****
- Ошону айтсаң, балдарга эки үй тай энчилешти, кой-козу, улактан өйдө берип атышты, барсак үй даярдамак болду.
- Жакшы болуптур, - Калбүбү ойлуу айтты, - Алар дагы силерден көңүлү тынып, балдарды көрүп ыраазы болуп калышкан экен, - деп өз бир туугандары, иниси, эжесин ойлоп муңайып алды, - Адам катарына кошулайын деп канчалык аракет кылсам да болбоду, баягы акчага дагы миң сом кошуп туруп жоготуп алдым…
- Кантип, кайдан жоготтуң? - Сейнегүл чоочуй сурады.
- Ушул жерден эле, кеч келип үйдүн ачык турганын көрүп коркуп кетип карасам буюмдар турат, менин акчам жок.
- Кокуй күн ай, жаман болгон турбайбы! - Сейнегүл боору ооруй кейип сүйлөдү.
- Ошону менен баардык жаманчылыгың чыгып кетсин, мындан аркысы жакшы болсун, көп кейибе! - Дарман анын көңүлүн көтөрө сүйлөдү. Сейнегүл айылдан алып келгендерин дасторконго жайып, тамагын асып күйпөлөктөп жатты.
- Мен силердин буюмуңарды алдырып ийемби деп корктум, өзүмдүкүнө кейип, ыйлап жүрүп буюмдардын ордунда турганын көрүп кайра сүйүндүм.
- Ой, дагы өзүңө тийбегенине сүйүнсөң! Буюм курусун, буйруса болоор, буйрубаса жоголор, ага эмне кейидиң? - Дарман аны жайкай сүйлөдү.
- Ошону айтсаң, сен бизге бир тууганыбыздай болуп калдың, буюм жерге кирсин, өзүң аман болчу! - Сейнегүл дагы анын көңүлүн көтөрө сүйлөп жатты, - Тигил жакта жүрүп да сени ойлоп жаттык.
- Мен дагы, силерге көнүп алыпмын, коңултуктап көнө албай жүрдүм, келип калабы деп жол караганымчы!
Аңгыча оокат бышып бапырап тамактанып атышты. Кээде карасаң бир үйбүлө деле кер-мур айтышып, балдары чурулдап тынчтык жок эмеспи, булар кошулганына бир жылдай болуп баратса да бири-бирине нааразы болуша элек. Балдары да бири-бири менен урушпай-талашпай жымжырт ойноп отура беришет. Мындайды элибизде: "Кудай бере турган адамдар" деп коюшат го?
Дарман менен Сейнегүл шымаланып соодага киришти. Калбүбүгө дагы эки миң сом берип, ал өзүнчө соода кылат. Дарман башты өйдө көтөрүп, жашоого, табийгатка суктанып эр ортону элүү жаштан ашканда бактылуу болуп турду. Айылга барганда дагы туугандарына барып чөнтөгүнөн доллар сууруп керсейип турганда алар чарк айланып сыйлаганы, балдарына көзүнө көрсөтүп тай мингизгени, кой козу, улак энчилегени көз алдынан кетпей атты: "Кокус колумда жок мусапыр болуп барсам кандай тосуп алаар эле?" деп өзүнчө ойлонуп да алат.
Билинбей жаз келип жайга, кайрадан күзгө айланды мезгил: Калбүбүнүн соодасы болбой кыйнала берди. Дармандар болсо абдан ирденип калды, акырындап машина алышты. Андан кийин дагы сооданы жүргүзүп иштеп жатышканда агасы келип аларды айылга алып кетмек болду. Дарман бул кезде айылга кеткиси келбей балдарын мектепке сүйлөшө баштаган эле. Ага болбоду, алып кетүү үчүн келгенин айтып үй даяр деп болбой койду. Калбүбүнүн айласы куруду, Сейнегүлдөр буюм-тайымдарын алып аргасыз көчүп кетишти. Төшөнчүсүнөн Калбүбүгө таштап койду. Жалгыздык аны катуу ойлонтту, батирге төлөй албай жанына кошо жашаганга бир келин же кыз алмай болуп атканда ага бир кыз өзү келди, батир издеп жүргөн экен.
- Мен өзүм менен жашаганга келин же кыз алайын дедим эле, батир акысын чогуу төлөгөнгө, - деди ага Калбүбү.
- Эже мен дагы сиздей болуп чогуу жашай турган бирөөнү издеп жүргөм, көп менен жашагандан тажап кеттим, - деди ал шыпылдай ичи-койнуна кирип.
- Жакшы болду, мени менен чогуу тура бер, аз күндө батирдин акчасын беребиз, төшөнчүң барбы?
- Жок эже, айылдан жаңы эле келгем, суточныйда турдум, алар төшөнчүнү өздөрү берет экен.
- Аа-аа, анда кандай кыласың?
- Бир-эки жума эптеп жашап турсам анан үйдөн жөнөтөт, акча дагы келет, ошентесизби эже? - деп Калбүбүгө мурдатан тааныштай жабыша түштү.
- Бул айдын акысын бергенге акчаң барбы анан? - Калбүбү андан шекий сурады.
- Ооба эже, аз күндөн кийин дедиңизби?
- Үч-төрт күн бар, кийинки айга төлөшүбүз керек.
- Болот эже, төлөйм! - деди тиги кыз шыпылдай. Ал кыз дароо эле бир-эки баштыгын көтөрүп кайра келип калды: "бир батирге экөөлөп төлөсөк жеңил болоор", деген Калбүбү жеңилденип алды. "Бир айдан кийин кыш келет, жылуу кийим-кече алалбай калдым, Гуля менен Тилекке барып келсем бекен?" - деп ойлонду, анын эмгиче төрөгөнүн же төрөбөгөнүн билбейт эле. Күндө эрте кетип кеч келет, Клара болсо кечке үйдө, кечинде кетет, анын эмне иште иштээрин туюк түшүнгөн менен үн дебеди. Батир акысын төлөөгө келгенде Клара Калбүбүгө жалдырап жиберди:
- Сен табам дебедиңби, болбосо өзүм табат элем, - деп Калбүбү кейип кирди эле, ал:
- Эже, төлөп турсаңыз, мен эки күндөн кийин зарплата алганда берем! - деди жалооруй, - Биздин шеф бүгүн айтты, сөзсүз эки күндөн кийин алам.
- Болуптур, эки күндөн кийин бербесең кетесиң, тамак-аш деле алып келбейсиң, мен чоочун бирөөнү бакмак тургай өзүмдү зорго багып атам! - деп катуу айтты Калбүбү.
Бирок "айтпаганга жонбогон" демекчи, ошол күнү түндөп Клара Калбүбүнүн товары менен болгон акчасын алып жолуна түшүптүр. Эртең менен ойгонсо баш жагына койгон акчасы менен сумкада турган майда товары кошо жок, дагы көз жашын көлдөтүп ыйлаган бойдон кала берди. "Батир акысын бербесең бошот" деп кожоюну да кыйнады. Аргасы жок ал эки төшөк менен идиштерин көтөрүнүп баягы Дармандар болуп чогуу жашаган үйгө келди, келсе аерге жалаң бомждардан беш алтоо кирип алыптыр. Кайра жөнөп келатып кайда бараарын билбей буркурап ыйлап алды. Күнү кечке жүк көтөрүп жүрө албай буту эрксизден Гуля менен Тилектин үйүн көздөй бурулду. Келип аларды да таппай калды. Коңшуларынан сураса төрөгөндөн кийин айылга кеткен имиш. Карайлаган там сүзөт болуп кайра ээн талаага барып суу түтүгү өткөн жерге чарчагандан бут серпе албай эптеп жатып калды. Бир аз наны бар, суу менен ичип алды, кайрадан мусаапыр турмуш ага кишенин салды. Айласы кетип дагы бөтөлкө тере баштады. Кыш келди, жатаар жери жок, өзүнө окшогон бир эркекке жолугуп, жашап жүргөндө анын мурунку ээрчитип жүргөн аялы Таня Калбүбүнү урушуп куумак болду. Ал жалдырап ыйлап ийди эле, боору ооруду белем тим койду, чогуу туруп калышты. Күндө ал алып келген тамагын тартып ичип алышат, тажады. Сыртка чыкса суук, ичке кирсе тигилер урушуп, тамак таппай келгенде жемелешет.
Ит турмуш башына кайрадан түштү. Ошентип биздин каарман кайыр сурап жан багууга өттү. Кыштын кычыраган күндөрүнүн бири, колдору жумулбай тоңуп, эрди көгөргөн Калбүбү улам колун алмаштыра койнуна ката коюп бир колун суна суранып жүргөн. Күн чак түш, Макулбек менен Кызгалдак базардан тамак аш алып чыгып бараткан.
- Мендей бечарага жардам берип койгула, мусапырмын! - деп турган аялды көрүп Кызгалдак боор ооруй, Макулбекти карады:
- Мусаапыр экен, тыйын берип коелучу, майда акчаң бар беле?
- Бар. Азыр берем! - деген Макулбек чөнтөгүнөн беш сом алып Кызгалдакка берип атканда Калбүбү агасын көрүп ары бурула берди. Ал байкап калып аны көздөй басып келип:
- Карындаш, ал ала гой, бул күндөр да өтөт, эч кейибе! - деди эле көздөрүнө жаш толгон Калбүбү: "тааныса таны-ыр, тааныбаса мейли, кокус тааныса эмне дээр экен, чын эле биздин тукум мерезби, таш боорбу?" деген ойдо, Кызгалдак берген беш сомду алып туурулган колдорун өйдө көтөрө бата кылып койду:
- Алла ыраазы болсун!
- Калбүбү?! - Макулбек чоочуп кетти, "Калбүбү" деп алып кайра башкабы деп да ойлоп ийди, - Калбүбүсүңбү? Калбүбү калтыраган бойдон үнсүз көз жашын төгүп тура берди, - Курган кыз эмне болуп калгансың, кандайча бул абалга келдиң? - Макулбек анын жанына жетип бооруна кыса тегеренип кетти.
Бир топко ошол абалда туруп калды эле, Кызгалдак ар кайсыны ойлоп жиберди: "Бул эмнеси, эмнеге кайырчы аялды миң сан элдин көзүнчө уялбай кучактап калды? Балким баягы алган аялы болсо керек" деп делдейе туруп калганда Макулбек Калбүбүнү карыдан алып жетелеп машинаны көздөй жөнөп баратып:
- Кеттик, отур машинага! Кызгалдак, айда машинаны! - деди артында дел болуп турган аялын карап.
Кызгалдак үндөбөй айдап жөнөдү, эч кимиси сүйлөгөн жок. Үйгө жетип жылуу бөлмөгө киргизип ысык чай ичилгенден кийин гана:
- Мен сени Астра кубалап жибергенин уккамын, Токтобек менен Гүлсананы тилдеп сени тапкыла дегем, бирок алардын издеген же издебегенин билбейм.. - Макулбек үшкүрүп алды. Калбүбү жаш баладай соолуктап басылып калган, бир ооз сөз сүйлөгөн жок. Кызгалдак баарын түшүнүп ойлогон оюнан уялып аны аяп да, боору ооруп да:
- Кичине жылып калсаң ваннага түшүп чык, мен аңгыча кийим даярдап коем, - деди өзүнөн бир топ улуу болсо да кичүүдөй сүйлөп, - жеңилдеп ал!
- Ошент, жуунуп алсаң өзүң да, оюң да тазалана түшөт, - Макулбек аны сүйкүм жүз менен узата карады, - Эми менин үйүмдө болосуң. Добулбек акем менен Коймал жеңемди кантип унутам, өз бир тууганыбызды мусаапыр кылып басып жүргөнгө намысыбыз жол бербейт, - Кызгалдакка карады, - Менден он жаш кичүү, онунчуну бүтүп жатканымда бул биринчи класста окуп коңгуроо каккан эле… - Ошол кез эсине түшүп жылмайып койду, - Такылдаган татына кыз болчу, аттиң тагдырың түшкүр! - Ойлуу отуруп калды.
Кызгалдак Калбүбүгө бир сыйра кийим даярдап ваннага киргизип берди. Бир аздан кийин таптаза болуп, жаңы кийинип чыкканда салабаттуу эле жакшына аял болуп калды. Аны көргөн Кызгалдак:
- "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" деген ушу да, карындашың койкойгон сулуу аял тура! - деп койду.
- Кызга бергис карындашым бар. Эч ойлонбо садага, мен тирүү турганда эми сен мусаапыр эмессиң! - деп Макулбек жанынан орун көрсөттү.
Алар эки күндөн кийин өкүл кызын чакырышмак, ошого камынып жүрүшкөн эле. Калбүбү үн дебеди, аны ага жеңеси да түшүндү. Эки күнгө чейин эч нерсе дей албай уялып, тагдырынын татаал жаралганына нааразы болуп, эмки жолу азбы-көппү калган өмүрү дагы деле табышмак болуп ойлуу. Марс ата-энеси Зайна болуп келгенде Шамбет да келди. Ал таежесин таанып учурашып койду. Бул күнү Макулбек абдан бактылуу болуп алдына кичинекей Азизбегин отургузуп алган. Азизбек бир жаш болоюн деп жөрмөлөп калган. Бакылдашып Акмат менен Макулбек узун сөзгө кирип эт бышкыча отурушту. Зайна Кызгалдакка жардам берип сыртта жүрдү. Аны: "үйгө кир, бүгүн коноксуң" десе да болбоду. Кайната, кайненесинин жанында отургандан уялып каралашып жүргөн ал:
- Өкүл апа, үйдөгү аял эмнеңиздер болот? - деди капысынан.
- Ал өкүл атаңдын карындашы.
- Аа-аа, - деп койду ал, - Мен бир жерден көргөндөй болгом, бирок эстей албай жатам.
- Көрсө көргөндүрсүң да, - Кызгалдак кайдыгер унчукту. Зайна бул кезде кош бойлуу болчу, аны аяды. - Кир, балдар отурган бөлмөгө кирчи, суук өтүп калбасын, - деп үйгө ээрчитип кирди.
Алдыга тамак келип, суудай таза көңүлдөр бир бирине төп келишип, арак-винолор ичилип көңүлдүү отурушту.
- Мен уулума абдан ыраазымын жана ишенем, адамды тандай билет, силердей жакшы адамдарды өкүл аталыкка тапканына кубанычтамын! - Акмат жетине албай бажактайт.
- Марс уулум өзү да жакшы жигит, сиздей жакшы адамдын уулу экен да көрсө, - Макулбек ага карап күлүп койду.
Сөздөр уланды, черлер жазылды. Марс менен Зайнанын атына не деген гана каалоолор айтылбады!
Акыры тамак да желип бүтүп, эки жаштын келечегине бата тиленип, колго суу куюлуп, анан кийиттер кийгизилип, үй ээлери чексиз ыраазы болгон конокторун узатышып, ушул турмуштун жыргалына топук кылып, бири-биринин кучагында кубанычка бөлөнүштү.. .
Урматтуу окурмандар мен окуганга убакытым болбоду окудунуздарбы ушул жерлерин,мындан кийинкиси 2-китеп башталат экен... комментарий жазыңыздар ошого кирип чыгаралы...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
Күтөбүз!!