3-болум
Улам убакыт откон сайын Шааркул апанын санаасы санга болунуп, конулу уйгу-туйгу.
- Балан мынчалык кечикчу эмес эле, атасы? - деп кунгуронгону менен, иш болмосундо жазып отурган абышкасына анысын угузбайт деле. Тескерисинче минтип кейип-кепчигенин туйбаса, билбесе экен дейт. Бармактайынан баш кошкон омурлук жарын апа ошол ак жоолук салынган алгачкы кунунон тартып эле аялзатына таандык зиректик, акылгойлук менен ардактап, озу тугул чыгармачылыгын кошо ызаттоого уйронгон.
Кун уясына жашынып баратты. Байбичесинин бир орунга отура албай тынчсызданып, кирип чыкканын баятан эле байкап, туюп отурган карыянын да акыры чыдамы тугонуп, а бирок озу калп эле эч нерсе ойлобогондой калбаат унчукту:
- Бу сен эмнеге эле куйполоктоп атасын апасы? Бала деген ойнойт ошентип, кечигет. Аныын устуно Канатын азыр кичинекей эмес да. Мумкун кыз жандап жургонун сен каяктан билесин?
- Ошондой эле болсунчу, - деди Шааркул апа капкайдагы жаман ойлорду ойлоп ийгени учун озун-озу жемелеп.
Бул учурда Клара апа да ары жак, бери жакка телефон чалып, кызын тызылдап издеп атты.
А Канат менен Зарина ата-энелердин сар-санаага батып, убайым жеп атканын ойлоруна да албай, убакыттын бир далай болуп кеткенин билбей, бири-бирин сагынып, эзилишкен эчактан берки ынактардай ээрчишип, бул жашоодо жалгыз гана экоо бардай, башканын баарын унутуп, ушунчалык бактылуу эле.
План " Асанбай " кичирайонуна келген кезде асманда жылдыз жыбырап, аппак ай тободо турган.
- Бул кун мен учун эстен кеткис, эн жакшы кун болду, - деди Канат, - Билесинби, эми ойлосом, озум да сезбей, билбей мен сени жашоодон тымызын издеп, сагынып журуптурмун. ..
- Мен дагы... Мен да сага качандыр бир жолугарымды билгем...
Ангыча, Зарина жашаган уйдун алдына женил машина келип токтоду эле:
- Атам! - деди кыз. - Мен эми уйго кирейин...
Кыйылып туруп, Заринанын колдорун аран коё берген Канат:
- Эртенге чейин! - деди кол булгап. А бирок алар учун эртенге чейинки убакыт ушунчалык узактай сезилип, кылчактай аран болунушту.
* * *
Зарина уйго кирип келгенде ата-энеси али босогодо турушуптур. Башкача бир бактылуу, башкача бир сулуу болуп, жарк этип кирип келген кызын коруп, Клара апа аз жерден ыйлап ийе жаздады:
- Кызым, эмне болду? - деди эне. Анысы эмне кечиктин, кайда журдун дегени эле.
Зарина болсо жооп айтуунун ордуна экоону бирдей кучактап, алмак-салмак опкулоду:
- Атам менин! Апакем!.. Менин алтындарым! .. Экоонорду ушунчалык-ушунчалык жакшы кором!..
Жароокер, жапакеч кызына ата-эненин да эбедейи эзилип, эми элеки санаркоолору заматта жуулуп кетти.
Буларды карап, кошо жыргап кулуп аткан уй кызматчы кыз бир убакта тамаша-чындан:
- Биздин уйдун ханышасы, меймандарды торго чакырууга ракым этиниз? - деди.
- О, албетте! - деди Зарина да. Торго отунуздор, биздин бийик даражалуу коноктор?!
Кыздар тез эле дасторконун жайнатып, булоолонтуп ортого бешбармак коюшту.
- Тамакка караныздар, - деген менен Зарина алардын бир созун укса, бир созун укпай, кайра-кайра Канатты эстеп, журогу алып уча берди.
Эненин журогундой кыраакы, сезимтал не бар? Клара апа кызынын жандуйносундо кандайдыр бир жанылык болгонун туюп, билди...
Канат келгенде Сооронбай ата менен Шааркул апа жол карап, кочонун боюнда турушуптур. Улам эле бир токтогон троллейбус, маршрутка менен таксилерден козу отуп, келаткан жоо-жалан адамдарды утурлай карап, кайра эле бирок ындыны сууй, томсоруп калышат.
- Мынчалык кечикпейт эле?!. - деген эненин ою-онго, санаасы-санга болунуп, чакчалекей. Чындап эле ыйлорчудай он-алеттен кетип, уну каргылданган байбичесин Сооронбай ата тамашалаган болот:
- Бу сен кантесин, апасы? Карып калган белемсин! ..
Ангыча, так уйдун тушуна келип токтогон маршруткадан Канатка окшогон шынга бойлуу бироо тушуп калып, буларды коздой келатты. Жакындап келгенде эненин журогу болк этти:
- Канат?!
- Мен, апа...
Кубангандан эне уулун жыттагылап, эмшендеп ыйлап ийди:
- Кайда журосун, берекем? Сен жок энен аз жерден олуп кала жаздабадыбы!
Уулу куноолуудой унчукту:
- Андай созду айтпай жур дебедим беле?.
Учоо эрчишип уйго кирип келгенде Канаттын оз апасы да урпойуп, телефондун жанында отуруптур.
- Канат?! Каякта журосун?! - деп тура калганда Гулнаранын каректеринде каканактаган ысык тамчылар молтулдоп тогулуп кетти. Ангыча атасы Дайыр менен коздору чагылыша тушуп: " Атам да келген тура! " - деп ойлоп, булардын баарын минтип дурболонго салганы учун ынгайсыздана тушту эле:
- Кандай, жигит? - деди атасы.
- Салоом алейкум, - Канат кадыресе чон кишидей калбаат, токтоо кол берди. Уулунун эрезегежетип, жигиттик муноз куто тушконун азыр гана байкаган Дайыр баласынын колун демейдегиден башкачараак кысты:
- Алеки салам! Кандай иштер, окуулар?
Уулу жымыйып баш бармагын корсотту:
- Эн жакшы!..
Ошондогу тундун узактыгын айт! Канат улам турупкелип, тоо тарапты карай берген. Ошол тоолорго этектей Зарина жашаган " Асанбай " кичирайону жатат... Башын он ийинине жологон ошол кыз Канаттын уктаса тушунон, ойгонсо оюнан кетпей койгон.
А бирок, махабаттары улам убакыт откон сайын жалындаганы менен алар ашыкча басып-туруп, арзуунун ак кемесинде ашыкча сайран курушкан жок. Ага алардын ата-энеден алган таалим-тарбиясы, адеп-ыйманы жолдош болду белем. Кээде коншу-колондору да ошону айтып кеп кылышат эле:
- Капырай, бул бир керемет кыз го? Канча жылдан бери жалгыз озу кожойке, жалгыз озу бий туруп, уйуно бир да жолу жоро-жолдоштору менен шапар тээп, ойноп-кулгонун корбодук.
Тыныгуу убагы болчу. Зарина китеп окуп отурат эле. Эшиктен энтигип, олуттуу бир нерсе айтуучудай болуп чуркап кирген курдаш кыздарынын бири:
- Зарина, укмуш коросунбу, бол ылдам! Алар тиякта турушат. Бол! - деди аны колунан жетелеп.
- Кимдер?
- Азыр коросун!
Бир топ кыздар-балдар топтошуп, коридордо турушуптур. Арасында Канат бар экен. Адатынча копчулуктун конул чордонунда болуп, алда нелер тууралуу кызуу суйлоп, калгандары ага ынтаа коюп карашат. Кайсы бир кыз аны аяр колтуктап, эркелегендей анын ийинине башын жолоп, термелип туруптур.
- А эмне экен? - деди Зарина журогунун саал тызылдай тушконун кыздарга билгизгиси келбей. - Анын эмнеси бар экен?
- Анын эмнеси дегенин кандай? Ал кыз деген качантан бери Канатты суйоорун билбейсинби? Айтмакчы, Канат деле а кызды акылынан адашкыча суйот дешет...
- Суйуунун кучу кандай гана керемет, чиркин! - дейт экинчиси тамаша-чындан, - Тим эле бири-бирине бап келишип, бактылуу болуп тургандарын карачы!..
Калп эле сыр алдырбай, ордуна отурган кыздын эмнегедир кулагы тунуп, коздору ымыр-чымыр болуп, кимдир бироо башынан ылдый ысык жалын куюп ийгендей тулку бою орттонуп кетти. " Кызык, мен эмне болуп атам?" - деди Зарина озун кармап. Бироолор айтып койсо эле... Колтукташып турса эмне экен? Бирок ага экинчи бир сезими каршы чыкты: " А балким чын эле ошондой болсочу? Мага телефон чалып, Канат экоо бири-бирин суйоорун кайра-кайра безилдеп айткан ушул кыз болуп журбосун? Жок, жок анда мен Канатты эч качан кечирбейм, эч качан! "
Кирууго конгуроо кагылып, класска мугалим киргенде Зарина суранып эшикке чыкты. Эки бети ысып-куйуп, журогу ызаалуу дукулдоп атты. Анысын туюп, билип аткандай кыздар да артынан кубун-шыбын болуп калышты.
Буга чейин озуно Канаттын канчалык кымбат экенин билген менен суйуудо кызгануу аттуу мынчалык азап сезим бар экенин ал билген эмес. Кудай жалгап, колуна чонток телефонун кармай чыгыптыр. Коридордо туруп, манжалары Канаттын телефон номерин шашылыш терди.
- Алло?!
Заринанын унун уккан улан шыбырай:
- Заичка? Мен азыр, - деби да, мугалимден уруксат алып ал да коридорго чыкты.
Аны коргон кыз, эмнегедир эреркей да, озун-озу токтото албай кетти:
- Билесинби, Канат, мен сени жек кором! Жек кором!..
Эч нерсе тушунбой, ан-тан боло тушкон Канат :
- Зайка, сага эмне болду?
- Келбегин, жакындаба мага! - деди кыз ый аралаш.
- Зайка?..
- Кереги жок Канат! Мана эми телефон да чалба! Жолукпа! Сен- жалганчы, эки жуздуусун! Уктунбу?!
Ушинтти да, кыз классына кирип кетти. Канат эмне болуп кеткенин тушунбой дел боло тушту.
Канатка сабактан кийин да жолукпай баса берген Зарина жолдон апасына кайрылды. Эне жыты, мээримине эркелеп апакесин копко чейин кучактап турду.
- Апаке, сиз атамды кызганчу белениз?
Эненин журогу сезди. Кандай жооп айтса кызына женилдик апкелерин издеген апа анан:
- Албетте, балам. Суйуунун ошондой жан чыдагыс азабы болот. Сагынат, суйгон адам таарынат. Кутот, тутоот дегендей. Качан ортону ошол кызганыч, ишенбестик сыяктуу адаттар аралаганда суйуу ыйыктыгын жоготот. Суйгон адам сабырдуу, кечиримдуу болуш керек.
- Чон адамдардын катарына кошулуу... канчалык жооптуу окшобойбу, - деди кызы санааркай.
- Эгерде адам бул жашоодон оз жолун туура таап алса, ал ырахаттуу дагы!
Кызынын конулун которгусу келдиби:
- Айтмакчы, апандын курсагы ачты. Эртеден бери иштен баш которбой отуруп, туштонгонду да унутупмун, - деди.
- Анда кеттик! - Кундой жарк этти кызы: - Атамчы? Аны да чакыралыбы?
Коп отпой учоо шаардын эн мыкты ресторандарынын биринде отурушту. Зарина экоону астыртан карайт.
" Кызык, суйуу эскирет болду бекен? " - дейт оюнда. А бирок, ал ата-энесинин ортосундагы бири-бирине туюм аркылуу агылып отуп, бири-бирине кандайдыр бир ич элжиреткен эн аяр, назик сезим жаратып турган касиет бар экенин тээ эс тарткандан туйчу. Эми да алар Заринадан тартынып, эч нерсе байкамаксан ондонуп, улуулук каада кутуп, компойгондору менен, дилдеринде бири-бирине кудум кыз-жигиттей кылыктанып, эркелеп, эркелетип турушканын коздорунон окуп атты.
- Кудай буюрса, жакында биздин Кунубуз мектепти бутот - деди атасы. - Экзамендерге даярдык кандай, кызым?
- Жакшы эле.
Озу ата-энесинин жанында антип отурганы менен, Заринанын акыл-эси Канатта болчу: " Озум баарына куноолумун! Эмнег анттим?" - деген кыз суйгонуно эч токтоосуз учуп жеткиси келип, ордунан обдула тушуп, онолуп атты. Улам-улам саатын, чонток телефонун карайт.
Ресторандан чыккан сон ата-энеси аны уйуно жеткирип коюп, оздору андан ары кетишкен. Ошондон бери Заринанын куткону- Канаттын конгуроосу.
Наташа улам чай, кофе которуп кирип атты. Зарина болсо аны ууртап да койгон жок. Демейдегидей узулуп тушуп китеп да окубады. Эки-уч курдай телефон чалса, Канат трубканы албай койду.
- Закуля суранам сенден, антпечи?- деди Наташа жалооруй. Жок дегенде чай ичсен боло, ооруп калсан кантебиз?
Жооп жок.
- Анда кел, Канатка телефон чалайын?
- Жок, жок. Чалба, Наташа!
- Зайка, ушунча да суйот бекен? - деди бир убакта Наташа сабагынан узулуп, соолуй тушкон кызгалдактай алсыздана тушкон кожойкесин аяп. - Ушундай кантип болсун?
Айткандай эле туну менен Заринанын эти от менен жалын болуп, ысып-куйуп чыкты. Ансайын Наташа:
- Айтпадым беле! Ооруп каласын деп айтпадым беле?! - деп ордунда тегеренип-тегеренип кетип атты.
- Клара Досматовнаны чакырайынбы? - деди бир убакта.
- Жок, жок! - деди кожейкеси. - Апамдын тынчын албай эле коелучу?
- Эгерде дары ичпесен, анда созсуз чакырам! - деди Наташа акыры кыстап.
Ошол дарыны ичкенден кийин гана Зарина ынтыкканы басандап, денесинин табы кайтып, козу илинди.
Зарина озун жепженил, сергек сезип, куландан соо ойгонду. Жаны эле тан агарып келатыптыр. Зарина жымын этти. Аз калыптыр... Аздан сон шаар ойгонот да, адамдар каякадыр шашып, каякадыр агылышат. Алар менег кошо Зарина да жакшы коргон эн жакын, жаркын адамын коруу учун кубанып жолдо бараткан болот...
* * *
Канаттын кечээ куну кабагына кар жаап келип кулаганы Гулнаранын ансыз да убайым жеп жургон журогун ого бетер майыштырып жиберди. " Журок оорусу кармап калганбы?" деп ой санаасы чакчелекей тушкон эне:
- Канатик? - деди калтырак баскан колун уулунун мандайына коюп:
- Сага эмне болду? Врач чакыралыбы? - озун-озу аран кармап, аяр ун катты.
- Апа?- деди кайра аны соорото, алаканын ооп, - Мен эми кичинекей бала эмесмин да, ыраспы?..
Гулнара уулунун мунусунан: " Менин деле эми жеке озум гана тарта турган ой-санаа, туйшугум болот го?.." дегенди тушунуп, санаасы тына тушту.
- Кыз суйуп калган окшойсун, ээ? Айтсан?
- Айтпайм!
Мулундап тескери карап кеткен уулуна ичи элжиреп турду. Акыркы кундору уулу телефон аркылуу Зарина аттуу кыз менен суйлошконун коп байкап, ого бетер эненин чечекейи чеч.
* * *
Жылан чакпай, жылкы теппей Заринанын капысынан эле жанагы кылганы Канатка катуу тийди. Эмне кылдым? Кай жеримден жаза тайдым? - деп туну менен азаптанып туйшолгону менен жообун таба алган жок. Акыры Канаттын ою ушуга барып такалды:" Балким менден башка жакшы бироого жолуккандыр? "
Телефон чалууга канча курдай камынганы менен кайра эле Заринанын жанагы: " жек кором! Чалба экинчи!" - дегени кулагына жанырып, жыйрыла тушуп атты. Намыстанды.
А бирок кечээги чакан сценка Канатты жактырып жургон кыздар тарабынан атайын уштурулуп, экоонун мамилесине болгон кезектеги бузукулук аракеттердин бири экенин экоо тен билишкен жок.
Эрте менен уйунон эрте чыкты. Махабатына болгон энсоо, сагынычы аны шаштырып баратты. Ар кун сайын эртен менен, сабактан кийин да экоо мектептин алдынан жолугуша турган. Эмнегедир, азыр да Канат ошол жерде турду. Канчалык намыстанып, басып кеткиси келсе да антууго эрки жетпей койду. Заринанын келбей калышын ойлогондо заманасы куурулуп! .. Анда эле андан таптакыр айрылып калуучудай айласы тугонуп!.. Ангыча Заринасы келуучу тараптан ак жарык нур тогуло тушту. Канат ойлогондой, туноруп эмес - Кунго окшоп кулуп келатыптыр. Адатынча аппак кийинип алган!
" Кечир мени"- деди Заринанын сагынычка, суйууго толгон каректери. Ошол коздордо молтулдоп, шуудурумдой тунук жаш айланып кетти. " Мен сагындым, сени! Мен сенсиз бир ирмем да жашай албайт экемин... Мен эми сага таарынбайм. Мен эми сени таарынтпайм! " - деди ошол коздор. " Мен да сени сагындым, менин Зайкам!.." - деди Канаттын каректери.
Ошондон коп отпой эле Зарина орто мектепти аяктап, Кыргызстандагы Америка университетинин психология факультетине отту.
Бугун анын студенттик аудиторияда отурганына эки эле кун болду. Зарина университеттен чыгып эле бет мандайында гул кучактап, кулуп турган Канатты корду. Канаты жузунон суйуп, бир кучак роза сунду:
- Туулган кунун менен, менин Кунум!
- Рахмат, - назданып эркелей калды кыз.
Коргон жандын коз кумарын кандырып, бири-бирине куп жарашкан эки жаш Эркиндик бульварын аралап, бактылуу баратышты.
Кун дыбырттап жаап кирди.
- Кеттик! - Канат Заринаны колдон алып, жол жээгинде тизилген таксилерди коздой чуркады.
- Панорамага, байке! - деди ал туш келген эле таксинин эшигин ачып.
Алар тоону беттеп баратышты.
Панорамадан кечки Бишкек алаканга салгандай эн эле кооз , даана корунуп турду. Алар юул жерге келгенде жамгыр да басандап, аба тазарып, табият ого бетер коркуно чыга тушкон.
- Кандай керемет!- деди бийиктен ылдыйды карай коз жиберип, тунку шамдары жанып, жаркыраган калаага суктана караган кыз.
- Зарина, кел экообуз бири-бирибизге: " Эч качан, эч качан айрылышпайбыз" деп ант беребиз, - деди Канат капысынан эле.
- Кел! - деди Зарина токтоосуз кубаттап.
- О, улуу тоолор! - Канат канатын жая, тоолорго тегерене карады. - Ар бир кунум, атугул бут омурум, менин суйуум Заринама гана арналат деп, озунорду кубо кылып чын дилимден ашыгыма ант берем!
- Сага болгон аруу махабатымды ар убак таза сактап, бут омурумду, озумду сага гана арнаймын деп ант беремин, асылым! - деди кыз да жигиттин мойнуна колдорун орой.
Суйгонун озунл имере тартып, ичи элжиреген улан аны бугун биринчи жолу ыпысык эриндеринен опту да таптак которуп алып ресторанга киришти. Ошол куну Канат Заринага чонтогундо " К " деген тамгасы бар, коп балалуу аппапак мамалак белек кылды.
Айткандайле, андан кийин бул мамалак кыздын боор эти менен тен буткондой, басса-турса, уктаса да колунан тушпогон эн суйуктуу буюмуна айланды. Атугул, белекке келген алтын, кумуш, акак жасалгалар, не бир кымбат, укмуштуудай кийим-кечектер ага бир тен, бул белек бир тен эле!
- Ой-ий! Кандай жакшынакай? ! Кандай аппак? - деген кыз белекти колуна алганда жаш баладай кубанып.
- Балдары да аябай жакшынакай, анан калса коп экен...
- Биз да кийин ошондой коп балалуу болобуз, жаным...
Жуп-жумшак, барпайган ак мамалактын чонтогунон Зарина " К " тамгасын таап алганда:
- Ал - мен!- деди Канат адатынча тамаша-чындан. - Мен ар дайым ошентип, сенин журогундо жургум келет?!.
Канат белегинин сырларын ошентип чечмелеп, Зарина болсо аны омурунун акырына чейин озуно ыйык тутуп, козунун кош карегиндей сактап, кастарлап журду...
Уландысы кийинки санда...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2