишилер ондонгону менен айлакер адамдар турбайбы.
Айлакер болбосо тигил баланы: "Тонуп олду" дешпейт эле да. Анысы аз келгенсип мурзого барып: "Баланын соогун жашырып жатам" -деп топуракты томпойтуп уйуп олтурганын коп киши коруптур. Анан ишенет да эл. Зыйнат бечеранын ошол баладан кийин тороту токтоп калганын угуп, боорум ооруду. Мынчалыка баргандан кийин таштабай нетпей эле, ачык тороп алса болмок. Эчен-эчен сурайын деп журуп эле убакыт отуп кетти. Анын устуно корушпой калдык. Ушул сапар Ошко келишимден пайдаланып, Жайнагулго учурашууну уйдон эле пландап койгон болчумун. Анткени экообуз бир жылга жакын бирге иштедик, туздаш-даамдаш болдук дегендей, жакшы саналыштык жайыбыз бар болучу, -деп суйлоп олтурду тойдо. Айганыш кетерде уйго чакырып, чай берип, Жайнагулго кезиккен, кезикпегенин сурадым. Кезигиптир. Уйундо болуптур. -Эгиз балдарын кордунбу, кандай экен? -деп сурасам айтты:
-Ой, апа, анын эмнесин сурайсыз, тим эле таптатынакай, супсулуу балдар болуптур. Коздору бажырайып экоо тен Толкунбектин оозу-мурдунан тушконсуп, озу.
-Анда тигил келин озу эле торогон го десем минтти:
-Жок апа коё турунуз. Мен Усон деген уулунан шектенип калдым. Толкунбектин козуно козу окшош болгону менен, адамды кыя карагандагы коз карашы, каш-кирпиги кадим эле Зыйнаттын озу. Анан дагы кулгон кулкусучу. Анын атасы Эсен, Эсен болуп райондун бир жагын чоюп турганда, менин атам да ошол райондун озундогу "Достук" савхозунда парторг болуп иштоочу. Андан дагы эки кабат уйдун биринчи кабатында биз, экинчи кабатында алар турушчу. Ошол кезде Зыйнат так ушул Усондун курагындагы татынакай эрке кыз болотурган.
-Зыйнат экоон тенсинерби?
-Жок, ал менден кооп кичуу болуш керек. Усондун кээ бир кыялын, баскан турганын коруп олтуруп Зыйнаттын балалык кези кайра-кайра коз алдыма тартылып жатты. Атасы Эсен да, апасы Аккыз да эл оозуна кирген, жакшы адамдар эле.
Зыйнат ошондой кымындай кезинде эле суротко, ою-чийууго ышкыбооз, такылдаган чыйрак кыз болотурган. Бул тагдыр деген татаал нерсе болот тура. Зыйнатты ушундай эли журтка белгилуу, кыргыздын атак-дактуу кызы болуп, бирок уй булоо кутудо таалайы тайкы болоорун ким ойлоптур, -дейт Айганыш.
-Ушул создорду уккандан бери санаам санга болунуп, Зыйнатка аябай боорум ооруп калды, балам. Ал уулуна озундун коз карашын кандай? Тигил келин айткандай чын эле Зыйнатка окшош жактарын байкай алдынбы, же байкай алган жоксунбу?
Толкунбек байбиченин мындай суроо берерин ойлогон эмес болучу. Эмне деп айтаарын билбей деми буудай тушту. Ошол самда анын журогуно бир нерсе тык деди . "Билем деген мин соз, билбейм деген бир соз" дегендей, аны жакшы "байкаган жокмун" деген ден башка кызыгы жок деп ойлоду. Кокустан ...."Ооба, Зыйнатка окшоштугу бар экен" деген соз оозунан чыкты дегенче, ал дароо Зыйнатка жетерине козу жетип турду. Андан кийин эмне болот? "Толкунбек айтыптыр болуп" , Жайнагулго барып бир тиет. Жок, жок, оозду басыш керек. "Тоо кордунбу, жок, бээ кордунбу , жок". Толкунбек оо бир окумдан кийин кулгон болуп митти.
-Билбейм мен Усондон деле, Асандан деле, эч нерсени байкаган жокмун. Атам менен эне тируу баланы кантип эле олду деп айтышсын. Анткени Зыйнат экообуз жонундо ал кезде эч кандай кеп соз жок эле да. Мен устунон чыгып, оз козум менен кордум го баланын жайына койгонун. Билбейм. Айганыш эмне учун антип айты экен. Бекер соз го, апа.!
-Жок , бекер эмес. Коробуз го акыры тубу.
-Ишенбейм, -деди Толкунбек оозу бош.
-Ишенбесен ишенбе. Бирок эртеби-кечпи чындыгы чыгат дечи.
Мен ал баланы оз козум менен корууго аракеттенип кором. Эгерде чыны менен Айганыш айткандай болсо, кантип эле энесине бир жери окшобой калсын. Болуптур, балам, бугунку соз ушуну менен бутсун.
Токтогул карыя чайдан бошогон чынысын кемпирине суна берип, аялына кабатырлана минтти:
-Жок создун кереги эмне, байбиче. Чын болсо да, калп болсо да мындай ушак айымга башкалар аралашса да, сен аралашпа. Ушул жашыбызда бироонун аки-чукусуно кийлигишип не азап. Уккан уккан жерде, коргон коргон жерде калган жакшы. Мейли, ал бала Айганыштын айтканына туура келип, Зыйнаттыкы экени чын болгон кундо да , баланы Жайнагулдон алып, Зыйнатка кайтарып берууго эч кимдин акысы жок. Бала туугандыкы эмес, тутунуп баккандыкы.
Ырыс чалына таарынгандай мостоё тушуп, башын чайкап, бирдеме айтайын деп оозун камдап келатты эле, Токтогул колун шилтеп минтти:
-Байбиче, болду токтот созунду.
Ушул жерде Толкунбекти ойго салган бир соз Ырыс апанын "Эгерде Зыйнаттын торогону чын болсо, кантип эле энесине бир жери окшобой калсын" деген созу болду.
Ырыс абышкасына карап минтти:
-И ботом, абышка, аралашпай созунду токтот дейсин да. Аралашатурган иш болсо аралашып, суйлойтурган соз болсо суйлойм да. Сен экообуз эми, оз бир тууганыбызга карышы озубуз ок атабызбы? Мени антип тыйба. Эгерде эле бала Зыйнаттыкы экенине козум жетсе, туз эле ачыкка чыгам. Барам Жайнагулго. "Ээси келсе, бээсин бер" дегендей, берсин баласын озуно. Убал-сооптон корк дейм. Зыйнатты да Кудай жараткан. Калыстык кыл. Мен Зыйнат жонундо да, сен жонундо да жакшы билем, деп айтам.....
Атандын кору иттин кызы, Кунболот менен туболуктуу уй-булоо болуп жашай албасын билгенден кийин, ачык эле тороп алса болмок. Олдо бакуш Зыйнат ай, "Баланы таштап кайра тартканыбызда, журогум узулуп, опко-боорум эзилип, ошол кызыл эт ымыркай менен Мансурдун эшигинин алдында калгандай, карегим карангылап, озумду озум жоготуп, акылым айнып келатып Бишкекке кандай абалда, эмне болуп жеткенимди билбейм, тажене. Оз канынан чыккан наристесин, бироонун эшик алдына таштап, оз баласын озу олтургон мен сыяктуу кара боор, таш журок шумшукко КУДАЙ ТААЛАМ экинчи кантип бала берсин. Тагдыр мении туура жазалап, тукум коргус кылып туурамды туготуп койгонун кантип тушунбойун, сооп болот мага", -деп канча жолу айтса, ошончо жолу ботосу олгон ингендей буркурап-боздоп жиберчу эле. Бирок Зыйнаттын бир жерине тан калчуумун. Анткени баласынын олуму жонундо Толкунбек куноолу деген соз эгерим оозунан чыкчуу эмес. Андан башка тажаал аял болсо сенин жакандан колу кетпейт болучу, балам. Ой, шумдугун кургур, баласын аяздуу кычыраган кыштын тунундо талаага таштап олтургон адамдын конулу калбаган мындай энени уим коруп, ким угуптур. Корсо, бул конул менен суйуу деген капыр баланын ажарынан кучтуу болучу неме окшобойбу.
Толкунбек учун Зыйнаттын бала жонундогу куйуту жанылык эмес болучу. Башкаларга куйоосун куноолу деп ачык айтпаганы менен, анын тарткан азабын, куйгон куйуту канча ай, канча жылдан бери козу менен коруп, кулагы менен угуп, жедеп бышык кулак болуп буткон жигиттин абалын Ырыс менен Токтогул кайдан билсин. Толкунбек Ырыс апанын айткан создорун айласыздан угуп, жети омуру жерге кирип, бул уйдон кантип чыгып кетерин билбей, чай эмес эле уу ичкенсип кара терге тушуп олтурду.
Ушул саамда, жамандык менен жакшылыкты башынан кооп откоргон кыраакы чал: "Эр жигиттин уялганы , олгону" -деп ойлоп Толкунбектин сурун коруп, байбичесинин суйлогон созун жактырбай, чыдамы кетип алая карап минтти::
-Болдубу эми, алжыган акмак.
-И , эмне болуп кетти?
-Атандын башы болуп кетти. Туштон кийин жаштардын ишине кийлигишип, откон ишке эмнеге мынчалык башты оорутуп олтурасын?
-Туштон кийин эмес бай, билсен эн сонун убагы. Бала олбой-житпей эле тируу деп атпайбы.
-Тируу болсо сонун болуптур. Бирок, сага айтым го, тируулугун да, эки баланын эгиз эместигин ким далилдеп, ким куболуко отуп берет? Ой тобо, баланы Зыйнат туубай эле сен озун туугансып орттоносун да. Эмне кылса оздору чечип, оздору билсин. Бажылдап олтуруп, Толкунбекке чай да ичирбедин.
-Жок ичтим, ата, рахмат. Анда мен бата кылып кете берейин. Атайын эле сиздер менен учурашып, ал-абалыныздарды билейин деп келгемин. Билдим, учураштым, жакшы экенсиздер.
-Ырахмат эстеп келгенине. Ырыс апандын созуно капа болбо, балам. Бул байкуш да Зыйнатка куйгонунон айтып жатат. "Уккан кулакка жазык жок" дегендей, кулак укса курсак кайнайт деген ошол. Зыйнат Москоодон качан кайтаарын билбейсинби. ?
-Билбейм, ата. Мен билгенден ал озунун чыгармалары койулуучу Индостандын коз карандысыз республика болгондугунун 50 жылдык юблейинин урматына ачыла турган Делидеги Буткулдуйнолук корком сурот искуствосу боюнча уюштурулган коргозмого катышат.
-Мен суротчулуктун мынчалык чон даражалуу онор экенин билбептирмин. Корсо, суроттун да улкон кадыр-баркы, суроттун да коп кырдуу атак-данкы болучу неме экен го. Толкунбек кулду.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5