2-сезон 13-БОЛУК
Толкунбектин келгени айдан ашса да, алты саат уйундо байралып олтура элек. Коргон куну сый, коргон куну той-тамаша! Азыр баягыдай эле ,озун эл алдында куноолуу сезип ынгайсыз абалда турса да, биринчи кункудой озун катпай, эрчише эркин басып калышкан. Анан калса, дегеле коргон-билгендердин бир да бироо "туура эмес табышыптыр" дешпеди. Тескерисинче, "Ырас болгон тура Толкунбектин келгени. Экоонду угуп кубанып жатабыз" деген эле киши. Толкунбек келгенден бери келим кетим кобойду. Баякы коншуна-колон, кээ бир курбу-курдаштардын бирин-серин кирип чыкканы болбосо, шамшаркыт адам каттабай, дарбазасын кара кулпу кайтарып калган бул уйдо, бугун кундо майрам, кундо той сыйактуу, озунчо эле бир береке-ырыс коштогон шандуу корунуштон журок кубанат.
Эркектерге караганда аялдар жаратылышынан сырга бек, ичимден тап келишет эмеспи. Канчалык эт журогу эзилип, ички дуйносу тазарып, мартабасы артып, зоболору которулуп турса да "тоок тойдум" дебейт дегендей, аялдар жеринен журогу жарылып ачыла бербеген калк турбайбы. Суйсо журоктон тымызын суйуп, куйсо журоктон тымызын куйуп коймою бар эмеспи. Ал эми эркектер болсо аялзатына караганда алакоодон келет окшобойбу. "Журоктон куйсо кок жалын, оозундан чыгаар тутуну" дегендей, алар аялдарга окшоп арамзалыкты да билбей, кытмырлыкты да билбей, жакшы коргон жарга журогун жарып, ички дуйносун ачып, "Ичте балээ болгончо, тышта талаа болсун" дегендей актыгын ашкерелеп жайып салмайлары бар, ушул эки турлуу сапат Жайнагул менен Толкунбектин экоондо тен бар болучу.
Толкунбек оз ниетинде Жайнагулго чын жеттимби, жалган жеттимби дегендей, сагынычы онойлук менен тарай турган эмес. Баягыдай эле, балким, андан да кучтуу, андан да таттуу суйуусу менен алдап-салдап, опко-журогун узо чаап, кокус дагы бир жеримден жаздым басып алып, конулун иренжитип албасам экен деп аяр суйлоп, абайлап мамиле кылып сактанып турган кези.
Анан калса канчалык ойлонбоюн, эстебейин деген сайын Жайнагулдун атын атар алдында кайдан-жайдан Зыйнаттын ысымы тилинин учуна кандай келе калганын озу да билбей калат. Анан журогу опколжуй тушуп, бир демге буйдалып барып, аялынын атын атаган болот. Толкунбек учун бул да озунчо санаа, озунчо кайгы болду. Эми баягы Зыйнаттын койнунда жатып Жайнагулдун атын айтып уйкусурагандай, дагы бир балакет болбосо экен деп саксына баштады.
Ошентип экоо бирдей орошон ойдун орогун оруп, машагын терип, сансыз санаанын тундугун туралбай, откон-кеткен кундордун ой-чунурун кезип жатып, кимиси кандай уктап кеткенин оздору да баамдай албай калышчу болду.
Толкунбек балдарына келип, Жайнагул менен тил табышып, бир чамгарактын алдында жашап жатканы менен, "жетим кекчил" дегендей, башка жакка ыргытылган таш деле, ботон бироого айтылган соз деле озуно тийип, озунон озу шектенип туруучу болуп кетти.
Толкунбек Зыйнат менен ажырашып, Жайнагул менен табышып, балдарына барса эле бардык жашоосу шайма шай болуп, бакыбат турмушта тынч жашап, тынч омур суруучудой ойлоочу. Зыйнатты эстээринен да билген эмес. Корсо, адам озу ойлогондой болбойт тура. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, бирге жашап, бирге турган кезде бааланбаган Зыйнатты эми баалап, анын жакшы аял эле болбостон, таланты ташкын, адамгерчилиги артык, жогорку маданияттуулугунун ойлогондо журогунун бир кылы узулуп кеткендей болуп зырп дей тушот. Жайнагулго салыштырганда анын жароокерлиги башкача сезилет. Мен деп журуп акыры жалгыз калды. "Боору баласы ит болбойт" дегендей эле кеп болду. Азыр чыгармачылык иштери менен жугуруп журуп мени эстегенге убактысы болбой, кесиптештеринин чойросун до алаксып жургондур.
Азыр Делиде болсо керек. Кайрылып уйго келгенде, алдынан тосуп чыгары жок, кантээр екен байкуш Зыйнат деген ой эсинен кетпей койду. "Жоголгон бычактын сабы алтын" дегендей, анын бардык жакшы сапаты, жакшы создору, жайдары мунозу, жалан жуз жароокерлиги коз алдына тартыла берет.
Канчалык сактанса да болбой, бир жолу "Жайнагул" деп айтам деп досторкон устундо "Зыйнат! " - деп айтып жиберип, чочуп кетти.
Кайненесинен уялганынан чекесинен тер чыга тушуп. Алдына келген аш тамагынан отпой, оозуна ысык суу уртап алган немедей, кекиртегине соок туруп калгансып бутолуп калса болобу.
Тумар куйоо баласынын абалын тушундубу эстуу аял, эч нерсе укпагансып, эч нерсе билбегенсип, балдар менен озунчо бирдемелерди суйлошкон болуп олтуруп калды.
А Жайнагул болсо, куйоосун алдыртан бир карап алып тек гана кулумсуроп койду.
Куйоосунун куноосун канчалык кечирип, канчалык агартып, ниети тазарганы менен баякы махабаттуу кундорду кимдир бироо уурдап кеткенсип, конулун комуско думуктурган бир оксук Жайнагулдун кежигесин кертартырып, журогун дупойул кылат да турат.
Толкунбек келгенден бери козунун чарасы толуп, уктап уйкусу канбаган Жайнагул бугун дагы баякы адатынча, тээ тундун бир окумунда козу илинип кетти.
"Адам заты уктаса, ар бир туркун туш корот" дегендей Жайнагул бир бейтааныш аялдан кутула албай, эси ооп, кара терге тушуп, качып баратып эле эки буту баспай озунон озу туруп калды. Аял, Жайнагулдун алдына келип тура калып соомойу менен ортонку манжасын жебедей сайылтып::
"Козунду чукуп алайынбы, ыя? Менин атым Аккыз, билесинби Зыйнаттын апасы экенимди. Усонду эмне учун озуно бербей алып журосун? Кудайдын алдына барган да эмне деп айтасын? Же сен олбойсунбу? Мен барган жерге бир куну сен да барасын. Кана, мага кандай жооп бересин, бол тез?
Болбосо кош карегинди мына бу манжаларым менен чукуп салам.
-Манжаларын улам козуно жакындатып, жаалданып турду. Усонду бересинби же козунду бересинби?
Усонду ойлогон сайын Жайнагулдун журогу оттой жанып конулундо:: "Кудай ай, тушум болуп калсачы" - деп турду.
Акыры аялдан кутулбасын билген Жайнагул, козунун ооруганына чыдабай бир убакта кыйкырып жиберди. Ал унунун бардыгынча : "Макул апа, Зыйнаттын озуно берейин Усонду, колунузду тартыныз, ой, ой козум ооруп кетти!" -деп жапайы ун менен кыйкырган бойдон чочуп ойгонду.
Журогу тушкон Жайнагул, "козум ордундабы, жокпу!" деген чочулоодон дароо коздорун сыйпалап жиберди. Бардыгы жайында аман-эсен экенин билип, аласала тушум экен деп ойлоп суйунуп кетти. Кудая тобо, ушундай да туш болот экен ээ.
Журогу оозуна тыгылып, деми кысылып калыптыр. Анан кулагына эмелеки "Усонду бересинби, же козунду бересинби?" деген бейтаныш аялдын жагымсыз сурдуу уну кулагынан кетпей турду.
Жайнагул оо, бир окумга чейин тошогунун устундо коргон тушун ойлоп корко баштады.
"Тобо, кудурет арбак билет деген чын экен го. Зыйнатты аяп, Усонду берсе экен дейтекен да.
Баарынан да "Козунду бересинби же Усонду бересинби?" дегени кызык болду. Коркконунан Аккыздын арбагына багыштап, коргон тушун энесине айтып куран окутууну ойлоду.
Тынчы кетип уйкуусу умачтай ачылды, Коргон тушун Толкунбекке айсамбы, айтпасамбы дегенсип, эч нерсден бейкапар жыргап уктап жаткан куйоосун урул-бурул карангылыкта ары карап жаткан тулкун жалдырап тиктеп тошогунун устундо олтуруп митип ойлоду:
Баардыгына сен куноолу сун, Толкунбек. Эмне учун сага чындыкты айипай Усонду жашырдык экенбиз . Тубу мындай болуп кетээрин ким ойлоптур. Азырынча бул туштун сага эч кандай тийешеси жок, оз балдарындын таржымалын укпаган бойдон укпай туруп тур
Кандай, эмне болушту, келечек корсоткондо чогуу корорбуз, -деген ойдо, эрдин кесе тиштеп, жургу тушкон калыбын да оордунан турду.
"Ай, Кудайым ай, ушундай да туш , ушундай да аян болот экен ээ. Усонду бербесем, козумдон ажырап каламынбы? Мунун озу бир шумдук туш болду го. Айланайын Жаратканым АЛЛА. Мен Усонду бироодон урдап алган жокмун го.! Эми кандай айла, кандай арга табышым керек?
-Али да болсо журоогу оозуна тыгылып, озун колго алалбай, ар кайсыны бир кармап журуп столдун устундогу чараны алып ун салам деп ойлоп, жаздым кармап алып колунан тушуп кетти.
Тумар аш уйдогу калдыр-шалдырдан чочуп ойгонуп, башын которуп элейе тыншап калды. Эмнегедир кызынын "кудайлаган" уну эненин кулагын сылап отту. Тумардын оюна баягы эле кыз куйоосунун азабынан арыла албай, санасын санга бологон , эки жаштын кой гойу болду. Чапанын желбегей жамынып, масысын конултак кийип Жайнагулдун жанына чыкты.
-Ой, айланайын каралдым, тынчылыкпы, тан атпай калдыратып, аш уйдо эмне кылып эле Кудайлап журосун?
-Энекебайым ай, эмнесин айтасыз жаман туш коруп журогум тушуп калды. Бугун бейшемби эмеспи кунго. Жыт чыгарып эртен менен арбактарга куран окутайын деп эле эрте турдум. Уктайын десем уйку келе турган эмес.
-Эмне дейт катыгун! Мен дагы Толкунбек экоон кыжылдашып жатабы деп коркуп кетиптирмин. Сен онойлук менен арбакты эстоочу эмес элен, эмне туш кордун? - деди кызынын уройу учуп турган кебетесин коргон аял.
Энесине айтса эле , Тумар кырсыктын жолун таап, бар балаадан, жок жалаадан калкалап калуучудай болуп кетти.
-Билбейм, аябай жаман туш кордум, - деп жаны эле соз баштап келатканда, кире бериштеги болмодогу телефон чыр дей тушту.
-Алыстан экен, - деди турубканы которуп, энесинин жанына аш уйго чыккан Жайнагул. Алло, и мен угуп жатам, эне сизби? Ооба жакшыбыз. Дендери сак,. Иштеп жатам. Атам кандай кулуубу? Озунузчу? Тынчылыкпы, эмне мынчалык эрте чалып калдыныз?
Эмне дейсиз? Туш? Бугунбу? Кызык го. Менин тушумо да кирди ал аял. Эмне дейт? Качан келесин? Атам бар деп жатабы? Кетелек кудагыйыныз. Куулу эле. Мына менин жанымда турат. Сиздерди биз да сагындык. Келиниз. Кызынызды алып, кудагыйыныз болуп чогуу кетесиз да. Тособуз. Сизди тоспогондо кимди тосмок элек. Макул, макул, жарайт. -Жайнагул турубканы коюп, Тумарга карады.
-Сизге салам айтып жатат энем.
-И,салам болсун , келем дейби.
-Ооба, келем дейт. Кызык, ал киши да мен коргон тушту коруптур. Тушко чейин эле келип калат. Биринчи рейс менен чыгам деди. Эми куранды энем келгенде эле чогуу окуталы.
-Деги кандай туш кордун озун, ошону айтчы мага. Туш учун кудагый ошончо жерден самолёт менен учса, ал жакшы туш эмес го, балам.
-Ооба , жакшы туш эмес. Деги мен соо болбой калдым го , эне.?
-Эмне дейт каран кун, соо болбой калганы кандай? Ошончолук эле коркунучтуу жаман тушпу?
-Ооба жаман туш.
-Андай тушту: "Аккан суу, карангы тун менен кет" - деп тунучинде туруп айтат.
-Андай ырым-жырымды билбейм да мен.
-Коркпочу, балам, балким эч несе болбостур. "Душман не дебейт, тушко не кирбейт".
-Мен Усондон ажырап калам го , эне?
-Усондон ажырап калам го?! Ал эмне деген соз?
-Аккыз деген аялды уктун беле?
-Ким ал?
-Зыйнаттын энеси.
-Ал киши олгон да эчак эле!?
-Ооба, олгон. Ошол аял тушумдо мени кубалап жатпайбы, оз баласын озуно бер деп. Эгерде Усонду Зыйнатка кайрып бербесен козунду чукуп салам деп эки манжасын эки козумо такап жатканда чоочуп ойгонуп кеттим, ойгонсом журогум оозума тыгылып, тилим оозума батпай кургап калыптыр. Уктун го Зыйнаттын мага эмне деп жазганын.
-Балким, Усон жонундо, Зыйнат жонундо ойлоп жаткандырсын. Туш да санаа эрчийт. Мен ушул убакка чейин озум да эмне ойлоп, эмне корсом, ошонун кобун бир кезде кайра тушумдо кором.
-Бирок мен Зыйнаттын энеси жонундо дегеле ойлоочу эмесмин. Усондун кимден туулганы Зыйнаттын жазган катынан кийин билинди го. Анан дагы байкайсынбы, улам осуп чонойгон сайын Зыйнатка тусполдошуп баратат бул бала. Туубасам да тутунуп, элик сутун бербей, эне сутун бердим эле го. Кокустан бул баладан ажырап калсам, ошол эле куну ажалдан мурда олуп кетемин го , ыя, эне!
-Сен ушуларды ойлоп, Зыйнаттын катын эстеп, Усон жонундо санааркап журуп тушуно кирип жатпайбы.
-Бирок мен Зыйнаттын энеси жонундо ойлочу эмесмин. Бир билгеним, Эмил деген баласынын саатынан Аккыздын кутулбогон жерден олгонун Толкунбек айткан.
-И, анда ошол себептуу кирген тушуно. Арбак да билет, балам. Чындыгында бала Зыйнаттыкы экени белгилуу болбодубу. Зыйнат сага жазган тура, чындыкты жашырып - жапай ачык эле.
Тигил-бул деген менен Тумар кызы менен кудагыйынын коргон тушунон чындап эле сарсанаа болуп, коркуп турду.
"Кудай сактай гор эй, жакшылык болсо экен. Ошончо жерден туш учун да киши келеби! Бул жон туш болбой калды, - деп санаасы сан, ою он болунуп олтурган Тумардын конулун тыштан тыпырап чуркап кирген Асан менен Усон болду.
-Таэне, мамам кайда кетти? - деди Усон.
-Уйдо эле болсо керек, кара ары жактан.
-Карадык, таппай койдук. Папам да жок, мамам да жок. Жанат да жок, - деди Асан.
-Маман менен папандын кайда кеткенин корбой кайда журдунор эле.?
-Биз уктап азыр турдук, таэне.
-Аа, азыр турдук дегиле. Окууга барган да кантип окуур экенсинер? Жургуло эми силерге чай берейин.
-Мамам кайда кетти, ыя таэне? Усон кайталап сурады.
-Чон эненерди тосуп келгени кетти болуш керек.
-Чон энем келеби? -Экоо жарыша сурады.
-Ооба, чон эненер келет азыр.
Асан турган ордунан секирди.
-Кудай, Кудай, чон энем келет. Мен кетем чон энем менен колго. Сен да кетесинби ыя , Усон.?
-Жок мен барбайм Чолпон-Атага, мамамдын жанында калам. Экообуз тен кетип калсак мамам кантет анан?
-Кантмек эле, папам бар, таэнем бар.
-Чон энем келсе мен да кетем, папан да кетет энеси менен. Колго барып жумуш издейм деп жатпады беле, - деди Тумар.
-Папам колго барып бий-и-и-к, бий-и-и-к уй салат ээ, таэне.
-Ооба, уй салат. Коп суйлобой оокатынарды ичкилечи эми муздап калмай болду.
-Таэне, мен чонойгондо папама окшоп уй салгандын окуусуна окуйм. Анан сага дагы уй салып берем.
-Усон, сен дагы папана окшоп уй саласынбы? -деди Тумар.
-Жок мен уй салбайм, таэне
-Анан эмне кыласын?
-Суротчунун окуусун окуп, суротчу болом. Анан мамамдын, папамдын, чон атам менен чон энемдин, Жанаттын, Асандын суротун тартам.
-А, катыгун, "Жээн эл болбойт, желке тон болбойт" дегендей, оз ата-энелеринердин суротун тартып, бизди тартпайт турбайсынбы, ээ? Мен сага таарындым, Усон.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4