2-болум
Бугун тан башкача атты. Баягы ак кар кетип, азыр аалам жашыл кымкап жамынган.
Сезимтал кыздын журогу чын эле алдабаптыр. .. Ушул куну ал суйууго жолукту! " Бул жашоодо чыныгы махабат барбы?.." деген тупойул суроосуна ошол бир кылымга алмашкыс бир ирмемде чыныгы жооп тапты. Кереметтуу май айынын бул кунундо анын жандуйносу балалык баёо кыялдардан ат чабым кыйлага алыстап, махабат аттуу ошол улуу дуйнонун ырахаттуу да, армандуу аралчасына карай канат какты.
Бишкек калаанын Москва кочосу менен Тынчтык проспектисинин кесилишинен орун алган 13-мектептин жыйын залы. Кун тартибинде "Окуу жылынын жалпы жыйынтыгы" каралып, мектептин директору окуучуларды жыл ичиндеги жетишкендиктери менен куттуктады, андан ары да коп создор суйлонду. Мектептин завучтары, мугалимдери жарыш созго чыгышып, Канатка жыйын эн эле узакка созулуп кеткендей, эмнегедир таптакыр анын аягы жоктой сезилди. Эшиктеби, уйдобу, айтор аны кимдир бироо чакырып, ким бироого жолукчудай шаштысы кетип, отурган отургучунда ойдолоктоп, чыдамы жетпей баратты.
Канчалык озун-озу тынчытып, алаксытууга аракеттенгени менен анте албады. Журогу дук-дук кагып, байлоодогу тай кулуктой тынчы кетти да калды. Ангыча, озуно да белгисиз бир куч, бир сезим аны артына жалт каратты!.. Карады да, жанатан берки табышмактын жообун эми тапкандай, озун кулумсурой тиктеген сулуу кыздан каректерин ала албай, нес боло тушту. Эмнегедир тулку боюн чымыраган ысык жалын каптап, эки бети да болуп корбогондой от менен жалын болуп, арбалып турду. " Укмуш!..- адеп эле оюна келгени ушул болду. - Укмуш!.. Бул пери го?.. Же кызбы?"
Ары карапкетейин десе очошкондой, же байлап койгондой мойну бурулбайт. Ото кыйынчылык менен кыздан коздорун тартып алып башын буруп кетти. Бирок ушул ирмемдер уландын жандуйносунун чакчелекейин чыгарып, чан-тополон тушуруп ийди. Ой-санаасы удургуп, башка жашоо, башка бир планетке кабылгандай, бир эле заматта карбаластап калды. Эмнегедир озуно озунун эрки жетпей, бир белгисиз куч аны артына дагы каратты.
Бал-бал жанган каректер бири-бирине кусалуу тигилди. Аппак кийим кийген, кулумсурогон айжаркын аруу кызды Канат качандыр бир, каяктандыр коргон ондуу бушуркой тушту. "Ким эле?.. Ким эле?.." Бирок эстей алган жок.
Бул не деген керемет эле? Не ажайып сулуулук?! Ушундай кыз, ушундай дуйно, эс-акылды эс-мас кылган укмуш сезим бар экенин Канат неге башта билбеди экен? Кылчайып артына дагы Канады.
Ууртунан кулкусу тогулгон уян кыз да куло бакты.
" Сен кимсин, пакиза кыз?.." - Канаттын каректери ушинтип сурады.
" А сен озун кимсин?.." - деди бажырайган сурмалуу, сулуу коздор.
" Менби?.."
Канат карбаластай тушту. Кабынан ыргып кетчудой кокурогун дукулдото ургулаган журок дубурту кайра озун абдаарытып, электр тогу журуп кеткендей тула боюн жыбыраган майда толкун каптап кетти.
" Кызык! - деди Канат ошонун ортосунда. - Эмне болуп атам?.." А бирок, ага жооп издеп отурбады. Анткени аны чечмелегенге акылы да, чама-чаркы да чак келбейт болчу. Тек гана озун бир чети тан калгандай, бир чети эн жакынындай жароокер, жал-жал караган татына, тамчы кыздан башка эч кимди корбой, укпай дагы, уйгу-туйгу тушо берди. Ага азыр эле жопжонокой отуп аткан жыйын, жашоонун озу бутундой кереметтуу жомокко айланып кеткенсиди.
Чогулуш сонуна чыгып, кыз-уландар топурап сыртка агылышты. Арткы катарда отурган учун Зарина Канаттан мурда чыкты. Капысынан кабылып, кайра бат эле кайтып кеткен кайып кыздай, эми элеки кыз заматтын ичинде коздон кайым болду да калды. Эмнегедир Канаттын тамагы мууна тушту. Унунун бардыгынча ай ааламга айгай салып ошол кызды чвкырып, а болбосо бакырып ыйлагысы келип кетти. Очошконсуп элдин кобу!.. Топту жиреп, эшикке умтулган уландын ото шашылыш экенин башкалар билип коюптурбу...
Эчак эле эшикке чыккан менен, Зарина да андан ары кете албай койду. Омурундо ким бироону кутпогон, ким бироого мынчалык журогу имерилбеген кыз, эмнегедир озуно-озу тан калып да, намыстанып да, а бирок кетип да кала албай буттары тушалып, кадамы жылбай, кандайдыр бир эркине баш ийбеген тымызын куч аны ошол жерде кармап туруп алды. Эзелтен тааныш, эн жакын адамына кезикчудой журогу алып учуп, а бирок Канаттын карааны козуно урунганда калп эле кайдыгерче ары карап кетти.
Эки ашыкты жолуктурган ошол ирмем, керемет ошол кезди, журоктордун кагышын соз менен айтууга... аттин ай менин кудуретим, шаам жетпес!
Бири-бирин тик кароого батына албай, каректер качып атты. Журоктордун кагышын гана угуп, ун-созу жок саамга буйдала турушту да, ушул учурду капысынан жоготуп ийуучудой калтаарыган кадамдарын аяр таштап, кыз-улан жанаша басышты.
" Эмнегедир сен тараптан агылган нур алдастстып жанымды, акыл-эстен тандырат да, ал ансайын алоолонуп, ай жамалын албырат!.. Андай болсо, Айдын кызы болуп журбо?" - дейт Канаттын журогу.
Кыз кыялы карматпай алыс-алыс алып учат...
" А балким... Кирпиктерин кун желеси сыяктуу, каректерин карек эмес, бал-бал жанган чыракпы?!. . Бой-келбетин кербездене суналып, эки ууртундан кулку ордуна нур агып!.. Кундун кызы болуп журбо?.. Же аккуу?".
Канаттын кадамдары байланып,кыздын каректеринен жооп издей, суроолуу тигилди:
" А балким, конулумду аруулап, журогумду арбап алган перисинби? Акыл-эсти азгырып, адаштырган сыйыкчы, же болбосо журогумдун тенисинби? Же кимсин?!.."
- Кимсин?.. - деди эриндери шыбырап. Оюндагысын кантип угузуп алганын озу да байкоос албай калган улан ынгайсыздана тушту. Кыз бала жарк этип кулуп ийди эле, акак тиштер кашкайып, ууртундагы кулкусу " бырс" жарылып, коздору да бир башкача жайнап кетти:
- Заринамын, - деди ал.
Шашып калган улан:
- Канат! - деди кыздын сунулган жумшак манжаларын акырын кармап.
Эчактан берки ынактардай, бири-бирине аяр карашып, ойлору да, бойлору да колго жасагандай жарашып, баш калаанын кочолорундо ошол куну эки жаш ээрчишип копко журушту. Канатка да, Заринага да жашоо, омур эн эле бир башкача кереметтуу эле. А бирок аркы-беркиден кеп салып, чын дилдерден сырдашкан экоонун бири-биринен каткан таруудай да сыры калбай, кайра бирок ошончо создор дагы тугонбой, оздорунон башканын баары унутта калгандай бактылуу баратышты.
Алар Канаттын уйуно аз калышкан. Ангыча, ото маанилуу соз айтуучудай Зарина кыз жолдун аркы бетиндеги так ошол Канат жашаган уйду корсотуп токтой калды:
- Аркы ойуздогу уйду карасан, Канат. Бул уй мен учун коп нерсеге арзыйт...
Ансыз да канча жылдан бери бир мектепте окуп, бирок буга чейин бир да жолу бири-бирин корбой келишкендерине, анткен менен экоонун ортосундагы эчактан берки ынактардай бат эле ысык-ынак болуп кеткен ымалага, биринин - оюн бири окуп алгандай, ой-кыялдарындагы окшоштуктарына тан калып келаткан Канаттын журогу эмнегедир бу саам да серпиле тушуп:
- Себеби? - деди анысын жашыра албай.
Ошол уйду чындап эле журогуно батырып, кучагына катып тургандай бактылуу жылмайды кыз:
- Менин жандуйномду мекендеген канча бир ойлор, суйуулор, тагдырлар бар. Алардын бардыгы менин журогумо ушул 141-уйдон келишкен да, мени менен жашап калышкан...
Канат дагы эле эч нерсеге тушунбой ан-тан:
- Бул уйдо... жакындарын барбы?
- Эн жакындарым!
Канаттын журогу уйгу-туйгу тушуп, ал гана эмес, ошол белгисиз ким бироолордон жаны эле таанышкан, жаны эле тапкан бийкечин кызганып да кетти. Канаттын эмне туурулуу ойлоп ийгенин али андай элек кыз:
- Бул уйдо менин эн жакын каармандарым жашайт... - деди кыялдана.
- Алар коппу? - таарынгандай ун катты улан.
- Аябай!
- Кечир, а мен эмнегедир озумду... жалгыз сыяктуу сезип атса...
Уландын аянычтуу болбурай тушкон кебетесин ошондо гана байкаган Заринанын бир чети ага кулкусу келсе, бир чети таарынтып алдымбы дегендей туйшоло дагы, суроолуу куло бакты:
- Канат сага эмне болду? Мен сага китепкана, китептеги каармандар жонундо айтып атам!
Канат кулуп ийди:
- Чынбы? Анан бая эле ошентпейт белен! А мен... - анан: - Мен дагы азыр сага бир кызык айтайынбы? Ушундай бир тан каласын дейсин, атурсун мага ишенбей дагы коюшун мумкун, - деди.
Заринанын ошол кызыкты тез эле билгиси келип шаштысы кете тушконунон улам жигит ансайын кепти алыстан баштады:
- Ошол, сенин китептеги каармандарын жашаган китепкананын так устунку кабатындагы уйдун терезеси, эмнегедир сен экообузду узуло тушуп тиктейт да?
- А тиктесе эмне экен?
- Эмесе, так ошол уйдо бир сулууну бир эле коруп ашык болгон, суйуунун чыныгы рыцары жашайт!
Зарина ишенип, ишенбей кулку аралаш сурады:
- Анда ошол рыцарь ким экен?
Канат куудулдана мен дегендей какайып тура калып, башын ылдый " шылк" эттире ийип койду. Кыз кыткылыктап кулду:
- Чынынды айт!
- Чын айтам, Зарина! - Канат муну тамашалабай, чын журогунон айтты.
- Мен сени жоготкум келбейт, - деди Канат капысынан эле. Эмне учун антип алганын озу да байкабай калды.
"Мен дагы..." - сыртында сыр бербеген менен кыз да ичинде ошону айтты. Эч качан болунбогонго угчугушпай убадалашкандай, дил аркылуу шерттешкендей, ысык алакандар бирин-бири аяр жетелеп, кадамдар жай шилтенип баратты...
Уландысы кийинки санда...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7